Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 10-октябры № 476-б
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 88-беренесинин талаптарын ишке ашыруу, улуттук коопсуздукка коркунучтардын алдын алуу жана чектөө боюнча милдеттерди чечүүдө оперативдүүлүктү камсыз кылуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо мезгилинде коомдук тартипти камсыздоо боюнча мамлекеттик органдардын ресурстарын максималдуу натыйжалууга жетишүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо мезгилинде коомдук тартипти жана укук тартибин камсыздоо боюнча тиркемеге ылайык курамдагы оперативдүү штаб түзүлсүн (мындан ары - штаб).
Штабдын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелсин:
- укук тартиби, улуттук коопсуздукка коркунучтарды эрте билүүнү, болтурбоону, чектөөнү жана жоюуну камсыз кылуу, боюнча ишти координациялоо;
- Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын практикалык аракеттерге даярдалган күчтөрүнө жана каражаттарына таянуу менен маанилүү мамлекеттик иш-чараларды өткөрүү мезгилинде туруктуулукту сактоо үчүн толук чараларды (саясий-дипломатиялык, экономикалык, маалыматтык жана башка) колдонуу.
2. 2011-жылдын 20-октябрынын 08.00 саатынан баштап өзгөчө буйрукка чейин ички иштер, коргонуу, өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча кызматтын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматынын күчтөрү жана каражаттары кызмат өтөөнүн күчөтүлгөн вариантына өткөрүлсүн.
Баш ийген органдарды, бөлүктөрдү жана бөлүмчөлөрдү кызмат өтөөнүн күчөтүлгөн вариантына өткөрүү боюнча иш колдо болгон пландаштыруучу документтердин негизинде уюштурулсун.
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги болгон күчтөрдүн жана каражаттардын бүткүл комплексин өлкөдөгү коомдук тартипти сактоонун, жалпы тартипсиздиктерге, экстремизмге, зомбулук актыларына жана башка укукка жат аракеттерге бөгөт коюу кызыкчылыктарында пайдалансын.
Уюшулган кылмыштуу топтордун ишине жана саясий акцияларда алардын мүмкүн болгон активдешүүсүнө бөгөт коюуга өзгөчө көңүл бөлүнсүн.
2011-жылдын 25-октябрынан тартып Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен өз ара аракеттенүүдө шаарларда жана башка ири калктуу конуштарда аскердик күч түзүмдөрүнүн кийимдеринин атайын формаларын мыйзамсыз кийүүнү айкындоо, ошондой эле укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин жана аскер кызматчыларынын жараксыз документтерин пайдаланууга бөгөт коюу максатында биргелешкен күзөтүүнү уюштурсун.
4. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети экстремизмге, терроризмге, аймактык бүтүндүк коркунучтарына, улутчулдук көрүнүштөргө каршы аракеттенүү боюнча оперативдүү ишти, ошондой эле экстремисттик уюмдардын мүчөлөрү же талапкерлери катары эсепте турган адамдарды профилактикалоону активдештирсин.
Чагымчыл маалыматтарды, администрациялык имараттарды басып алууга, мамлекеттик органдардын жана айрым кызмат адамдарынын ишин блокадалоого чакырууларды таратууну айкындасын жана токтотсун.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлеринин күчтөрүн жана каражаттарын мамлекеттик чек араны түздөн түз сактаган чек ара бөлүктөрүн күчөтүү, бирикмелерди жана бөлүктөрү, чек ара инфраструктураларын өзүнүн коопсуздугун камсыздоо үчүн пайдалансын.
5. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги мамлекетке чакырыктардын жана коркунучтардын алдын алуу боюнча ишти активдештирүүнүн зарылдыгы жөнүндө чет өлкөлүк дипломатиялык өкүлчүлүктөргө багыт берсин.
Кыргыз Республикасынын ички жана тышкы саясатынын абалына таасир эте алуучу бардык окуялар жана көрүнүштөр жөнүндө өлкөнүн жетекчилигине оперативдүү маалымат берсин.
6. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги региондордогу кырдаалдарга жараша жекече куралды жана техниканы жеткирүү үчүн транспорттун бардык түрлөрүн, айдоочулардын курамын жана экипаждарды, отун запастарын, ремонттоо каражаттарын даярдасын.
Өзгөчө абал шарттарында жана террористтик көрүнүштөргө бөгөт коюу боюнча аракеттердин, оперативдүү пландарын ишке ашырууга даярдыкты камсыз кылсын.
7. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги негизги жана резервдик булактарды, ошондой эле коопсуздукту камсыз кылуу күчтөрүнүн мүмкүн болгон чукул аракеттерин оперативдүү финансылоону аныктасын.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы тийиштүүлүгүнө жараша 100 жана 200 адам санындагы резервди даярдасын, ал оперативдүү штабдын жетекчисинин буйругу боюнча аракет кылуу үчүн тийиштүү экипировка жана күчөтүү каражаттарына ээ болсун.
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жазык-аткаруу системасынын мекемелеринде тартипти сактоо үчүн болгон мүмкүнчүлүктөрүн пайдалансын.
10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен ишке ашырылган жана мамлекеттин коопсуздугунун абалына терс таасир берүүгө жарактуу финансылык агымдарга байкоо жүргүзүү боюнча ишти активдештирсин.
11. Региондордо коопсуздукту камсыз кылуу боюнча ишти координациялоо жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине жүктөлсүн.
Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас, Ысык-Көл, Нарын, Чүй облустарынын, шаарлардын мэрияларынын мамлекеттик администрацияларынын базасында облустардын губернаторлорунун (шаарлардын мэрлеринин) жетекчилиги алдында жана ички иштер, улуттук коопсуздук, жарандык коргонуу жана башка укук тартиби күчтөрүнүн аймактык органдарынын жетекчилеринин катышуусу менен аймактык штабдар түзүлсүн.
Штабдар күндөлүк шарттарда, ошондой эле мүмкүн болгон кырдаал күчөгөн шарттагы аракеттер учурларына карата функциялык милдеттерди иштеп чыксын.
Этностук топтор чогуу жашаган, адамдар курал-жарак, ок-дары, аскердик техника, уулуу жана жарылгыч заттар массалык топтолгон жерлердеги кырдаалга күн сайын талдоо жүргүзүүгө өзгөчө көңүл бөлүнсүн.
Авиациялык, темир жол, автомобиль транспорттору объекттериндеги жана диверсиялык жактан талылуу башка объекттердеги коопсуздуктун абалына баа берилсин жана коркунучтарды болтурбоо боюнча чаралар көрүлсүн.
Текшерилбеген маалыматтарды таратууга бөгөт коюу, өлкөдөгү, облустагы, райондогу, калктуу конуштагы жагдай жөнүндө объективдүү маалыматты калкка өз убагында жеткирүү боюнча топтор түзүлсүн.
12. Каршылык акцияларын өткөрүү убагында коомдук коопсуздукту камсыз кылууга жарандардын өмүрүнө жана саламаттыгына коркунуч туулган, массалык тартипсиздиктер жана зомбулук менен коштолгон акциялар учурунда таасир берүүчү күч, атайын каражаттарды жана ок атуучу куралды колдонууга ички иштер министри жана региондук ички иштер башкармалыктарынын (ИОШМ, ИИБ) башчылары көрсөтмө берет.
13. Министрликтерде жана ведомстволордо жекече курал менен куралды колдонуу тууралуу көнүгүүлөр жана нускама берүүлөр өткөрүлсүн, тийиштүү эскертмелер таратылсын.
14. Өзгөчө кырдаалдар коркунучу туулганда, же болбосо мындай учур пайда болгондо министрликтердин, ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери штабдын жетекчисине кырдаал жана кабыл алынган чечим жөнүндө билдиришет, бекитилген пландарга ылайык болгон күчтөрдү жана каражаттарды коюлган милдеттерди аткарууга даяр кылышат, белгиленген мөөнөттөрдө аларды андан ары практикалык аракеттер үчүн дайындалган райондорго жайгаштырышып, өз ара аракеттенүүчү органдарга кабарлоону жүзөгө ашырышат.
15. Күчтөрдү жана каражаттарды башкаруу уюштурулсун:
- Өкмөттүн Аппаратынын коопсуздукту, укук тартибин, коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу бөлүмүнүн, министрликтеринин администрациялык ведомстволордун өкүлдөрүн тартуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү туруктуу жайгашкан жерге таянуу менен;
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунан;
- мамлекеттик органдардын базасында негизги жана запастык командалык пункттардан.
16. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынан, мамлекеттик башкаруунун башка органдарынан жер-жерлердеги кырдаалдарга баа берүү жана башкаруучулук чечимдерди коррекциялоо үчүн кызматкерлер ишке жиберилсин.
17. Министрликтер, ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары республикалык оперативдүү штабдын чечимдерин так жана мөөнөтүндө аткарышсын.
Массалык тартипсиздиктерге бөгөт коюу, контртеррористтик операцияларды жүргүзүү, өзгөчө кырдаалдардын, авариялардын жана кыйроолордун, кырдаалдын башка өзгөрүүлөрүнүн кесепеттерин жоюу боюнча оперативдүү пландар мамлекеттик органдын функциялык таандыктыгына иштелип чыксын.
