РаспоряжениеКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-августундагы № 333-б (Нарын облусундагы Нарын районунун Кара-Чий айылындагы турак үйлөрдү суу каптоонун кесепеттерин жоюу жана сугат каналынын абалын иликтөө боюнча чараларды көрүү максатында ведомстволор аралык комиссия түзүлүшү боюнча) буйругу

Редакция06.08.2011 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2011-жылдын 6-августу № 333-б

Нарын облусундагы Нарын районунун Кара-Чий айылындагы турак үйлөрдү суу каптоонун кесепеттерин жоюу жана сугат каналынын абалын иликтөө боюнча чараларды көрүү максатында:

1. Төмөнкүдөй курамда ведомстволор аралык комиссия түзүлсүн:

Боронов К. А. - Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы.

 

Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү:

 

Алымкулов Э. А. - Нарын облусунун мамлекеттик администрация башчысынын биричи орун басары;

Жусуматов Э. Ж. - Кыргыз Республикасынын Суу чарба жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;

Касейинов К. У. - Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин орун басары;

Мамбетов Т. М. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары.

2. Ведомстволор аралык комиссия:

- жерине баруу менен каналдын жана турак үйлөрдүн абалын иликтөө боюнча иштерди жүргүзсүн;

- 5 күндүк мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна сунуш киргизсин.

 

            Премьер-министр

А.Атамбаев