Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 23-сентябры № 443
Маданиятты өнүктүрүү, Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы эл аралык жана өнөктөштүк мамилелерди чындоо максатында:
1. Маданият жаатында кызматташуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министрине жогоруда аталган Макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер – министри | А.Атамбаев |
Долбоор
Маданият жаатында кызматташуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуу
Мындан ары «Тараптар» деп аталуучу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтү,
өз ара урматтоо жана тең укуктуулук негизде азербайжан жана кыргыз элинин ортосунда достук жана кызматташуу мамилелерин чындоону жана өнүктүрүүнү каалап,
Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосунда кызматташууну бекемдөөгө чоң маани берип,
бардык элдердин улуттук маданияттарынын бирдей артыкчылыктарын таанып жана алардын ар биринин этно-маданий өз алдынчалуулугун сыйлоо принциптеринде өз ара маданий баюусуна көмөк көрсөтүүгө умтулуп,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Ушул Макулдашууга жана өз мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык Тараптар музыкалык, театралдык, көркөм өнөр, китепкана жана музей иши, маданий мурас объекттерин сактоо, элдик кол өнөрчүлүк, колдонмо кол өнөрчүлүк, элдик, эстрадалык жана цирк өнөрү жагында, ошондой эле чыгармачылык ишмердүүлүктүн башка түрлөрүндө эриш-аркак иштейт.
2-берене.
Тараптар ушул максаттарды кызматташууну мындан ары да өнүктүрөт жана зарылчылыкка жараша маданият жаатында Тараптардын эриш-аркак иштөө маселелери боюнча маалыматтык жана ченемдик укуктук базаны түзүшөт.
3-берене.
Тараптар маданият жана искусство кызматкерлерин даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу жагында кызматташат жана зарылчылыкка жараша айрым эл аралык келишимдердин негизинде окуучулар, студенттер, аспиранттар жана педагогдор менен алмашууга көмөк көрсөтүшөт, ошондой эле Тараптардын мамлекеттеринин маданият жана искусство окуу жайларынын ортосунда тикелей эриш-аркак иштөөгө колдоо көрсөтөт.
4-берене.
Тараптар өз мамлекеттеринин аймагында болуп жаткан маданий турмуштагы окуялар (семинарлар, конкурстар, коллоквиумдар, тегерек столдор, сессиялар, фестивалдар жана чыгармачылык жана илимий тажрыйба алмашуунун башка түрлөрү) жөнүндө маалымат менен алмашат жана өз өкүлдөрүнүн ушул иш-чараларда катышуусуна өбөлгө түзөт.
5-берене.
Тараптар ушул Макулдашууга жана өз мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык өз компетенциясынын чегинде Тараптардын аймагында маданий баалуулуктарды мыйзамсыз ташуу жана ташып чыгуунун натыйжасында алып келинген маданий баалуулуктарды табуу жана кайра кайтаруу боюнча кызматташууну өнүктүрүшөт, аталган проблема боюнча маалымат алмашат жана мыйзамсыз ташылып чыккан маданий баалуулуктарды кайтарууга көмөк көрсөтүшөт.
6-берене.
Тараптар эстеликтерди жана маданий мурас объекттерин кайтаруу, коргоо жана реставрациялоо жагында кызматташат, маданият жаатында биргелешкен кыргыз-азербайжан эл аралык долбоорлорду жүзөгө ашырууга көмөк көрсөтүшөт.
Кызматташтыктын түрлөрү, эксперттердин тобун түзүү, иштөө тартиби айрым эл аралык келишимдер жана башка документтер менен аныкталат.
7-берене.
Тараптар салттуу маданият жана көркөм элдик кол өнөрчүлүк, элдик чеберлердин көргөзмөлөрүн, элдик чыгармачылык фестивалдарын уюштуруу жагында байланыштарга өбөлгө түзөт, фольклордук жамааттардын Тараптардын мамлекеттеринин аймагында өткөрүлүүчү иш-чараларга жана элдик майрамдарга катышуусуна көмөк көрсөтөт.
8-берене.
Тараптар кызматташууну тереңдетүү максатында өлкөнүн маданият, тарых, география, коомдук-саясый өнүгүү жагына тиешелүү архивдик жана башка материалдар менен аларды маданият изилдөө процесстеринде колдонуу максатында алмашат.
9-берене.
Тараптар басылма иши, китептерди чыгаруу, көркөм, илимий жана атайын чыгармаларды жана башка басылма продукцияны чыгаруу жагында, ошондой эле китеп жармаңкелерин өткөрүү жагында кызматташууну кубатташат.
10-берене.
Тараптардын улуттук мыйзамдарына жана алар катышуучулар болуп саналган эл аралык макулдашууларга ылайык Тараптар өз ара пайда табуунун жана теңдиктин негизинде интеллектуалдык менчик объектилерин коргоо жана аларды колдонуу укугу жаатында кызматташтыкты жүргүзүшөт жана өнүктүрүшөт.
11-берене.
Тараптар жаштар саясаты чөйрөсүндө кызматташат, балдар чыгармачылыгы менен байланышкан жана мамлекеттердин жаштарынын суроо-талаптарына жана таламдарына жооп берген маданият жагындагы программаларды жана долбоорлорду жүзөгө ашырууну кубатташат.
12-берене.
Бул Макулдашуунун алкагында иш-чараларды жүзөгө ашыруунун финансылык шарттары ар бир конкреттүү иш-чара үчүн Тараптар тарабынан өзүнчө макулдашылат.
13-берене.
Бул Макулдашууга Тараптардын өз ара макулдугу боюнча анын ажыралгыс бөлүгү болуп саналган, ушул Макулдашуунун 16-беренеси менен белгиленген тартипте күчүнө кирген өзүнчө протоколдор менен таризделген өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилет.
14-берене.
Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөө жана колдонуу жагында пикир келишпестиктер Тараптар тарабынан консультациялар жана сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет.
15-берене.
Бул Макулдашуу алар катышуучу болуп саналган башка эл аралык келишимдерден келип чыккан Тараптардын укуктарын жана милдеттенмелерине таасирин тийгизбейт.
16-берене.
Бул Макулдашуу белгисиз мөөнөткө түзүлөт жана анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Тараптар аткаргандыгы жөнүндө акыркы жазуу жүзүндөгү билдирмени дипломатиялык каналдар боюнча алган күндөн тартып күчүнө кирет.
Тараптардын ар бири бул Макулдашууну колдонууну токтотуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирмени дипломатиялык каналдар боюнча жөнөтүп, ушул Макулдашууну колдонууну токтотууга укуктуу. Мындай билдирмени алган учурдан тартып үч ай өткөндөн кийин бул Макулдашуу күчүн жоготту деп эсептелет.
Бул Макулдашуу күчүнө кирген учурдан тартып, 1993-жылдын 25-февралындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы маданият жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу күчүн жоготот.
20_________-жылдын «_____» ______________эки түп нускада, ар бири азербайжан, кыргыз жана орус тилдеринде түзүлдү, бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ. Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда орус тилиндеги текстке артыкчылык берилет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн | Азербайжан Республикасынын Өкмөтү үчүн |