Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 23-августу № 358-б
Эл аралык байланыштарды чыңдоо, сергек жашоо мүнөзүн пропагандалоо максатында, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин 2010-жылдын 19-ноябрдагы чечими менен жактырылган 2011-2012-жылдарга КМШга катышкан мамлекеттердин гуманитардык кызматташтыгы чөйрөсүндөгү артыкчылыктуу иш-чаралар планына ылайык:
1. 2012-жылдын 4-12-сентябрында Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун аймагында "Шериктештикте - тынчтык жана ден соолук" урааны астында КМШга катышкан мамлекеттердин VIII Эл аралык спорттук оюндары (мындан ары - Спорттук оюндар) өткөрүлсүн.
2. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- "Шериктештикте - тынчтык жана ден соолук" урааны астында КМШга катышкан мамлекеттердин VIII эл аралык спорттук оюндары жөнүндө жобо;
- "Шериктештикте - тынчтык жана ден соолук" урааны астында КМШга катышкан мамлекеттердин VIII эл аралык спорттук оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин курамы.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2012-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине каралган каражаттардын чегинде Спорттук оюндарды даярдоо жана өткөрүүгө байланышкан чыгымдарды өз убагында каржылоону камсыз кылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Спорттук оюндарды өткөрүү мезгилинде укук тартибин жана коомдук коопсуздукту камсыз кылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Спорттук оюндарга катышкан командалардын мүчөлөрүнө визаларды тариздөөгө өз убагында колдоо көрсөтсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Спорттук оюндардын катышуучуларын медициналык жактан тейлөөнү камсыз кылсын.
7. Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио берүү корпорациясына күн сайын Спорттук оюндардын жүрүшүн чагылдыруу сунуш кылынсын.
8. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү жана маданият бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | А.Атамбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-августундагы № 358-б буйругу менен бекитилген |
I. Жалпы жоболор
II. Спорттун түрлөрү
III. Үй-бүлөлүк командалар үчүн мелдештердин программасы
I. Жалпы жоболор
1. Спорттук оюндардын максаты жана милдеттери
"Шериктештикте - тынчтык жана ден соолук" урааны астында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин VIII эл аралык спорттук оюндары (мындан ары - Спорттук оюндар) төмөнкү максатта өткөрүлөт:
- КМШ өлкөлөрүнүн элдеринин жана спорттук уюмдарынын ортосундагы достукту чыңдоо;
- калктын кеңири катмарын дене тарбия жана спорт менен туруктуу машыгууга тартуу, эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо;
- калктын сергек жашоо мүнөзүн калыптандыруу;
- спорттун массалык элдик түрлөрүн өнүктүрүү;
- КМШ өлкөлөрүндө дене тарбия жана спорт жагындагы иш тажрыйба алмашуу.
2. Спорттук оюндарды өткөрүү мөөнөттөрү
Спорттук оюндар 2012-жылдын 4-12-сентябрында Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун аймагында өткөрүлөт. Делегациялардын келүүчү күнү 2012-жылдын 4-сентябры, кетүүчү күнү 2012-жылдын 12-сентябры.
3. Спорттук оюндарды өткөрүүгө жетекчилик
Спорттук оюндарды өткөрүүгө жалпы жетекчиликти дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган катары - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги (мындан ары - Мамагенттик) жүргүзөт.
Спорттук оюндарды өткөрүүгө түздөн-түз жетекчиликти Уюштуруу комитети жана Башкы калыстар коллегиясы жүргүзөт.
4. Спорттук оюндардын катышуучулары жана
өткөрүү шарттары
Мелдештерге КМШ өлкөлөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын делегациялары катышат.
Делегациялардын курамы чакыруу каттарында аныкталат. Катышуучулардын курагы үй-бүлөлүк командалардан тышкары 18 жаштан кем болбойт.
Делегациялардын курамына үй-бүлөлүк командалар - 3 киши (атасы, апасы жана 14 жаштан жогору болбогон бала) кирет.
Мелдештер эркектер жана аялдар командаларынын ортосунда 35 жашка чейинки жана 35 жаштан жогорку курактагылар үчүн (аркан тартуудан тышкары) өз-өзүнчө өткөрүлөт. Спорттук оюндардын бардык катышуучулары медициналык текшерүүдөн өтүүгө жана тийиштүү ырастоого (уруксаты) жана камсыздандыруу жөнүндө ырастоого ээ болууга тийиш.
5. Жеңүүчүлөрдү аныктоо жана сыйлоо
1. Спорттук оюндардын программасына кирген спорттун ар бир түрүндө төмөнкүлөр ойнолот:
- спорттун жекече түрлөрүндө жеке биринчилик;
- спорттун оюн жана жамааттык түрлөрүндө командалык биринчилик.
2. Жеке биринчиликте 1-ден 3-орунга чейин ээлеген катышуучулар медалдар, дипломдор менен сыйланат.
3. Спорттун оюн жана жамааттык түрлөрү: стол тенниси, волейбол, пляждык волейбол, мини-футбол, пляждык футбол, аркан тартуу, стритбол боюнча командаларда 1-ден 3-орунга чейин ээлеген үй-бүлөлүк командалар медалдар, дипломдор жана вымпелдер менен сыйланат.
6. Арыз берүү мөөнөттөрү
Спорттук оюндарга катышууга алдын ала арыздар (спорттун түрүн жана программанын номерин көрсөтүү менен) 2012-жылдын 10-июлуна чейин VIII эл аралык спорт оюндардын уюштуруу жана өткөрүү комитетине төмөнкү дарек боюнча берилет: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү, 17, факс (0312) 32-53-08, тел.: 62-51-58, 32-54-47; 32-53-93; 62-51-90.
Энчилүү арыздар жана ар бир катышуучуга тийиштүү документтер (паспорт, туулгандыгы тууралуу күбөлүк, медициналык маалымкат, камсыздандыруу полиси) делегациялар келген күнү каттоо учурунда Мандат комиссиясына берилет.
Катышуучулардын курактары финалдык мелдештер күнү аныкталат. Катышуучуларды жана жетекчилерди аккредитациялоо мандат комиссиясынан өткөндөн кийин жүргүзүлөт, аларга катышуучунун күбөлүгү, төш белгиси, маалыматтык документтердин жыйнагы тапшырылат.
7. Спорттук оюндардын катышуучуларын
кабыл алуу
Делегациялардын мүчөлөрүнүн Бишкекке жана мелдеш өтүүчү жерге чейин жана андан кайра кеткен жол киреси, жайгаштыруу, тамак-ашы менен байланышкан чыгымдарды командировкага жиберген уюмдар тартат. Спорттук оюндарда спортсмендин, машыктыруучунун бир күн болушу (бир кишиге) - 50 АКШ доллары. Чет өлкөлүк командалардын бардык катышуучулары үчүн кирүү төгүмү бир кишиге 10 АКШ долларын түзөт.
Спорттук оюндарды өткөрүү боюнча чыгымдарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги "Шериктештикте - тынчтык жана ден соолук" урааны астында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин VIII эл аралык спорттук оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча Уюштуруу комитети менен макулдашуу боюнча тартат.
Жайгаштыруу үчүн уюштуруучулар белгилеген жерлерден тышкары өз алдынча жайгашууга катуу тыюу салынат; бул шартты бузган адамдар мелдештерге кое берилбейт, техникалык натыйжалар аларга берилбейт, командировкалык күбөлүктөрүнө белги коюлбайт жана уюштуруучулар алардын коопсуздугу жана ден соолугунун абалы үчүн жоопкерчилик тартпайт.
8. Спорттун түрлөрү боюнча мелдештердин
программасы
Спорттук оюндардын спорттук программасына эркектер, аялдар, үй-бүлөлүк командалар үчүн спорттун жеткиликтүү жана белгилүү түрлөрү киргизилген. Катышуучулар жана командалар спорттун арыз берилген түрлөрүнө катышат.
Спорттун ар бир түрүндө мелдештерди өткөрүүнүн тартиби Башкы калыстар коллегиясы тарабынан аныкталат.
Уюштуруу комитети түзүлгөн жагдайга жараша (катышуучулардын, командалардын саны, аба ырайы ж.б.) Башкы калыстар коллегиясына финалдык мелдештерди өткөрүү тартибин жана күнүн өзгөртүүгө уруксат бере алат. Бул туурасында делегациялардын жетекчилерине жана мелдештин катышуучуларына күн мурдатан билдирилет.
