КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 14-июлу № 279-б
(КР Өкмөтүнүн
2011-жылдын 5-сентябрындагы № 390-б, 2012-жылдын 9-октябры № 485-б буйруктарынын редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-апрелиндеги № 30 "2010-жылдын 6-8-апрелиндеги окуяларда курман болгондордун жана майып болгондордун үй-бүлөлөрүн турак жай менен камсыздоо жөнүндө" токтомун аткаруу үчүн, 2010-жылдын 6-8-апрелиндеги окуяларда курман болгондордун үй-бүлөлөрүн, майып болгон, ошондой эле ок тийип жарадар болуунун же денесинен жаракат алуунун айынан жабырлануучу деп белгиленген тартипте таанылган адамдарды турак-жай менен камсыздоо, ошондой эле 2010-жылдын апрель окуяларында курман болгондорго эстелик тургузуу жана анын натыйжасында жапа чеккен адамдарды ооруканага жаткыруу, дарылоо, протездөө жана реабилитациялоо максатында:
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-октябры № 485-б буйругунун редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын «2010-жылдын 6-8- апрелиндеги окуяларда курман болгондордун жана майып болгондордун үй – бүлөлөрүн турак жай менен камсыздоо максатында каражаттарды топтоо үчүн эсеп, сом менен» деген №1010100037512883 эсебине топтолгон 345,2 млн. сом өлчөмүндөгү каражаттарды 2010-жылдын 6-7-апрелинде курман болгондордун туугандарын жана жабыр тарткандарды социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын (мындан ары – Мамкомиссия) атайын эсебине которсун.
2. Мамкомиссия ушул буйруктун 1-пунктунда аталган каражаттарды 2010-жылдын 6-8-апрелиндеги окуяларда курман болгондордун үй-бүлөлөрүн, майып болгон, ошондой эле ок тийип жарадар болуунун же денесинен жаракат алуунун айынан жабырлануучу деп белгиленген тартипте таанылган адамдарды турак-жай менен камсыз кылуу үчүн , ошондой эле 2010-жылдын апрель окуяларында курман болгондорго эстелик тургузуу жана анын натыйжасында жапа чеккен адамдарды ооруканага жаткыруу, дарылоо, протездөө жана реабилитациялро максатында гана пайдаланууну камсыз кылсын.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-октябры № 485-б буйругунун редакциясына ылайык)
Премьер – министри | А.Атамбаев |