Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 30-декабры № 570-б
2011-жылы табигый бөөдө кырсыктардан жапа чеккен Кыргыз Республикасынын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана 2012-жылы түшүм алууга айыл чарба өсүмдүктөрүн себүүнү ийгиликтүү жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында:
1. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду менен бирдикте 2011-жылы табигый бөөдө кырсыктардан жапа чеккен айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн тизмесин, Япония Өкмөтүнүн жана Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн 10 жыл ичинде жоюу мөөнөтү менен гранттарын кошпогондо мамлекеттик карыз каражаттар боюнча алардын жоюлбаган карыздарынын суммасын аныктасын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду ушул буйруктун 1-пунктуна ылайык аныкталган 2011-жылы табигый бөөдө кырсыктардан жапа чеккен, белгиленген тартипте айыл кеңештери кабыл алган чечимдердин негизинде 2010-жылдын күзгү себүүсүнө жана 2011-жылдын жазгы себүүсүнө кылкандуу дан 41 эгиндеринин үрөнү түрүндө товардык кредиттерди алган айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн тизмеси боюнча кредиттик келишимдерге ылайык карызды кайтарып берүү мөөнөтүнө карата товардык кредиттерди кайтарып берүү мөөнөтүн (Япония Өкмөтүнүн жана Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн 10 жыл ичинде жоюу мөөнөтү менен гранттарын кошпогондо) 2012-жылдын 1-декабрына чейин узартсын, аларды кайтарып берүү мөөнөтү узартылган мезгилге проценттер менен айыптарды эсептебесин.
3. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 344-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык жергиликтүү кеңештерге 2011-жылы табигый бөөдө кырсыктардан жапа чеккен айылдык товар өндүрүүчүлөрдү үч жылга чейинки мөөнөткө айыл чарба жерлери боюнча жер салыгын төлөөдөн толук же жарым-жартылай бошотуу жөнүндө маселени кароо сунушталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 3-пунктуна ылайык жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун органдарынын тиешелүү комиссиялык ырастоолору болгондо жабыр тарткан айыл чарба жерлери үчүн учурдагы жылга 2011-жылы табигый бөөдө кырсыктардан жапа чеккен айылдык товар өндүрүүчүлөрдү камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотсун.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |