Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 25-ноябры № 543-б
1. Төмөнкү тиркелген долбоорлор жактырылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аскердик финансылык кызматташтык жөнүндө макулдашуу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Финансылык жардам жөнүндө протокол.
2. Кыргыз Республикасынын коргоо министрине принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен жогоруда аталган Макулдашуунун жана Протоколдун долбоорлоруна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу, Премьер-министринин милдетин аткаруучу |
Ө. Бабанов |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы
Аскердик финансылык кызматташтык жөнүндө
макулдашуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Түркия Республикасынын Өкмөтү (мындан ары - Тараптар деп аталып) 2000-жылдын 15-июнундагы Билим берүү, илим жана техника жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашууга таянып,
Узак мөөнөттүү достук мамилелерди өнүктүрүүнүн алкагында жана аскердик кызматташтыкты бекемдөө жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн реформалоого колдоо көрсөтүү максатында
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене. Максаты
Түркия Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 1.050.000 (бир миллион элүү миң) АКШ долларынын эквивалентинде түрк лирин аскердик финансылык кызматташтык алкагында бөлүп берет. 970 000 (тогуз жүз жетимиш миң) АКШ долларынын эквивалентинде түрк лири өлчөмүндөгү сумма Түркиянын коргонуу өндүрүшүнүн продукцияларын сатып алууну финансылоо үчүн колдонулат жана 80 000 (сексен миң) АКШ долларынын эквивалентинде түрк лири ушул Макулдашуу түзүлгөндөн кийин кол коюла турган Финансылык жардам жөнүндө Протокол күчүнө киргенден кийин берилет.
2-берене. Колдонуу чөйрөсү
970 000 (тогуз жүз жетимиш миң) АКШ долларынын эквивалентинде түрк лири өлчөмүндөгү акча каражаттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Түркиянын коргонуу өндүрүшүнүн ишканалары тарабынан берилүүчү аскердик дайындалыштагы продукцияларды сатып алууну финансылоо үчүн колдонулат жана 80 000 (сексен миң) АКШ долларынын эквивалентинде түрк лири Түркия Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылуучу финансылык жардам катары берилет.
3-берене. Ыйгарым укуктуу жана жөнгө салуучу органдар
Ушул Макулдашуу Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Түркия Республикасынын Улуттук Коргоо министрлиги тарабынан жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги тарабынан аткарылат. Ушул Макулдашууну аткаруу боюнча жөнгө салуучу органдар Түркия Республикасынын Анкара шаарындагы Кыргыз Республикасынын Элчилиги жана Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарындагы Түркия Республикасынын Элчилигине караштуу Аскердик Атташе болот.
4-берене. Ишке ашыруунун принциптери
1. 970 000 (тогуз жүз жетимиш миң) АКШ долларынын эквивалентинде түрк лири Түркиянын коргонуу өндүрүшүнүн продукцияларын сатып алууну ишке ашыруу учурунда берилет:
а) эгерде сатып алынуучу продукциянын көлөмү 970 000 (тогуз жүз жетимиш миң) АКШ долларынын эквивалентинде түрк лирин түзсө же айтылган суммадан көп болсо, анда 970 000 (тогуз жүз жетимиш миң) АКШ долларынын эквивалентинде түрк лиринин 100 % гана төлөнөт.
б) эгерде продукциянын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы 970 000 (тогуз жүз жетимиш миң) АКШ долларынын эквивалентинде түрк лиринен аз болуп калса, анда ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык, Түркия Республикасынын Улуттук Коргоо министрлигинин көрсөтмөсү боюнча Борбордук Банк, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан көрсөтүлгөн компаниянын банктык эсебине акча каражаттарды которот жана накталай төлөмдөр формасында алынган продукциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн бардык көлөмүн төлөйт.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн акча каражаттар ушул Макулдашууга ылайык 2016-жылдын 31-декабрына чейин колдонулат.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү сатып алууларды ишке ашыруу үчүн, керектүү каражаттардын тизмесин (алгылыктуу аталыштарды көрсөтүү менен) Түркия Республикасынын Улуттук Коргоо министрлигине бериши керек.
4. Төлөө Түркия Республикасынын Улуттук Коргоо министрлиги тарабынан, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн сатып алынган продукцияларды кабыл алуу-өткөрүп берүү жол-жоболорун бүтүргөндүгү жөнүндө кабарлоо алгандан кийин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү контракт түзгөн Түркиянын коргонуу өндүрүшүнүн ишканасынын банктык эсебине акчалай каражаттарды которуу жолу менен ишке ашырылат.