Курал-жаракты, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө бөгөт коюуга, мыйзамдуулукту жана укук тартибин сактоого жөнөтүлгөн калк менен иштөө уюштурулсун, ошондой эле адамдардын коопсуздугун коргоо, талап-тоноочулук актыларына жана башка зомбулук аракеттерге бөгөт коюу үчүн атайын каражаттарды, техниканы, курал-жаракты пайдаланганга чейин катаал чараларды колдонулушу мүмкүндүгү боюнча кеңири түшүндүрүүлөр жүргүзүлсүн.
Штаб иштеген мезгилде күнү-түнү кезметчилик, оперативдүү маалымат алмашуу уюштурулсун, кырдаалдын өзгөрүшүнө карата тез көңүл буруу үчүн зарыл шарттар түзүлсүн, милдеттерди аткаруу үчүн күчтөр жана каражаттар даярдалсын.
Жекече курамдын (уюмдардын кызматкерлеринин) өмүрүн жана саламаттыгын сактоо, коопсуздуктун зарыл чараларын сактоо, курал-жарактын, ок-дарылардын, аскердик техниканын, мүлктүн, чектелүү пайдалануудагы документтердин жоготулушуна жол бербөө боюнча чаралар көрүлсүн.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптары катуу жетекчиликке алынсын, мында жалпы эле калкты жана ар бир адамды өзүнчө коргоо, ошондой эле өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн жана анын мамлекеттик түзүлүшүн сактоо негизги артыкчылык деп эсептелсин.
2011-жылдын 11-октябрынын 10.00 саатына чейин штабдын жетекчисине жүргүзүлгөн алдын ала иш-чаралар жөнүндө билдирилсин. Алдын ала иш-чаралардын тизмесине курал-жарактын, ок-дарылардын, жарылуучу, ууландыруучу жана башка коркунучтуу заттардын болушун, ошондой эле уурдоо фактыларын болтурбоо жагында аларды сактоонун шарттарын текшерүү киргизилсин.
Штабдын жетекчисинин дарегине кабар берүүлөр ар бир сутканын 10.00 саатына карата кат жүзүндө берилсин, кырдаал өзгөргөн учурда - токтоосуз түрдө берилсин.
18. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коопсуздукту, укук тартибин жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу боюнча бөлүмү министрликтердин, ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалыматтарынын, ошондой эле оперативдүү маалыматтардын негизинде жума сайын штабдын жетекчисине жагдайдын өнүгүшүнүн негизги тенденцияларын чагылдыруучу талдоочулук отчетун жана өлкөдөгү туруктуулукту колдоо боюнча сунуштарды жума сайын берип турсун.
Бул максатта штаб иштеген мезгилде бөлүмдүн алдында маалыматтык-аналитикалык топ түзүлсүн, ал Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын убактылуу ишке жиберилген аналитикалык бөлүктөрүнүн кызматкерлеринин ичинен куралсын.
19. Бул буйрукту аткарууну контролдоо Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Ш.Е.Атахановго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
Ө. Бабанов |
Тиркеме
Атаханов Шамиль Есенжанович
| - Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри, штабдын жетекчиси;
|
Момуналиев Нурханбек Сакенович | - Кыргыз Республикасынын министри - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси, штабдын жетекчисинин орун басары;
|
Рысалиев Зарылбек Кылычбекович | - Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, штабдын жетекчисинин орун басары;
|
Душебаев Кеңешбек Асанбекович | - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, штабдын жетекчисинин орун басары. |
Штабдын мүчөлөрү:
Кудайбердиев Абибилла Алымович | - Кыргыз Республикасынын коргоо министри;
|
Борбиев Болотбек Ибраимович | - Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри;
|
Мамбетжанов Мэлис Тулиндыевич | - Кыргыз Республикасынын финансы министри;
|
Исаков Эркин Абдыкасыевич | - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри;
|
Жумабеков Сабырбек Артисбекович | - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри
|
Кулматов Кубанычбек Кеңешович | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы;
|
Байзаков Шейшенбек Калильбекович | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы;
|
Жакыпбаев Мурат Ибраевич | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматынын төрагасы;
|
Шакирова Гүлмира Абидиновна | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы;
|
Орозалиев Виталий Керимович | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы;
|
Исаев Асеин Кусеинович | - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин статс-секретары;
|
Досалиев Нурлан Турсуниязович | - Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери боюнча министрлигинин статс-секретарынын милдетин аткаруучу;
|
Төлөгөнов Нурдин Кубулбекович | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун директорунун орун басары. |