Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 29-октябры № 429-б
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-мартындагы № 127-т тескемесинин редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын чегинде жана чегинен сырткары "А" литердик учууларды финансылык камсыздоону иретке салуу жана аларды аткарууга жумшалган бюджеттик ассигнованиелерди сарамжалдуу пайдалануу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын чегинде жана чегинен сырткары "А" литердик учууларын финансылык камсыз кылуу милдеттери Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Граждандык авиация агенттигине, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жүктөлсүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-мартындагы № 127-т тескемесинин редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Граждандык авиация агенттигинин, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин чыгымдарынын сметалары боюнча Кыргыз Республикасынын чегинде жана чегинен сырткары ишке ашырылуучу "А" литердик каттамдардын учууларын аткаруу боюнча кызматтарга акы төлөөгө жыл сайын бюджеттик каражаттарды бөлүүнү караштырсын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-мартындагы № 127-т тескемесинин редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 521-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасына жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |