Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 15-июну № 273-б
Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы 2006-жылдын 13-декабрында кабыл алган, Кыргыз Республикасы 2011-жылдын 21-сентябрында кол койгон Майыптардын укуктары жөнүндө конвенцияны ратификациялоо боюнча сунуштардын иштеп чыгуу, ошондой эле 2013-2018-жылдарга Кыргыз Республикасында ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктарын камсыз кылуу жана жашоосунун сапатын жакшыртуу боюнча чаралар комплексинин долбоорун иштеп чыгуу максатында:
1. Төмөнкүлөрдүн курамдары бекитилсин:
- ведомстволор аралык комиссия 1-тиркемеге ылайык;
- ведомстволор аралык жумушчу топ 2-тиркемеге ылайык.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топко белгиленген тартипте материалдарды сурап алууга жана министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн, ошондой эле көз карандысыз жана эл аралык эксперттерди ишке тартууга укук берилсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топ 2012-жылдын 1-ноябрына чейинки мөөнөттө зарыл финансылык каражаттардын эсеби менен 2013-2018-жылдарга Кыргыз Республикасында ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктарын камсыз кылуу жана жашоосунун сапатын жакшыртуу боюнча чаралар комплексинин долбоорун иштеп чыксын жана ведомстволор аралык комиссиянын кароосуна киргизсин.
4. Ведомстволор аралык комиссия 2012-жылдын 1-декабрына чейинки мөөнөттө 2013-2018-жылдарга Кыргыз Республикасында ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктарын камсыз кылуу жана жашоосунун сапатын жакшыртуу боюнча чаралар комплексинин долбоорун жана Майыптардын укуктары жөнүндө конвенцияны ратификациялоо боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
5. Ведомстволор аралык комиссиянын жана ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруу-методикалык жана башка камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигине жүктөлсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июлундагы № 324-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
7. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
1-тиркеме
Асымбекова Г.Ү. | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, ведомстволор аралык комиссиянын жетекчиси; |
Сабиров Р.А. | - | Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү министри, ведомстволор аралык комиссиянын жетекчисинин орун басары. |
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү:
Абдылдаев Ш.И. | - | Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары; |
Асанов К.С. | - | Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары; |
Бекешев Д.Д. | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Жунушалиев Т.Э. | - | Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары; |
Кожошев А.О. | - | Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; |
Кулуев К.К. | - | Кыргыз Республикасынын маданият жана туризм министринин орун басары; |
Мамбеталиева Ж.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары; |
Мамбетов К.Б. | - | Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары; |
Мусабеков А.О. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары; |
Ниматова И.Б. | - | Кыргыз Республикасынын жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министринин орун басары; |
Панкратов О.М. | - | Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министринин орун басары; |
Сагымбаев А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин статс-катчысы; |
Соронкулов Г.У. | - | Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары; |
Султанбеков Д.А. | - | Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын биринчи орун басары; |
Токтоналиев А.С. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын статс-катчысы; |
Түлөгабылов Н.М. | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Шалпыков Б.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; |
Исмаилов С.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары; |
Иманбаев А.С. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун директорунун биринчи орун басары; |
Исаков Т.М. | - | "Майыптарга юридикалык жардам көрсөтүү" коомдук фондунун президенти, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Баетов Б.И. | - | Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин статс-катчысы. |
2-тиркеме
Дербишева Г.Т. | - | Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси; |
Сүйүналиева Б.Ш. | - | Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү министрлигинин ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга жана улгайган жарандарга социалдык кызмат көрсөтүүнү өнүктүрүү боюнча башкармалыктын начальниги, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары. |
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү:
Абдылдаев Т.А. | - | "Талыкбас А.Т.А." коомдук фондунун төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Абдыкеримова Р.Ш. | - | Чүй облустук "Максат" майып балдарды жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү өспүрүмдөрдү реабилитациялоо борборунун директору (макулдашуу боюнча); |
Айдаралиев Т. | - | Чүй облусунун Жаш майыптар союзунун башкарма мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Аманкулова Г.А. | - | Бишкек шаардык ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн реабилитациялоо борборунун директору (макулдашуу боюнча); |
Арпачиев К.М. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин спорттук-массалык иштер бөлүмүнүн начальниги; |
Асангариев М.К. | - | "Жаш майыптар кыймылы" коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Байбулатова Н. | - | "Таза Дил" коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Балтабаева С. | - | "Бай жашоо" майыптар коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Жусупбекова Ч.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин укуктук камсыз кылуу башкармалыгынын жетектөөчү адиси; |
Дубина А.Е. | - | "ДАО ЛОВ ОДА" коомдук фондунун президенти (макулдашуу боюнча); |
Жумабекова Т.К. | - | Майып балдардын ата-энелери ассоциациясынын төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Ибрагимов А.М. | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин адам ресурстар башкармалыгынын начальниги; |
Иманалиева Р. | - | Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү кыздардын "Назик-Кыз" коомдук бирикмесинин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Исаков Б. | - | "ИКАР ЛТД" жоопкерчилиги чектелген майыптар коомунун директору (макулдашуу боюнча); |
Исраилов А.Т. | - | "Келечек ХелсПром" коомдук фондунун долбоорунун менеджери (макулдашуу боюнча); |
Калыбеков Т.М. | - | Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин кадрлар, иш кагаздарын жүргүзүү жана атайын иш бөлүмүнүн башчысы; |
Казакунова Г.К. | - | "Ысык-Көл облусунун "Равенство" майыптар союзу" коомдук бирикмесинин жетекчиси (макулдашуу боюнча); |
Карагул уулу Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын укуктук колдоо бөлүмүнүн начальниги; |
Койчуманова К.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин социалдык жана экологиялык статистика бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча); |
Кубатбеков Ч.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин архитектуралык-шаар курууну өнүктүрүү жана типтүү долбоорлоо бөлүмүнүн начальниги; |
Кучкачов Ш.Ш. | - | "Кыргыз Республикалык майыптар коому" коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Макенбаева Б.Ж. | - | "Психикалык ден соолук жана коом" коомдук бирикмесинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча); |
Мамбеталиева М.У. | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин социалдык чыгымдарды каржылоо башкармалыгынын социалдык коргоо бөлүмүнүн башчысы; |
Мамбетова А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин гендердик саясат боюнча бөлүмүнүн жетектөөчү адиси; |
Мамбетова С.С. | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки, мектепте жана мектептен тышкары билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси; |
Мамбетакунов К.Б. | - | Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун Борбордук башкармасынын президенти (макулдашуу боюнча); |
Матвеева В.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун талдоо жана келечектүү өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси; |
Момуналиев Р. | - | Германиянын эл аралык кызматташтык коомунун "Борбордук Азияда саламаттыкты сактоо" программасынын социалдык коргоо боюнча улуттук координатору (макулдашуу боюнча); |
Мукамбетов Ж.У. | - | Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун тышкы байланыштар, калк, мамлекеттик органдар жана жарандардын кайрылуулары менен иштөө башкармалыгынын начальниги; |
Муратов С.М. | - | "Талант Сыры" майыптар коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Мусаева А.М., | - | Кыргызстан майып аялдарынын Республикалык көзкарандысыз ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча); |
Надирбекова А. | - | "Евразия Борбордук Азия Фонду" коомдук фондунун долбоорлор боюнча менеджери (макулдашуу боюнча); |
Сматова Н. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин жетектөөчү адиси; |
Султаналиев И.М. | - | "Феномен" коомдук фондунун президенти (макулдашуу боюнча); |
Сыдыгалиева Н.К. | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин адам ресурстарын башкаруу боюнча кызматынын башкы адиси; |
Сыдыков Т. | - | Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин көркөм өнөрдү өнүктүрүү боюнча башкармалыгынын жетектөөчү адиси; |
Сыдыкова И. | - | "Эне эмгеги" майып балдардын жалгыз бой энелери" коомдук кайрымдуулук фондунун директору (макулдашуу боюнча); |
Талипова Р.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин республикалык госпиталынын жана бейтапканасынын начальнигинин орун басары; |
Такырбашева Г. | - | "Манас" социалдык айылы" коомдук бирикмесинин директору (макулдашуу боюнча); |
Турдубекова Н. | - | "Балдардын укуктарын коргоочулардын лигасы" коомдук фондунун директору (макулдашуу боюнча); |
Тыныбекова Н.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык уюмдар жана коопсуздук департаментинин биринчи катчысы; |
Үсөнова В.У. | - | Кыргыз Республикасынын Социалдык кызматкерлер ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча); |
Шахнабиев М.Ш. | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардамды уюштуруу башкармалыгынын башкы адиси; |
Шелике К.М. | - | "Үмүт-Надежда" балдарды реабилитациялоо борбору" коомдук бирикмесинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Ырысбеков Т.Ы. | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин эл аралык бөлүмүнүн башкы адиси. |