Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 23-августу № 351-б
Заемдук каражаттарды кайтарууну камсыз кылуу жана "Ак-Тилек" ачык акционердик коомунун жана "Достук" заводу" ачык акционердик коомунун туруктуу иштөөсүнө көмөк көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-июнундагы № 258 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан рекредиттелген бюджеттик ссудалар жана чет өлкөлүк кредиттерге карата заемдук каражаттарды кайтаруунун шарттарын өзгөртүү боюнча сунуштарды кароо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан рекредиттелген бюджеттик ссудалар жана чет өлкөлүк кредиттерге карата заемдук каражаттарды кайтаруунун шарттарын өзгөртүү боюнча сунуштарды кароо тартиби тууралуу жобого ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- "Ак-Тилек" ачык акционердик коомунун 2004-жылдын 12-августундагы № 8-000-000/107 жана "Достук" заводу" ачык акционердик коомунун 2004-жылдын 12-августундагы № 3-405/106 карыз милдеттенмелери боюнча түзүлгөн "Ак-Тилек" ачык акционердик коомунун жана "Достук" заводу" ачык акционердик коомунун кредиттик карызын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ушул буйругуна кол коюлган күндөн тартып төмөнкү шарттарда кайра түзсүн:
негизги карыз боюнча карызды жоюу мөөнөтү - 2015-жылдын 15-январынан тартып 2030-жылдын 15-январына чейин ай сайын бирдей төлөмдөрдө:
мурда чегерилген жана жоюлбаган пайыздарды жана айып санкцияларын капиталдаштыруу, мында капиталдаштырылган суммаларды жоюу 2015-жылдын 15-январынан тартып 2030-жылдын 15-январына чейин пайыздарды эсептебестен ай сайын бирдей төлөмдөрдө жүргүзсүн;
кредиттер боюнча пайыздык ставкаларды ушул буйрукка кол коюлган күндөн тартып негизги карыз суммасына эсептелген жылдык 2,5 пайыз өлчөмүндө белгилесин;
негизги карыз суммасына эсептелген пайыздарды жоюу "Ак-Тилек" ачык акционердик коомунун 2004-жылдын 12-августундагы № 8-000-000/107 жана "Достук" заводу" ачык акционердик коомунун 2004-жылдын 12-августундагы № 3-405/106 карыз милдеттенмелери боюнча мурда түзүлгөн Кошумча макулдашуулар түзүлгөн датадан тартып ай сайын төлөөлөр жүргүзүлсүн;
төлөмдөрдүн мөөнөтү өткөндүгү үчүн - жылдык 5 пайыз айып санкциялары белгиленсин;
кошумча күрөө берүү менен;
"Ак-Тилек" ачык акционердик коому жана "Достук" заводу" ачык акционердик коому кайра түзүүнүн шарттарын бузган учурда ушул буйрукта көрсөтүлгөн кайра түзүүнүн шарттары белгиленген тартипте жараксыз деп таанылсын жана карызды мажбурлап өндүрүү башталсын.
2. "Ак-Тилек" ачык акционердик коомуна жана "Достук" заводу" ачык акционердик коомуна бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып алты айлык мөөнөттө төмөнкүлөр сунушталсын:
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн шарттарда мурда түзүлгөн карыз милдеттенмелерине кошумча макулдашууларды түзүү;
- "Ак-Тилек" ачык акционердик коомунун 2000-жылдын 26-декабрындагы Күрөө жөнүндө келишими боюнча (реестр № 871, тыюу салуу № 703) күрөөгө коюлган мүлкүн кайра баалоо жүргүзүү, кошумча күрөөгө коюу жана 2000-жылдын 26-декабрындагы Күрөө жөнүндө келишимге өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө кошумча макулдашуу түзүү;
- Достук" заводу" ачык акционердик коому кошумча күрөө коюу жана 2004-жылдын 14-сентябрындагы Күрөө жөнүндө келишимге (реестр № 3-62, тыюу салуу № 1-1037) жана 2007-жылдын 12-декабрындагы Кошумча келишимге (реестр № 3-453, тыюу салуу № 171) "2004-жылдын 14-сентябрында мурда түзүлгөн Күрөө жөнүндө келишимге (реестр № 3-62, тыюу салуу № 1-1037) өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" кошумча макулдашуу түзүү.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | А.Атамбаев |