Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 7-декабры № 552-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Польша Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы дипломаттык паспорттордун ээлери үчүн виза талаптарын алып таштоо тууралуу макулдашуунун мамлекеттик тилде тиркелген долбоору принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү мүмкүндүгү менен жактырылсын.
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу, Премьер-министринин милдетин аткаруучу |
Ө. Бабанов |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Польша Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы
дипломаттык паспорттордун ээлери үчүн виза талаптарын алып таштоо тууралуу
макулдашуу
Мындан ары «Макулдашып жаткан Тараптар» аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Польша Республикасынын Өкмөтү,
достук мамилелерди бекемдөө эки мамлекеттин кызыкчылыгында экендигин эске алуу менен, жана
бул мамлекеттердин аймактарына Макулдашып жаткан Тараптар тарабынан берилген, жарактуу дипломаттык паспорттору бар болгон Кыргыз Республикасынын жана Польша Республикасынын жарандары үчүн кирүүнү жеңилдетүүнү каалоо менен,
төмөнкүлөр тууралуу макулдашты:
1-берене
1. Макулдашып жаткан Тараптардын биринин Тышкы иштер министрлиги тарабынан берилген жарактуу дипломаттык паспорту бар Макулдашып жаткан Тараптардын биринин жарандары, Макулдашып жаткан Тараптардын экинчисинин аймагына эл аралык жүргүнчүлүк каттамдар үчүн арналган чек араны өтүү пункттары аркылуу визасыз кирүүгө, андан чыгып кетүүгө, жана транзит жолу менен жүрүүгө укугуна ээ болушат.
2. Жарактуу дипломаттык паспорту бар Макулдашып жаткан Тараптардын биринин жарандары Макулдашып жаткан Тараптын экинчисинин аймагында 2-берененин жоболорун эске алуу менен, биринчи жолу кирген күнүнөн тартып 180 (жүз сексен) күн мезгил ичинде узактыгы 90 (токсон) күнгө чейин жүрүү укугуна ээ болууга тийиш.
2-берене
1. Макулдашып жаткан Тараптын экинчисинин аймагында жайгашкан дипломатиялык өкүлчүлүккө, консулдук мекемеге же эл аралык уюмга иштөөгө дайындалган, Макулдашып жаткан Тараптардын биринин Тышкы иштер министрлиги тарабынан берилген жарактуу дипломаттык паспорту бар Макулдашып жаткан Тараптардын биринин жарандарында Макулдашып жаткан Тараптардын экинчисинин аймагына виза алуу зарылдыгысыз, кирүүгө, андан чыгып кетүүгө, транзитке жана дайындалган мөөнөтүнүн ичинде ал жакта жүрүүгө укугу болушу керек.
3-берене
Ушул Макулдашууда белгиленген тартиптерден келип чыгуучу укуктар 2-беренеде көрсөтүлгөн адамдардын үй-бүлө мүчөлөрүнө, эгерде алардын колунда жарактуу дипломатиялык паспорттору жана бир үй-бүлө мүчөлөрүнөн болгон шарттарда, колдонулат.
4-берене
Жөнөтүп жаткан мамлекеттин Тышкы иштер министрлиги, 2 жана 3-беренелерде көрсөтүлгөн адамдар жөнүндө, алар дайындалган учурга чейин, кабыл алып жаткан мамлекеттин дипломатиялык өкүлчүлүгүнө билдирүүгө тийиш.
5-берене
Жарактуу дипломаттык паспорту бар Макулдашып жаткан Тараптардын жарандары Макулдашып жаткан Тараптардын экинчисинин чек арасынан өтүүдө жана анын аймагында жашап турган мезгилинде ошол Макулдашып жаткан Тараптын аймагындагы мыйзамдарды сактоого милдеттүү болушат.
6-берене
Макулдашып жаткан Тараптардын ар бири өз аймагында жүрүшү жагымсыз деп эсептелген Макулдашып жаткан Тараптардын экинчисинин жарандарын киргизүүдөн баш тартууга же жүрүү убактысын кыскартууга укуктуу.
