Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2012-жылдын 30-апрелиндеги № 165-б буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 25-июлу № 298-б
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин тармактык кызматташуусу органдарында Кыргыз Республикасынын өкүлдөрүнүн туруктуу ишин камсыздоо максатында:
1. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин тармактык кызматташуусу органдарында Кыргыз Республикасынын өкүлдөрүнүн тиркелген тизмеси бекитилсин.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | А. Атамбаев |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2011-жылдын 25-июлундагы № 298-б
буйругу менен бекитилген
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин тармактык
кызматташуусу органдарында Кыргыз Республикасынын өкүлдөрүнүн
тизмеси
Кеңештин, органдын аталышы |
| Кыргыз Республикасынын өкүлү |
КМШга катышуучу мамлекеттердин миграциялык органдарынын жетекчилеринин кеңеши | - | Кыргыз Республикасынын эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министри |
КМШга катышуучу мамлекеттердин салык кызматынын жетекчилеринин координациялык кеңеши | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы |
КМШга катышуучу мамлекеттердин салыктык (финансылык) иликтөө органдары жетекчилеринин координациялык кеңеши | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматынын төрагасы |
КМШга катышуучу мамлекеттердин бажы кызматы жетекчилеринин кеңеши | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы |
КМШга катышуучу мамлекеттердин камсыздандыруу көзөмөл органынын жетекчилеринин мамлекеттер аралык координациялык кеңеши | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары |
КМШнын Аткаруу комитетинин алдындагы бухгалтердик эсеп боюнча координациялык кеңеши | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын Аткаруу кеңешинин мүчөсү |
Баалуу кагаздар рыногу боюнча КМШ өлкөлөрүнүн жөнгө салуучу координациялык кеңеши | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы жана Аткаруу комитетинин мүчөсү |
КМШга катышуучу мамлекеттердин эмгек, миграция жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча консультативдик кеңеши | - | Кыргыз Республикасынын эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министри Кыргыз Республикасынын калкты социалдык коргоо боюнча министри |
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Координациялык транспорттук кеңеши | - | Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри |
Байланыш тармагындагы региондук шериктештигинин алдындагы КМШга катышуучу мамлекеттердин маалыматташтыруу боюнча координациялык кеңеши | - | Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары |
Мамлекеттер аралык валюта комитети | - | Кыргыз Республикасынын финансы министри Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы (макулдашуу боюнча) |
Монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттер аралык кеңеш | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору |
КМШнын көргөзмө-жарманке жана конгресс ишмердигинин мамлекеттер аралык кеңеш | - | Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти (макулдашуу боюнча) |
Укуктук коргоо жана интеллектуалдык менчикти коргоо маселелери боюнча мамлекеттер аралык кеңеш | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын директору |
Геодезия, картография, кадастр жана Жерди аралыктан изилдөө боюнча мамлекеттер аралык кеңеш | - | "Кыргызгипрозем" жер жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтунун директору |
КМШнын Гидрометеорология боюнча мамлекеттер аралык кеңеш | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча мамлекеттик агенттиктин директору |
Өнөр жай коопсуздугу боюнча мамлекеттер аралык кеңеш | - | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы Өнөр жай коопсуздугун көзөмөлдөө жана тоо-кен көзөмөлү боюнча мамлекеттик инспекциянын директору |
Илимий-техникалык жана инновациялык чөйрөдө кызматташуу боюнча мамлекеттер аралык кеңеш | - | Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри |
КМШнын агроөнөр жай комплексинин маселелери боюнча өкмөттөр аралык кеңеши | - | Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри |
Мезгилдүү басма сөз, китеп басып чыгаруу, китеп таркатуу жана полиграфия тармагында кызматташуу боюнча мамлекеттер аралык кеңеш | - | Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин алдындагы Мамлекеттик китеп палатасынын директору |
Стандартташтыруу, метрология жана сертификатташтыруу боюнча мамлекеттер аралык кеңеш | - | Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбордун директору |
Жаратылыш жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттер аралык кеңеш | - | Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри |
КМШнын үрөн өстүрүү маселелери боюнча өкмөттөр аралык координациялык кеңеши | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин алдындагы Республикалык мамлекеттик үрөн инспекциясынын директору |
Жолчулардын өкмөттөр аралык кеңеши | - | Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникация министринин орун басары |
Кен чалгындоо, пайдалануу жана коргоо боюнча өкмөттөр аралык кеңеш | - | Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстар министри |
КМШга катышуучу мамлекеттердин темир жол транспорту боюнча кеңеши | - | «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын директору |
Ветеринария тармагында кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык кеңеш | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин алдындагы Мамлекеттик ветеринария департаментинин башкы директору |
Токой өнөр жай комплекси жана токой чарба боюнча өкмөттөр аралык кеңеш | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы |
Курулуш иштеринде кызматташуунун өкмөттөр аралык кеңеши | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин директору |
Байланыш тармагындагы региондук коомдоштук | - | Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары |
КМШга мүчө-мамлекеттердин гуманитардык кызматташуу боюнча кеңеши | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси (макулдашуу боюнча) |
КМШга катышуучу мамлекеттердин маданий кызматташуусу боюнча кеңеши | - | Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри |
КМШга катышуучу мамлекеттердин билим берүү тармагында кызматташуусу боюнча кеңеши | - | Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри |
КМШнын саламаттык сактоо тармагындагы кызматташуусу боюнча кеңеши | - | Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары, Кыргыз Республикасынын башкы санитардык врачы |
КМШга катышуучу мамлекеттердин жаштар иштери боюнча кеңеши | - | Кыргыз Республикасынын жаштар иштери боюнча министринин орун басары |
КМШга катышуучу мамлекеттердин региондор аралык жана чек ара жанындагы кызматташуу боюнча кеңеши | - | Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министри |
КМШга катышуучу мамлекеттердин Дене тарбия жана спорт тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашуусуна катышуучу дене тарбия жана спорт боюнча кеңеши | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору |
КМШга катышуучу мамлекеттердин 1998-жылдын 6-мартындагы мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү боюнча кызматташуусу жөнүндө макулдашууга катышуучу мамлекеттердин биргелешкен комиссиясы | - | Кыргыз Республикасынын эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министри |
КМШнын Электр энергиялык кеңеши | - | Кыргыз Республикасынын энергетика министри |
«Радионавигация» мамлекеттер аралык кеңеши | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттигинин аэронавигация бөлүмүнүн инспектору |
КМШга катышуучу мамлекеттердин гуманитардык кызматташуусунун мамлекеттер аралык фонду | - | Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри |