Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2017-жылдын 6-февралы № 34
2017-жылдын 23-31-январында жана 1-3-февралында өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 10-январындагы № 7 жана 2017-жылдын 14-январындагы № 10 токтомдору менен дайындалган Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Кочкор-Ата, Аксы районунун Кербен шаарларынын мэрлерин; Ноокен районунун Бүргөндү, Достук, Аксы районунун Ак-Суу, Үч-Коргон, Кош-Дөбө, Базар-Коргон районунун Бешик-Жон, Токтогул районунун Бел-Алды, Үч-Терек, Толук, Сары-Камыш; Баткен облусунун Кадамжай районунун Халмион, Көтөрмө; Чүй облусунун Кемин районунун Ак-Туз, Кичи-Кемин, Чым-Коргон, Алмалуу, Сокулук районунун Кайназаров, Ат-Башы, Аламүдүн районунун Кара-Жыгач, Көк-Жар, Ала-Арча, Лебединовка, Гроздь, Аламүдүн; Нарын облусунун Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды, Талды-Суу, Ак-Талаа, Кара-Суу, Ак-Муз, Ак-Моюн, Ак-Жар, Ат-Башы, Ача-Кайыңды, Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө, Ак-Чий, Ак-Тал, Терек, Үгүт, Кара-Бүргөн, Көк-Жар, Жаңы-Талап, Кызыл-Белес, Кочкор районунун Чолпон, Көк-Жар, Кош -Дөбө, Ак-Кыян, Семиз-Бел, Кочкор, Соң-Көл, Сары-Булак, Кара-Суу, Кум-Дөбө, Нарын районунун Кара-Кужур, Ак-Кудук, Эмгекчил, Сары-Ой, Жан-Булак, Казан-Куйган; Ош облусунун Алай районунун Жаңы-Алай, Корул, Гүлчө, Кара-Суу районунун Катта-Талдык, Кашкар-Кыштак, Мады, Сарай, Ноокат районунун Кара-Таш, Мирмахмудов, Т.Зулпуев, Кыргыз-Ата, Кеңеш, Гулистан, Өзгөн районунун Өзгөн шаарынын мэрин, Колдук, Төрт-Көл, Жазы, Ак-Жар, Зергер, Чаңгет, Баш-Дөбө; Талас облусунун Талас районунун Кууганды, Арал, Айдаралиев, Осмонкул, Бекмолдо; Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Липенка, Жети-Өгүз, Ак-Шыйрак, Тамга, Барскоон, Жаргылчак, Ак-Дөбө, Ырдык, Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр, Семенов, Өрүктү, Темиров айыл өкмөттөрүнүн башчыларын 2017-жылдын 23-31-январында жана 1-3-февралында өткөрүлгөн шайлоо боюнча Ноокен, Аксы, Базар-Коргон, Токтогул, Кадамжай, Кемин, Сокулук, Аламүдүн, Ат-Башы, Ак-Талаа, Кочкор, Нарын, Алай, Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн, Талас, Жети-Өгүз жана Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссияларынан түшкөн добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43, 49-беренелеринин негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2017-жылдын 23-31-январында жана 1-3-февралында болуп өткөн Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо өттү деп табылсын.
2. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
3. Тиркемеде көрсөтүлгөн талапкерлер Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын шайланган башчылары деп табылсын (тиркелет).
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын шайланган башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.
5. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |
| |||||
|
| ||||
| |||||
Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын 2017-жылдын 23-31- январында жана 1-3-февралында шайланган башчыларынын тизмеси
№ | Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын аталышы | Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын шайланган башчысынын Ф.А.Ж. | Шайлоо өткөрүлгөн күнү |
Жалал-Абад облусу Ноокен району | |||
1 | Бүргөндү айыл өкмөтү | Маматаев Эркинбек Садирбекович | 2017-жылдын 30-январы |
2 | Достук айыл өкмөтү | Мамасадыков Замирбек Дуйшалыевич | 2017-жылдын 30-январы |
3 | Кочкор-Ата шаарынын мэриясы | Жумаев Алтынбек Токтомуратович | 2017-жылдын 31-январы |
Аксы району | |||
4 | Ак-Суу айыл өкмөтү | Качыбеков Улукбек Мамытбекович | 2017-жылдын 30-январы |
5 | Үч-Коргон айыл өкмөтү | Мураталиев Нурбек Якуббекович | 2017-жылдын 30-январы |
6 | Кербен шаарынын мэриясы | Эсеналиев Нурматалы Мамбеталиевич | 2017-жылдын 31-январы |
7 | Кош-Дөбө айыл өкмөтү | Тыныбеков Асанбек Токонович | 2017-жылдын 31-январы |
Базар-Коргон району | |||
8 | Бешик-Жон айыл өкмөтү | Адишов Алтынбек Жапарбаевич | 2017-жылдын 30-январы |
Токтогул району | |||
9 | Бел-Алды айыл өкмөтү | Жайылов Таалайбек Ташиевич | 2017-жылдын 30-январы |
10 | Үч-Терек айыл өкмөтү | Молдомусаев Нурлан Токтогулович | 2017-жылдын 30-январы |
11 | Толук айыл өкмөтү | Насырынбеков Мирбек Мидинович | 2017-жылдын 31-январы |
12 | Сары-Камыш айыл өкмөтү | Омурканов Рамис Токтотемирович | 2017-жылдын 2-февралы |
Баткен облусу Кадамжай району | |||
13 | Халмион айыл өкмөтү | Бегматов Камалидин Хабибиллаевич | 2017-жылдын 31-январы |
14 | Көтөрмө айыл өкмөтү | Токторов Махмуд | 2017-жылдын 26-январы |
Чүй облусу Кемин району | |||
15 | Ак-Туз айыл өкмөтү | Дононбаев Эмильжан Кедейбекович | 2017-жылдын 30-январы |
16 | Кичи-Кемин айыл өкмөтү | Иманалиев Каныбек Абдыбекович | 2017-жылдын 30-январы |
17 | Чым-Коргон айыл өкмөтү | Макеев Эмиль Мухтарович | 2017-жылдын 31-январы |
18 | Алмалуу айыл өкмөтү | Абдинасиров Элдияр Капарбекович | 2017-жылдын 31-январы |
Сокулук району | |||
19 | Кайназаров айыл өкмөтү | Асанканов Улан Эмильбекович | 2017-жылдын 30-январы |
20 | Ат-Башы айыл өкмөтү | Алтыкеев Хамза Аскарбекович | 2017-жылдын 30-январы |
Аламүдүн району | |||
21 | Кара-Жыгач айыл өкмөтү | Джаманбаев Иса Джузумалиевич | 2017-жылдын 31-январы |
22 | Көк-Жар айыл өкмөтү | Чакибаев Эмиль Акжолтоевич | 2017-жылдын 31-январы |
23 | Гроздь айыл өкмөтү | Кыдыкеев Сыргак Билялович | 2017-жылдын 1-февралы |
24 | Аламүдүн айыл өкмөтү | Кольбаев Найзабек Асанбекович | 2017-жылдын 1-февралы |
25 | Лебединовка айыл өкмөтү | Солтонов Алкан Шайлообекович | 2017-жылдын 2-февралы |
26 | Ала-Арча айыл өкмөтү | Бакасов Эрмек Шаршенбекович | 2017-жылдын 3-февралы |
Нарын облусу Ат-Башы району | |||
27 | Баш-Кайынды айыл өкмөтү | Байказаков Бакытбек Чоробекович | 2017-жылдын 25-январы |
28 | Талды-Суу айыл өкмөтү | Бердигулов Уланбек Турдубекович | 2017-жылдын 25-январы |
