Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 16-сентябры № 419-б
Казакстан Республикасы гуманитардык жардам катары берүүчү 500 тонна көлөмдөгү гибрид жүгөрүнүн үрөнү Кыргыз Республикасына кеч келгенине жана ал үрөндү 2011-жылы жазгы себүүдө пайдаланууга мүмкүн болбогонуна байланыштуу, ошондой эле республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө 2012-жылы жазгы себүүдө пайдалануу үчүн гибрид жүгөрүнүн жогорку сапаттагы үрөнү менен мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-майындагы № 161 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 5-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- үрөн чарбалар жана айылдык товар өндүрүүчүлөр товардык кредиттерди ушул буйрук менен белгиленген акча каражат түрүндө, 2013-жылдын 1-февралына чейинки мөөнөттө кайра төлөөсүн камсыздасын.".
Премьер-министр | А.Атамбаев |