II. Спорттун түрлөрү
9. Гиря спорту
Мелдештер 70, 80, 90 жана 90 кг жогору салмак категорияларында өткөрүлөт. 35 жашка чейинки жана 35 жаштан жогорку курактык топтор үчүн гирянын салмагы 32 кг. Көнүгүүнү аткарууга 10 мүнөт берилет. Салмакка тартуу мелдештер башталганга чейин 1 саат калганда жүргүзүлөт. "Булкуп көтөрүү" көнүгүүсүн аткаруу бир ыкма менен бир колдоп, андан кийин экинчи кол менен аткарылат.
Жеңүүчү ар бир салмак категориясында оң жана сол колу менен көтөрүүнүн эң көп суммасы боюнча аныкталат.
Эстафета: команданын курамы курагына жана салмак категориясына карабастан - 3 кишиден турат. Булкуп көтөрүү бир кол менен ар бир спортсмен тарабынан токтоосуз 3 мүнөттүн ичинде аткарылат. 9 мүнөттүн ичинде көтөрүүнүн кыйла көп санын аткарган команда жеңип чыгат.
10. Дартс
Жеке мелдештер эркектер менен аялдар ортосунда өз-өзүнчө өткөрүлөт.
Мелдештерге ар бир командадан экиден ашпаган спортсмен катышат.
Оюндун форматы: Олимпиадалык система боюнча "501" 1 сет х 3 лега. Мелдештердин эрежелерине ылайык "Чоң раунд" көнүгүүсү боюнча рейтингдик мелдештер алдын ала өткөрүлөт, анын жыйынтыгы боюнча "501" оюнуна топтолгон упайлардын кыйла көп саны боюнча 16 спортсмен (өз-өзүнчө эркектер менен аялдар) кое берилет.
11. Жеңил атлетика
Жеке мелдештер. Эркектер: 1000 м жана 3000 м кросс, ордунан туруп узундукка секирүү, ядро түртүү.
Аялдар: 500 м жана 1000 м кросс, ордунан туруп узундукка секирүү, ядро түртүү.
Жеңүүчү 35 жашка чейинки жана 35 жаштан жогорку курактык топтордогу эркектер жана аялдар арасында өз-өзүнчө эң мыкты натыйжа боюнча аныкталат.
12.Мини-футбол (эркектер арасында)
жана пляждык футбол
(эркектер жана аялдар командалары арасында)
Команданын курамы - 12 киши. Мелдештер 35 жашка чейинки жана 35 жаштан жогорку курактык топтордо колдонуудагы эрежелер жана ФИФАнын регламенти боюнча өткөрүлөт.
Командалар топтор боюнча бөлүнөт, мелдештер айлампа системасы боюнча өткөрүлөт. Утуп чыккандыгы үчүн команда 3 упай, тең чыкса - 1 упай, утулуп калса - 0 упай алат.
Эки же андан ашык командаларда упайлар тең болуп калган учурда көп утушка жетишкен, мында упайлардын саны боюнча көрсөткүч жана өз ара оюндарда топтордун катышы бирдей болсо да, ушул этаптын бардык беттешүүлөрүндө киргизилген жана өткөрүп жиберилген топтордун эң мыкты катышына ээ болгон командага берилет.
Бир беттешүү убактысын Башкы калыстар коллегиясы аныктайт.
13. Теннис
Команданын курамы - 2 киши. Жеке мелдештер. Мелдештер 35 жашка чейинки жана 35 жаштан жогорку курактык топтордо эркектер менен аялдар арасында өткөрүлөт. Аны өткөрүү чыгып калуу системасы боюнча жүргүзүлөт. Бардык сеттерде оюн "Тайм брейк" системасы боюнча жүргүзүлөт.
Жеке аялдар жана эркектер разряды, жуп, микс боюнча өткөрүлөт.
14. Стол тенниси
Мелдештер жеке зачет боюнча гана өткөрүлөт, ага жеке жана түгөйлөш (аялдар, эркектер жана аралаш) разряддар кирет. Мелдештер 35 жашка чейинки жана 35 жаштан жогорку курактык топтордо эркектер менен аялдар арасында өткөрүлөт. Бардык беттешүүлөр көп учурда беш партиядан өткөрүлөт.