29 | Ак-Талаа айыл өкмөтү | Стамакунов Талантбек Акматбекович | 2017-жылдын 26-январы |
30 | Кара-Суу айыл өкмөтү | Кабаев Шекербек | 2017-жылдын 26-январы |
31 | Ак-Муз айыл өкмөтү | Капатов Азатбек Касымбаевич | 2017-жылдын 27-январы |
32 | Ак-Моюн айыл өкмөтү | Кайыпов Жеңишбек Өмүрович | 2017-жылдын 27-январы |
33 | Ак-Жар айыл өкмөтү | Кадыркулов Максат Турганалиевич | 2017-жылдын 30-январы |
34 | Ат-Башы айыл өкмөтү | Чоробеков Кубанычбек Чоробекович | 2017-жылдын 30-январы |
35 | Ача-Кайыңды айыл өкмөтү | Жунусов Нурлан Турдубекович | 2017-жылдын 1-февралы |
Ак-Талаа району | |||
36 | Кош-Дөбө айыл өкмөтү | Курманалиев Адил Сейитбекович | 2017-жылдын 25-январы |
37 | Ак-Чий айыл өкмөтү | Айыпов Эрмек Айыпович | 2017-жылдын 26-январы |
38 | Ак-Тал айыл өкмөтү | Сатаров Эркинбек Токтогазиевич | 2017-жылдын 27-январы |
39 | Терек айыл өкмөтү | Мыктыбеков Съезбек Арпачиевич | 2017-жылдын 26-январы |
40 | Үгүт айыл өкмөтү | Эсенгулов Ызатбек Айтбаевич | 2017-жылдын 27-январы |
41 | Кара-Бүргөн айыл өкмөтү | Соодонбеков Нурбек Келдибекович | 2017-жылдын 25-январы |
42 | Көк-Жар айыл өкмөтү | Бозалаев Өмүркул Шаршенович | 2017-жылдын 30-январы |
43 | Жаңы-Талап айыл өкмөтү | Алдеев Руслан Келдибекович | 2017-жылдын 30-январы |
44 | Кызыл-Белес айыл өкмөтү | Абдылдаев Алмаз Орозбекович | 2017-жылдын 31-январы |
Нарын району | |||
45 | Кара-Кужур айыл өкмөтү | Аалиев Курманбек Макелович | 2017-жылдын 1- февралы |
46 | Ак-Кудук айыл өкмөтү | Рыскелдиев Каныбек Саякбаевич | 2017-жылдын 31-январы |
47 | Эмгекчил айыл өкмөтү | Айдарбек уулу Тилек | 2017-жылдын 26-январы |
48 | Сары-Ой айыл өкмөтү | Өмүралиев Байыш Абакирович | 2017-жылдын 30-январы |
49 | Жан-Булак айыл өкмөтү | Шеримбеков Дүйшенбек Казыбекович | 2017-жылдын 29-январы |
50 | Казан-Куйган айыл өкмөтү | Эсенгулов Замирбек Молутбекович | 2017-жылдын 28-январы |
Кочкор району | |||
51 | Чолпон айыл өкмөтү | Карбозов Алайбек Качкынбекович | 2017-жылдын 24-январы |
52 | Көк-Жар айыл өкмөтү | Сабыржанов Жылдызбек Сарылжанович | 2017-жылдын 24-январы |
53 | Кош-Дөбө айыл өкмөтү | Абыкеев Темирболот Асаналиевич | 2017-жылдын 27-январы |
54 | Ак-Кыян айыл өкмөтү | Исираилов Зарылбек Абасович | 2017-жылдын 27-январы |
55 | Семиз-Бел айыл өкмөтү | Акишов Бурканбек Карыбекович | 2017-жылдын 25-январы |
56 | Кочкор айыл өкмөтү | Исраилов Мирлан Мажитович | 2017-жылдын 28-январы |
57 | Соң-Кол айыл өкмөтү | Чекирбаев Эркинбек Замирович | 2017-жылдын 23-январы |
58 | Сары-Булак айыл өкмөтү | Макишов Эрнис Орозобекович | 2017-жылдын 23-январы |
59 | Кара-Суу айыл өкмөтү | Осмонов Айбек Жолдошбекович | 2017-жылдын 26-январы |
60 | Кум-Дөбө айыл өкмөтү | Асанбаев Майрамбек Жекшенович | 2017-жылдын 25-январы |
Ош облусу Алай району | |||
61 | Жаңы-Алай айыл өкмөтү | Исмаилов Абдивап Эргешович | 2017-жылдын 31-январы |
62 | Корул айыл өкмөтү | Аскербек уулу Жыргалбек | 2017-жылдын 30-январы |
63 | Гүлчө айыл өкмөтү | Болбур уулу Алтынбек | 2017-жылдын 30-январы |
Кара-Суу району | |||
