Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 29-ноябры № 546-б
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясын жана «Борбордук Азия мамлекеттеринде мамлекеттик башкаруунун жана жарандык коомдун кадрдык потенциалын-жогорулатуу» Ханнс Зайдел фондунун (ФРГ) биргелешкен долбоорунун чегинде башкаруу кадрларын кесиптик даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу максатында:
1. 2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясынын магистрдик программалары боюнча угуучуларды кабыл алууга сунушталган квотасы бекитилсин.
2. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жетекчилери, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясына (мындан ары - Башкаруу академиясы) тийиштүү магистрдик программалар боюнча окууга конкурстук тандоого катышуу үчүн мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу органдарынын аппараттарынын жооптуу кызматкерлеринен талапкерлерди сунуштасын.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине тийиштүү магистрдик программалары боюнча Башкаруу академиясынан окууга конкурстук тандоого катышуу үчүн аппараттын жооптуу кызматкерлеринен талапкерлерди жөнөтүү сунушталсын.
4. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары магистрдик программаларга угуучуларды кабыл алууну жүргүзүү боюнча Башкаруу академиясынын иш-чараларын уюштуруучулук коштоону камсыз кылышсын.
5. Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына магистрдик программаларга угуучуларды кабыл алууну жүргүзүүдө Башкаруу академиясына уюштуруучулук көмөк көрсөтүү сунушталсын.
6. Башкаруу академиясына окууга конкурстук тандоо үчүн талапкерлерге коюлган квалификациялык талаптарды, ошондой эле магистрдик программалар боюнча максаттуу, окутуу жөнүндө типтүү келишимди иштеп чыгуу сунушталсын.
Премьер-министр | А. Атамбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 546-б буйругу менен бекитилген |
№ | Органдардын аталышы | «Мамлекеттик башкаруу» | «Парламен-таризм» | «Адам ресурстарын (кызматкерлерди) башкаруу» | «Социалдык менеджмент» | «Коммерциялык эмес уюмдарда башкаруу» | «Билим берүүдөгү менеджмент» | «Жергиликтүү мамлекеттик башкаруу жана өз алдынча башкаруу» |
|
| Кечки бөлүм | Сырттан окуу бөлүмү | Күндүзгү окуу бөлүмү | ||||
1. | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты | 5 | 3 | 5 | 2 | - | - | - |
2. | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты | 5 | 5 | 5 | 2 | - | - | - |
3. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты | 5 | 2 | 5 | 2 | - | - | - |
4. | Министрликтер, мамкомитеттер, администрациялык ведомстволор | 15 |
| 15 | 6 |
| 3 | 4 |
5. | Саясий партиялар | - | 10 | - | - | - | - | - |
6. | Бишкек шаары | - | 5 | - | 2 | 8 | 4 | 5 |
7. | Ош шаары | 30 | 5 | - | 2 | 5 | 4 | 4 |
8. | Чүй облусу | - | - | - | 2 | 2 | 3 | 8 |
9. | Нарын облусу | - | - | - | 2 | 2 | 3 | 6 |
10. | Талас облусу | - | - | - | 2 | 2 |
| 5 |
11. | Ысык-Көл облусу | - | - | - | 2 | 3 | 3 | 7 |
12. | Ош облусу | - | - | - | 2 | 3 | 3 | 8 |
13. | Жалал-Абад облусу | - | - | - | 2 | 3 | 3 | 8 |
14. | Баткен облусу | - | - | - | 2 | 2 | 2 | 5 |
| Жыйынтыгы: | 60 | 30 | 30 | 30 | 30 | 30 | 60 |
| Баардыгы: 270 | |||||||