Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 12-майы № 161-б
(КР Өкмөтүнүн
2011-жылдын 16-сентябрындагы № 419-б буйругунун
редакциясына ылайык)
Республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү, ошондой эле Казакстан Республикасы гуманитардык жардам катары берчү гибрид жүгөрүнүн үрөнүн натыйжалуу пайдаланууну контролдоо максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги менен бирдикте:
- Казакстан Республикасынан гуманитардык жардам катары келчү 500,0 тонна көлөмдөгү гибрид жүгөрүнүн уругун убактылуу сактоого алууну уюштурсун;
- товардык кредиттерди бөлүштүрүү боюнча республикалык, облустук жана райондук мамлекеттик комиссиялардын тизмелеринин негизинде жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Экономиканы өнүктүрүү боюнча мамлекеттик фонддун катынын негизинде гибрид жүгөрүнүн үрөнүн айылдык товар өндүрүүчүлөргө өз убагында берүүнү камсыздасын.
2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги:
- гибрид жүгөрүнүн үрөнүн кабыл алууга, бөлүштүрүүгө жана таратууга контролду камсыздасын;
- келчү үрөндүн сапатына лабораториялык контролду ишке ашырсын, ошондой эле кабыл алуу, сактоо жана берүү процессинде Кыргыз Республикасынын техникалык шарттарына ылайык анын сапатын сактоо боюнча ишти уюштурсун.
3. Казакстан Республикасынан келчү гибрид жүгөрүнүн үрөнүнө 1 кг үчүн 28 сом өлчөмдө арзандатылган сатык баа белгиленсин.
4. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
- мамлекеттик карыз каражаттар боюнча бересеси жок жана аны өстүрүүнүн жогорку агрофонун камсыздоого жөндөмдүү субъекттердин ичинен гибрид жүгөрүнүн үрөнүн алуучулардын тизмелерин Товардык кредиттерди бөлүштүрүү боюнча мамлекеттик республикалык комиссияда бекитүү үчүн Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине 3 күндүн ичинде беришсин;
- гибрид жүгөрүнүн үрөнүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кампаларынан райондук борборлорго чейин өздөрү ташып кетиши боюнча ишти уюштурушсун;
- үрөндүн максаттуу пайдаланылышын жана алынган товардык кредиттердин акча каражат түрүндө өз убагында кайра төлөнүшүн контролго алсын.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Экономиканы өнүктүрүү боюнча мамлекеттик фонд:
- Товардык кредиттерди бөлүштүрүү боюнча мамлекеттик республикалык комиссияда бекитилген тизменин негизинде жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-апрелиндеги № 147 токтому менен бекитилген Айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик кредиттерди товардык-материалдык ресурстар түрүндө бөлүштүрүү жана берүү тартиби жөнүндө жобого ылайык, гибрид жүгөрүнүн үрөнүн товардык кредит катары алуучулар менен кредиттик жана күрөөлүк келишимдерди өз убагында тариздөөнү камсыздасын;
- үрөн чарбалар жана айылдык товар өндүрүүчүлөр товардык кредиттерди ушул буйрук менен белгиленген акча каражат түрүндө, 2013-жылдын 1-февралына чейинки мөөнөттө кайра төлөөсүн камсыздасын.
6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- облустук мамлекеттик администрацияларды - гибрид жүгөрүнүн үрөнүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги менен макулдашылган баалар боюнча райондук борборлорго жеткирүүгө кеткен чыгымдардын ордун толтурууну кошумча каржыласын;
- зарыл болсо - "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын башка өлкөлөрдүн темир жол компанияларына таандык эгин ташыгычтардын келишине төлөгөн акысын жабууну бул ишкана берген документтерге ылайык кошумча каржыласын;
- документтерди тариздөөгө, гибрид жүгөрүнүн үрөнүн жеткирүү, жүктөө-түшүрүү, кабыл алуу жана берүү жумуштарына байланыштуу чыгымдардын 2011-жылга карата бекитилген республикалык бюджеттин чегинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна каралган бюджеттик ассигнованиелердин эсебинен каржыланышын камсыздасын.
7. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министр | А.Атамбаев |