5. Эгерде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан сатылып алынуучу продукциялардын баасы берилген финансылык булактын өлчөмүнөн ашып кетсе, анда кошумча каражаттарды тартуу зарылчылыгы келип чыгат. Түркия Республикасынын Өкмөтү ушул макулдашуу менен белгиленген суммадан баасы ашып кеткен продукцияны төлөп бербейт.
6. Бөлүнгөн акча каражаттарды бөлүштүрүү менен түздөн-түз байланышкан чыгымдар, камсыздандыруу төлөмдөрү, Түркиянын коргонуу өндүрүшүнүн ишканасы тарабынан төлөнүүчү салыктар, банктык кармап калуулар жана валюталардын курстарындагы айырмалар Түркиянын мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен коргонуу өндүрүшүнүн ишканасынын ортосунда түзүлгөн контрактта чагылдырылышы керек.
7. Сатып алууларды ишке ашыруу алкагындагы визиттер эки тарап тең Макулдашуунун күчүнө кирүүсүн юридикалык жөнгө салгандан кийин башталат.
8. 80 000 (сексен миң) АКШ долларынын эквивалентиндеги түрк лири, ушул Макулдашуунун алкагында эки тараптын ортосунда өзүнчө кол коюла турган Финансылык жардам көрсөтүү жөнүндө Протоколго ылайык бөлүнөт.
9. Финансылык жардам көрсөтүү жөнүндө Протоколдун алкагында акчалай каражаттар Түркия Республикасынын Улуттук Коргоо министрлиги тарабынан, Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарындагы Түркия Республикасынын Аскердик атташесинин банктык эсебине которулушу керек.
5-берене. Продукцияны колдонууга укук
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Түркия Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган банктык эсепке ушул Макулдашуу боюнча алынган аскердик продукцияны эсептен чыгаруудан жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ведомстволорунун балансынан сатуудан алынган кирешени которуп берүүгө милдеттенет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Макулдашуунун алкагында берилген продукцияны, ошондой эле аларды колдонуу укугун үчүнчү тарапка же башка тарапка Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн алдын алы макулдугу жок бербөөгө милдеттенет.
3. Ушул Макулдашуунун Жобосу Тараптар тарабынан түзүлгөн башка эл аралык макулдашууларды чектебейт жана башка мамлекеттин укуктарына, коопсуздугуна жана аймактык бүтүндүгүнө каршы колдонулбашы керек.
6-берене. Жашыруун маалыматты коргоо
Ар бир Тарап ушул Макулдашуунун маалыматтарын жана тараптар алмашуучу жашыруун маалыматтарды, үчүнчү Тараптын өкмөтүнө компанияга же адамга башка тараптын макулдугу жок жарыя кылбоого милдеттенет. Бул принцип ушул Макулдашууну колдонуу бүткөндөн кийин дагы колдонууда болот.
7-берене. Талаш-тартыштарды жөнгө салуу
1. Ушул Макулдашууну ишке ашыруунун же маанисин түшүндүрүүдө талаш-тартыш маселелер келип чыккан учурда эл аралык сотту, арбитражды же үчүнчү тарапты тартууга жол берилбейт. Ушул Макулдашууну ишке ашырууда келип чыккан кандай гана болбосун талаш-тартыш маселелер сүйлөшүүлөр жолу менен Тараптар тарабынан чечилиши керек.
2. Ушул Макулдашуу менен каралбаган маселелер боюнча Макулдашуунун преамбуласында көрсөтүлгөн ченемдери колдонулат.
8-берене. Өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү
1. Ушул Макулдашууга ар бир Тарап өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизиши мүмкүн. 30 күндүн ичинде жазуу түрүндөгү кабарлоо алгандан кийин өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча сүйлөшүүлөр башталышы керек.
2. Тараптар менен макулдашылган жазуу түрүндө таризделген өзгөртүүлөр жана толуктоолор ушул Макулдашуунун 9-беренесине ылайык күчүнө кириши керек.
3. Эгерде сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө 60 күндүн ичинде жыйынтыктар болбосо, ушул Макулдашуу 10-беренеге ылайык өзүнүн аракетин токтотот.
4. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө, Тараптар ушул Макулдашуу менен каралган өзүнүн милдеттерин аткарууну улантышат.
9-берене. Бекитүү жана күчүнө кирүүсү
Ушул Макулдашуу, анын күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду бүткөргөндүгү жөнүндө Тараптар акыркы кабарлоону дипломатиялык канал боюнча алган күндөн баштап күчүнө кирет.
