Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 21-августу № 338-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнун 2011-жылдын 25-августундагы № 370-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 3-пунктунун үчүнчү абзацындагы «Экономикалык жөнгө салуу министрлиги" деген сөздөр "Экономика министрлиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 4-пункту күчүн жоготту деп табылсын;
- 7-пунктуңдагы "стратегиялык өнүктүрүү" деген сездөр "инвестициялар" деген создер менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Италия Республикасынын Милан шаарында болуучу "ЭКСПО-2015" дүйнөлүк көргөзмөсүнө даярдык көрүү жана Кыргыз Республикасынын катышуусу боюнча уюштуруу комитетинин курамы ушул буйруктун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-августундагы №338-б буйругуна тиркеме |
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президента, уюштуруу комитетинин терагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Италия Республикасындагы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси;
Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын торагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын терагасынын биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын вице-президента (макулдашуу боюнча).