Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 23-сентябры № 444-б
Илимий, маданий жана технологиялык өнүктүрүү, Кыргыз Республикасы менен Италия Республикасынын ортосундагы эл аралык жана өнөктөштүк мамилелерди чыңдоо максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Италия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда маданий, илимий жана технологиялык кызматташтык жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министрине жогоруда аталган Макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен ыйгарым укук берилсин.
Премьер – министри | А.Атамбаев |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Италия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда маданий, илимий жана технологиялык кызматташтык жөнүндө макулдашуу
Мындан ары «Макулдашуучу Тараптар» деп аталуучу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Италия Республикасынын Өкмөтү маданий, илимий жана технологиялык жактан кызматташуу эки тараптуу мамиленин маанилүү элементтеринин бири экендигине ишеним артып,
эки өлкөнүн ортосундагы достук байланыштарды чыңдоодо эки тараптын кызыкчылыктарын эске алуу менен,
маданий, илимий жана технологиялык байланыштарды өнүктүрүү аркылуу өз ара түшүнүүнү жана кызматташууну кеңейтүүгө унтулуп
төмөндөгүлөр жөнүндө макулдашты.
1-берене Максаттар
Бул Макулдашуунун максаты болуп Макулдашуучу Тараптардын мамлекеттеринин илимий-изилдөө уюмдарынын жана институттарынын, жогорку окуу жайларынын, башка мекемелери менен уюмдарынын, юридикалык жана жеке жактардын ортосунда байланышты кызматташуу жана аны өз ара пайдалуу жана тең салмактуу негизде өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү аркылуу, кеңейтүүгө жана бекемдөөгө көмөк көрсөтүү саналат.
2-берене Кызматташуу чөйрөлөрү
Макулдашуучу Тараптар төмөнкү чөйрөлөрдө кызматташууну камсыз кылышат: маданият жана искусство, реставрациялоо, мурасты сактоо жана коргоо, музейлер, китепканалар, колдо болгон архивдик жана документтик баалуулуктардын маанилүүлүгүн жана баалуулугун жогорулатуу жана таркатылышына көмөк көрсөтүү, университеттик билим берүү жана университеттер аралык кызматташуу, туризм, эң жаңы маалыматтар жана мектептик билим берүү системалар жөнүндө документтер менен алмашуу. Макулдашуучу Тараптар маданий, илимий жана технологиялык кызматташууну өнүктүрүүгө төмөнкү иш-чараларды жүзөгө ашыруу аркылуу көмөк көрсөтүшөт: биргелешкен илимий-изилдөөчүлүк жана технологиялык долбоорлорду жүзөгө ашыруу, приборлор жана изилдөө материалдары менен мүмкүн болуучу алмашуу, илимий жана технологиялык кызматташуу маселелери боюнча илимий-техникалык программаларды, долбоорлорду жана башка иш-чараларды жүзөгө ашыруу максатында окумуштуулар, изилдөөчүлөр жана техникалык адистер менен алмашуу; илимий мүнөздөгү семинарларды, симпозиумдарды жана башка жолугушууларды өткөрүү; илимий-техникалык маалымат алмашуу, технологиялык жана инновациялык кызматташууну кеңейтүүгө чакырылган биргелешкен иш-чараларды жүзөгө ашыруу; Макулдашуучу Тараптар макулдашуусу мүмкүн болгон илимий жана технологиялык кызматташуунун башка түрлөрү.
3-берене Университет жана изилдөөлөр
Университеттик билим берүү чөйрөсүндө Макулдашуучу Тараптар университеттердин тиешелүү түзүмдөрүндө жана изилдөө лабораторияларында семинарларды өткөрүү, окутуучуларды жана изилдөөчүлөрдү алмашуу жолу менен университеттер берген, анын ичинде илим жана технология жаатындагы тажрыйбаны жана билимди алмашууну өнүктүрүүгө милдеттенишет. Алар жолугушуулардан кийин жарыяланган илимий докладдарды алмашууларды жүргүзүшөт.
Ошондой эле билимди жакшыртууга, Макулдашуучу бир Тараптын мамлекетинин аймагында экинчи Тараптын тилин жайылтуунун жана окутуунун демилгелерин ишке ашырууга көмөк көрсөтүшөт.
Ушундай максатта алар бири-биринин тилин жана адабиятын үйрөнүүнү кафедралардын жана окутуучулардын санын көбөйтүү менен кеңейтишет.
Макулдашуучу тараптар кыргызча-италянча жана италянча-кыргызча сөздүктөрүн иштеп чыккандарды жана жарыялагандарды сыйлоону жүргүзөт.
4-берене Билим берүү
Тарбия жана мектептик билим берүү чөйрөсүндө Макулдашуучу Тараптар төмөндөгүлөрдү кеңейтүү максаттарында кызматташууну ишке ашырууга милдеттенишет:
а) эки өлкөнүн мектептик системаларында колдонулуучу окутуунун методикалары, дидактикалык материалдар жана программалар жаатында тажрыйба алмашууларды;
б) окутуучуларды, адистерди, окуучуларды, ошондой эле методиканы жана дидактикалык материалдарды жакшыртуу максаттары бар, билим берүү жана квалификацияларды жогорулатууга байланышкан институттардын, уюмдардын жана мекемелердин ортосундагы алмашууларды.