64 | Катта-Талдык айыл өкмөтү | Жантороев Канторо | 2017-жылдын 30-январы |
65 | Кашкар-Кыштак айыл өкмөтү | Акунбеков Абдикамилжан Батирович | 2017-жылдын 31-январы |
66 | Мады айыл өкмөтү | Матанбаев Жамшит Кадырович | 2017-жылдын 30-январы |
67 | Сарай айыл өкмөтү | Тургунбаев Замирбек Жолболдуевич | 2017-жылдын 3-февралы |
Ноокат району | |||
68 | Кара-Таш айыл өкмөтү | Мамарасулов Баатырбек Сулайманович | 2017-жылдын 30-январы |
69 | Мирмахмудов айыл өкмөтү | Гафаров Шухрат Мамадумарович | 2017-жылдын 31-январы |
70 | Т.Зулпуев айыл өкмөтү | Мурзакулов Советбек Сыдыкович | 2017-жылдын 1-февралы |
71 | Кыргыз-Ата айыл өкмөтү | Марипов Бакытбек Асамидинович | 2017-жылдын 31-январы |
72 | Кеңеш айыл өкмөтү | Ташполот уулу Бексултан | 2017-жылдын 1-февралы |
73 | Гулистан айыл өкмөтү | Шаназаров Эргашали Буваназарович | 2017-жылдын 30-январы |
Өзгөн району | |||
74 | Колдук айыл өкмөтү | Караев Советбек Ормонбекович | 2017-жылдын 1-февралы |
75 | Төрт-Көл айыл өкмөтү | Эсенбаев Өзгөнбай Аттокурович | 2017-жылдын 30-январы |
76 | Жазы айыл өкмөтү | Ибраимов Максатбек Тургунбекович | 2017-жылдын 31-январы |
77 | Ак-Жар айыл өкмөтү | Турдумаматов Каримжан Тургунбаевич | 2017-жылдын 1-февралы |
78 | Зергер айыл өкмөтү | Бокошов Динмухамед Камилович | 2017-жылдын 31-январы |
79 | Чаңгет айыл өкмөтү | Ниязов Максытали Куронович | 2017-жылдын 2-февралы |
80 | Баш-Дөбө айыл өкмөтү | Бодонов Кубанычбек Сатыбалдыевич | 2017-жылдын 30-январы |
81 | Өзгөн шаарынын мэриясы | Пратов Саипжон Махаматкабылович | 2017-жылдын 3-февралы |
Талас облусу Талас району | |||
82 | Кууганды айыл өкмөтү | Жолдошов Адилет Айдарбекович | 2017-жылдын 30-январы |
83 | Арал айыл өкмөтү | Апышов Бактыбек Рыспаевич | 2017-жылдын 30-январы |
84 | Айдаралиев айыл өкмөтү | Сыдыков Замирбек Бейшенович | 2017-жылдын 31-январы |
85 | Осмонкулов айыл өкмөтү | Кудайбергенов Улан Казакович | 2017-жылдын 31-январы |
86 | Бекмолдо айыл өкмөтү | Молдобеков Кубанычбекович Сакинович | 2017-жылдын 1-февралы |
Ысык-Көл облусу Жети-Өгүз району | |||
87 | Липенка айыл өкмөтү | Докоев Урматбек Сыртбаевич | 2017-жылдын 26-январы |
88 | Жети-Өгүз айыл өкмөтү | Далиев Уланбек Эшенович | 2017-жылдын 26-январы |
89 | Ак-Шыйрак айыл өкмөтү | Асаналиев Эрлан Шаршенбекович | 2017-жылдын 30-январы |
90 | Тамга айыл өкмөтү | Усенбаев Нурдолот Толошович | 2017-жылдын 24-январы |
91 | Барскоон айыл өкмөтү | Эшмамбетов Руслан Толонович | 2017-жылдын 24-январы |
92 | Жаргалчак айыл өкмөтү | Жаныбеков Адилет Акушевич | 2017-жылдын 23-январы |
93 | Ак-Дөбө айыл өкмөтү | Баяманов Таалайбек Такенович | 2017-жылдын 25-январы |
94 | Ырдык айыл өкмөтү | Дыйканбаев Аскатбек Шарипович | 2017-жылдын 25-январы |
Ысык-Көл району | |||
95 | Тору-Айгыр айыл өкмөтү | Керимбаев Уланбек Керимбаевич | 2017-жылдын 28-январы |
96 | Семенов айыл өкмөтү | Раимбеков Эрлан Табылдиевич | 2017-жылдын 30-январы |
97 | Өрүктү айыл өкмөтү | Эсенов Элдияр Шаршенбекович | 2017-жылдын 26-январы |
98 | Темиров айыл өкмөтү | Артел уулу Максат | 2017-жылдын 26-январы |