Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2013-жылдын 29-октябры № 429-б буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 11-ноябры № 521-б
2007-2011-жылдарда Кыргыз Республикасынын чек араларынын жана чектеш мамлекеттердин чектеринде "А" жана "ПК" литерлеринин аткарылган учуулары үчүн "Кыргызстан" авиакомпаниясы" ачык акционердик коомуна карыздарды жоюу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине "А" жана "ПК" литерлеринин аткарылган учуулары үчүн "Кыргызстан" авиакомпаниясы" ачык акционердик коомуна карыздарды жоюу үчүн, өз ара эсептешүүлөрдү салыштырып текшерүү актыларына ылайык "Башка кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу" 2215-беренеси боюнча 10 063 836 (он миллион алтымыш үч миң сегиз жүз отуз алты) сом өлчөмүндөгү каражатты пайдаланууга уруксат берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен сырткары ишке ашырылуучу "А" жана "ПК" литерлеринин учуусун финансылык камсыздоо боюнча функциялар Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттигине жүктөлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 2012-жылга ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн 10 063 836 (он миллион алтымыш үч миң сегиз жүз отуз алты) сом өлчөмүндөгү бюджеттик каражатты бөлүүнү карасын;
- жыл сайын Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен сырткары ишке ашырылуучу "А" жана "ПК" литерлеринин учуусу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөгө Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттигинин чыгымдар сметасы боюнча бюджеттик каражаттарды бөлүүнү карасын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 11- мартындагы № 140-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын транспорт, курулуш, коммуникациялар жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министр Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
Ө.Бабанов |