Макулдашуучу Тараптар университеттердин, жаштардын проблемалары менен иштеген тиешелүү мамлекеттик мекемелердин, ошондой эле эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн маанилүү тематикалары бар тажрыйба алмашууларды максат кылган жергиликтүү ассоциациялардын, мекемелердин, уюмдардын ортолорундагы кызматташтыктардын пайда болуусуна көмөк көрсөтүшөт.
5-берене Стипендиялар
Макулдашуучу Тараптар өз мүмкүнчүлүктөрүнүн чектеринде жана өз ара түшүнүшүү принцибине таянып, башка тараптын жарандарына эки Макулдашуучу Тарап үчүн өзгөчө мааниси бар адистиктер боюнча университеттердин же жогорку окуу жайлардын алдында университеттик курстардан өтүү жана изилдөө долбоорлорун жүзөгө ашыруу жана/же кесиптик жана кол өнөрчүлүк чөйрөлөрдө окутуу үчүн студенттердин жана окутуучулардын пайдасына стипендияларды берет.
Жогоруда аталган стипендиялардын ээлерине бара турган мамлекеттин улуттук мыйзамдарында каралган кыйла жагымдуу шарттар берилет.
6-берене Маданият жана искусство жаатындагы кызматташуу
Макулдашуучу Тараптар көркөм сүрөт өнөрчүлүк, театр, адабият, архитектура жана декоративдүү көркөм өнөр чөйрөлөрүнө байланыштуу уюмдардын жана институттардын ортосундагы фестивалдарга, спектаклдерге, көргөзмөлөргө башка жолугушууларда катышуу максатында тикелей байланыштарга жана кызматташууга көмөк көрсөтүшөт. Алар маданияттын ар кандай чөйрөлөрүндөгү, көркөм өнөр жана театрды кошо алганда өкүлдөрү менен алмашууну билимдер жана тажрыйба менен бөлүшүү жана көркөм фестивалдарды жана дизайн фестивалдарын өткөрүү үчүн кубаттайт.
Макулдашуучу Тараптар башка Тараптын эсселерин жана адабий чыгармаларын которууну жана жарыялоону сыйлыктар жана сый акылар аркылуу көмөк көрсөтүшөт.
Андан тышкары алар маданий баалуулуктарды коргоо, сактоо жана реставрациялоо үчүн музейлердин, архивдердин жана китепканалардын ортосунда түздөн-түз кызматташууга, маданий ландшафтты коргоо жана башкарууга көмөк көрсөтүшөт; археология жагында симпозиумдарды жана семинарларды, жалпы изилдөөлөрдү, казууларды уюштуруу, тийиштүү археологиялык жана маданий байлыктардын маанилүүлүгүн жогорулатууга жана сактоого багытталган демилгелер аркылуу маалымат жана басылмалар жана тажрыйба алмашуу жолу менен кыйла кеңири кызматташууга көмөк көрсөтүшөт.
7-берене Көркөм өнөр чыгармаларын мыйзамсыз сатууга каршы күрөшүүдө кызматташуу
Макулдашуучу Тараптар көркөм өнөр чыгармалары, маданий баалуулуктар, археологиялык табылгалар, документтер жана тарыхый, көркөм мааниси бар башка буюмдар менен мыйзамсыз сатууну алдын-алуу жана күрөшүү боюнча иш-чараларда тыгыз кызматташууга, ошондой эле көркөм өнөр чыгармаларын мыйзамсыз сатууда кылмыштуу иштер менен күрөшүүгө багытталган маалымат алмашууга көмөк көрсөтүшөт.
Макулдашуучу Тараптар менчик укугун жана маданий баалуулуктарды мыйзамсыз ташып кирүүгө, ташып чыгууга жана өткөрүп берүүгө тыюу салууга жана алдын-алууга багытталган улуттук мыйзамдарга ылайык аракеттенишет.
8-берене Жалпыга маалымдоо каражаттары, спорт жана жаштар саясаты жаатында кызматташуу
Макулдашуучу Тараптар дене тарбия жана спорт боюнча эки тарап үчүн тең кыйла кызыктуу иштиктүү долбоорлорду, инвестицияларды тартууга көмөк көрсөтүшөт. Тараптар адистердин дене тарбия жана спортту өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча семинарларга, курстарга, илимий конференцияларга катышуусун окуп-үйрөнүүчү барууларды, конкурстарды жана башка максатка ылайыктуу демилгелерди уюштуруу жолу менен кубаттайт. Эл аралык мааниси бар темалар боюнча тажрыйба алмашуу жана демилгелерди өнүктүрүү үчүн жаштардын көйгөйлөрү менен алектенген уюмдар жана институттардын ортосунда кызматташууга көмөк көрсөтүшөт.
