Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 15-апрели № 136-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өзгөчө кырдаалдар жана кырсыктардын кооптуулугун төмөндөтүү боюнча борбор түзүү жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрине принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-августундагы № 344 буйругу күчүн жоготту деп табылсын
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өзгөчө кырдаалдар жана кырсыктардын кооптуулугун төмөндөтүү боюнча борбор түзүү жөнүндө
Макулдашуу
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтү,
өзгөчө кырдаалдар алып келген коркунучтарды моюнга алуу менен, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюудагы макулдашылган иш-аракеттерди ишке ашыруунун зарылчылыгын эске алуу менен,
өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу жагындагы кызматташтык региондун жыргалчылыгына жана коопсуздугуна көмөк көрсөтөт деп эсептөө менен,
өзгөчө кырдаалдар келип чыккан учурда жардам берүүгө кызматташтык принциптерин жайылтууну каалоо жана жабыр тарткан калкка натыйжалуу жана координацияланган жардамды камсыздоо үчүн биргелешкен күчтү жумшоо менен,
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жарандык коргонуу (коргоо), өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу жагындагы кызматташтык жөнүндө 2009-жылдын 16-июнундагы Макулдашуунун максаттарын жетекчиликке алуу менен,
өзгөчө кырдаалдарда эл аралык жардам көрсөтүү боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун жана башка эл аралык уюмдардын күч-аракеттерин колдоо менен,
2005-2015-жылдарга Мамлекеттердин жана жамааттардын деңгээлинде кырсыктарга каршы туруунун потенциалын түзүү боюнча Хиог Алкактык Аракет Программасынын принциптерине негизденүү менен төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене. Аныктамалар
Бул Макулдашуунун максаттары үчүн төмөндөгүдөй түшүнүктөр колдонулат:
«болуу мамлекети» - мамлекеттин аймагында Борбор жайгашкан Тарап;
«кызмат адамы» - Борбордо иштөө үчүн Тараптардын бири тарабынан 1 жөнөтүлгөн жана тиешелүү штаттык кызмат ордуна дайындалган компетенттүү органдын өкүлү;
«компетенттүү орган» - бул Макулдашууну ишке ашыруу менен байланышкан иштерди жетектөө жана координациялоо үчүн Тараптардын ар бири тарабынан дайындалуучу орган;
«конфискация» - жасаган кылмышы же башка укук тартибин бузгандыгы үчүн санкция түрүндө соттун чечими менен менчик ээсинен мүлкүнүн кайтарымсыз алынып коюлушу;
«кризистик борбор» - Борбор менен Тараптардын компетенттүү же башка мамлекеттик органдарынын ортосунда өз ара аракеттенүүнү жана маалымат алмашууну координациялоо үчүн Тарап тарабынан дайындалган орган;
«өзгөчө кырдаалдарды жоюу» - өзгөчө кырдаалдар пайда болгон учурда жүргүзүлүүчү жана адам өмүрүн, ден соолугун сактоого, курчап турган жаратылыш чөйрөсүндө чыгымдарды жана материалдык жоготууларды төмөндөтүүгө, ошондой эле өзгөчө кырдаалдардын зонасын чектөөгө, ал үчүн мүнөздүү болгон коркунучтуу факторлордун аракетин токтотууга багытталган кырсыктан куткаруу жана башка кечиктирилгис иштер;
«байкоочу» - байкоочу статусу берилген, бул Макулдашуунун Тарабындагы мамлекет болуп саналбаган тиешелүү эл аралык уюм, мамлекет;
«жөнөтүүчү мамлекет» - Борбордо иштөө үчүн өзүнүн өкүлүн жиберүүчү Тарап;
«маалымат алмашуу» - Тараптар, Борбор жана үчүнчү тараптар тарабынан маалымат алуу жана берүү;
«Борбордун персоналы» - Борбордун кызмат адамдары жана кызматкерлери;
«Борбордун имараты» - менчигинин түрүнө жана тиешелүүлүк укугуна карабастан, Борбордун максаттары үчүн пайдаланылуучу имарат же имараттардын бөлүгү, бул имараттарды же имараттардын бөлүгүн тейлеген жер участокторун ичине камтыйт;
«өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу» - күн мурунтан өткөрүлүүчү жана өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуу коркунучун мүмкүн болушунча азайтууга, ошондой эле өзгөчө кырдаалдар келип чыккан учурда адамдардын ден соолугун сактоого, курчап турган жаратылыш чөйрөсүнө келтирилүүчү чыгымдарды жана материалдык жоготууларды төмөндөтүүгө багытталган иш-чаралар комплекси;
«өзгөчө кырдаалдарды болтурбоо» - курчап турган жаратылыш чөйрөсүнүн жана потенциалдуу кооптуу объектилердин абалына байкоо жүргүзүүгө жана текшерүүгө, өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуу булактарын болжолдоого жана алдын алууга, ошондой эле өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты уюштурууга багытталган укуктук, уюштуруу, экономикалык, инженердик-техникалык, экологиялык коргоочу, санитардык-гигиеналык, санитардык-эпидемиологиялык жана атайын иш- чаралардын комплекси;
«Борбордун кызматкери» - Борбордун ишин административдик жана техникалык жактан камсыздоону ишке ашыруучу Борбордун штаттагы кызматкери;
«реквизиция» - бөөдө кырсыктар, кыйроолор, эпидемиялар, эпизоотиялар болгон учурда жана өзгөчө мүнөзгө ээ башка жагдайларда ээсинен мүлктү мамлекеттик органдардын чечими боюнча коомдун кызыкчылыгы үчүн Тараптардын мыйзамы менен белгиленген тартипте жана шарттарда ал мүлктүн рыноктук наркын төлөп берүү менен алып коюу;
«Борбордун жетекчилиги» - Борбордун директору, директордун орун басары;
«үчүнчү тарап» - Борбордун алдында байкоочу статусуна ээ эмес, Макулдашуунун Тарабы болуп саналбаган эл аралык уюм, мамлекет;
«бөөдө кырсыктар» - калктын кадимки жашоо тиричилигинин кокусунан бузулушуна, ошондой эле материалдык баалуулуктардын талкаланышына жана жок болуусуна алып келүүчү ар кандай жаратылыш кубулуштары;
«Борбор» - Өзгөчө кырдаалдар жана кырсыктардын кооптуулугун төмөндөтүү боюнча борбор;
«үй-бүлө мүчөлөрү» - күйөөсү (аялы), жашы жете элек балдары жана кызмат адамдарынын багуусундагы жана алар менен дайыма жашаган адамдар;
«өзгөчө кырдаал» - кырсыктын, коркунучтуу табигый кубулуштун, бүлгүндөрдүн, техногендик мүнөздөгү күтүлбөгөн жана башка кырсыктардын натыйжасында адам өлүмүнө, адамдардын ден соолугунун же айлана-чөйрөнүн зыян тартуусуна, олуттуу материалдык чыгымдарга жана адамдардын жашоо шартынын бузулушуна дуушарлантышы мүмкүн болгон же дуушарланткан белгилүү бир аймакта түзүлгөн кырдаал;
«экспроприация» - бул мүлктү мамлекеттештирүү жана бул мүлктүн наркын жана аны алып коюуга байланыштуу келтирилген башка чыгымдардын ордун толтуруу жөнүндө Тараптардын мыйзамынын негизинде гана жол берилүүчү улутташтыруу жолу аркылуу жарандарга жана юридикалык жактарга таандык мүлктү мамлекеттин менчигине айландыруу.
2-берене. Максаты
Бул Макулдашуунун максаты болуп өзгөчө кырдаалдардын кооптуулугун жеңилдетүүнүн жана алардын кесепеттерин азайтуунун, Тараптар менен макулдашылган иш-чаралар аркылуу биргелешкен чара көрүүнүн, региондук жана эл аралык кызматташтыкка түрткү берүүнүн натыйжалуу механизмдерин камсыздоо үчүн Борборду түзүү эсептелет.
3-берене. Борборду түзүү
Тараптар Борборду Казакстан Республикасынын Алматы шаарында уюштурушат, ал дайыма иштөөчү мамлекеттер аралык орган болуп саналат.
Борбордун иш-милдеттери жана укуктары бул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп эсептелген Борбор жөнүндө жобо менен аныкталат.
4-берене. Принциптери
Бул Макулдашуунун жоболорун - ишке ашырууда Тараптар төмөндөгү принциптерди жетекчиликке алышат:
эл аралык укуктун жалпыга таанылган нормаларын жана принциптерин сактоо;
Тараптардын улуттук мыйзамдарына ылайык кызматташуу;
тилектештик жана тең укуктуу өнөктөштүктүн шартында өз ара аракеттенүү.
