Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 11-ноябры № 523-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-июлундагы № 300-б буйругуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
1-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
"1. Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын балансына Чүй облусу, Москва району, Беловодск айылы, Орозбеков көчөсү, 57 дареги боюнча жайгашкан, жоюлган № 2 атайын кесиптик окуу жайынын иштебей турган имаратын жанаша аймактары жана көмөкчү жайлары менен бирге өткөрүп берсин.".
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
Ө. Бабанов |