Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 23-августу № 352-б
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык:
Кыргыз Республикасында гендердик зомбулукка чара көрүү жана болтурбоо боюнча координациялоону күчөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлиги Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен Кыргыз Республикасында гендердик зомбулукту болтурбоо боюнча субкластердин (ЮНИСЕФ - БУУнун Кыргыз Республикасындагы Балдар фонду, ЮНФПА - БУУнун Кыргыз Республикасындагы Калкты жайгаштыруу боюнча фонду, БУУ - Аялдар Кыргыз Республикасында) ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандумдун тиркелген долбооруна макулдук берилсин.
Премьер-министр | А.Атамбаев |
Долбоор
Мындан ары "Тараптар" деп аталган, Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен ЮНИСЕФ - БУУнун Кыргыз Республикасындагы Балдар фонду, Кыргыз Республикасында гендердик зомбулукту болтурбоо боюнча субкластердин ЮНФПА - БУУнун Кыргыз Республикасындагы Калкты жайгаштыруу боюнча фонду, БУУ - Аялдар Кыргыз Республикасында,
гендердик зомбулукка каршы кыйла жооптуу, ар тараптуу жана координацияланган аракеттер аркылуу алдын алуу жооп кайтаруу чаралары боюнча ведомстволор аралык механизмди күчөтүүгө умтулуп;
мамлекеттик деңгээлде, анын ичинде Кыргыз Республикасында гендердик саясатты аткарууну координациялоо боюнча мандатка ээ болгон Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги аркылуу гендердик зомбулукту болтурбоо боюнча макулдашылган аракеттерди жасоого эрк, түшүнүү жана колдоо бар экендигин ырастап;
негизги секторлордун алкагында иштеген, гуманитардык өнөктөштүктөр ортосундагы өнөктөштүктү күчөтүү жана отчеттуулукту камсыз кылуу бул гуманитардык өнөктөр ортосунда эмгекти жана жоопкерчиликти так бөлүштүрүүнү эске аларын түшүнүп;
Кыргызстанда гендердик зомбулуктун, анын ичинде сексуалдык зомбулуктун, өзгөчө аялдар менен кыздарга карата колдонуу учурларына мамиленин күчөшүнө тынчсызданып;
жынысы боюнча зомбулук өзгөчө фазасы аякташы менен бүтпөй кала турган маселе экендигин жана гендердик зомбулуктун кээ бир түрлөрүнүн таралуу даражасы өзгөчө фазадан өтүүдө калыбына келүү жана өнүгүү мезгили күчөй тургандыгын эске алып;
гендердик зомбулуктун тамырын кыркуу боюнча ар кандай реалдуу күч-аракеттер аялдар менен кыздарга каршы зомбулукка көмөктөшүүчү, басмырлоо тажрыйбасын жок кылуу боюнча кеңири масштабдагы социалдык өзгөрүүлөргө багытталган узак мөөнөттүү стратегияны талап кылгандыгын түшүнүп,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашат:
1-берене.
Ушул Меморандумда төмөнкү терминдер колдонулат:
гуманитардык өнөктөштөр - гендердик зомбулуктун курмандыктарына гуманитардык жардам көрсөтүүчү эл аралык уюмдар;
гуманитардык уюмдар - бул гуманитардык өзгөчө кырдаалдарга көңүл бурган эл аралык уюмдардын тобу (БУУнун агенттиктери, Кызыл Крест кыймылы жана эл аралык ӨЭУлар);
маанилүү субъекттер - Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги;
негизги секторлор - саламаттык сактоо сектору, психологиялык-социалдык жактан колдоо сектору, укуктук жардам көрсөтүү сектору, укук тартиби жана коопсуздук сектору (Кыргыз Республикасынын министрликтеринде жана ведомстволорунда);
өзгөчө фаза - өзгөчө кырдаал убагында гендердик зомбулуктун өтө күчөгөн маалы;
кластер - гуманитардык уюмдардан турган, олуттуу өзгөчө кырдаалдар учурунда гуманитардык жардам көрсөтүүчү координациялык топ;
субкластер - гендердик зомбулуктан жапа чеккендерге кызмат көрсөтүү боюнча жардамды координациялоо маселелери менен алектенген гуманитардык жана жергиликтүү өнөктөрдүн координациялык тобу. Субкластер 2010-жылдын июнь айында болгон окуялардан кийин дароо түзүлүп, коргоо боюнча кластердин алкагында Ош шаарында иштейт. Субкластердин миссиясына гендердик зомбулукка алдын ала жана жооп кайтаруу чараларын ишке ашыруу кирет;
