Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-февралы № 52
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым аймактык шайлоо комиссиялардын чечимдерин бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык, Токтогул, Чаткал, Панфилов, Баткен, Кызыл-Кыя, Бакай-Ата, Талас, Кара-Буура, Алай, Араван, Ош жана Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиялар жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токтогул, Чаткал, Панфилов, Баткен, Кызыл-Кыя, Бакай-Ата, Талас, Кара-Буура, Алай, Араван, Ош жана Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды 2-тиркемеде көрсөтүлгөн шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.
2. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.
3. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
4. Бул токтом "Эркин Too" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |
|
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын тизмеси
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Талапкерди депутат деп таануу жөнүндө БШКнын токтомунун № жана датасы |
Жалал-Абад облусу | ||||
Чаткал району | ||||
1 | Чаткал айылдык | Исабеков Бакытбек Ниязбекович | Өз арызы, айыл өкмөт башчысы болуп шайланган | № 261, 24.12.2016-ж. |
Чүй облусу | ||||
Панфилов району | ||||
2 | Орто айылдык | Арыков Эркин Улукбекович | Өз арызы, айыл өкмөт башчысы болуп шайланган | № 265, 24.12.2016-ж. |
Баткен облусу | ||||
Баткен району | ||||
3 | Ак-Сай айылдык | Эргешов Маннап Саткынбаевич | Өз арызы | № 251, 24.12.2016-ж. |
4 | Кыштут айылдык | Эркебаев Ашырали Анарбаевич | Өз арызы, айыл өкмөт башчысы болуп шайланган | |
Кызыл-Кыя шаары | ||||
5 | Кызыл-Кыя шаардык | Жолдошова Санталат Нишановна ("Кыргызстан" саясий партиясы) | Өз арызы | № 246, 24.12.2016-ж. |
6 | Эрматов Абдимиталип Маматисаевич ("Кыргызстан социал-демократиялык партиясы" саясий партиясы) | Өз арызы | ||
Талас облусу | ||||
Бакай-Ата району | ||||
7 | Боо-Терек айылдык | Кермалиев Идирис Дуйшенкулович | Өз арызы, айыл өкмөт башчысы болуп шайланган | № 255, 24.12.2016-ж. |
8 | Ак-Дөбө айылдык | Орозбаев Жамалбек Осмонович | Өз арызы, айыл өкмөт башчысы болуп шайланган | № 255, 24.12.2016-ж. |
9 | Ленинполь айылдык | Доулбеков Нурлан Азейинкулович | Өз арызы, айыл өкмөт башчысы болуп шайланган | № 255, 24.12.2016-ж. |
Талас району | ||||
10 | Омуралиев айылдык кеңеши | Эдилов Талантбек Расабекович | Өз арызы, айыл өкмөт башчысы болуп шайланган | № 255, 24.12.2016-ж. |
Кара-Буура району | ||||
11 | Кара-Буура айылдык | Анаркул уулу Нурдин | Өз арызы, айыл өкмөт башчысы болуп шайланган | № 255, 24.12.2016-ж. |
12 | Бакайыр айылдык | Чыналиев Рапил Анарбекович | Өз арызы, айыл өкмөт башчысы болуп шайланган | № 255, 24.12.2016-ж. |
13 | Чолпонбай айылдык | Маткеримов Айдар Сыйдабекович | Өз арызы, айыл өкмөт башчысы болуп шайланган | № 255, 24.12.2016-ж. |
Ош облусу | ||||
Алай району | ||||
14 | Сары-Таш айылдык | Эмилов Баймамат Абылкасымович | Өз арызы, айыл өкмөт башчысы болуп шайланган | № 271, 26.12.2016-ж. |
15 | Үч-Төбө айылдык | Токтомамат уулу Нурмухамед | Өз арызы, айыл өкмөт башчысы болуп шайланган | № 271, 26.12.2016-ж. |
16 | К.Белекбаев (Алай) айылдык | Кеңеш уулу Бектурсун | Өз арызы, айыл өкмөт башчысы болуп шайланган | № 271, 26.12.2016-ж. |
17 | Гүлчө айылдык | Жапанов Шерикбай Джеңишбекович | Өз арызы | № 271, 26.12.2016-ж. |
18 | Болбур уулу Алтынбек | Өз арызы, айыл өкмөт башчысы болуп шайланган | № 271, 26.12.2016-ж. | |
19 | Жошолу айылдык | Абдырахманов Туратбек | Өз арызы, айыл өкмөт башчысы болуп шайланган | № 271, 26.12.2016-ж. |
Араван району | ||||
20 | Мангыт айылдык | Абдуллаев Азизбек Ашимжанович | Өз арызы, айыл өкмөт башчысы болуп шайланган | № 271, 26.12.2016-ж. |
Ош шаары | ||||
21 | Ош шаардык | Зулимов Шакир Мулашевич ("Кыргызстан социал-демократиялык партиясы" саясий партиясы) | Өз арызы, муниципалдык кызматка дайындалган | № 77, 11.04.2016-ж. |
Ысык-Көл облусу | ||||
Жети-Өгүз району | ||||
22 | Оргочор айылдык | Касмалиев Таалайбек Усенович | Өз арызы, айыл өкмөт башчысы болуп шайланган | № 72, 11.04.2016-ж. |
23 | Ырдык айылдык | Дыйканбаев Аскатбек Шарипович | Өз арызы, айыл өкмөт башчысы болуп шайланган | № 267, 24.12.2016-ж. |
24 | Тамга айылдык | Усенбаев Нурдолот Толошович | Өз арызы, айыл өкмөт башчысы болуп шайланган | № 267, 24.12.2016-ж. |
25 | Дархан айылдык | Бейшенов Мирлан Бейшенович | Өз арызы, айыл өкмөт башчысы болуп шайланган | № 267, 24.12.2016-ж. |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 21-февралындагы № 52 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин тизмеси
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.Ж. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Жалал-Абад облусу | ||||
Токтогул району | ||||
1 | Кызыл-Өзгөрүш айылдык | Сатаров Муратбек Окушович | Дыйкан чарба, жетекчи | № 6, 17.02.2017-ж. |
Чаткал району | ||||
2 | Чаткал айылдык | Кошокбаев Эгемберди | Убактылуу иштебейт | № 3, 17.02.2017-ж. |
Чүй облусу | ||||
Панфилов району | ||||
3 | Орто айылдык | Аманкулов Мирбек Жумакадрович | Убактылуу иштебейт | № 18, 14.02.2017-ж. |
Баткен облусу | ||||
Баткен району | ||||
4 | Ак-Сай айылдык | Абдырахманов Адылбек Талиевич | "Жыргалбек Курулуш" ЖЧК, жетекчи | № 34, 17.02.2017-ж. |
5 | Кыштут айылдык | Амираев Кубаныбек Аскарович | Жеке ишкер | № 35, 17.02.2017-ж. |
Кызыл-Кыя шаары | ||||
6 | Кызыл-Кыя шаардык | Матраимов Толонали ("Кыргызстан" саясий партиясы) | Убактылуу иштебейт | № 01, 30.01.2017-ж. |
7 | Турдуматов Камчубек Исмаилович ("Кыргызстан социал-демократиялык партиясы" саясий партиясы) | Жеке ишкер | № 02, 10.02.2017-ж. | |
Талас облусу | ||||
Бакай-Ата району | ||||
8 | Боо-Терек айылдык | Сатыбеков Мирлан Бейшенович | Б.Сатыбеков атындагы орто мектеби, мугалим | № 9, 15.02.2017-ж. |
9 | Ак-Дөбө айылдык | Мадалиев Баратбай Алимбаевич | Акчал уулу Дуйшон атындагы орто мектеби, айдоочу | |
10 | Ленинполь айылдык | Абдыраимов Азат Сабырбекович | Бердике уулу Нарикбай атындагы орто мектеби, чарба башчы | |
Талас району | ||||
11 | Омуралиев айылдык кеңеши | Жапаров Муса Шайлообекович | "Түндүкэлектро" ААК, Чатбазар УЭС, башчы | № 10, 20.02.2017-ж. |
Кара-Буура району | ||||
12 | Кара-Буура айылдык | Кадырбаев Чынгызбай Таджибаевич | Дыйкан чарба, мүчө | № 11, 10.02.2017-ж. |
13 | Бакайыр айылдык | Байышова Суйумкан Кожомуратовна | Чалданбаев атындагы орто мектеби, мугалим | № 11, 10.02.2017-ж. |
14 | Чолпонбай айылдык | Уметбеков Руслан Багышбекович | Дыйкан чарба, мүчө | № 11, 10.02.2017-ж. |
Ош облусу | ||||
Алай району | ||||
15 | Сары-Таш айылдык | Эсенбаев Сагынбек Жусубалиевич | ДЭП-960, жол мастери | № 19, 16.02.2017-ж. |
16 | Үч-Төбө айылдык | Ашбаев Айдарали Шамиевич | Жеке ишкер | № 19, 16.02.2017-ж. |
17 | К.Белекбаев (Алай) айылдык | Ташиев Женишбек Нурмаматович | Убактылуу иштебейт | № 19, 16.02.2017-ж. |
18 | Гүлчө айылдык | Чапыев Шайбек Бусурманович | Жеке ишкер | № 19, 16.02.2017-ж. |
19 | Талантбек уулу Азамат | № 67 КЛ, мастер ПО | № 19, 16.02.2017-ж. | |
20 | Жошолу айылдык | Мантиева Элмира Аскарбековна | Жаңы-Турмуш айылы, китепкана, башчы | № 19, 16.02.2017-ж. |
Араван району | ||||
21 | Мангыт айылдык | Жапаров Нурсултан Мукудинович | Жеке ишкер | № 2, 20.02.2017-ж. |
Ош шаары | ||||
22 | Ош шаардык | Турдуев Рысбек Акунбаевич ("Кыргызстан социал-демократиялык партиясы" саясий партиясы) | Убактылуу иштебейт | № 37, 20.02.2017-ж. |
Ысык-Көл облусу | ||||
Жети-Өгүз району | ||||
23 | Оргочор айылдык | Уркунов Куланбек Аманатович | Дыйкан чарба, мүчө | № 19, 04.07.2016-ж. |
24 | Ырдык айылдык | Иманбеков Адилет Орозбаевич | Балык өстүрүү чарбасы, инспектор | № 8, 16.02.2017-ж. |
25 | Тамга айылдык | Байтереков Бактыбек Мурзабекович | "Жети-Өгүз" МКА, кредиттик эксперт | № 8, 16.02.2017-ж. |
26 | Дархан айылдык | Чолпонбаев Муратбек Бакашович | "Жууку-Суу" СПА, мурап | № 8, 16.02.2017-ж. |