5-берене. Борбордун милдеттери
Борбордун негизги милдеттери:
өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу чөйрөсүндө региондук жана эл аралык кызматташтыкты ишке ашыруу;
табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан Тараптардын мамлекеттеринин калкынын жашоо-тиричилик коопсуздугунун негиздеринин деңгээлин жогорулатуу;
күтүлбөгөн кырсыктардын кооптуулугун төмөндөтүү үчүн эл аралык жана коммерциялык эмес уюмдардын гранттарын тартуу, биргелешкен эл аралык долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
Тараптардын мамлекеттеринин компетенттүү органдары менен өз ара аракеттенүүсүн ишке ашыруу;
Тараптардын мамлекеттеринде өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюунун улуттук тутумунун өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү;
Тараптардын маалыматты чогултуунун, иштеп чыгуунун жана талдоонун заманбап маалыматтык-коммуникациялык тутумун түзүүсүнө көмөк көрсөтүү;
өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу жаатында эл аралык жана башка программаларды ишке ашыруу;
Тараптардын өзгөчө кырдаалдарды башкаруудагы улуттук потенциалынын чыңдалышына көмөк көрсөтүү;
табигый жана техногендик өзгөчө кырдаалдар боюнча эл аралык мониторинг жүргүзүү тутумдарын жана тарамдарын киргизүү;
Тараптардын аймактарында кырсыктан куткаруу иштерин жүргүзүү максатында алардын мамлекеттеринин күчтөрүнүн жана каражаттарынын бирдиктүү Реестрин түзүү;
өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу жаатындагы алдыңкы жетишкендиктерди үйрөнүү жана тажрыйба алмашуу максатында үчүнчү тараптар менен кызматташуу;
атайын окууларды, тренингдерди, окуу курстарын жана башка тиешелүү иш-чараларды өткөрүү жолу менен Тараптардын мамлекеттеринин эксперттеринин жана адистеринин квалификациясын жогорулатуу;
өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү, чара көрүү операцияларын жүргүзүү, Тараптардын мамлекеттеринин биргелешкен резервдик мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу боюнча типтүү усулдарды иштеп чыгуу;
Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарынын шайкеш болушу, бирдиктүү терминологияны киргизүү жана Тараптардын мамлекеттеринин компетенттүү органдары менен иштөөдө колдонуу үчүн усулдук материалдарды иштеп чыгуу;
өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана келип чыгуу себебин жана кесепеттерин иликтөө боюнча Тараптардын мамлекеттеринин илимий- техникалык программаларын колдоо;
өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу (коргоо) жаатында Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарынын шайкештикке жетишүүсүнө көмөк көрсөтүү;
өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу жаатында башка милдеттерди ишке ашыруу.
6-берене. Борбордун статусу жана анын ишин каржылоо
Борбор юридикалык жактын статусуна ээ жана бул мааниде укуктарды толук пайдаланат, өзүнүн иш-милдеттерин ушул Макулдашууга, Борбор жөнүндө жобого жана болуу мамлекетинин Борбордун артыкчылыктары жана иммунитети үчүн зыян келтирбеген улуттук мыйзамдарына ылайык аткарат.
Борбордун туруу шарттары Казакстан Республикасынын Өкмөтү менен Борбордун ортосундагы өзүнчө эл аралык макулдашуу менен аныкталат.
Борбордун ишин каржылоо донорлордун каражаттарынын, эл аралык уюмдардын кайтарымсыз жардамдарынын, юридикалык жана жеке адамдардын ыктыярдуу салымдарынын, ошондой эле Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына каршы келбеген башка каражаттарынын эсебинен ишке ашырылат
Борбордун бюджетин аткаруу, бюджет жана финансылык аудит боюнча отчёттуулук тартиби Борбор жөнүндө жободо аныкталат.
7-берене. Маалымат алмашуу
Маалымат алмашуу Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдары менен каралган маалыматтарды коргоону камсыздоо боюнча талаптарды сактоо менен төмөнкүлөрдүн ортосунда ишке ашырылат:
Тараптардын ортосунда;
Тараптар менен Борбордун ортосунда;
Борбор менен байкоочулардын ортосунда;
Борбор менен үчүнчү тараптардын ортосунда.
Тараптар Борборго жөнөтүлүүчү маалыматка жетүүнүн деңгээлин, ошондой эле аны байкоочуларга жана үчүнчү тараптарга берүүнүн тартибин өз алдынча аныкташат.
Маалымат алмашуунун алкагында Борбор төмөнкүлөрдү ишке ашырат:
келип түшкөн маалыматты чогултуу, иштеп чыгуу, системалаштыруу, сактоо жана коргоону;
маалымдамалык, аналитикалык, статистикалык материалдарды даярдоону;
Тараптарга маалымат берүүнү.
Маалымат берүү жөнүндө сурамдар маалыматтын өзү сыяктуу эле техникалык же башка байланыш каражаттарын колдонуу менен каналдар аркылуу жөнөтүлөт.
Бул Макулдашуунун милдеттерин аткаруу максатында Тараптар электрондук маалыматтык ресурстарды берүү үчүн маалыматтык- коммуникациялык тармактарды, маалыматтык системаларды түзө алышат.
8-берене. Борбордун өз ара аракеттенүүсү
Борбор Тараптардын компетенттүү органдары менен өз ара ( аракеттенет.
Тараптардын компетенттүү органдарын Борбор менен өз ара , аракеттенүүнү ишке ашыруучу кризистик борборлор аныкташат.
Кризистик борборлордун тизмегинде өзгөрүүлөр болгон учурда, компетенттүү орган бул жөнүндө Борборго жазуу жүзүндө билдирет.
Тараптардын компетенттүү органдары өздөрүнүн милдеттерин, өзгөчө тиешелүү маалыматка жетүү бөлүгүндө аткарууга мүмкүнчүлүк түзүүчү шарттарды камсыздоо үчүн Тараптар бардык зарыл чараларды көрүшөт.
Борбор зарылчылыкка жараша үчүнчү тараптар менен өз ара аракеттенет.
9-берене. Борбордун кеңеши
Тараптар Борбордун ишин контролдоону Кеңеш аркылуу ишке ашырат. Кеңештин курамына ар бир мамлекеттен компетенттүү органдын жетекчиси кирет. Кеңеш Борбордун ишинин стратегиялык багыттарын аныктайт.
Кеңештин иш-милдеттери:
- Борбордун ишинин негизги багыттарын аныктоо жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу менен байланышкан маселелерди чечүү учурунда көмөк көрсөтүү;
- Борбордун жетекчилерин кызмат ордуна дайындоо үчүн белгиленген талаптарга жооп берүүчү талапкерлерди карап чыгуу жана бекитүү;
- Борбордун түзүмүн жана штаттык ырааттамасын бекитүү;
- Борбордун ишин контролдоо;
- Борбордун алдында турган максаттарга жана милдеттерге жетишүү үчүн зарыл болгон ресурстарды аныктоо;
- бюджетти түзүү, бекитүү жана аткарылышын контролдоо;
- Борбордун иши боюнча финансылык жана аудитордук отчётторду иликтөө;
- Борбор менен Тараптардын компетенттүү органдарынын ортосундагы талаш-тартыш маселелерди кароо;
- Борбордун ишин жөнгө салуучу ченемдик актылардан келип чыккан башка иш-милдеттер.
Кеңештин отурумдары зарылчылыкка жараша, бирок жылына эки жолудан кем эмес Борбордо, Алматы шаарында же өз ара макулдашуу боюнча башка Тараптын аймагында өткөрүлөт. Кеңештин отурумуна орус алфавитинин тартибинде 1 жылдык мөөнөткө шайлануучу Тараптын компетенттүү органынын жетекчиси төрагалык кылат.
Кеңештин отурумдарындагы чечимдер тил табышуунун негизинде кабыл алынат.
10-берене. Борбордун персоналынын иши
Борбордо иштөө үчүн кызмат адамдарын жөнөтүүнүн тартиби жөнөтүүчү Тараптын улуттук мыйзамдары менен аныкталат.
Борбордун персоналынын иш мөөнөтү, шарттары жана тартиби Борбор жөнүндө жобо менен аныкталат.
Борбордун персоналына айлык акы берүү уюмдун бюджетинен камсыздалат. Борбордун кызмат адамдары эл аралык кызматкерлер болуп саналышат.
Кызматтык милдеттерди аткаруу учурунда алар кайсы Тараптан болбосун, ошондой эле юридикалык жана жеке адамдардан болбосун талап кылбашы же көрсөтмө албашы керек.
Тараптар Борбордун кызмат адамдарынын иш-милдеттеринин эл аралык мүнөзүн сыйлоого жана алар тарабынан кызматтык милдеттер аткарылып жаткан учурда аларга таасир көрсөтпөөгө милдеттенишет.
11-берене. Байкоочулар
Бул Макулдашуу боюнча Тараптардын мамлекети болуп саналбаган эл аралык уюмга же мамлекетке байкоочунун статусу берилиши мүмкүн.
Байкоочу статусун берүүнүн шарттары, байкоочулардын өкүлдөрүнүн милдеттери жана иш-милдеттери Борбор жөнүндө жободо аныкталат.
12-берене. Кызмат адамдарынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн статусу
Борбордун кызмат адамдары Тараптардын мамлекеттеринин аймагында өздөрүнүн расмий иш-милдеттерин аткаруу үчүн кандай зарыл болсо, ошондой өлчөмдө бир жерден экинчи жерге баруу эркиндигинен пайдаланышат, эгерде бул барууга тыюу салынуучу же мамлекеттик коопсуздук түшүнүгү боюнча жөнгө салынуучу аймактар жөнүндө Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына карама-каршы келбесе.
Борбордун кызмат адамдары Тараптардын мамлекеттеринин аймактарында Тараптар тарабынан бул адамдардын статусун күбөлөндүргөн документ катары таанылган кызматтык күбөлүктөрдү колдонушат.
Кызмат адамдарынын, ошондой эле алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ошол мамлекетте жүргөн мезгилинде жана алар жарандары болуп саналган мамлекетине кайтып келгенде да, жөнөтүүчү Тараптын мамлекетинин улуттук мыйзамдары менен белгиленген бардык жеңилдиктер, кепилдиктер жана компенсациялар сакталат.
Борбордун кызмат адамдарын пенсия жагынан камсыздоо Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат. Борбордун кызмат адамдарынын иштөө убактысы жөнөткөн Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык алардын эмгек стажына эсептелет.