гендердик зомбулук - адамдын эркин эске албоо менен жасалуучу, коомдо кабыл алынган аялдар менен эркектердин айырмачылыктарына негизделген, залака келтирүүчү кандай гана болбосун аракетти билдирүүчү жалпылоочу термин;
стандарттуу операциялык жол жоболор - бул гендердик зомбулукту болтурбоо процессинде иштеген бардык катышуучулар жана агенттиктердин күчү менен гендердик зомбулукту болтурбоо маселелерин чечүүгө мультисектордук жана ведомстволор аралык мамилеге негизделген аспап жана операциялык жетекчилик;
гендердик сезимталдык - жыныстык белгиси боюнча басмырлоонун негизи болгон социалдык-маданий факторлорду түшүнүү жана көңүлгө алуу. Гендердик-сезимталдык пландоо аялдар менен кыздардын өнүгүү процессине катышуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатууну камсыздоо үчүн жана алардын аялдар менен эркектердин турмушуна тийгизген таасирин ченөө үчүн атайын ыкмалар менен каражаттарды пайдаланат;
гендердик-сезимталдык бюджеттөө - өкмөттүк чечимдердин гендердик сезимталдыгын жогорулатуу үчүн гендердик аспектилерди эске алуу менен бюджетти даярдоо ыкмаларын иштеп чыгуу;
улуттук координациялык түйүн - Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык жактан коргоо боюнча министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрликтери ортосундагы өз ара аракеттер механизми.
2-берене.
Тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, мыйзам тартибинде күчүнө кирген Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдерге ылайык гендердик зомбулукту болтурбоо жагында кызматташтыкты өнүктүрөт жана кеңейтет.
3-берене.
Тараптар гендердик зомбулукту, анын ичинде сексуалдык зомбулукту болтурбоо максатында биргеликте аракет кылуу милдеттенмесин кабыл алышты.
4-берене.
Тараптар төмөнкүлөрдүн кепилдиктерин камсыз кылат:
- жапа чеккендерге талаптагыдай жардамдашуу, кийин көз салуу жана зордукчулар жөнүндө маалыматтарды эсепке алуу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын жарандык сектору тарабынан башкарылган, Кыргыз Республикасында гендердик зомбулукту болтурбоо боюнча субкластер улуттук координациялык тармакка трансформацияланган мезгилде гендердик зомбулукка мамиле кылуунун алдын алуу жана жооп иретиндеги чараларды координациялоонун механизмдеринин туруктуулугу.
5-берене.
Тараптар аялдар, кыздар, балдар жана эркектер үчүн жашоонун жана гүлдөп өнүгүүнүн коопсуз жана колдоо көрсөтүү чөйрөсүн түзүүгө, кыйла максаттуу, жоопкерчиликтүү жана сезимтал таасир көрсөтүүгө жакшы көмөк көрсөтүү үчүн натыйжалуу координациялоону жүргүзүшөт.
6-берене.
Тараптар коомчулуктун жана кызыкдар ведомстволордун, анын ичинде саламаттыкты сактоо, социалдык коргоо, укуктук жардам, укуктук тартип жана коопсуздук секторлорунун координацияланган өз ара аракеттенүүсү үчүн гендердик зомбулукка мамиле кылуунун алдын алуу жана жооп иретиндеги натыйжалуу чараларын колдонот.
7-берене.
Тараптар кызматташтыкты төмөнкү формаларда жүзөгө ашырат:
- гендердик зомбулуктан коргоо системасын өркүндөтүү максатында жергиликтүү шарттарга ылайыкташтырылган алдыңкы эл аралык тажрыйбаны иликтөө жана киргизүү;
- биргелешкен күч-аракеттерди талап кылган иш-чараларды, ошондой эле гендердик зомбулуктан коргоонун негизги багыттары боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;
- гендердик зомбулуктан жапа чеккендерге кызмат көрсөтүүнү өркүндөтүү боюнча сунуштарды биргелешип иштеп чыгуу;
- Меморандумду ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгуу үчүн ведомстволор аралык жумушчу тобун түзүү.
8-берене.
Тараптар бардык маанилүү субъекттерди, атап айтканда, саламаттыкты сактоо, социалдык колдоо, укуктук жардам көрсөтүү, укуктук тартип жана коопсуздук секторлорун тартуу менен кыйла жоопкерчиликтүү, бардыгын камтыган жана координацияланган аракеттер аркылуу гендердик зомбулукка мамиле кылуунун алдын алуу жана жооп кайтаруу чаралары боюнча мультисектордук жана ведомстволор аралык механизмди күчөтүү үчүн кызматташат. Мындай координацияланган аракеттер төмөнкүдөй артыкчылыктуу багыттар боюнча жүргүзүлөт:
1. Координация боюнча маалыматтык системаны өнүктүрүү - ведомстволор аралык механизмдин үзгүлтүксүз, жөнгө салынган жана ачык ишинин кепилдигин камсыз кылуу максатында маалыматтарды чогултуу жана жайылтуу.
Тараптар төмөнкүлөргө көмөк көрсөтөт:
а) маалыматтарды чогултууга жана жайылтууга;
б) документтерди иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык механизмдин ишине;
в) гендердик зомбулукту болтурбоо жагында баа берүү, иликтөөлөрүн жана башка изилдөөлөрдү жүргүзүүгө;
г) окутуу жана материалдарды даярдоо программаларын түзүүгө;
д) гендердик зомбулук фактылары менен байланыштуу болгон материалдарды даярдоого;
е) Стандарттык Операциялык Жол жоболорду иштеп чыгууга;
ж) гендердик зомбулукту болтурбоонун маалыматтык-билим берүү коммуникациялык материалдарды жана стандарттык ресурстарды өнүктүрүүгө.
2. Гендердик зомбулукту болтурбоо боюнча долбоорлорду каржылоону издөөнү күчөтүү.
Тараптар гендердик зомбулукту болтурбоо боюнча иштеп жаткан жана сунуш кылынган долбоорлор жөнүндө маалыматтарды чогултууга көмөк көрсөтөт, жарандык секторду финансылык талаптар жана долбоордук арыздарды тандоо критерийлери жөнүндө зарыл маалыматтар менен камсыз кылат, кызыкдар болгон эл аралык уюмдардын дарегине долбоорлорду жолдоону камсыз кылат, долбоордук арыздарды тандап алууда жана документтерди тапшырууда ачыктык принциптерин алга илгерилетет, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү ведомстволорунда гендердик-сезимталдык бюджеттөөгө кепили катары чыгат.
3. Ачык коргоо/эдвокаси жүргүзүү.
Тараптар гендердик зомбулукка мамиле кылуунун алдын алуу жана жооп иретиндеги чараларына байланышкан маселелер боюнча гендердик зомбулукту болтурбоо боюнча бардык субъекттер менен коомчулуктун, облустун, жамааттын деңгээлинде сүрөөнгө алууну жүзөгө ашырат.
4. ЖМК менен иштөө.
Гендердик зомбулукту болтурбоо жөнүндө текшерилген, так маалыматтар менен ЖМКны камсыз кылуу аркылуу стратегиялык позицияларды жана дурус өзгөрүүлөргө жетишүү жолдорун чыңдоо. Тараптар адекваттуу билдирүүлөрдү берүүнүн жана маалыматтарды коопсуз берүү принциптерин сактоонун маанисин жана жоопкерчилигин түшүнүп, журналисттер менен этикалык кодексти жетекчиликке алуу менен иштешет.
5. Гендердик зомбулукту болтурбоо маселелерин өзөктүү тема катары киргизүү.
Тараптар саламаттыкты сактоо, социалдык коргоо, укуктук коргоо, укуктук тартип жана коопсуздук секторлорун туруктуу коммуникациялоону жана мониторингдөөнү, анын ичинде гендердик зомбулукту болтурбоо жагында иштин өнүгүшү жөнүндө жетекчилик үчүн мезгил-мезгили менен бет ачарларды, маалымат даярдоого жардам берүүнү кепилдешет.
6. Стандарттык Операциялык Жол жоболорду иштеп чыгуу Стандарттык Операциялык Жол жоболор министрликтер ортосундагы бириктирилген аракеттер планын бекемдеген жана жыныстык белгиси боюнча зомбулукка мамиле кылуунун алдын алуу жана жооп иретиндеги чараларын аткаруу жагында ар бир катышуучунун жекече ролун жана жоопкерчилик зонасын чагылдырган келишимдер жана макулдашуулар болуп саналат.
