Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 23-августу № 44-б
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-июлундагы № 302-б буйругунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 17-августундагы № 131 «Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматын түзүү жөнүндө» Жарлыгынын 3-пунктун аткаруу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик агенттигинен мурда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги кабыл алган имараттарды, автомобилдер паркын, куралдарды жана ок-дарыларды, атайын оперативдүү-техникалык жана материалдык баалуулуктарды, документтерди, финансыны жана акчалай маяналары менен кошо штаттык бирдиктерди, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жетинчи башкы башкармасы кабыл алган мүлктү өткөрүп берүү актысынан тышкары, бекитилген жоюу комиссиясынын актыларына ылайык кабыл алуу-өткөрүү боюнча ведомстволор аралык комиссия төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
Алымбеков Бактыбек Маданбекович | - Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары, комиссиянын төрагасы; |
Орозалиев Виталий Керимович | - Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы, комиссиянын төрагасынын орун басары; |
Качыбекова Лариса Итемировна | - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысынын милдетин аткаруучу;
|
Кылжыев Самат Аскербекович | - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
|
Касымбаев Нурбай Адиевич | - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кадрлар башкармалыгынын начальниги;
|
Чиналиев Шайдикерим Жумадилович | - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин финансылык-чарбалык башкармалыгынын начальниги;
|
Исмаилов Медербек Адышевич | - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин кадрлар жана уюштуруу иштери башкармалыгынын начальниги;
|
Байпакбаев Экмат Журукбаевич | - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин мүлктүк мамилелер департаментинин директору. |
2. Ведомстволор аралык комиссия бир айлык мөөнөттө тиешелүү акты түзүү менен имараттарды, автомобилдер паркын, куралдарды жана ок-дарыларды, атайын оперативдүү-техникалык жана материалдык баалуулуктарды, документтерди, финансыны жана акчалай маяналары менен кошо штаттык бирдиктерди кабыл алуу-өткөрүүнү жүргүзсүн.
2-1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңги заттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматына мурда Кыргыз Республикасынын Баңги заттарды контролдоо боюнча мамлекеттик агенттиги пайдаланып келген радио жыштыктарды өткөрүп берсин.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-июлундагы № 302-б буйругунун редакциясына ылайык)
3. Ведомстволор аралык комиссияга өткөрүп берилүүчү имараттарды, автомобилдер паркын, куралдарды жана ок-дарыларды, атайын оперативдүү-техникалык жана материалдык баалуулуктарды, документтерди, финансыны жана акчалай маяналары менен кошо штаттык бирдиктерди сактоо маселелерин чечүү тапшырылсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р.Отунбаева |