Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 26-июлу № 300-б
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 523-б буйругунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Коопсуздук жана укук тартибин камсыздоо боюнча кеңештин 2011-жылдын 18-апрелиндеги № 2 чечимине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын балансына Чүй облусу, Москва району, Беловодск айылы, Орозбеков көчөсү, 57 дареги боюнча жайгашкан, жоюлган № 2 атайын кесиптик окуу жайынын иштебей турган имаратын жанаша аймактары жана көмөкчү жайлары менен бирге өткөрүп берсин.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 523-б буйругунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы:
- белгиленген тартипте ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн имараттын базасында Кыргыз Республикасынын жазык - аткаруу тутумунун түзөтүү колониясын түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун киргизсин;
- түзүлгөн түзөтүү колониясында соттолгондорду кесиптик-техникалык окутуу уюштурсун.
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн имаратты өткөрүү-кабыл алууну жүргүзсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жана Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрациясы белгиленген тартипте ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн имаратты жер участогу жана көмөкчү жайлары менен бирге тариздөө боюнча маселелерди чечишсин.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коопсуздукту, укук тартибин жана коргоо жөндөмдүүлүгүн камсыздоо боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер – министри | А.Атамбаев |