Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 25-августу № 370-б
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-августундагы № 338-б буйругунун редакциясына ылайык)
Италия Республикасынын Милан шаарында "Планетаны сактап, өмүр үчүн энергия алуу" деген девиз алдында "ЭКСПО-2015" дүйнөлүк көргөзмөнү өткөрүүгө катышуу үчүн жана Италия Республикасынын Премьер-министринин расмий чакыруусуна байланыштуу:
1. "ЭКСПО-2015" дүйнөлүк көргөзмөсүнө 2015-жылдын 1-майынан 31-октябрына чейин катышуу ишке ашырылсын.
2. "ЭКСПО-2015" дүйнөлүк көргөзмөсүнө даярдык көрүү жана Кыргыз Республикасынын катышуусу боюнча уюштуруу комитетинин курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Уюштуруу комитети:
- "ЭКСПО-2015" дүйнөлүк көргөзмөсүнө даярдык көрүү жана Кыргыз Республикасынын катышуусу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыксын жана бекитсин;
- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен биргеликте "ЭКСПО-2015" дүйнөлүк көргөзмөсүнө экспозицияны уюштуруу жана Кыргыз Республикасынын катышуусу боюнча чыгымдардын сметасын түзүү жана сарптоолорду андан ары каржылоо менен бекитүү үчүн зарыл эсептөөлөрдү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берсин.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-августундагы № 338-б буйругунун редакциясына ылайык)
4. (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-августундагы № 338-б буйругунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)
5. Бардык уюштуруу-техникалык маселелерди чечүү боюнча иш-милдеттерди тапшыруу менен Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы көргөзмөнүн улуттук оператору болуп аныкталсын (макулдашуу боюнча).
6. "ЭКСПО-2015" дүйнөлүк көргөзмөсүндө Кыргыз Республикасынын экспозицияларынын башкы комиссары болуп Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти (макулдашуу боюнча) Италияда уюштуруу комитетинин эл аралык пландагы кеңешмелерине жана жыйындарына "ЭКСПО-2015" маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген катары катышууну тапшыруу менен дайындалсын.
Премьер-министр | А.Атамбаев |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президента, уюштуруу комитетинин терагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Италия Республикасындагы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси;
Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын торагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын терагасынын биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын вице-президента (макулдашуу боюнча).
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-августундагы № 338-б буйругунун редакциясына ылайык)