Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 27-сентябры № 468-б
(КР Өкмөтүнүн
2012-жылдын 31-январындагы № 21-б буйругунун
редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын системасын реформалоонун 2012-2015-жылдарга карата концепциясынын долбоорун иштеп чыгуу максатында:
1. Тиркемеге ылайык курамда ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - Комиссия) түзүлсүн.
2. Комиссия илимий анализдин жана укуктук экспертизанын негизинде Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын системасын реформалоонун 2012-2015-жылдарга карата концепциясынын долбоорун эки айлык мөөнөттө даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Ведомстволор аралык комиссиянын ишин уюштуруу-техникалык жактан камсыздоо Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине тапшырылсын.
4. Комиссияга зарыл болсо министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана башка уюмдардын адистерин жогоруда аталган долбоорду даярдоо үчүн ишке тартууга уруксат берилсин.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Ш.Е.Атахановго тапшырылсын.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
Ө. Бабанов |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын системасын реформалоонун
2012-2015-жылдарга карата концепциясынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча комиссиянын
курамы
(КР Өкмөтүнүн
2012-жылдын 31-январындагы № 21-б буйругунун
редакциясына ылайык)
Мусаев Көлбай Алишерович
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы, комиссиянын төрагасы;
|
Жээнбеков Равшан Бабырбекович
| - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык стратегия, инвестициялык саясат жана туризм боюнча комитетинин төрагасынын орун басары, комиссиянын тең төрагасы (макулдашуу боюнча);
|
Тербишалиев Данияр Өмүрзакович | - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Соттук-укуктук маселелер боюнча комитетинин төрагасынын орун басары, комиссиянын тең төрагасы (макулдашуу боюнча). |
Комиссиянын мүчөлөрү:
Шайназаров Тынчтык Урайимович
| - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укуктук тартип, мыйзамдуулук жана коррупцияга каршы комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
|
Зулпукаров Төрөбай Закирович
| - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, «Республика» фракциясы (макулдашуу боюнча);
|
Скобеев Егор Леонидович
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коопсуздукту, укуктук тартипти жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыздоо боюнча бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
|
Эрматов Сэйитбек Таштанович
| - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын коргонуу жана коопсуздук бөлүмүнүн коргонуу жана улуттук коопсуздук секторунун башчысы (макулдашуу боюнча);
|
Алымбеков Бактыбек Маданбекович
| - Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары;
|
Демин Сергей Николаевич
| - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын соттук органдар бөлүмүнүн эксперт-консультанты (макулдашуу боюнча);
|
Керимкулов Илияс Саматбекович
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти;
|
Истамов Болотбек Сапарбекович
| - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Бюджет жана финансы боюнча комитетинин бөлүм башчысынын орун басары (макулдашуу боюнча);
|
Мамбеталиева Асылкүл Эмилбековна
| - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Адам укугу, бирдей мүмкүндүктөр жана коомдук уюмдар боюнча комитетинин бөлүм башчысынын орун басары (макулдашуу боюнча);
|
Мамбетаитов Таалайбек Жумагулович
| - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Укуктук тартип, мыйзамдуулук жана коррупцияга каршы комитетинин эксперти (макулдашуу боюнча);
|
Мамыров Шамшибек Садырбекович
| - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Илимий изилдөө борборунун начальниги;
|
Алиева Гүлсара Мидиновна
| - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын аппарат жетекчиси;
|
Акматкулов Азамат Алишерович
| - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын мамлекеттик кызматты өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);
|
Түмөнов Алтынбек Жаңыбаевич
| - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Нормативдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу жана мыйзам долбоорлорун экспертизалоо боюнча башкы башкармасынын мыйзам долбоорлорун экспертизалоо бөлүмүнүн башчысы;
|
Азимов Улугбек Худайбердиевич
| - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигиндеги коомдук байкоо кеңешинин мүчөсү;
|
Багишбеков Сардар Сайдбекович | - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигиндеги коомдук байкоо кеңешинин секретары. |