Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 29-июлу № 323-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 10,0 (он) миллион АКШ доллары өлчөмүндө гранттык макулдашуунун мамлекеттик тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине жогоруда аталган Гранттык макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | А.Атамбаев |
Түркия Республикасынын Өкмөтү, мындан кийин "Донор" деп аталмакчы жана
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, мындан кийин "Алуучу" деп аталмакчы,
Тараптар арасындагы тарыхый жана маданият байланыштар жана узак мөөнөттөн бери уланып келе жаткан достук мамилелер алкагында,
Тараптар арасындагы достук мамилелерди өнүктүрүлүшүн жана күчөтүлүшүн тилеп,
Төмөнкүлөр боюнча макулдашууга жетишишти:
1-берене. Финансылык Колдоонун Көлөмү жана Максаты.
1.1. Донор, Алуучуга 10.000.000 АКШ доллары көлөмүнөн ашпаган финансылык салым менен, мындан кийин "Грант" деп аталмакчы, камсыздайт.
Гранттын суммасы бюджетти каржылама муктаждыктарына бөлүнөт.
2-берене. Керектеме
2.1. Келишимдин өз күчүнө киришинен тартып, Алуучунун талабына ылайык бюджеттин каржылоосу үчүн бөлүнгөн 10.000.000 АКШ доллары суммасындагы Грант Донор тарабынан толугу менен же бөлүп бөлүп Алуучунун Донорго билдире турчу Алуучунун эсебине которулат.
Алуучу Грантты алгандыгы тууралуу дароо дипломатиялык жолдор аркылуу Донорго маалымдайт.
Алуучу Донорго Гранттан Алуучу эсебине которулган ар бир колдонуу тармагы (тармактарына) тиешелүү деталдуу отчет берет.
3-берене. Чыгымдар жана Коомдук Чыгашалар
3.1. Алуучу Түркия Республикасынан тышкары, ушул Келишимдин жыйынтыкталышы жана жүзөгө ашырылышына тууралуу алына турчу бардык салык жана башка коомдук чыгашалар менен кошо трансфер жана курс рискинден чыккан чыгымдарды да мойнуна алат.
4-берене. Жүзөгө ашырыла турчу Укуктук жана Келишпестиктердин
Чечилиши
4.1. Ушул Келишим Донордун укугуна тиешелүү болот.
4.2. Келишимге тиешелүү Донор жана Алуучу арасында чыга турчу ар түрдүү талаш-тартыш достук түрдө чечилет.
5-берене. Билдирүү
5.1. бир тараптын экинчи тарапка жөнөтө турчу ар түрдүү кат түрүндөгү билдирүүнү колдон же почта жолу менен же факс аркылуу төмөнкү даректердин бирөөсүнө жиберген болсо, каршы тарапка ылайык түрдө жеткирилди деп кабыл алынат:
Донор үчүн:
Тышкы Экономикалык Мамилелер боюнча Башкы Дирекция
Казына боюнча Мамлекеттик Катчылык
Өкмөт алдындагы
Исмет Иненү буль. N 36\ 06510
Эмек-Анкара-Түркия
Факс: +9031220473 66-247367
Алуучу үчүн:
Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги
Эркиндик буль. N 58
Бишкек - Кыргыз Республикасы
Факс:+996 312661645 - 660504
6-берене. Күчүнө Кириши
6.1. Тараптар ушул Келишимдин күчүнө кириши үчүн улуттук керектүүлүктөрүнүн аяктагандыгына тиешелүү бир бирлерин маалымдайт. Ушул Келишим алуучу менен донордун өлкөнүн мыйзамдарына ылайык процедуралар бүткөрүлгөндөн кийин акыркы билдирүүнүн алынган күнү күчүнө кирет.
6.2_____________шарында 2011 жыл________күнү түрк, кыргыз жана англис тилдеринде экиден нуска түрүндө түзүлгөн жана ар бирөө аткарылышы милдетүү. Англис тилиндеги текст башкача жорулган учурда кабыл алынат.
Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасынын
Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн
______________________ ______________________
Мэлис Мамбетжанов
Кыргыз Республикасынын
финансы министри