13-берене. Борбордун мүлкү
Борбор өзүнүн мүлкүнө, активдерине жана документтерине, анын ичинде турган жерине карабастан кызматтык корреспонденцияларга кол тийбестик укугунан пайдаланат, аларга процессуалдык иш-аракеттердин бардык түрүнө, анын ичинде экспроприацияга, реквизицияга жана конфискациялоого иммунитет жайылтылат.
Турган ордуна карабастан Борбордун имараттары жана унаа каражаттары тинтүүгө, реквизицияга алынбайт, конфискацияланбайт жана Борбордун ишине тоскоолдук кылуучу башка кандай түрдө болбосун кийлигишүүлөргө жатпайт.
Борбордун имараттарынын жана унаа каражаттарынын кол тийбестиги Борбордун милдеттери жана иш-милдеттери менен дал келбеген же Тараптардын мамлекеттеринин коопсуздугуна, алардын жеке адамдарынын жана юридикалык жактарынын кызыкчылыктарына зыян келтирген максаттарда колдонууга укук бербейт.
Борбор ошол мамлекетте белгиленген өрткө каршы коопсуздук эрежелерин жана санитардык нормаларды сактоону камсыз кылат.
14-берене. Борбордун символикасы жана жумушчу тили
Борбор Кеңеш тарабынан бекитилген желек, эмблема жана башка символикага ээ жана аны өздөрүнүн расмий документтерине, алар ээлеп турган имараттарга жана Борбордун автоунаа каражаттарына жайгаштыра алат.
Тараптар Борбордун расмий документтерин, мөөрүн, штамп жана символдорун таанышат.
Борбордун расмий жана жумушчу тили болуп орус тили саналат.
15-берене. Башка эл аралык келишимдер менен байланыш
Бул Макулдашуу мамлекеттери катышуучу болуп саналган башка эл аралык келишимдерден келип чыккан Тараптардын мамлекеттеринин укуктарын жана милдеттерин козгобойт.
16-берене. Өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү, талаш-тартыштарды чечүү
Бул Макулдашууга Тараптардын макулдугу менен ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган Протоколдор менен таризделген өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
Бул Макулдашуу аталган Макулдашуунун предмети болуп саналган жана анын максаттарына, объектисине карама-каршы келбеген маселелер боюнча башка эл аралык келишимдерди түзүүдө Тараптардын укуктарын чектебейт.
Ушул Макулдашууну чечмелөө учурунда же колдонууда келип чыккан суроолор консультациялар жана сүйлөшүүлөр аркылуу чечилет.
17-берене. Макулдашуунун күчүнө кириши, иштөө мөөнөтү, кошулуу жана андан чыгуу
Бул Макулдашуу белгисиз мөөнөткө түзүлөт жана ратификациялоо жөнүндө дипломатиялык каналдар боюнча экинчи жазуу жүзүндөгү билдирүү келип түшкөн күндөн тартып күчүнө кирет.
Ушул Макулдап„1уу башка мамлекеттердин кошулуусу үчүн ачык. Макулдашууга кошулуу жөнүндө чечим Тараптардын өз ара макулдугу боюнча кабыл алынат. Бул Макулдашуу кошулган мамлекет үчүн депозитарий тарабынан анын кошулгандыгы жөнүндө документти алган күндөн тартып отузунчу күнү күчүнө кирет.
Тараптардын ар бири чыгууну болжолдогон күнгө чейинки 6 айдан кем эмес убакытта дипломатиялык каналдар боюнча жазуу жүзүндөгү билдирүүнү жөнөтүү менен бул Макулдашуудан чыга алышат. Кошулган мамлекет чыгууну болжолдогон күнгө чейинки 6 айдан кем эмес убакытта дипломатиялык каналдар боюнча депозитарийге бул жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирүүнү жөнөтүү менен бул Макулдашуудан чыга алат.
______________________ шаарында 201____ жылдын «___» ___________________
эки түп нускада кыргыз, казак жана орус тилинде түзүлдү жана бардык текст бирдей күчкө ээ. Бул Макулдашууну чечмелөөдө кайчы пикирлер келип чыккан учурда Тараптар орус тилиндеги текстке кайрылышат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн | Казакстан Республикасынын Өкмөтү үчүн |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казахстан
Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өзгөчө
кырдаалдар жана кырсыктардын кооптуулугун
төмөндөтүү боюнча борбор түзүү жөнүндө
макулдашууга тиркеме
Өзгөчө кырдаалдар жана кырсыктардын кооптуулугун төмөндөтүү боюнча борбор түзүү жөнүндө
Жобо
1. Жалпы жоболор
Өзгөчө кырдаалдар жана кырсыктардын кооптуулугун төмөндөтүү боюнча борбор (мындан ары - Борбор) төмөндөгүдөй максаттарда түзүлөт: өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү;
өзгөчө кырдаалдардын алдын алууда бирдиктүү мамилени камсыздоо;
өзгөчө кырдаалдардын кооптуулук факторлорун жеңилдетүү, өзгөчө кырдаалдардын коркунучун идентификациялоо, баалоо жана мониторинг жүргүзүү, аларды болжолдоо;
өзгөчө кырдаалдардын коркунучу жөнүндө эртелеп кабарландыруу жана өз ара билдирүү тутумун түзүү;
өзгөчө кырдаалдарга натыйжалуу жана өз убагында чара көрүү үчүн биргелешкен күч-аракеттерди координациялоо жана даярдыгын чыңдоо; маалыматты ар дайым оз ара алмашуу.
