Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-октябрындагы № 518-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 27-сентябры № 464-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн. кызыкчылыктарын коргоо максатында, ошондой эле «АзияУниверсалБанк» ачык акционердик коомунун өкүлүнүн кайрылуусу боюнча бирдиктүү позицияны иштеп чыгуу үчүн:
1. Ведомстволор аралык комиссия төмөнкүдөй курамда түзүлсүн (кызмат орду боюнча):
- Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы.
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү:
- Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
- Кыргыз Республикасынын финансы министри;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлк министри;
- Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын Банктарды кайра уюштуруу жана карыздарды рестуруктуралоо боюнча агенттигинин директору (макулдашуу боюнча).
2. Ведомстволор аралык комиссия «АзияУниверсалБанк» ачык акционердик коомунун өкүлүнүн кайрылуусу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бирдиктүү позициясын эки жумалык мөөнөттө иштеп чыксын.
3. Ведомстволор аралык комиссияга министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жооптуу кызматкерлерин жана адистерин, ошондой эле көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды ишке тартууга уруксат берилсин.
4. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун жетекчилери ведомстволор аралык комиссиянын ишине көмөк көрсөтүшсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
Ө. Бабанов |