Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 27-июлу № 312-б
Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 2-июлундагы № 71 Мыйзамы менен ратификацияланган, Астана шаарында 2011-жылдын 13-июнунда кол коюлган Кыргызстандын түштүгүндөгү электр берүү линияларын модернизациялоо долбоорун ишке ашыруу үчүн займ алуучу катары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги өкүл катары көрсөтүлгөн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен кредитор катары Кытайдын Экспорттук-импорттук банкынын ортосундагы займ-жеңилдетилген кредит келишимин ишке ашыруу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ачык акционердик коомуна 208,0 (эки жуз сегиз) миллион АКШ доллары өлчөмүндө займ каражаты берилсин;
- "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ачык акционердик коому менен займдык каражаттарды төмөнкүдөй шарттарда кайтаруу боюнча карыздык милдеттенме белгиленген тартипте түзүлсүн:
займдык каражаттарды тындыруу мөөнөтү - 20 жыл, анын ичинде займдык каражаттардын негизги суммасына 7 жылдык жеңилдетилген мезгил берилип, негизги сумма жеңилдетилген мезгилден кийинки 13 жылдын ичинде ырааттуу тындырылсын;
займдык каражаттарды пайдалангандыгы үчүн проценттик ставка -жылына 2,5 процент;
төлөөнүн меөнөтүн өткөргөндугү үчүн айып санкциялары мөөнөтү өткөн суммага эсептелүүчү жылдык 5 процент өлчөмүндө;
тындыруунун мезгилдүүлүгү - жылына эки жолу: 21-мартта жана 21-сентябрда;
эсептешүүлөрдү баштоо - акча каражаттары алынган учурдан тартып (иш жүзүндө алынган акча каражаттары үчүн);
займдык каражаттар боюнча милдеттенмелерди тындыруунун акыркы датасы - 2031-жылдын 21-сентябры;
жеңилдетилген мезгилдин ичинде эсептелген проценттер иш жүзүндө өздөштүрүлгөн сумма үчүн төлөмдүн түшкөндүгүнө жараша төлөнөт.
2. "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ачык акционердик коомуна төмөнкүлөр сунуш кылынсын:
- займдык каражаттарды максаттуу пайдаланууну камсыз кылуу;
- займды башкаргандыгы үчүн 520,0 (беш жүз жыйырма) миң АКШ долларына барабар болгон 0,25 процент өлчөмүндөгү комиссиялык төлөмдөрдү бир жолку сумма түрүндө төлөп берүү;
- Кыргызстандын түштүгүндөгү электр берүү линияларын модернизациялоо долбоорун ишке ашыруу үчүн займ алуучу катары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги өкүл катары көрсөтүлгөн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен кредитор катары Кытайдын Экспорттук-импорттук банкынын ортосундагы займ-жеңилдетилген кредит келишиминин беренесинин 2.6-пунктчасында аталган жылдык 0,25 процент өлчөмүндөгү комиссиялык милдеттенмени төлөө үчүн жоопкерчиликти алуу.
3. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги белгиленген тартипте "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ачык акционердик коомуна төмөнкүдөй контролдоо жүргүзсүн:
- алынган каражаттардын максаттуу пайдаланышы боюнча;
- тындыруу графигине ылайык карыз милдеттенмесинин шарттарынын аткарылышы боюнча.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын отун-энергетикалык комплекси жана минералдык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер – министри | А.Атамбаев |