Борбор өзүнүн ишинде Жарандык коргонуу (коргоо), өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу тармагындагы кызматташтык жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2009-жылдын 16-июнундагы Макулдашуунун максаттарын, Өзгөчө кырдаалдар жана кырсыктардын кооптуулугун төмөндөтүү боюнча борбор түзүү жөнүндө макулдашууну жана ушул Жобону жетекчиликке алат, ошондой эле Тараптардын мамлекеттери катышуучу болуп эсептелген эл аралык келишимдерди эске алат.
Борбор менен расмий байланыштарды ишке ашыруучу компетенттүү органдар болуп Тараптардын өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу тармагындагы мамлекеттик органдары саналат.
Борбор өзүнүн ишин:
Тараптардын өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу маселелерине жооптуу мамлекеттик органдарынын (мындан ары - компетенттүү органдар) мүмкүнчүлүктөрүн, ресурстарын жана маалымат базаларын колдонуу менен;
мамлекеттик, эл аралык жана коммерциялык эмес уюмдар менен өз ара аракеттенүү аркылуу ишке ашырат.
Борбор өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу жаатындагы макулдашылган биргелешкен иш-чараларды уюштурууга, өткөрүүгө жана координациялоого көмөк көрсөтүү үчүн Тараптардын үзгүлтүксүз иштөөчү мамлекеттер аралык органы болуп саналат жана Тараптардын компетенттүү органдарына өзүнүн иши жөнүндө жыл сайын маалымат берет.
Борборго жалпы жетекчилик кылууну Тараптардын өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу жаатындагы компетенттүү органдарынын жетекчилеринин Кеңеши (мындан ары - Кеңеш) ишке ашырат.
2. Негизги иш-милдеттери
Борбордун негизги иш-милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет: Тараптардын компетенттүү органдары менен өз ара аракеттенүү, башка өлкөлөрдүн мамлекеттик органдары жана эл аралык уюмдар менен кызматташтык;
Тараптардын компетенттүү органдарынын сурамдары боюнча маалымат берүү;
өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктардын кооптуулугун төмөндөтүү жаатындагы эл аралык биргелешкен жана мамлекеттер аралык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча иш-чараларды өткөрүү;
өзгөчө кырдаалдарды башкаруунун потенциалын чыңдоо боюнча Тараптардын мамлекеттик органдары менен биргелешкен иш-чараларды ишке ашыруу;
Тараптардын эксперттеринин жана адистеринин билимин жогорулатуу максатында атайын окууларды, тренингдерди, окутуу курстарын жана башка иш-чараларды өткөрүү;
эл аралык уюмдардын жана чет өлкөлөрдүн мамлекеттик уюмдарынын алдыңкы жетишкендиктерин окуп-үйрөнүү;
тажрыйба алмашууну ишке ашыруу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу, кырсыктардын кооптуулугун төмөндөтүү боюнча алдыңкы тажрыйбаларды Тараптардын компетенттүү органдарынын ишине киргизүү;
Тараптардын күчтөрүнүн жана каражаттарынын бирдиктүү Реестрин түзүү боюнча иштер;
өзгөчө кырдаалдар жана Жарандык коргонуу (коргоо) жаатындагы Тараптардын улуттук мыйзамдарын шайкеш келтирүү боюнча иш- чараларды ишке ашыруу;
өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу жаатындагы маалыматтарды өз убагында кабыл алуу, чогултуу, иштеп чыгуу, сактоо, коргоо жана аларга талдоо жүргүзүү;
Тараптардын компетенттүү органдары менен башка кызыкдар уюмдардын ортосундагы өз ара маалымат алмашууну камсыздоо;
келип түшкөн маалыматты талдоо жана тиешелүү сунуштарды иштеп чыгуу;
маалыматтын тутумдук топтолушу боюнча жол-жоболорду иштеп чыгуу, Борбордун маалымат банкын түзүү жана толуктоо;
маалымат тутумдарын, анын ичинде Тараптардын компетенттүү органдарынын маалымат базасын бирдейлештирүү боюнча чараларды ишке ашырууга көмөктөшүү;
маалымат алмашуунун стандартташтырылган түрүн жана тутумун жүргүзүү, маалыматты талдоонун программаларын киргизүү жана өркүндөтүү;
өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу жаатындагы мамлекеттер аралык жана башка программаларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу;
өзгөчө кырдаалдар жаатындагы маалыматты дайыма өз ара алмашуу үчүн Тараптардын мамлекеттик органдары, эл аралык жана коммерциялык эмес уюмдары менен жумушчу байланышты түзүү;
Тараптардын мамлекеттеринин аймагында жана башка чет өлкөлөрдө эл аралык машыгууларды, куткаруу жана гуманитардык операцияларды даярдоого жана өткөрүүгө катышуу, Тараптардын мамлекеттеринин күчтөрүнүн жана каражаттарынын аларга катышуусун камсыздоого көмөк көрсөтүү;
өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу жаатындагы башка иштерди ишке ашыруу.