Макулдашуучу Тараптар мамлекеттик жана телерадиоберүү компанияларынын ортосунда түздөн-түз байланыштарды түзүүнү кубатташат.
9-берене Илимий жана технологиялык кызматташуу: иш-чаралар жана багыттар
Макулдашуучу Тараптар мамлекеттик жана менчик академиялык институттар, изилдөөчү мекемелер жана илимий уюмдар ортосундагы илимий жана технологиялык кызматташтыктарга төмөндөгүлө аркылуу көмөк көрсөтүшөт:
а. илимий жана изилдөө делегацияларынын визиттерин алмашуу;
б. илимий жана техникалык маалыматтарды алмашуу;
в. эки жак тең кызыкдар болгон темалар боюнча биргелешкен илимий жана техникалык изилдөөлөрдү жүргүзүү;
г. биргелешкен лабораторияларды түзүү;
д. өз ара кызыкдар жааттарда семинарларды, мастер класстарды, конференцияларды жана көргөзмөлөрдү уюштуруу;
е. Тараптардын макулдашуусу мүмкүн боло турган кызматташтыктын башка формаларын ишке ашыруу;
ж. институционалдык конвенцияларды жана макулдашууларды түзүү.
Бул Макулдашууну иш жүзүнө ашыруу максатында, Макулдашуучу Тараптар тийиштүү кызматташтык пландарына кол коюшат, ал пландарда бул Макулдашуунун чегинде, конкреттүү иш чаралары аныкталат жана алардын аткарылышы үчүн каржылоо маселелери макулдашылат.
Иш чаралар иштөө жааты боюнча тийиштүү болгон мамлекеттик органдар аркылуу каржыланат.
10-берене Координатор органдар
Бул Макулдашууну жүзөгө ашыруу үчүн ыйгарым укуктуу органдар болуп Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги жана___________________саналат.
11-берене Маалымат, технология трансферти жана интеллектуалдык менчик
Макулдашуучу Тараптар технологиялык маалыматтарды алмашууга, ошондой эле технология трансфертине багытталган биргелешкен илимий иш чара кызматташтыктарына көмөк көрсөтүшөт.
Макулдашуучу Тараптар Тараптардын ички мыйзамдарына жана Тараптар катышуучу болгон эл аралык келишимдерге ылайык интеллектуалдык менчикти коргоо жана пайдалануу жаатындагы кызматташтыкты жүргүзүшөт жана өнүктүрүшөт.
12-берене Биргелешкен комиссия
Бул Макулдашууну колдонуу максатында Макулдашуучу Тараптар Биргелешкен комиссия түзүшөт, комиссиянын милдети болуп, кеп жылдык аткаруу программасын жана Макулдашуучу Тараптардын ортосундагы илимий жана технологиялык кызматташтыктын приоритеттик жана практикалык багыттарын белгилөө эсептелет.
Комиссия мезгил-мезгили менен программалардын абалына, демилгелерге жана келечегине баа берүү менен кызматташтыктын жакшы маанайда жана эң ыңгайлуу шарттарда жүзөгө ашырылышына көзөмөл жүргүзөт.
Комиссия кезеги менен эки өлкөнүн борборлорунда дипломатиялык каналдар менен макулдашкан күндөрү чогулуштарды өткөрүп турушат.
13-берене Пикир келишпестиктер жана оңдоолор
Бул Макулдашууну жүзөгө ашырууда жана чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда Макулдашуучу Тараптар аларды сүйлөшүүлөр жолу менен чечишет. Макулдашуучу Тараптардын өз ара макулдугу боюнча бул Макулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө протокол менен таризделет.
14-берене Күчүнө кирүүсү жана денонсация
Бул Макулдашуу белгисиз мөөнөткө түзүлөт жана Макулдашуучу Тараптар ушул Макулдашуу күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө акыркы жазуу жүзүндө билдирүүнү дипломатиялык каналдардан алган күндөн тартып күчүнө кирет.
Макулдашуучу Тараптардын ар бири бул Макулдашууну дипломатиялык каналдар аркылуу жазуу жүзүндөгү билдирүүнү жөнөтүү жолу аркылуу денонсациялай алат. Бул учурда бул Макулдашуу башка Макулдашуучу Тарапты жазуу жүзүндө билдиргенден алты айдан кийин өз күчүн токтотот. Бул Макулдашууну колдонуунун токтотулушу, эгерде Макулдашуучу Тараптар башка чечим кабыл албаса, бул Макулдашууну колдонуу мезгилинде кол коюлган жана бул Макулдашууну колдонуу токтотулган мезгилде толук аткарылбаган же жарым-жартылай аткарылган келишимдерге жана макулдашууларга таасирин тийгизбейт.
201___-жылдын «_____» _____________________________шаарында эки нускада, ар бири кыргыз, орус, италия жана англис тилдеринде түзүлдү, бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда англис тилиндеги текст колдонулат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн | Италия Республикасынын Өкмөтү үчүн |
КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 14-февралындагы № 38-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