КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 26-июлу № 302-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 23-августундагы № 44-б буйругуна төмөндөгү өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин:
- 1-пунктта:
"бекитилген жоюу комиссиянын актысына" деген сөздөр "бекитилген жоюу комиссиясынын актыларына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
"Кыргыз Республикасынын Баңги заттарды контролдоо боюнча мамлекеттик агенттиги жоюлгандыгына байланыштуу" деген сөздөрдөн кийин ", Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жетинчи башкы башкармасы кабыл алган мүлктү өткөрүп берүү актысынан тышкары," деген сөздөр менен толукталсын .
- төмөнкү мазмундагы 2-1-пункт менен толукталсын:
"2-1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңги заттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматына мурда Кыргыз Республикасынын Баңги заттарды контролдоо боюнча мамлекеттик агенттиги пайдаланып келген радио жыштыктарды өткөрүп берсин.".
Премьер – министри | А.Атамбаев |