3. Укуктары
Борбор өзүнүн иш-милдеттерин аткаруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу: ушул Жободо каралган иштерди жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон маалыматты компетенттүү органдардан суроого жана аларга берүүгө, маалымат банкын түзүүгө;
өзүнүн ишин каржылоо маселеси боюнча сунуштарды белгиленген тартипте Кеңешке киргизүүгө;
өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу жаатындагы сунуштарды жана документтердин долбоорлорун өзүнүн компетенциясынын чегинде иштеп чыгууга;
эл аралык жана анын компетенциясына кирген башка иш-чараларга катышууга;
Борбордун милдеттерин аткаруу үчүн эл аралык келишимдерди түзүүгө.
4. Ишин уюштуруу
Борборду жетектөөнү Кеңештин чечими менен дайындалуучу жана бошотулуучу Борбордун директору ишке ашырат.
Борбордун ишин уюштуруу боюнча иштер Кеңештин чечими менен бекитилүүчү кызмат адамы тарабынан ишке ашырылат.
Борбордун директору болуп орун алмаштыруу негизинде Тараптардын мамлекеттеринин аталышынын орус алфавитинин тартибинде үч жылдык мөөнөт менен Тараптын өкүлү дайындалат.
Борбордун директору жана директордун орун басары бир мамлекеттин жараны боло алышпайт.
5. Персоналдарды тандоонун, жөнөтүүнүн жана чакырып алуунун тартиби
Кызмат адамдарын Борбордо иштөөгө жөнөтүү компетенттүү органдардын өкүлдөрүнүн жана Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
Борбордун калган кызматкерлери жумушка кабыл алуу учурунда төмөнкүдөй талаптарга жооп берүүсү керек:
болуу мамлекетинин жарандыгына ээ болуусу;
жетекчилердин, адистердин жана башка кызматкерлердин кызмат орундарынын квалификациялык мүнөздөмөсү менен белгиленген квалификациянын (адистиги боюнча тиешелүү билими жана иш стажы) талаптарына ылайык келүүсү.
Кызмат адамдары Тараптардын сунушу боюнча 3 жылдык мөөнөткө жумушка кабыл алынат. Жумуштун мөөнөтү узартылышы мүмкүн, бирок 3 жылдан ашык эмес убакытка.
6. Персонал
Борбордун персоналына Борбордун кызмат адамдары жана кызматкерлери, анын ичинде техникалык каражаттардын дайыма иштөөсүн камсыз кылуу жана программалык камсыздоо боюнча кызматкерлер да кирет.
Борбордун директору:
Борбордун ишин уюштурат;
Борборго жалпы жетекчилик кылууну ишке ашырат жана Борборго жүктөлгөн милдеттерди аткарууга жеке жоопкерчилик тартат;
Кеңешке Борбордун түзүмүн жана штаттык ырааттамасын бекитүүгө берет, Борбордун штатын түзүүгө кагышат;
Борбордун персоналынын иш-милдеттерин, укуктарын жана милдеттерин аныктайт жана алардын аткарылышын контролдойт;
Борборду Тараптардын мамлекеттик органдары жана үчүнчү тараптар менен өз ара мамиледе көрсөтөт;
Тараптардын мамлекеттеринин алкагында өткөрүлүүчү иш-чараларга катышат;
Кеңешке Борбордун бюджетин жана анын аткарылышы жөнүндө отчётту бекитүүгө сунуштайт;
Борбордун бюджетинин каражаттарын тескейт;
Борбордун аткарган иштери жөнүндө жыл сайын Кеңешке отчёт берет.
Тараптардын ар бирине кызмат орундарынын квотасы кызмат адамдарын алмаштыруу менен Кыргыз Республикасына 5 бирдик жана Казакстан Республикасына 5 бирдик бекитилип берилет. Кызмат адамдары , жөнөтүүчү мамлекеттин улуттук мыйзамдарына ылайык Борборго жөнөтүлөт (иш сапарга жиберилет).
Борбордун кызмат орундарына дайындоо, Борбордо иштөөгө кабыл алуу Кеңеш жана Борбордо иштөө үчүн өзүнүн өкүлдөрүн жөнөтүүчү компетенттүү органдар менен макулдашуу боюнча Борбордун директору тарабынан ишке ашырылат.