7-берене
Макулдашып жаткан Тараптардын биринин жараны өз дипломаттык паспортун Макулдашып жаткан Тараптардын экинчисинин аймагында жоготуп алган учурда, ал кабыл алып жаткан Тараптын тиешелүү органдарына тиешелүү чараларды көрүү максатында токтоосуз билдирүүгө милдеттүү. Дипломатиялык өкүлчүлүк же консулдук мекеме тарабынан ал жаранга мамлекеттик чек аралардан өтүүгө мүмкүндүк бере турган өткөрмө документ берилет, жана бул факт тууралуу кабыл алып жаткан Тараптын компоненттүү органдарына билдирме жөнөтүлөт.
8-берене
1. Ушул Макулдашуунун максаттарында, Макулдашып жаткан Тараптар дипломатиялык каналдар аркылуу, учурда колдонулуп жаткан дипломаттык паспорттордун үлгүлөрү, ошондой эле бул документтердин кеңири сүрөттөлүштөрү менен ушул Макулдашуу күчүнө киргенге чейинки 30 (отуз) күндөн кечиктирбестен алмашышат.
2. Макулдашып жаткан Тараптар дипломаттык каналдар аркылуу жаңы жана өзгөртүлгөн дипломаттык паспорттордун үлгүлөрү, ошондой эле бул документтердин кеңири сүрөттөлүштөрү менен бул документтер күчүнө киргенге чейинки 30 (отуз) күндөн кечиктирбестен алмашышат.
9-берене
Макулдашып жаткан Тараптардын ар бири ушул Макулдашууну же анын кайсы бир бөлүгүн колдонууну коопсуздук, коомдук тартип же калктын саламаттыгы максаттарында токтотуп коюу укугуна ээ болушат. Токтотуу тууралуу же токтотууну алып салуу тууралуу чечим Макулдашып жаткан Тараптардын экинчисине дипломатиялык каналдар аркылуу токтотуп коюу же токтотуп коюуну жокко чыгаруу (алып салуу) күчүнө киргенге чейинки 7 (жети ) күндөн кечиктирилбестен жөнөтүлөт.
10-берене
Макулдашып жаткан Тараптардын ар бири дипломаттык каналдар аркылуу Макулдашуунун же анын бир бөлүгүн өзгөртүүгө ниеттенгени тууралуу билдириши мүмкүн. Макулдашып жаткан Тараптар менен макулдашылган оңдоолор ушул Макулдашуунун 12-беренесинин жоболоруна ылайык күчүнө кирет.
11-берене
Ушул Макулдашууну чечмелөөдөн жана колдонуудан келип чыккан бардык талаш-тартыш Макулдашып жаткан Тараптар ортосунда гана сүйлөшүүлөр жана кеңешүү жолу менен, достук жана конструктивдүү мамиледе гана чечилет.
12-берене
1. Ушул Макулдашуу, күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички жол-жоболор аяктагандыгы тууралуу ар бир Макулдашып жаткан Тараптар акыркы билдирме алгандан кийин 30 (отуз) күн ичинде күчүнө кирет.
2. Макулдашуу чексиз мөөнөткө түзүлгөн. Макулдашып жаткан Тараптардын ар бири билдирме берүү жолу менен ушул Макулдашууну колдонууну токтото алат. Мындай болгон учурда, бул Макулдашуу Макулдашып жаткан Тараптардын экинчиси токтотуу тууралуу билдирме алган күндөн кийинки 6 (алты) айдан кийин күчүн жоготот.
_______________________шаарында, 201__-жылдын «____»____________________ эки нускада, ар бири кыргыз, поляк жана англис тилдеринде түзүлдү, бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер пайда болгон учурларда англис тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ болот.
Ушуну ырастоо үчүн, тиешелүү Макулдашып жаткан Тараптардын ыйгарым укуктуу адамдары төмөндө ушул Макулдашууга кол коюшту.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн | Польша Республикасынын Өкмөтү үчүн |