10-берене. Колдонуу мөөнөтү жана колдонуунун бүтүшү
1. Ушул Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бөлүнгөн акча каражаттар толук колдонулуп бүткөнгө чейин 2016-жылдын 31-декабрына чейин күчүндө болот.
2. Эгерде тараптардын бири башка Тарап ушул Макулдашуунун жобосун аткарбай жатат же аткара албайт деп аныктаса, ал сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө жазуу түрүндө кеңеш берүү жүргүзө алат, кеңеш берүүлөр жазуу түрүндө кабарлоо алгандан кийин 30 күндүн ичинде башталышы керек. Эгеде 45 күндүн ичинде макулдашуу жетишилбесе, кайсы гана болбосун тараптардын бири 30 күндүн ичинде ушул Макулдашуунун колдонулушун токтото алат.
3. Кайсы гана болбосун себептер боюнча Макулдашууну колдонууну токтотуу ушул Макулдашуунун 5-беренесинин жобосуна таасир эте албайт.
11-берене. Текст жана кол коюу
Ушул Макулдашуу эки нускада ар бири кыргыз, орус, түрк жана англис тилдеринде даярдалды, бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Макулдашууну ишке ашыруунун жүрүшүндө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда англис тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ.
Жогоруда айтылгандардын алкагында, эки тараптын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан ушул Макулдашууга 201__-жылдын ____-____________ Кыргызстанда Бишкек шаарында жана 201__-жылдын ____-____________ Түркиянын Анкара шаарында кол коюлду.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан | Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн атынан
|
Колу:
| Колу:
|
Кудайбердиев Абибилла | Нихат Кокмен
|
генерал-майор | генерал-майор
|
Кыргыз Республикасынын Коргоо министри | Улуттук Коргоо министринин технология жана координация боюнча орун басары |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы финансылык
жардам көрсөтүү жөнүндө
Протокол
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Түркия Республикасынын Өкмөтү (мындан ары Тараптар деп аталат) 2011-жылы кол коюлган Аскердик финансылык кызматташтык жөнүндө Макулдашуунун алкагында бөлүнгөн финансылык жардамды өздөштүрүү максатында, төмөнкү беренелер боюнча макулдашты:
1-берене. Максаты
Ушул Протоколдун максаты болуп Түркия Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берилген 80.000 (сексен миң) АКШ доллары эквивалентинде түрк лири суммасындагы финансылык жардамды өздөштүрүү принциптерин аныктоо эсептелет1.
2-берене. Колдонуу чөйрөсү
Түркия Республикасынын Өкмөтү тарабынан берилүүчү финансылык жардам Туркия Республикасындагы Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин екүлдөрүнүн визиттери жана окуу курстары менен байланышкан чыгашаларды жабуу үчүн, Бельгиянын Монс шаарындагы НАТОнун «Тынчтык үчүн кызматташтык» Координациясы боюнча топтогу Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин расмий өкүлдөрүн камсыздоого, ошондой эле башка чыгымдарга колдонулат.
3-берене. Ишке ашыруу принциптери
1. Ушул Протокол боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берилүүчү акча каражаттар 2016-жылдын 31-декабрына чейин колдонулат.
2. 80.000 (сексен миң) АКШ доллары эквивалентинде түрк лири өлчөмүндөгү сумма Түркия Республикасындагы Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин өкүлдөрүнүн визиттери жана окуу курстары менен жана Бельгиянын Монс шаарындагы НАТОнун «Тынчтык үчүн кызматташтык» Координациясы боюнча топтогу Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин расмий өкүлдөрүнүн келүүсү менен байланышкан чыгашаларды жабуу үчүн, ошондой эле башка чыгымдарга арналган.
Бул булак Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин аскер кызматчыларынын төмөнкү пункттар боюнча чыгымдарын төлөө үчүн колдонулат:
а) Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин «Тынчтык үчүн кызматташтык» Окуу борборунда жана Терроризм менен күрөшүүнү өркүндөтүү борборунда өткөрүлүүчү курстарга катышуучу кызматчылардын чыгымдары - 20 000 (жыйырма миң) АКШ долларынын эквивалентиңде түрк лири;
в) байланыш офицери - Бельгиянын Монс шаарындагы НАТОнун «Тынчтык үчүн кызматташтык» Координациясы боюнча топтогу Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин өкүлүнүн чыгымдары - 50 100 (элүү миң бир жүз) АКШ долларынын эквивалентинде түрк лири;
г) башка чыгымдар - 5 000 (беш миң) АКШ долларынын эквивалентинде түрк лири.