7. Ишке тартылган министрликтердин потенциалын арттыруу. Гендердик зомбулукту болтурбоонун ведомстволор аралык бул механизми гендердик зомбулук маселелерин программалаштыруу жана координациялоо боюнча ар кандай потенциалдык деңгээлге ээ болгон гуманитардык өнөктөрдү камтыйт. Потенциалды арттыруу өнөктөрдүн күчтүү жактарына таянуу менен алардын кызматкерлеринин көндүмдүктөрүн жакшыртуу максатында жүргүзүлөт.
8. Маалыматтык колдоо, окутуу жана коммуникация боюнча курамды өнүктүрүү.
Маалыматтык колдоо, окутуу жана коммуникация гендердик зомбулуктун себептерин жана залалдарын түшүндүрүү, гендердик зомбулукту алдын алуу ыкмаларын жана анын курмандыктары үчүн жеткиликтүү кызмат көрсөтүү боюнча жекече, үй-бүлөлүк, топтук, жамааттык жана коомдук деңгээлде окутуу жана агартуу иштерине мүмкүндүк берген стратегияларды, көрсөтмөлөрдү жана ыкмаларды бириктирет. Тараптар билим берүү жана так критерийлерди, максаттарды жана техникалык талаптарды колдонуу менен туруктуу баа берүү принциптерине негизделген керектөөлөргө баа берүүчүлүк изилдөөлөрүнүн натыйжасына таянуу менен маалыматтык колдоонун стратегиясын, ыкмаларын өнүктүрөт жана өркүндөтөт.
9. Баа берүү, маалыматтарды чогултуу жана мониторинг.
Тараптар гендердик зомбулук маселелери боюнча маалыматтарды чогултуу жана иштетүү процессине көзөмөлдүктөр жүргүзөт жана өнөктөргө ал маалыматтарды талаптагыдай пайдаланууга жардам берет, бул координациялык механизмдин ишинин өзөгү болуп саналат. Гендердик зомбулуктун табияты жана формалары жөнүндө маалыматтарды чогултуу жана иштетүүнүн коопсуз жана этикалык жактан негизделген процесси, белгилүү жерде көрсөтүлгөн кызматтын жеткиликтүүлүк жана натыйжалуулук маселелери сыяктуу эле эң оболу, жапа чеккендерге багытталган артыкчылыктардын аткарылышын кепилдейт.
10. Гендердик зомбулукка мамиле кылуунун алдын алуу жана жооп иретиндеги чараларды көрүүгө ведомстволор аралык мамилени камсыз кылуу.
Тараптар республикалык деңгээлде гендердик маселелер жаатында иш алып барган министрликтер менен ведомстволордун, өкмөттүк эмес уюмдар менен агенттиктердин ортосунда байланышты жана өнөктүктү камсыз кылат. Тараптар гендердик зомбулукка алдын алуу жана жооп иретиндеги чаралар боюнча ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн чечимдерин аткаруунун, ошондой эле милдеттенмелерди социалдык коргоо, укуктук колдоо, саламаттыкты сактоо, укуктук тартип жана коопсуздук секторлору менен тыгыз өнөктөштүктө аткаруунун кепили болуп саналат.
9-берене.
