КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 5-сентябры № 390-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 14-июлундагы № 279-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
- преамбуласы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-апрелиндеги № 30 "2010-жылдын 6-8-апрелиндеги окуяларда курман болгондордун жана майып болгондордун үй-бүлөлөрүн турак жай менен камсыздоо жөнүндө" токтомун аткаруу үчүн, 2010-жылдын 6-8-апрелиндеги окуяларда курман болгондордун жана майып болгондордун үй-бүлөлөрү үчүн турак жай курууну каржылоону камсыздоо, ошондой эле 2010-жылдын апрель окуяларында курман болгондорго эстелик тургузуу жана анын натыйжасында жапа чеккен адамдарды ооруканага жаткыруу, дарылоо, протездөө жана реабилитациялоо максатында:";
- 2-пункт "турак жай куруу үчүн" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле 2010-жылдын апрель окуяларында курман болгондорго эстелик тургузуу жана анын натыйжасында жапа чеккен адамдарды ооруканага жаткыруу, дарылоо, протездөө жана реабилитациялро максатында:" деген сөздөр менен толукталсын.
Премьер-министр | А.Атамбаев |