3. Ушул Протокол менен каралган акча каражаттар Түркиянын Улуттук Коргоо министрлиги тарабынан банктын эсебине которулат, ал Кыргыз Республикасындагы Түркия Республикасынын Аскердик атташеси тарабынан аныкталат. Бул булак Кыргыз Республикасындагы Түркия Республикасынын Аскердик атташесинин контролунун астында Түркиянын Генералдык штабынын көрсөтмөлөрүнүн алкагында колдонулат.
4. Зарылчылык болсо, Түркия Республикасынын Генералдык штабы белгиленген пункттардын ортосунда каражаттарды кайра бөлүштүрүүнү жүргүзүшү мүмкүн.
4-берене. Жашыруун маалыматты коргоо
Ар бир Тарап ушул Протоколдун маалыматтарын жана тараптар алмашуучу жашыруун маалыматтарды, үчүнчү Тараптын өкмөтүнө, компанияга же адамга башка тараптын макулдугу жок жарыя кылбоого милдеттенет. Бул принцип ушул Протоколду колдонуу бүткөндөн кийин дагы колдонууда болот.
5-берене. Талаш-тартыштарды жөнгө салуу
1. Ушул Протоколду ишке ашыруунун же маанисин түшүндүрүүдө талаш-тартыш маселелер келип чыккан учурда эл аралык сотту, арбитражды же үчүнчү тарапты тартууга жол берилбейт. Кандай гана болбосун ушул Протоколду ишке ашырууда келип чыккан талаш-тартыш маселелер сүйлөшүүлөр жолу менен Тараптар тарабынан чечилиши керек.
2. Ушул Протокол менен каралбаган маселелер боюнча 2011-жылдын Аскердик финансылык жардам жөнүндө макулдашуунун тийиштүү жоболору колдонулат.
3. Ушул Протоколдун Жобосу тараптардын башка эл аралык макулдашуулардан келип чыккан укуктарын жана милдеттерин чектебейт.
6-берене. Өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү
1. Ушул Протоколго Тараптардын эки тараптуу макулдашуусу боюнча өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн. Мындай учурда сүйлөшүүлөр 30 күндүн ичинде башталышы керек.
2. Тараптар менен макулдашылган жазуу түрүндөгү толуктоолор ушул Протоколдун 7-беренесине ылайык күчүнө кириши керек.
3. Эгерде сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө 60 күндүн ичинде жыйынтыктар болбосо, ушул Протокол 8-беренеге ылайык өзүнүн аракетин токтотот.
4. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө, Тараптар ушул Протокол менен каралган өзүнүн милдеттерин аткарууну улантышат.
7-берене. Бекитүү жана күчүнө кирүүсү
Ушул Протокол, анын күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду бүткөргөндүгү жөнүндө Тараптар акыркы кабарлоону дипломатиялык канал боюнча алган күндөн баштап күчүнө кирет.
8-берене. Колдонуу мөөнөтү жана колдонуунун бүтүшү
1. Ушул Протокол боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берилүүчү акча каражаттар 2016-жылдын 31-декабрына чейин колдонулушу керек.
2. Эгерде тараптардын бири башка тарап ушул Протоколдун жобосун аткарбай жатат же аткара албайт деп аныктаса, ал сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө жазуу түрүндө сунушту киргизе алат, сүйлөшүүлөр жазуу түрүндө кабарлоо алгандан кийин 30 күндүн ичинде башталышы керек. Эгеде 45 күндүн ичинде макулдашуу жетишилбесе, кайсы гана болбосун тараптардын бири 30 күндүн ичинде ушул Протоколдун колдонулушун токтотуу жөнүндө жазуу түрүндө кабарлайт.
9-берене. Текст жана кол коюу
Ушул Протокол эки нускада ар бири кыргыз, орус, түрк жана англис тилдеринде даярдалды, бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Протоколду ишке ашыруунун жүрүшүндө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда англис тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ.
Эки тараптын өкмөттөрү тарабынан ыйгарым укукка ээ болгон төмөндө кол койгон өкүлдөр тастыктоо үчүн ушул Протоколго 201___-жылдын ____ ____________ Кыргызстанда Бишкек шаарында жана 201____-жылдын ___ ___________ Түркияда Анкара шаарында кол коюшту.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан | Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн атынан
|
Колу: | Колу:
|
Кудайбердиев Абибилла | Нихат Кокмен
|
генерал-майор | генерал-майор
|
Кыргыз Республикасынын Коргоо министри | Улуттук Коргоо министринин технология жана координация боюнча орун басары |