Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2014-жылдын 18-ноябрындагы № 656 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт үйү
2008-жылдын 2-июну № 258
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан рекредиттелген
бюджеттик ссудалар жана чет өлкөлүк кредиттерге карата
заемдук каражаттарды кайтаруунун шарттарын өзгөртүү
боюнча сунуштарды кароо тартиби жөнүндө жобону
бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен, ошондой эле Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан рекредиттелген чет өлкөлүк грант-
тардын жана кредиттердин каражаттарынын эсебинен берилген заемдук кара-
жаттарды кайтаруунун шарттарын өзгөртүү жолу менен кредиттик тобокел-
дерди башкаруу системасын өркүндөтүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан рекредиттелген бюджет-
тик ссудалар жана чет өлкөлүк кредиттерге карата заемдук каражаттарды
кайтаруунун шарттарын өзгөртүү боюнча сунуштарды кароо тартиби жөнүндө
тиркелген жобо бекитилсин.
2. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан рекредиттелген бюджет-
тик ссудаларды жана чет өлкөлүк кредиттерди жайгаштыруу механизмин
өркүндөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 24-ав-
густундагы № 518 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
тарабынан рекредиттелген бюджеттик ссудаларды жана чет өлкөлүк кредит-
терди жайгаштыруу тартиби жөнүндө жобонун 7.1-7.5-пункттары күчүн жо-
готту деп табылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Фи-
нансы министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министри И.Чудинов