Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 22-сентябры № 438-б
Эл аралык «Себат» билим берүү мекемесинин Кыргызстанда билим берүү боюнча иштешине ыңгайлуу шарттарды түзүү жана иштөөсүн улантуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык «Себат» билим берүү мекемесинин ортосундагы Ниеттер жөнүндө протоколдун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын билим берүү министрине аталган Протоколго принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер – министри | А.Атамбаев |
Долбоор
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Эл аралык «Себат» билим берүү мекемеси,
Эл аралык «Себат» билим берүү мекемесинин Кыргыз Республикасындагы окутуу системасын өнүктүрүү жана билим берүү тармагына инвестицияларды тартуу боюнча аракеттерин эске алуу менен,
төмөнкүлөр тууралуу ниеттерин билдиришет:
1-берене.
Бул Протокол Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги менен Эл аралык «Себат» билим берүү мекемесинин ортосунда Кыргыз Республикасынын жарандарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык окутуу жагында андан аркы кызматташуу максатында түзүлдү.
2-берене.
Эл аралык «Себат» билим берүү мекемеси жеке өз алдынча же башка көп тараптуу же жеке инвесторлор менен бирдикте Эл аралык «Себат» билим берүү системасындагы билим берүү мекемелерин курууну каржылайт, ошондой эле аларды кармоо, күндөлүк жана капиталдык оңдоо иштерин жүргүзөт.
3-берене.
Эл аралык «Себат» билим берүү мекемеси Түркиядан жана башка чет өлкөлөрдөн инвесторлорду тартууга, Кыргызстанда билим берүүнү жана маданиятты өнүктүрүүгө шартта түзүлүшүнө көмөктөшөт.
4-берене.
Эл аралык «Себат» билим берүү мекемеси өзүнүн орто мектепти бүтүрүүчүлөрүнүн Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө жогорку билим алуусуна, ишке орношуусуна, мугалимдердин квалификациясын жогорулатууга, окуу китептерди жана окуу-методикалык куралдарды чыгарууга, мектеп окуучуларынын жалпы билим берүүчү предметтер боюнча олимпиадаларын өткөрүүгө, таланттуу балдарды колдоо үчүн билим берүү долбоорлорун жана программаларын ишке ашырууга көмөктөшөт.
5-берене.
Эл аралык «Себат» билим берүү мекемеси Бишкек шаарында 500 окуучу орундук кыргыз гимназиясынан, 500 окуучу орундук эл аралык мектептен, 150 орундук олимпиадалык борбордон, администрациялык борбордон, конференц-залдан жана китепканадан, ошондой эле спорттук комплекстен турган заманбап билим берүү комплексин курууну ишке ашырат.
6-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү окуу имараттарын, жатаканаларды, спорттук залдарды жана башка окуу имараттарын куруу үчүн жер үлүштөрүн кырк тогуз жылдык мөөнөткө пайдаланууга укугунда ижарага берүү боюнча керектүү шарттарды түзүүгө аракеттенет.
7-берене.
Бул Протокол Кыргыз Республикасындагы билим берүү системасын өркүндөтүү максатында ички жана чет өлкөлүк жеке капиталдын келишине өбөлгө түзүүгө жана көмөктөшүүгө, Эл аралык «Себат» билим берүү мекемесинин ишин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын элинин жыргалчылыгы жана пайдасы үчүн программаларды оптималдуу ишке ашырууга багытталган башкы максаттарынын чегинде чечмеленүүгө тийиш. Тараптар пикир келишпестиктерди Тараптардын ортосундагы жылуу мамилелерди сактоо үчүн маанилүү болгон ак-адилдик жана калыстык менен, акыл-эстүүлүк менен жөнгө салуу үчүн мүмкүн болгон аракеттердин бардыгын жасашат.
8-берене.
Өз ара макулдашуу боюнча бул Протоколго өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар бул Протоколдун ажырагыс бөлүгү болуп эсептелүүчү кошумча протоколдор менен таризделет.
9-берене.
Протокол кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Тараптардын ар бири Протоколдун аракетин токтотуу тууралуу чечими жөнүндө экинчи Тарапка 12 (он эки) айдан кем эмес мурдатан жазуу жүзүндө кабарлоо менен Протоколдун аракетин токтото алышат.
Бул Протоколго 2011-жылдын «___» ___________ Бишкек шаарында, расмий тилдеги эки нускада кол коюлду, алардын ар бири бирдей юридикалык күчкө ээ.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн | Эл аралык «Себат» билим берүү мекемеси үчүн |