КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 6-августу № 333-б
Нарын облусундагы Нарын районунун Кара-Чий айылындагы турак үйлөрдү суу каптоонун кесепеттерин жоюу жана сугат каналынын абалын иликтөө боюнча чараларды көрүү максатында:
1. Төмөнкүдөй курамда ведомстволор аралык комиссия түзүлсүн:
Боронов К. А. - Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы.
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү:
Алымкулов Э. А. - Нарын облусунун мамлекеттик администрация башчысынын биричи орун басары;
Жусуматов Э. Ж. - Кыргыз Республикасынын Суу чарба жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;
Касейинов К. У. - Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин орун басары;
Мамбетов Т. М. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары.
2. Ведомстволор аралык комиссия:
- жерине баруу менен каналдын жана турак үйлөрдүн абалын иликтөө боюнча иштерди жүргүзсүн;
- 5 күндүк мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна сунуш киргизсин.
Премьер-министр | А.Атамбаев |