Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 30-октябры № 518-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кызыкчылыктарын коргоо, эл аралык соттук териштирүү мүмкүнчүлүгүн түзүүчү, мамлекеттештирилген мүлктү кайтарып алууга талапкер юридикалык жана жеке жактардын кайрылууларын кароодо ишти координациялоо максатында:
1. Мамлекеттештирилген мүлктү кайтарып алууга талапкер юридикалык жана жеке жактардын дооматтары бар мамлекеттештирилген объекттердин реестрин түзүү сунуштарды иштен чыгуу боюнча жумушчу топ (мындан ары - Жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Жумушчу топтун жетекчисинин орун басары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасына пайда болгон маселелерди оперативдүү чечүү үчүн Жумушчу топтун мүчөлөрүн иш тартибинде чогултуу укугу берилсин.
3. Жумушчу топко (сунушталган милдеттерди бөлүштүрүү):
- эл аралык инстанциялардагы соттордо доомат коюуларды пайда кылышы мүмкүн болгон объекттердин талдоосун жүргүзсүн (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги);
- мамлекеттештирилген мүлктү кайтарып алууга талапкер юридикалык жана жеке жактардын дооматтары бар мамлекеттештирилген объекттердин реестрин түзсүн (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (макулдашуу боюнча);
- ар бир доомат боюнча Кыргыз Республикасынын утушунун же уттурушунун ыктымалдуулугун баалоону жүргүзсүн (Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (макулдашуу боюнча);
- эл аралык юридикалык компанияларды тартуу мүмкүнчүлүгү менен, мамлекеттештирилген мүлктүн мурдагы ээлеринин айткан сөздөрү менен Кыргыз Республикасынын аброюна келтирилген зыянды компенсациялоо үчүн карты дооматтар коюу маселесин караштырсын (Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду);
- эл аралык сотторго кошумча дооматтар коюлушу мүмкүн болгон компенсацияга карата мамлекеттештирилген объекттердин мурдагы ээлеринин иши менен Кыргыз Республикасына башка зыян келтирилгендиги предметине талдоо жүргүзсүн (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы), Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги).
4. Жумушчу топтун жетекчиси:
- жумушчу топтун мүчөлөрүнүн ортосундагы милдеттерди биротоло бөлүштүрүү жана аткаруу мөөнөттөрүн көрсөтүү менен жумушчу топтун иш-чаралар планын бекитсин;
- эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине Жумушчу топтун ишинин жүрүшүндө иштелип чыккан сунуштарды биргелештирилген түрдө киргизсин.
5. Жумушчу топтун мүчөлөрү расмий иш-чараларда, басма сөздө жана телекөрсөтүүдө мамлекеттештирилген объекттер боюнча чыгып сүйлөөлөрүндө Жумушчу топтун ишинин жүрүшүндө иштелип чыккан позицияны билдиришсин.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду:
- жумушчу топтун ишин уюштуруучулук-техникалык жактан камсыз кылсын;
- мамлекеттештирилген мүлктү кайтарып алууга талапкер юридикалык жана жеке жактардын дооматтары бар мамлекеттештирилген объекттердин реестрин жаңыласын.
7. Жумушчу топтун мүчөлөрүнө ушул буйруктун 3-пунктунда көрсөтүлгөн маселелерди иштеп чыгууну жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондуна кызматкерди жиберүү жөнүндө тиешелүү буйруктардын көчүрмөлөрүн жиберүү менен түзүмдүк бөлүктүн жетекчисинин деңгээлинен төмөн турбаган ведомствонун кызматкерлерин жиберүү укугу берилсин.
8. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун жетекчилери Жумушчу топтун ишине көмөк көрсөтүшсүн.
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-сентябрындагы № 464-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
10. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар, финансы жана кредиттик саясат бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |
Тиркеме
Мамлекеттештирилген мүлктү кайтарып алууга талапкер юридикалык жана жеке жактардын дооматтары бар мамлекеттик объекттердин реестрин түзүү жана сунуштарды иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун
Курамы
Кыргыч Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, жумушчу топтун жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы жумушчу топтун жетекчисинин орун басары.
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын юстиция министри:
Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Кыргыз Республикасынын экономика министри;
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын (финансы полициясы) төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы:
Банктарды кайра уюштуруу жана Кыргыз Республикасынын карызын кайра түзүмдөштүрүү боюнча агенттиктин директору (макулдашуу боюнча).