Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 6-августу № 334-б
1. Москва шаарында 2005-жылдын 26-октябрында кол коюлган, Шаңхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы Өзгөчө кырдаалдарды жоюуда жардам көрсөтүү учурунда өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашуунун протоколунун долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрине принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен жогоруда аталган Протоколго Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-январындагы № 13-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
Премьер-министр | А.Атамбаев |
Долбоор
Шаңхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрү (мындан ары Тараптар) Москва шаарында 2005-жылдын 26-октябрында кол коюлган, Шаңхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы Өзгөчө кырдаалдарды жоюуда жардам көрсөтүү учурунда өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашууну (мындан ары - Макулдашуу) жүзөгө ашыруу, ошондой эле өзгөчө кырдаалдарга чара көрүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Бул Протокол менен Тараптар өзгөчө кырдаалдарда жардам көрсөтүү боюнча документтердин типтүү формаларын бекитишет жана Макулдашуунун алкагында кызматташууну ишке ашырууда аны жетекчиликке алышат (1-11-тиркемелер).
2-берене.
Бул Протоколдун жоболорун колдонууга же түшүндүрүүгө байланышкан карама-каршылыктар консультациялар же сүйлөшүү жолу менен чечилет.
3-берене.
Тараптардын өз ара макулдугу боюнча бул Протоколго өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар Макулдашуунун 16-беренесинде каралган тартипте күчүнө кирүүчү протоколдор менен таризделет жана Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
4-берене.
Бул Протоколдун депозитарий болуп Шаңхай кызматташтык уюмунун Секретариаты эсептелет жана бул Протоколго кол коюлган күндөн баштап 15 күндүн аралыгында бардык Тараптарга анын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн жөнөтөт.
5-берене.
Бул Протокол Макулдашуунун катышуучусу болуп саналган мамлекеттердин бардыгына кирүү үчүн ачык болуп эсептелет.
Бириккен мамлекеттер үчүн бул Протокол депозитарий тарабынан биригүүсү жөнүндө документти алган күндөн кийин 30-күнү күчүнө кирет, бирок ага кол койгон мамлекеттер үчүн бул Протокол күчүнө кирген датадан эрте болбошу керек. Депозитарий бириккен мамлекеттер үчүн бул Протоколдун күчүнө киргендиги жөнүндө бардык Тараптарга билдирет.
6-берене.
1. Тараптардын ар бири Протоколдон чыга турган болжолдуу күнгө чейин үч андан кем эмес убакыттын аралыгында депозитарийге жазуу жүзүндөгү билдирүүнү жөнөткөндөн кийин бул Протоколдон чыга алышат. Чыгуу жөнүндө билдирүүнү алган күндөн кийинки 30 күндүн аралыгында депозитарий мындай ниет тууралуу башка Тараптарга маалымдайт.
2. Бул Протоколду колдонууну токтотуу Макулдашууга ылайык жүргүзүлүүчү ишке колдонулбайт.
3. Бул Протокол Макулдашууну колдонуу мөөнөтүнө карата түзүлөт, анын ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана Макулдашуунун 16-беренесинде каралган тартипте күчүнө кирет.
Протокол _________________________________ шаарында 20___-жылдын "____"_______________ бир нускада орус жана кытай тилдеринде түзүлдү жана эки текст тең бирдей күчкө ээ болот.
Казакстан Республикасынын Өкмөтү үчүн
Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү үчүн
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн
России Федерациясынын Өкмөтү үчүн
Тижикстан Республикасынын Өкмөтү үчүн
Өзбекстан Республикасынын Өкмөтү үчүн
| Москва шаарында 2005-жылдын 26-октябрында кол коюлган,Шаңхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы Өзгөчө кырдаалдарды жоюуда жардам көрсөтүү учурунда өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашуунун протоколуна 1-Тиркеме |
1-Форма
№ __________________
Күнү _______________
_____ _____________________Өкмөтү (сурап жаткан Тараптын мамлекети көрсөтүлөт) Москва шаарында 2005-жылдын 26-октябрында кол коюлган, Шаңхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы Өзгөчө кырдаалдарды жоюуда жардам көрсөтүү учурунда өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашууга ылайык ___________ Өкмөтүнө (жардам суралып жаткан Тараптын мамлекети көрсөтүлөт) _______________ (сурап жаткан Тараптын мамлекетинин аймагында болуп өткөн өзгөчө кырдаалдын түрү көрсөтүлөт) байланыштуу жардам көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылат.
Жардам көрсөтүү жөнүндө маалымат жана сурамды жөнөтүү Шаңхай кызматташтык уюмунун катчылыгына берилет.
Болуп өткөн өзгөчө кырдаал жөнүндө маалымат
Орду:_____________________________________________________________
(өзгөчө кырдаал болуп өткөн жер көрсөтүлөт).
Убактысы:_________________________________________________________
(өзгөчө кырдаал болуп өткөн жергиликтүү убакыт так көрсөтүлөт).
Мүнөзү:___________________________________________________________
(өзгөчө кырдаалдын түрү, ага таандык мүнөздүү өзгөчөлүктөр көрсөтүлөт).
Масштабдары:______________________________________________________
(каза болгондордун жана жапа чеккендердин, талкаланган имараттардын саны жана өзгөчө кырдаалдын кесепеттери жөнүндөгү башка маалыматтар көрсөтүлөт).
Абалы:____________________________________________________________
(өзгөчө кырдаалдын өнүгүшүнүн мүнөздүү багыттары көрсөтүлөт, өзгөчө кырдаалдын кайталануу фактору күтүлүүдөбү, сурап жаткан Тараптын көргөн иш-аракеттери, өзгөчө кырдаалды жоюу боюнча ишке ашырылуучу иш-чаралар, ошондой эле башка Тараптар көрсөткөн жардам тууралуу маалыматтар берилет).
Көрсөтүлүүчү жардамдын артыкчылыктары:____________________________
(сурап жаткан Тарап муктаж болуп жаткан жардамдын түрү (кыйроодон-сактоочу же издеп-куткаруучу жумуштарды жүргүзүү, гуманитардык жардамды жеткизүү), жапа чеккен калктын арасында бөлүп берүү үчүн камсыз кылууда зарыл болгон материалдардын тизмеси көрсөтүлөт).
Ыйгарым укуктуу адамдын кызматы Колу
| Москва шаарында 2005-жылдын 26-октябрында кол коюлган,Шаңхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы Өзгөчө кырдаалдарды жоюуда жардам көрсөтүү учурунда өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашуунун протоколуна 2-Тиркеме |
2-форма
№ ___________________
Күнү ________________
_______________ Өкмөтү (жардам суралып жаткан Тараптын мамлекети көрсөтүлөт) ______________ Өкмөтүнүн (сурап жаткан Тараптын мамлекети көрсөтүлөт) ________________ (сурап жаткан Тараптын мамлекетинин аймагында болуп өткөн өзгөчө кырдаалдын түрү көрсөтүлөт) байланыштуу жардам көрсөтүү менен кайрылган өтүнүчүн карап чыкты жана төмөнкүлөрдү маалымдайт:
1-вариант: кыйроодон-сактоочу же башка кечиктирилгис жумуштарды жүргүзүү үчүн жардам (акысыз негизде же жардам көрсөтүү боюнча чыгымдарды кайтарып берүү менен) көрсөтүү боюнча топту, камсыз кылуучу материалдарды (тизмеси) жөнөтүү түрүндө жардам көрсөтүүгө даяр (жардамдын көлөмү жана аны берүү тартиби көрсөтүлөт);
2-вариант: суралып жаткан жардамды көрсөтүүгө мүмкүнчүлүгү жок.
Ыйгарым укуктуу адамдын кызматы Колу
| Москва шаарында 2005-жылдын 26-октябрында кол коюлган,Шаңхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы Өзгөчө кырдаалдарды жоюуда жардам көрсөтүү учурунда өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашуунун протоколуна 3-Тиркеме |
3-форма
№ _________________
Күнү ______________
Москва шаарында 2005-жылдын 26-октябрында кол коюлган, Шаңхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы Өзгөчө кырдаалдарды жоюуда жардам көрсөтүү учурунда өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашуунун 3-беренесинин 4-пунктуна ылайык өзүнүн таасирин__________ аймагына (кабарландырылып жаткан Тараптын мамлекети көрсөтүлөт) тийгизиши мүмкүн болгон / ________________________ (өзгөчө кырдаалдын түрү көрсөтүлөт) болуп өткөндүгү жөнүндө кабарлайбыз.
Болуп өткөн өзгөчө кырдаал жөнүндө маалымат
Орду:_____________________________________________________________
(өзгөчө кырдаал болуп өткөн жер көрсөтүлөт).