Борбордо иштеп жүргөн мезгилде кызмат адамдарынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктары, жеңилдиктери, кепилдиктери жана жөнөтүүчү мамлекеттин улуттук мыйзамдары менен белгиленген компенсациялары сакталат.
Борбордун кызмат адамдарынын эл аралык кызматкерлердин статусуна дал келбеген иштер менен алектенүүгө укугу жок.
Борбордун персоналы Борборго же Тараптардын улуттук кызыкчылыктарына зыян келтириши мүмкүн болгон иш-аракеттерге жана жазуу же оозеки жүзүндө эл алдында ачык айтууга жол бербеши керек.
Борбордун кызмат адамдарына жана кызматкерлерине ар жылы эмгек акысы төлөнүүчү өргүү берилет.
Борбордун персоналына Кеңеш тарабынан бекитилген белгиленген үлгүдөгү ырастама берилет.
7. Байкоочу
Борбордун алдында байкоочу макамы Борборду түзүү жөнүндө макулдашуунун Тарабы болуп саналбаган мамлекетке, эл аралык уюмга берилиши мүмкүн. Байкоочунун макамын берүү жана токтотуу же жокко чыгаруу жөнүндө чечим Тараптар менен макулдашуу боюнча Кеңеш тарабынан кабыл алынат.
Борбордун алдындагы байкоочунун макамын берүүнүн жол-жобосу төмөнкүлөрдү өз ичине камтыйт:
мамлекеттин, эл аралык уюмдун Борбордун директоруна жазуу жүзүндө жүйөлүү кайрылуусу;
Борбордун директору тарабынан ушул кайрылууну Кеңештин кароосуна берүү;
Кеңештин кайрылууну кароосу жана байкоочунун макамын берүү жөнүндө чечимди кабыл алуу Тараптардын макулдашуусу боюнча жана тил табышуунун негизинде ишке ашырылат.
Борбордун алдында байкоочу макамына ээ мамлекет, эл аралык уюм Борбор менен байланышты өздөрүнүн өкүлдөрү аркылуу ишке ашырат.
8. Ишти финансылык жана мүлктүк камсыздоо
Борбордун ишин каржылоо Борбордун бюджетинин эсебинен ишке ашырылат, ал эми бюджет төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт:
- донорлордун каражаттарынын;
- эл аралык уюмдардын кайтарымсыз жардамынын;
- юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу салымдарынын;
- Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка булактардын эсебинен.
Финансы каражаттары Тараптардын мамлекеттеринин улуттук валютасы түрүндө да, ошондой эле эркин алмашма валюта түрүндө да төлөнөт.
Тараптардын ар биринен Борборго кайтарымсыз негизде жабдуулар, башка мүлк, интеллектуалдык жана башка менчиктер берилиши мүмкүн.
Борбордун ишин камсыз кылууга багытталган каражаттар Казакстан Республикасында кабыл алынган өздүк эсепти жүргүзүү тартибине ылайык өздүк эсепте турат.
Өзүнүн ишин натыйжалуу камсыз кылуу максатында Борборго убактылуу негизде имараттар, жабдуу, байланыш каражаттары жана башка материалдык каражаттар берилиши мүмкүн.
Болуу мамлекетинин тиешелүү мамлекеттик органдарынын чечими боюнча Борбордун имараттарында ар кандай иш-аракеттерди аткаруу директордун же анын ордун алмаштырган адамдын макулдугу менен гана болушу мүмкүн.
Болуу мамлекети Борбордун имараттарын ар кандай басып кирүүдөн же зыян келтирүүдөн коргоо үчүн талаптагыдай чараларды көрөт.
Борбордун имараттары Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдары боюнча куугунтукталган же Тараптардын бирине же үчүнчү мамлекетке берүүгө жаткан адамдар үчүн баш калка жай катары кызмат кыла албайт.
9. Бюджет, аудит жана финансылык башкаруу
Бардык милдеттенмелерди жана чыгымдарды төлөөнү, ошондой эле келип түшүүлөрдү чогултууну контролдоо Тараптардын жөнөтүүчү мамлекеттеринин аудиторлору тарабынан ишке ашырылат.
Ар бир жарым жылдыкта Борбордун директору Кеңешке, ошондой эле аларга берилген финансылык каражаттарынын бөлүгүндө Борборду каржылоону ишке ашыруучу эл аралык уюмдарга жана донор- мамлекеттерге финансылык отчёт берет.
Аудиторлордун отчёту директорго, Кеңешке, ошондой эле аларга берилген финансы каражаттарынын бөлүгүндө Борборду каржылоону ишке ашыруучу эл аралык уюмдарга жана донор-мамлекеттерге берилет.
Аудиторлордун отчётунун жыйынтыгы боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө директор Кеңешке маалымат берет.
10. Корутунду жоболор
Борбор юридикалык жактын макамына, болуу мамлекетинин мыйзамдарына ылайык өздөрүнүн иштери учун зарыл болгон реквизиттерге ээ.