Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 16-июну № 234-б
"Кызыл-Кыя тамекифермзаводу", "Айып-Булак" жана "Сары-Алтын" акционердик коомдору тарабынан 1992-1994-жылдары алынган мамлекеттик карыз каражаттары боюнча карыздар менен болгон абалды иликтөө максатында:
1. Төмөнкүдөй курамда ведомстволор аралык комиссия түзүлсүн:
Касейинов К.У. - Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы;
Аттокуров М.Ш. - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары.
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү:
Кадыров А.К. - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин укуктук камсыздоо жана айыл чарба ишканаларын өзгөртүп кайра уюштуруу бөлүмүнүн адиси;
Карагулова Г.Т. - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын алдындагы Банктарды өзгөртүп кайра уюштуруу жана реструктуралаштыруу агенттигинин укуктук камсыздоо жана кредиттерди кайтаруу бөлүмүнүн башкы адиси;
Кыдыралиев Ж.А. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин Мүлктүк мамилелер департаментинин өнөр жай объекттерин менчиктештирүү бөлүмүнүн башчысы;
Орозобаева Ж.Ш. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин Мүлктүк мамилелер департаментинин өнөр жай объекттерин менчиктештирүү бөлүмүнүн адиси;
Сарымбетова А.С. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондунун агроөнөр жай комплекси башкармалыгынын башкы адиси;
Чапаев Ж.Ж. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондунун директорунун орун басары,
Шатманов К.А. - "Кыргызтамекиси" мамлекеттик акционердик корпорациясынын башкы директору.
2. Ведомстволор аралык комиссия "Кызыл-Кыя тамекифермзаводу", "Айып-Булак" жана "Сары-Алтын" акционердик коомдору тарабынан 1992-1994-жылдары алынган мамлекеттик карыз каражаттары боюнча карыздар менен болгон абалды иликтесин жана 2011-жылдын 10-июлуна чейинки мөөнөттө ушул маселени чечүү боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Ведомстволор аралык комиссия зарыл учурда белгиленген тартипте министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын кызматкерлерин ишке тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
4. Ведомстволор аралык комиссиянын уюштуруу, методикалык жана башка камсыздоо иштери Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине жүктөлсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-августундагы № 452-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | А.Атамбаев |