Убактысы:_________________________________________________________
(өзгөчө кырдаал болуп өткөн жергиликтүү убакыт так көрсөтүлөт).
Мүнөзү:___________________________________________________________
(өзгөчө кырдаалдын түрү жана ага таандык мүнөздүү өзгөчөлүктөр көрсөтүлөт).
Масштабдары:______________________________________________________
(каза болгондордун жана жапа чеккендердин, талкаланган имараттардын саны жана өзгөчө кырдаалдын кесепеттери жөнүндөгү башка маалыматтар көрсөтүлөт).
Абалы:____________________________________________________________
(өзгөчө кырдаалдын өнүгүшүнүн мүнөздүү багыттары, өзгөчө кырдаалдын кайталануу факторунун күтүлүшү, өзгөчө кырдаалдын кесепетин жоюу боюнча көрүлгөн аракеттер көрсөтүлөт).
Ыйгарым укуктуу адамдын кызматы Колу
| Москва шаарында 2005-жылдын 26-октябрында кол коюлган,Шаңхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы Өзгөчө кырдаалдарды жоюуда жардам көрсөтүү учурунда өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашуунун протоколуна 4-Тиркеме |
4-форма
№ ____________________
Күнү _________________
Москва шаарында 2005-жылдын 26-октябрында кол коюлган, Шаңхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы Өзгөчө кырдаалдарды жоюуда жардам көрсөтүү учурунда өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашуунун 7-беренесинин 1-пунктуна ылайык____________(адамдын аты-жөнү, паспорттук маалыматы жана кызматы көрсөтүлөт) ________________ (сурап жаткан Тараптын мамлекети көрсөтүлөт) __________(өзгөчө кырдаалдын түрү көрсөтүлөт) байланыштуу жардам көрсөтүү үчүн бара жаткан жардам көрсөтүү боюнча топтун жетекчиси болуп эсептеле тургандыгын күбөлөндүрөбүз.
Компетенттүү органдын ыйгарым укуктуу
адамынын кызматы Колу
| Москва шаарында 2005-жылдын 26-октябрында кол коюлган,Шаңхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы Өзгөчө кырдаалдарды жоюуда жардам көрсөтүү учурунда өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашуунун протоколуна 5-Тиркеме |
5-форма
№ ____________________
Күнү _________________
Москва шаарында 2005-жылдын 26-октябрында кол коюлган, Шаңхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы Өзгөчө кырдаалдарды жоюуда жардам көрсөтүү учурунда өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашуунун 7-беренесинин 1-пунктуна ылайык, төмөнкүдөй курамда жардам күү боюнча топ _________ (сурап жаткан Тараптын же транзит Тараптардын мамлекеттик чек арасынан өтүү болжолдонуп жаткан күнү жана убактысы көрсөтүлөт) __________ (эл аралык каттамдар үчүн ачык өткөрүү пункту көрсөтүлөт) чек арадан өтүүнү пландаштыргандыгын маалымдайбыз:
┌─┬────────────────────┬─────────────────┬────────────────────────────┐
│№│ Аты-жөнү │ Кызматы │ Паспорттук маалыматтары │
├─┼────────────────────┼─────────────────┼────────────────────────────┤
│ │ │ │ │
└─┴────────────────────┴─────────────────┴────────────────────────────┘
Компетенттүү органдын ыйгарым укуктуу
адамынын кызматы Колу
| Москва шаарында 2005-жылдын 26-октябрында кол коюлган,Шаңхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы Өзгөчө кырдаалдарды жоюуда жардам көрсөтүү учурунда өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашуунун протоколуна 6-Тиркеме |
6-форма
№ _________________
Күнү ______________
Москва шаарында 2005-жылдын 26-октябрында кол коюлган, Шаңхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы Өзгөчө кырдаалдарды жоюуда жардам көрсөтүү учурунда өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашуунун 9-беренесинин 2-пунктуна ылайык жардам көрсөтүү максатында жардам көрсөтүү боюнча топ төмөнкүдөй курамда_____________________ (сурап жаткан Тараптын мамлекети көрсөтүлөт) бара жаткандыгын кабарлайбыз:
┌─┬────────────────────┬─────────────────┬────────────────────────────┐
│№│ Аты-жөнү │ Кызматы │ Паспорттук маалыматтары │
├─┼────────────────────┼─────────────────┼────────────────────────────┤
│ │ │ │ │
└─┴────────────────────┴─────────────────┴────────────────────────────┘
Жардамды ыкчам көрсөтүү үчүн төмөнкү жабдууларды жана камсыздоо материалдарын жөнөкөйлөтүлгөн түрдө жана артыкчылыктуу тартипте бажылык тариздөөнү камсыз кылууну суранабыз:
┌─┬────────────────┬────────────────────┬──────────────┬──────────────┐
│№│ Жабдуулардын │ Өлчөө бирдиги │ Саны │ Эскертүү │
│ │ жана камсыздоо │ │ │ │
│ │материалдарынын │ │ │ │
│ │ аталышы │ │ │ │
├─┼────────────────┼────────────────────┼──────────────┼──────────────┤
│ │ │ │ │ │
└─┴────────────────┴────────────────────┴──────────────┴──────────────┘
Компетенттүү органдын ыйгарым укуктуу
адамынын кызматы Колу
| Москва шаарында 2005-жылдын 26-октябрында кол коюлган,Шаңхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы Өзгөчө кырдаалдарды жоюуда жардам көрсөтүү учурунда өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашуунун протоколуна 7-Тиркеме |
7-форма
Москва шаарында 2005-жылдын 26-октябрында кол коюлган, Шаңхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы Өзгөчө кырдаалдарды жоюуда жардам көрсөтүү учурунда өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашуунун 9-беренесинин 4-пунктуна ылайык ____________ (сурап жаткан Тараптын мамлекети көрсөтүлөт)_______________(өзгөчө кырдаалдын түрү көрсөтүлөт) байланыштуу жапа чеккен калкка медициналык тез жардам көрсөтүү максатында жардам көрсөтүү боюнча бара жаткан топто өздөрү менен бирге баңги каражаттарды жана психотроптук заттарды камтыган төмөнкүдөй медициналык дары-дармектери бар экендигин кабарлайбыз:
┌─┬──────────────────┬────────────────────┬────────────┬──────────────┐
│№│ Аталышы │ Өлчөө бирдиги │ Саны │ Эскертүү │
├─┼──────────────────┼────────────────────┼────────────┼──────────────┤
│ │ │ │ │ │
└─┴──────────────────┴────────────────────┴────────────┴──────────────┘
Күнү______________
Ыйгарым укуктуу адамдын кызматы Колу
| Москва шаарында 2005-жылдын 26-октябрында кол коюлган,Шаңхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы Өзгөчө кырдаалдарды жоюуда жардам көрсөтүү учурунда өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашуунун протоколуна 8-Тиркеме |
8-форма
Күбөлөндүрөм
______________________
(сурап жаткан Тараптын
компетенттүү органынын
өкүлүнүн колу, аты-жөнү)
___________ Мөөрдүн орду
(күнү)
Москва шаарында 2005-жылдын 26-октябрында кол коюлган, Шаңхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы Өзгөчө кырдаалдарды жоюуда жардам көрсөтүү учурунда өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашуунун 9-беренесинин 6-пунктуна ылайык___________________(сурап жаткан Тараптын мамлекети көрсөтүлөт) ________________ (өзгөчө кырдаалдын түрү көрсөтүлөт) байланыштуу жана чеккендерге медициналык тез жардам көрсөткөн учурда баңги жана психотроптук заттарды камтыган төмөнкүдөй медициналык дары-дармектер чыгымдалганын ырастайбыз:
┌─┬──────────────┬───────────────────┬──────────────┬─────────────────┐
│№│ Аталышы │ Өлчөө бирдиги │ Саны │ Эскертүү │
├─┼──────────────┼───────────────────┼──────────────┼─────────────────┤
│ │ │ │ │ │
└─┴──────────────┴───────────────────┴──────────────┴─────────────────┘
Күнү_____________
Жардам көрсөтүү боюнча топтун жетекчиси Колу
Жардам көрсөтүү боюнча топтун дарыгери Колу
| Москва шаарында 2005-жылдын 26-октябрында кол коюлган,Шаңхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы Өзгөчө кырдаалдарды жоюуда жардам көрсөтүү учурунда өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашуунун протоколуна 9-Тиркеме |
9-форма