Жеке разряд.
Эгерде белгилүү курактык топтогу спортсмендердин саны 6 катышуучудан ашпаса, анда оюндар бир этап менен айлампа системасы боюнча өткөрүлөт. Эгерде белгилүү курактык топтогу спортсмендердин саны 6 катышуучудан ашса, анда оюндар эки этап менен айлампа системасы боюнча өткөрүлөт:
- алдына ал этапта катышуучулар чакан топторго (мүмкүн болушунча бир команданын катышуучулары бир чакан топто болбоого тийиш) бөлүнөт. Чакан топтордун санын катышуучулардын жалпы санына жараша Башкы калыстар коллегиясы аныктайт;
- өздөрүнүн чакан топторунда 1- жана 2-орунду ээлеген катышуучулар финалдык топ түзүшөт, анда алар байгелүү орундар үчүн ат салышат. Катышуучулардын алдын ала этаптагы натыйжалары эсепке алынат.
Алдын ала этапта катышуучулардын чучукулагы команданын арызда көрсөтүлгөн ордун эске алуу менен өткөрүлөт (анда катышуучулар "чеберчилигинин" төмөндөшү боюнча жайгаштырылат, б.а. күчтүү спортсмен биринчи сапка жайгаштырылат ж.б.).
15. Жуп разряд
Командага таандыгына карабастан жуптар мелдештерге катышууга кое берилет (арызда тийиштүү команданын мүчөлөрүнүн жубу болгондугун эске алуу менен).
Эгерде белгилүү курактык топто жуптардын саны 4 катышуучудан аз болсо (бир жуп - бир катышуучу), анда Башкы калыстар коллегиясынын каалоосу боюнча курактык топтордун катышуучулары бириктирилиши мүмкүн. Оюндар "тикелей нокаут" системасы боюнча жүргүзүлөт.
16. Аркан тартуу
Команданын курамы делегация мүчөлөрүнүн ичинен 8 кишиден турат.
Аркан тартуу боюнча мелдештерде курагына жана салмак категориясына карабастан абсолюттуу жеңүүчү аныкталат. Аркандын узундугу 33,9 м чейин, диаметри 10 сантиметрден 12,5 сантиметрге чейин болуп, ортосуна кызыл тасма байланат, кызыл тасмадан оңду жана солду көздөй 4 жана 5 метр аралыкта ак жана көк тасма байланат.
Аркан тартуу боюнча мелдеш өткөрүлүүчү жерде жеңүүчүнү аныктоо үчүн контролдук сызык сызылат. Калыстын белгиси боюнча ар бир команда бир учурда жеңүүчү аныкталганча арканды тарта баштайт. Командалардын ортосундагы беттешүү үч жолу болот. Эгерде командалардын бири эки партияда жеңишке жетишсе, үчүнчүсү өткөрүлбөйт. Ар бир жолку беттешүүдөн кийин командалар 2 мүнөттөн ашпаган эс алууга чыгышат. Кийими эркин формада. Команданын курамында делегациянын каалаган мүчөсү (анын ичинде аялдар) да катыша алат.
17. Сууда сүзүү
Жеке мелдештер 35 жашка чейинки жана 35 жаштан жогорку курактык топтордо өткөрүлөт.
Эркектер жана аялдар: 50 м - брасс, 50 м - баттерфляй, 100 м чалка чабак, 100 м - эркин стиль жана эстафета 4 х 50 м в/с.
50 м - чалка чабак, 50 м - эркин стиль, 100 м - брасс, 100 м баттерфляй, эстафета 4 х 100 м в/с, 100 м - комплекстүү сүзүү, эстафета 4 х 50 м - аралаш.
Абсолюттук Чемпион үч дистанцияда (50 м жана 100 м сүзүүнүн тандаган ыкмасында жана 100 м к/сүзүүдө) топтогон упайларынын суммасы боюнча аныкталат.
18. Волейбол
Команданын курамы - 12 спортсмен жана 1 машыктыруучу. Жеңүүчү 35 жашка чейинки жана 35 жаштан жогорку курактык топтордо эркектер жана аялдар арасында өз-өзүнчө аныкталат.
