Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-апрелиндеги № 136-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 17-августу № 344-б
Кырсыктардын коркунучун азайтуу жаатында региондук жана эл аралык кызматташтыкты күчөтүү жана жаратылыштык жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Тажикстан Республикасынын өкмөттөрүнүн ортосундагы өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү жана кырсыктардын коркунучун азайтуу боюнча Борбордук Азиялык борбор түзүү жөнүндө макулдашуунун тиркелген расмий тилдеги долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрине принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Макулдашуунун долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | А.Атамбаев |