Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 22-декабры № 558-б
"Бишкек шаарында 2010-жылдын 8-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "энергетика секторун өнүктүрүү" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги:
- "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомуна 39 8,00 000 (отуз тогуз миллион сегиз жүз миң) акш доллары өлчөмүндө карыз каражат берсин;
- белгиленген тартипте "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коому менен төмөнкү шарттарда карыз каражаттарды кайтарып берүү боюнча карыздык милдеттенме түзсүн:
чет өлкөлүк карыз каражаттарды тындыруу мөөнөтү - 25 жыл, анын ичинде карыз каражаттардын негизги суммасына 5 жыл жеңилдетилген мезгил, жеңилдетилген мезгилден кийинки 20 жылдын ичинде негизги сумманы андан ары бирдей өлчөмдө тындыруу менен;
чет өлкөлүк карыз каражаттарды пайдалангандыгы үчүн проценттик ставка - жылдык 1,5 процент;
айыптык санкциялар - меөнөтү өтүп кеткен суммага эсептелүүчү жылдык 3 процент өлчөмүндө;
тындыруу мезгилдүүлүгү - жылына эки жолу, 15-январда жана 15-июлда;
эсептешүүнү баштоо - акча каражатын алган учурдан тартып (иш жүзүндө алынган акча каражаттарына);
карыз каражаттар боюнча милдеттенмелерди тындыруунун акыркы датасы - 2037-жылдын 15-июлу;
жеңилдетилген мезгилдин ичинде эсептелген проценттер иш жүзүндө өздөштүрүлгөн суммага төлөмдүн келип түшүүсүнө жараша төлөнөт.
2. Кыргыз Республикасынын энергетика министрлиги туруктуу негизде "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун "энергетика секторун өнүктүрүү" долбоорун ишке ашырууда алынган каражаттарды максаттуу пайдалануусуна жана тындыруу графигине ылайык эсептелген проценттери менен карыз каражаттарды кайтарып берүү боюнча карыздык милдеттенмелердин шарттарынын аткарылышына контролдоо жүргүзсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын отун—энергетика комплекси жана минералдык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер- министринин милдетин аткаруучу Премьер-министринин милдетин аткаруучу |
Ө.Бабанов |