Зачет жана жеңүүчүлөрдү аныктоо:
Эки жана андан ашык командада упайлар тең болуп калганда орундар ырааты менен төмөнкүдөй аныкталат:
а) өз ара беттешүүлөрдө жеңиштердин саны;
б) өз ара беттешүүлөрдө партиялардын катышы;
в) өз ара беттешүүлөрдө партиялардагы топтордун катышы;
г) бардык беттешүүлөрдөгү катыш;
д) бардык беттешүүлөрдөгү топтордун катышы.
Эгерде жогоруда аталган пункттардын бири боюнча бирдей көрсөткүчтөргө ээ болгон командалардын ортосунда орундарды бөлүштүрүүдө бир же бир нече команданын орду аныкталса, калгандары бирдей көрсөткүчкө ээ болсо, анда алардын ортосундагы орундар а, б, в, г, д пункттары боюнча аныкталат.
19. Пляждык волейбол
Команданын курамы - 2 киши. Жеңүүчү 35 жашка чейинки жана 35 жаштан жогорку курактык топтордо эркектер жана аялдар арасында өз-өзүнчө аныкталат. Алдын ала мелдештер үч партия менен өткөрүлөт. Финалдык мелдештерди өткөрүү системасы жана шарттары Башкы калыстар коллегиясы тарабынан аныкталат.
20. Стритбол
Команданын курамы - 4 киши. Мелдештер 35 жашка чейинки жана 35 жаштан жогорку курактык топтордо эркектер жана аялдар арасында өз-өзүнчө өткөрүлөт.
Оюн 20 мүнөт өткөндөн кийин ("булганыч" оюн убактысы) командалардын бири 16 упай топтоп, ал эми эсептеги айырмачылык 8 упайга жеткенде токтойт.
20 мүнөт өткөндөн кийин эсеп тең болуп калган учурда оюн биринчи топ киргизилгенге чейин улантылат. Оюн чакан топтордо өткөрүлгөн учурда жеңиш үчүн команда 2 упай, утулуу - 1 упай, 8 жана андан ашык упай айырма менен жеңүүчү - 3 упай алат. Команда оюнга келбей койгондо 0 упай, ал эми анын каршылашы 2 упай алат.
21. Армрестлинг
Команданын курамы - 11 киши, анын ичинде 3 аял, 6 эркек, 1 машыктыруучу, 1 калыс.
Мелдеш жеке мелдеш сыяктуу өткөрүлөт: эркектер менен аялдар арасында оң колго, эки курактык топ боюнча 35 жашка чейин (сениорлор) жана 35 жаштан жогоркулар (чеберлер) өткөрүлөт.
Эркектердин салмак категориялары:
сениорлор - 60 кг, 70 кг, 80 кг, 90 кг, 100 кг, 100+ кг;
чеберлер - 70 кг, 80 кг, 80+ кг.
Аялдардын салмак категориялары:
сениорлор - 60 кг, 70 кг, 70+ кг;
чеберлер - 60 кг, 60+ кг.
Катышуучулардын санына жараша калыстар коллегиясынын чечими боюнча салмак категорияларын жылдыруу жана бириктирүүгө жол берилет. Мелдештер 2 утулуудан кийин чыгып калуу системасы боюнча өткөрүлөт. Мелдештер ДАФ (Дүйнөлүк армрестлинг федерациясы) эл аралык эрежелери боюнча өткөрүлөт.
22. "Ысык-Көлдүн Баатыры" конкурсу
Жеке мелдештер 35 жашка чейинки жана 35 жаштан жогорку курактык топтордо өткөрүлөт.
Конкурстун жеңүүчүсү спорттун төмөнкү түрлөрүндө ээлеген орундардын эң аз суммасы боюнча аныкталат жана ар бир түр боюнча эстелик медаль менен сыйланат.
- сууда сүзүү 50 м - эркин стиль;
- Бука Тартыш (аркан тартыш);
- жүктүн ордун которуу (салмагы 100 кг келген таш);
- күрөш.
