Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 9-августу № 336-б
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 21-апрелиндеги № 342-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишин чагылдыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору К.Т.Оторбаевдин маалыматы тууралуу" токтомуна ылайык мамлекеттин маалыматтык коопсуздугун камсыздоо, Радиорелейлик магистралдар, телекөрсөтүү жана радиоберүү республикалык өндүрүштүк бирикмесин "Кыргызтелеком" ачык акционердик коомунун курамынан чыгаруу жана аны менчиктештирилүүгө жатпаган стратегиялык объекттердин тизмесине киргизүү боюнча чечимдерди иштеп чыгуу максатында:
1. Ведомстволор аралык жумушчу топ төмөнкү курамда түзүлсүн:
Атаханов Ш.Е. - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, жумушчу топтун жетекчиси;
Абдылдаев Н.Т. - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлк министринин орун басары;
Эшалиев Т.М. - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;
Кожошев А.О. - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Чоткараев Д.О. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары;
Сагынбаев А.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Байланыш мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы;
Уманкулов А.Б. - Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрасынын орун басары;
Баратбаев А.С. - "Кыргызтелеком" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы, президенти (макулдашуу боюнча);
Бегалиев К.А. - "Кыргызтелеком" ачык акционердик коомунун Радиорелейлик магистралдар, телекөрсөтүү жана радиоуктуруу республикалык өндүрүштүк бирикмесинин башкы директору (макулдашуу боюнча);
Давлетов Э.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын транспорт, курулуш, коммуникациялар жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн сектор башчысы;
Мамырканов Э.Т. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн эксперти, жумушчу топтун жооптуу катчысы.
2. Жумушчу топ 2011-жылдын 15-сентябрына чейинки мөөнөттө Радиорелейлик магистралдар, телекөрсөтүү жана радиоберүү республикалык өндүрүштүк бирикмесин "Кыргызтелеком" ачык акционердик коомунун курамынан чыгаруу жана аны менчиктештирилүүгө жатпаган стратегиялык объекттердин тизмесине киргизүү боюнча чечимдердин долбоорлорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Жумушчу топко министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын адистерин, ошондой эле көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды ишке тартууга укук берилсин.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин методикалык, уюштуруучулук камсыздоо Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине жүктөлсүн.
5. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилери жумушчу топтун ишине көмөк көрсөтүшсүн.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын транспорт, курулуш, коммуникациялар жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | А.Атамбаев |