Ушул Меморандумда каралган иш-чараларды ишке ашыруу үчүн Тараптардын милдеттенмелери:
а) Тараптардын жалпы милдеттенмелери:
Тараптар:
- жарандык калкты гендердик зомбулуктун бардык түрлөрүнөн, өзгөчө сексуалдык белгилер боюнча зомбулуктан коргоону камсыз кылуу боюнча гуманитардык принциптерди толук урматтоонун жана сактоонун чегинде өз убагында жана ар тараптуу жардам жана колдоону камсыз кылуу боюнча күч-аракетти жумшашат;
- калкка, өзгөчө аялдар менен кыздарга азап-тозок жана зыян келтирүүнү болтурбай турган оперативдүү алдын алуу иштерин аткарууну камсыз кылат;
- гендердик зомбулук маселелеринде алдын алуу кызматтарын көрсөтүүчү жергиликтүү башкаруу органдарына жана жергиликтүү өз алдынча коомчулуктарга, өкмөттүк эмес уюмдарга колдоо көрсөтөт;
- гендердик стереотиптер, гендердик зомбулук жана анын залалдары, эл аралык конвенциялар жана адамдын укуктары жана аялдардын укуктары маселелери боюнча маалыматтуулук деңгээлин жогорулатат;
- гендердик зомбулукту ведомстволор аралык алдын алуу үчүн операциялык жол-жоболорду аткаруу стандарттарын урматтайт ылайыктуу иш жүргүзөт;
- зомбулуктун алдын алууга бюджеттик каражаттарды гендердик-сезимталдык бөлүштүрүүнү камсыз кылат;
- гендердик зомбулук жана аялдарга карата зомбулук учурлары жөнүндө маалыматтар алмашат, гендердик зомбулуктун курмандыктарын коргоону жана укук бузуучулардын толук жооптуулугун пропагандалоону күчөтөт;
- отчеттуулук жана маалыматтарды чогултуу механизмдер системасын өркүндөтөт: гендердик зомбулук окуялары, өзгөчө сексуалдык зомбулук боюнча эл аралык укук ченемдерине таянуу менен мониторингин жана отчеттуулук потенциалын күчөтөт, жыныстык жана курактык көрсөткүчтөр боюнча маалыматтарды туруктуу чогултууну жана натыйжалуу программалаштыруу, мониторинг жүргүзүү жана баа берүү үчүн негиз катары талдоону камсыз кылат;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу органы жүргүзүп жаткан гендердик зомбулукту болтурбоо маселелерин координациялоо механизминин ишине кеңири масштабда катышуу менен жактагандыгын билдирет.
б) Тараптардын өзгөчөлүү милдеттенмелери:
1. Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлиги (гендердик зомбулук маселелери боюнча социалдык-укуктук коргоо сектору):
Гендердик зомбулук маселелери боюнча социалдык-укуктук коргоо сектору жүзөгө ашыруучу алдын алуу чаралары жарандардын жардам сурап кайрылууларынын негизинде гендердик зомбулуктан жабыркагандарды социалдык жактан колдоону ишке ашыруу камтыйт:
Өзгөчө милдеттенмелер: гендердик зомбулуктан жапа чеккендерге кам көрүүнү камсыз кылуу кийин көз салып туруу гендердик зомбулуктан жапа чеккендерге жардам көрсөтүү боюнча программаларды жана акысыз кызматтарды өнүктүрүү жана күчөтүү, жыныстык белгиси боюнча зомбулуктун, өзгөчө сексуалдык зомбулуктун психологиялык, психикалык жана денеге келтирилген терс залакаларды жоюуга багытталган программалар менен кызмат көрсөтүүлөрдү коомго реинтеграциялоого төмөнкүлөр аркылуу көмөк көрсөтүү:
- гендердик зомбулуктан жабыр тарткандарга багытталган ыкмаларды жана методикаларды колдонууда жергиликтүү коомчулуктардын, анын ичинде социалдык-укуктук коргоо секторундагы башкаруу органдарынын, социалдык кызмат көрсөтүүчү мекемелердин, улуттук өкмөттүк эмес уюмдардын жана жергиликтүү жамааттардын потенциалын күчөтүү;
- гендердик зомбулуктан жапа чеккендерди бардыгын камтыган, акысыз социалдык-укуктук колдоо көрсөтүү, реабилитациялык кызматтар, анын ичинде үй-бүлөгө жана коомго реинтеграциялоо менен камсыз кылуу;
- гендердик зомбулукка туш болгон балдардын муктаждыктарын канааттандыруу боюнча социалдык жардам жана социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү камсыз кылуу;
- гендердик зомбулукка ведомство аралык мамиле кылуу үчүн гендердик зомбулук боюнча стандарттык жол жоболорду урматтоо жана так аткаруу, жапа чеккендерди кайра багыттоо жол жоболорун жоопкерчиликтүү аткаруу.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги (гендердик зомбулук маселелери боюнча саламаттыкты сактоо сектору):
Саламаттык сактоо сектору жүзөгө ашыруучу алдын алуучу чаралары саламаттыкты сактоо секторунда сексуалдык эксплуатациялоо жана одоно мазактоону болтурбоо жана коргоо боюнча алдын-алуучу саясатты жана жол-жоболорду өнүктүрүүнүн жана аткаруунун кепилдиктерин камсыз кылууну камтыйт.