23. "Ысык-Көл чүрөгү" конкурсу
"Ысык-Көл чүрөгү" наамы Башкы калыстар коллегиясы тарабынан спорттун көрсөтүлгөн түрлөрү (сууда сүзүү, жеңил атлетика, дартс, стол тенниси жана үй-бүлөлүк команда) боюнча мелдештерде эң аз сандагы упай алган спортсменкага берилет.
Программанын ар бир түрү боюнча жеңүүчүлөр сыйланат.
III. Үй-бүлөлүк командалар үчүн мелдештердин
программасы
24. Дартс
Мелдеш "Сектор 20" көнүгүүлөрү боюнча мелдештердин эрежелерине ылайык өткөрүлөт.
Командалык биринчилик команданын бардык мүчөлөрү топтогон упайлардын суммасы боюнча балдары жана кыздары бар үй-бүлөлөр ортосунда өз-өзүнчө аныкталат.
25. Жеңил атлетика
Жеңил атлетикалык эстафета: 200 м - атасы; 140 м - апасы; 60 м баласы.
Командалык биринчилик балдары жана кыздары бар командалар үчүн өз-өзүнчө эстафетада көрсөтүлгөн эң мыкты натыйжа боюнча аныкталат.
26. Стол тенниси
Команданын курамы - 2 киши (бала, атасы же апасы). Мелдештерди өткөрүү системасы Башкы калыстар коллегиясы тарабынан аныкталат. Мелдештер жуп өткөрүлөт. Жеңүүчүлөр балдары жана кыздары бар командалар үчүн өз-өзүнчө аныкталат.
27. Сууда сүзүү
Эстафета (эркин стиль): 1 - этап: 25 м - баласы; 2 - этап: 25 м апасы; 3 - этап: 50 м - атасы.
Командалык биринчилик балдары жана кыздары бар командалар үчүн өз-өзүнчө эстафетада көрсөтүлгөн эң мыкты натыйжа боюнча аныкталат.
Оюндардын программасында 9-сентябрда төмөнкүдөй иш-чаралар өткөрүлөт:
- "XXI кылым - дени сак улуттун кылымы" урааны астында жеңил атлетикалык жарыш (аралык - 2012 м), ага бардык каалоочулар, ошондой эле жүгүрүүнү сүйүүчүлөр, жергиликтүү тургундар, меймандар жана эс алып жаткандар чакырылат.
Бардык катышуучуларга төшкө тагылуучу номер берилет.
- жапырт сууда сүзүү (аралык 300 м). Жеңүүчүлөргө, байге ээлерине жана айрым катышуучуларга грамоталар жана эстелик медалдар тапшырылат.
Чуркоонун жана сууда сүзүүнүн бардык катышуучуларына төш белгилер, маалыматтык материалдардын жыйнагы, белектер, желекчелер, ыраазычылык каттары жана Спорттук оюндардын афишалары берилет.
Эскертүү:
Спорттун ар бири түрүнө делегациялар (Мамагенттик менен макулдашуу боюнча) улуттук (бүткүл союздук) категориядан төмөн болбогон жана эл аралык мелдештерди өткөрүүдө тажрыйбасы бар машыктыруучулардын жана спорттук калыстардын чексиз санын кошууга укуктуу, алар Башкы калыстар коллегиясынын макулдугу менен мелдештерге калыстык кылууга кое берилиши мүмкүн.
Спорттук оюндардын программасына улуттук спорттук уюмдардын сунушу боюнча спорттун түрлөрү боюнча көрсөтмөлүү мелдештер Уюштуруу комитети менен макулдашуу боюнча кошулушу мүмкүн.
Курактык чектер көрсөтүлгөн спорттун түрлөрүндө улуу курактык топтогуларга кенже топтогулардын (армрестлингден тышкары) мелдештерине катышууга уруксат кылынат.
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-августундагы № 358-б буйругу менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;
Спорт уюмдарынын эл аралык конфедерациясынын президенти, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча).
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри;
Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;
Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри;
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары;
Ысык-Көл облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатор;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - аким;
Спорт уюмдарынын эл аралык конфедерациясынын вице-президенти (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио берүү корпорациясынын президенти (макулдашуу боюнча);
Кыргызстан профсоюздар федерациясынын төрагасы (макулдашуу боюнча).