Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2012-жылдын 15-июнундагы № 273-б буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 29-июлу № 324-б
Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы 2006-жылдын 13-декабрында кабыл алган Майыптардын укуктары жөнүндө Конвенцияга (мындан ары - Конвенция) Кыргыз Республикасынын кошулушунун максатын ылайыктуулугу жөнүндөгү маселени ар тараптан изилдөө
1. Ведомстволор аралык жумушчу топ төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
Рыскулова А.М. - Кыргыз Республикасынын калкты социалдык коргоо боюнча министри, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси.
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү:
Ажиходжоева А.Н. - Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин эмгек жана калкты ишке орноштуруу башкармалыгынын начальниги;
Айдаралиев Т. - Чүй облусунун Жаш майыптар союзунун башкарма мүчөсү (макулдашуу боюнча);
Асангариев М.К. - «Жаш майыптар кыймылы» коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Асангожоева Н.А. - Борбордук Азиянын Евразия фондунун долбоору боюнча башкы менеджери (макулдашуу боюнча);
Аширбаев Т.Д. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин архитектура-курулушту көзөмөлдөө бөлүмүнүн начальниги;
Бекешев Д.Д. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Адам укуктары, бирдей мүмкүнчүлүктөр жана коомдук бирикмелер боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Жогина И.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин Ат спорту жана азыркы кездеги беш таймаш боюнча республикалык атайын балдар-өспүрүмдөр мектебинин директорунун орун басары;
Забиета А. - Эл аралык кызматташуу боюнча Германия коомунун «Борбордук Азиядагы саламаттык сактоо» региондук программасынын (GIZ) социалдык коргоо маселелери боюнча башкы кеңешчиси (макулдашуу боюнча);
Исаков Т.М. - «Майыптарга юридикалык жардам көрсөтүү» коомдук фондунун президенти, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Исраилов А.Т. - «Келечек ХелсПром» коомдук фонду долбоорунун менеджери (макулдашуу боюнча);
Карагул уулу Ж. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын укуктук колдоо бөлүмүнүн начальниги;
Керималиев Ж.К. - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин административдик колдоо башкармалыгынын начальниги;
Койчуманова К.Д. - Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин социалдык жана экологиялык статистика бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);
Кудайбергенова Д.К. - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки, мектепте жана мектептен тышкары билим берүү башкармалыгынын начальниги;
Кучкачов Ш.Ш. - «Кыргыз Республикалык майыптар коому» коомдук бирикмесинин башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
Мамбеталиева М.У. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин социалдык чыгымдарды каржылоо башкармалыгынын социалдык коргоо бөлүмүнүн башчысы;
Мамбетакунов К.Б. - Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун борбордук башкармасынын президенти (макулдашуу боюнча);
Мамытова А.Д. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын коомчулук менен байланышуу боюнча башкармалыгынын начальниги;
Матиев Т.М. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин уюштуруу жана кадр иштери бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
Мураталиева У.К. - «Назик-Кыз» коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Мусаева А.М. - Кыргызстандын майып аялдарынын республикалык көз карандысыз ассоциациясынын президеити (макулдашуу боюнча);
Осмонов К.А. - Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин искусствону өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги;
Орозалиев Т.Д. - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин адам ресурстарын жана электрондук документ жүгүртүүнү өнүктүрүү боюнча башкармалыгынын адиси;
Серова О.В. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Байланыш мамлекеттик агенттигинин укуктук камсыз кылуу башкармалыгынын начальниги;
Султаналиев И.М. - «Феномен» коомдук фондунун президенти (макулдашуу боюнча);
Сысоенко Л.И. - Бишкек шаарынын Ленин райондук майыптар коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
Тойматов С.Ш. - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардамдарды уюштуруу башкармалыгынын дарылоо-алдын алуу бөлүмүнүн башчысы;
Тыныбекова Н.Т. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык уюмдар жана коопсуздук департаментинин биринчи катчысы;
Шамырканова Б.М. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун медициналык камсыздандыруу программасын ишке ашыруу башкармалыгынын башкы адиси;
Ыбрайым уулу Ж. - Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлигинин оперативдүү талдоо жана божомолдоо бөлүмүнүн башчысы.
2. Жумушчу топ 2011-жылдын 1-ноябрына чейинки мөөнөттө Конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулуусунун максатка ылайыктуулугу жөнүндө маселеге ар тараптуу изилдөө жүргүзсүн, ушул Конвенция боюнча милдеттенмелерди аткаруу үчүн зарыл финансылык каражаттардын эсептөөлөрүн даярдасын, ага мүчөлүккө кирген учурда иштин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна сунуш киргизсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топко министрликтерден, мамлекеттик комитеттерден, административдик ведомстволордон жана башка мамлекеттик органдардан белгиленген тартипте материалдарды сурап алууга жана өкүлдөрүн, ошондой эле көз карандысыз жана эл аралык эксперттерди тартууга укук берилсин.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруу-методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлигине жүктөлсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык камсыз кылуу, саламаттык сактоо, эмгек жана миграция бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | А.Атамбаев |