Өзгөчө милдеттенмелер: гендердик зомбулуктан жапа чеккендерди кароону камсыз кылуу жана кийинки байкоо жүргүзүү, Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында жыныстык белгиси боюнча зомбулуктун түрлөрү, өзгөчө сексуалдык зомбулук боюнча психологиялык, психикалык жана денеге күч колдонуунун терс залалдарынан арылууга багытталган гендердик зомбулуктан жапа чеккендерге жардам көрсөтүү боюнча программаларды жана медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү жана күчөтүү, ошондой эле бул программаларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү коомго реинтеграциялоого төмөнкүлөр аркылуу көмөк көрсөтүү:
- жабыр тарткандарга багытталган ыкмаларды жана көрсөтмөлөрдү колдонуу боюнча жергиликтүү коомчулуктардын жана саламаттык сактоо секторундагы медициналык кызмат көрсөтүүчү мекемелердин, улуттук өкмөттүк эмес уюмдардын башкаруу системасынын потенциалын күчөтүү;
- жыныстык зомбулук боюнча билимдер, көндүмдөр, клиникалык менеджмент жана материалдар менен камсыз кылуу аркылуу медициналык кызмат көрсөтүүчү уюмдардын потенциалын күчөтүү (мисалы, жыныстык зомбулуктан жабыр тарткандарга биринчи жардам берүү буюмдары);
- Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында гендердик зомбулуктан жабыр тарткандардын дене бой жана менталдык ден-соолугун бардык жагынан камтыган, сенситивдүү жана акысыз медициналык колдоону белгиленген протоколдорго ылайык жүргүзүү. Мүмкүн болушунча ушундай кызмат көрсөтүүлөрдү бир жерден көрсөтүүнү, анын ичинде экспресс-контрацепция, алдын алуу (В гепатити, пост-ВИЧ), ыктыярдуулук негизде консультация берүү жана медициналык кароо, ошондой эле сексуалдык зомбулуктун курмандыктарына ар тараптуу репродуктивдүү-медициналык жардам көрсөтүүнү жүргүзүү, ошондой эле сексуалдык зомбулуктардын курмандыктарына ар тараптуу репродуктивдүү медициналык жардам көрсөтүү жана тергөө органдарынын жолдомосу боюнча милдеттер сот-медициналык экспертиза өткөрүү;
- гендердик зомбулукка туш болгон балдардын муктаждыктарын канааттандыруу боюнча атайын жардамды жана пландаштырылган кызмат көрсөтүүлөрдү камсыз кылуу;
- гендердик зомбулукка мультисекторалдык жана ведомстволор аралык жооп кайтаруу үчүн гендердик зомбулук боюнча стандарттуу жол жоболорду урматтоо жана так аткаруу, кайра жолдоо жол жоболорун жоопкерчиликтүү аткаруу.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги (гендердик зомбулук боюнча укуктук колдоо сектору):
Өзгөчө милдеттенмелер: акысыз юридикалык жана укуктук жардам берүү жөнүндө ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу:
- гендердик зомбулуктан жабыр тарткандарга багытталган ыкмаларды жана көрсөтмөлөрдү колдонуу үчүн укуктук кызмат көрсөтүүчү уюмдар менен мекемелердин, укуктук тармакта иштеген улуттук өкмөттүк эмес уюмдардын жана жергиликтүү жамааттардын потенциалын күчөтүү;
- гендердик зомбулуктан жабырлануучуларга акысыз юридикалык жана укуктук жардамдын жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу;
- гендердик зомбулукка мультисекторалдык жана ведомстволор аралык мамиле кылуу үчүн гендердик зомбулук боюнча стандарттуу жол-жоболорду урматтоо жана так аткаруу, кайра жолдоо жол жоболорун жооптуу аткаруу.
4. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги (гендердик зомбулук маселелери боюнча укук тартиби жана коопсуздук сектору):
Укук тартиби жана коопсуздук секторунун алдын-алуучу чаралары төмөнкүлөрдү камтыйт:
- жарандык калкка, өзгөчө аялдарга жана балдарга алдын-алуу чаралары аркылуу натыйжалуу коопсуздукту кепилдеген тийиштүү бийлик органдарынын колдоосу;
- эл аралык укуктук куралдарда сексуалдык зомбулукка тыюу салуу боюнча тынчтык жаратуучулар, милиция, аскерлер үчүн жаңы тренинг программаларын камсыз кылуу жана тынчтык жаратуучу ишинде, укук тартиби органдарында жана куралдуу күчтөрдө аялдардын катышуусун жогорулатууну кубаттоо;
- укук тартиби секторунда сексуалдык эксплуатациялоодон алдын-алуу жана коргоо боюнча алдын-алуу саясатын жана жол жоболорду өнүктүрүүнүн жана аткарылышынын кепилдиктерин камсыз кылуу.
Өзгөчө милдеттенмелер: гендердик зомбулуктан жабыр тарткандарга жыныс белгиси, өзгөчө сексуалдык зомбулук боюнча психологиялык, психикалык жана дене бойлук терс кесепеттеринен арылууга багытталган, гендердик зомбулуктан жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү боюнча программаларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү жана күчөтүү, ошондой эле бул программалар менен кызмат көрсөтүүлөрдү коомго реинтеграциялоого төмөнкүлөр аркылуу көмөк көрсөтүү:
- жабыр тарткандарга багытталган ыкмаларды жана көрсөтмөлөрдү колдонуу боюнча укук сактоо жана коопсуздук секторундагы башкаруу жана жергиликтүү органдардын, өкмөттүк эмес уюмдардын жана жергиликтүү жамааттардын потенциалын күчөтүү;
- гендердик зомбулуктан жабыр тарткандарды жана алардын үй-бүлөлөрүнө коркунуч туулган учурда коопсуздук жана коргоо кепилдиктерин камсыз кылуу;
- юстиция органдарына кайрылууда иштерди өз убагында жана натыйжалуу иликтөөнүн жана жабыр тарткандарга көмөк көрсөтүү кепилдиктерин камсыз кылуу;
- гендердик зомбулукка туш болгон балдардын муктаждыктарын канааттандыруу боюнча атайын жардамдын түрлөрү менен жана пландаштырылган кызмат көрсөтүүлөрдү камсыз кылуу;
- гендердик зомбулукка мультисекторалдык жана ведомстволор аралык жооп кайтаруу үчүн гендердик зомбулук боюнча стандарттуу жол жоболорду урматтоо жана так аткаруу, кайра жолдоо жол жоболорун жоопкерчиликтүү аткаруу.
10-берене.
Ушул Меморандумга Тараптардын өз ара макулдугу боюнча аталган ушул Меморандумдун бөлүгү болуп саналган айрым протоколдор менен таризделген өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
11-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн гендердик маселелер боюнча ыйгарым укуктуу органы катары Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги кол коюлган документтерге ылайык гендердик зомбулукка жооп кайтаруунун алдын-алуу жана жооп иретиндеги чаралары боюнча алардын атайын милдеттенмелеринин аткарылышы боюнча секторлордун ишине мониторинг жана баа берүү жүргүзүүнү ишке ашырат.
12-берене.
Бул Меморандум такталбаган мөөнөткө түзүлөт.
Ар бир тарап ушул Меморандумга катышуусун башка катышуучуларга жазуу жүзүндө билдирүү жолу менен токтото алат. Көрсөтүлгөн Тарап үчүн анын катышуу мөөнөтү мындай билдирүүнү жиберген күндөн тартып 3 ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Меморандум кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Бишкек шаарында 2011-жылы "__" _______ 6 нускада, ар бири англис, орус жана кыргыз тилдеринде түзүлдү.
Текстти чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда негиз катары орус тилиндеги текст алынат.
Кыргыз Республикасынын Эмгек, Кыргыз Республикасындагы
ишке орноштуруу жана миграция ЮНИСЕФ үчүн
министрлиги үчүн
А.Абытов Д.Вейтч
Кыргыз Республикасынын Калкты Кыргыз Республикасындагы
социалдык коргоо боюнча ЮНФПА үчүн
министрлиги үчүн
А.Рыскулова Н.Ботев
Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасындагы
Саламаттык сактоо министрлиги БУУ - Аялдар үчүн
үчүн
С.Жумабеков Д.Сартбаева
Кыргыз Республикасынын Юстиция Кыргыз Республикасынын Ички
министрлиги үчүн иштер министрлиги үчүн
А.Мухамеджанов З.Рысалиев