Москва шаарында 2005-жылдын 26-октябрында кол коюлган, Шаңхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы Өзгөчө кырдаалдарды жоюуда жардам көрсөтүү учурунда өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашуунун 9-беренесинин 7-пунктуна ылайык _________________ (сурап жаткан Тараптын мамлекети көрсөтүлөт) __________________ (өзгөчө кырдаалдын түрү көрсөтүлөт) байланыштуу жапа чеккендерге жардам көрсөтүүдө төмөнкү жабдуулар жок кылынганын же толук бойдон керектелгенин ырастайбыз:
┌─┬──────────────┬───────────────────┬──────────────┬─────────────────┐
│№│ Аталышы │ Өлчөө бирдиги │ Саны │ Эскертүү │
├─┼──────────────┼───────────────────┼──────────────┼─────────────────┤
│ │ │ │ │ │
└─┴──────────────┴───────────────────┴──────────────┴─────────────────┘
Күнү____________
Жардам көрсөтүү боюнча топтун жетекчиси Колу
Сурап жаткан Тараптын компетенттүү
органынын өкүлү Колу
Мөөрдүн орду
| Москва шаарында 2005-жылдын 26-октябрында кол коюлган,Шаңхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы Өзгөчө кырдаалдарды жоюуда жардам көрсөтүү учурунда өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашуунун протоколуна 10-Тиркеме |
10-форма
Москва шаарында 2005-жылдын 26-октябрында кол коюлган, Шаңхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы Өзгөчө кырдаалдарды жоюуда жардам көрсөтүү учурунда өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашуунун 9-беренесинин 7-пунктуна ылайык_________________(сурап жаткан Тараптын мамлекети көрсөтүлөт) _____________ (өзгөчө кырдаалдын түрү көрсөтүлөт) байланыштуу жардам көрсөтүүдө сурап жаткан Тараптын ыйгарым укуктуу өкүлүнө төмөнкү камсыздоо материалдары берилгендигин ырастайбыз:
┌─┬──────────────┬───────────────────┬──────────────┬─────────────────┐
│№│ Аталышы │ Өлчөө бирдиги │ Саны │ Эскертүү │
├─┼──────────────┼───────────────────┼──────────────┼─────────────────┤
│ │ │ │ │ │
└─┴──────────────┴───────────────────┴──────────────┴─────────────────┘
Күнү____________
Берүүчү Тараптын ыйгарым
укуктуу өкүлү Колу
Суран жаткан Тараптын
ыйгарым укуктуу өкүлү Колу
Мөөрдүн орду
| Москва шаарында 2005-жылдын 26-октябрында кол коюлган,Шаңхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы Өзгөчө кырдаалдарды жоюуда жардам көрсөтүү учурунда өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашуунун протоколуна 11-Тиркеме |
11-форма
Москва шаарында 2005-жылдын 26-октябрында кол коюлган, Шаңхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы Өзгөчө кырдаалдарды жоюуда жардам көрсөтүү учурунда өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашуунун 11-беренесинин 3-пунктуна ылайык__________ (сурап жаткан Тараптын мамлекети көрсөтүлөт) Өкмөтү менен________________ (берип жаткан Тараптын мамлекети көрсөтүлөт) Өкмөтүнүн ортосундагы жардам көрсөтүү боюнча топтун___________ (берип жаткан Тараптын мамлекети көрсөтүлөт) жардам көрсөтүү боюнча чыгымдарынын ордун толтуруу жөнүндө макулдашуу боюнча төмөнкүдөй кыйроодон-сактоочу жана башка кечиктирилгис иштер аткарылгандыгын ырастайбыз:
┌─┬──────────────────────┬─────────────────────────┬──────────────────┐
│№│ Иштин түрү, │ Сарпталган │ Чыгымдар │
│ │ жабдууларды │ сааттардын саны │ │
│ │ пайдалануу │ │ │
├─┼──────────────────────┼─────────────────────────┼──────────────────┤
│ │ │ │ │
└─┴──────────────────────┴─────────────────────────┴──────────────────┘
Жалпы чыгым___________(бардык сумма көрсөтүлөт) түздү жана ушул Актыга кол коюлган учурдан тартып _ күндүн ичинде эркин алмаштырылуучу валютада кайтарылып берилүүгө тийиш.
Күнү_____________
Берүүчү Тараптын Сурап жаткан Тараптын
компетенттүү органы үчүн компетенттүү органы үчүн
Тараптын банк реквизиттери Тараптын банк реквизиттери