Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 21-сентябры № 430-б
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасын имарат менен камсыздоо максатында, ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясы республикалык бюджетке бересе экенин эске алуу менен:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жана Бишкек шаарынын мэриясы менен бирдикте:
- иш жүзүндө аткарылган жумуштар үчүн бересени Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин талаптарына ылайык Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына өткөрүп берүү жөнүндө подрядчы менен сүйлөшүү жүргүзсүн;
- Бишкек шаарынын мэриясы Бишкек шаары, Токтоналиев көчөсү, номери жок даректе жайгашкан, Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган, курулушу бүтө элек мейманкана комплексинин объектин бекитип берилген 1,563 га жалпы аянттагы жер участогу менен кошо өткөрүп берүү жөнүндө тийиштүү чечим кабыл алгандан кийин баалоо жүргүзүшсүн жана Бишкек шаары, Токтоналиев көчөсү, номери жок даректе жайгашкан, Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган, курулушу бүтө элек мейманкана комплексинин объектин бекитип берилген 1,563 га жалпы аянттагы жер участогу менен кошо мамлекеттин менчигине алышсын жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына операциялык башкарууга өткөрүп беришсин;
- Бишкек шаары, Орозбеков көчөсү, 72 дарегинде жайгашкан жер участокко (Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын эски имараты) баалоо жүргүзүшсүн жана Бишкек шаары, Токтоналиев көчөсү, номери жок даректе жайгашкан, өткөрүп берилген объекттин акысынын эсебине өткөрүп беришсин.
2. Бишкек шаарынын мэриясына төмөнкүлөрдү белгиленген тартипте ишке ашыруу сунуш кылынсын:
- Бишкек шаары, Токтоналиев көчөсү, номери жок даректе жайгашкан, Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган, курулушу бүтө элек мейманкана комплексинин объектин бекитип берилген 1,563 га жалпы аянттагы жер участогу менен кошо мамлекеттик менчикке өткөрүп берүү жөнүндө чечим чыгаруу;
- курулушу бүтө элек аталган объектти, курулушту бүтүрүүгө арналган товардык-материалдык баалуулуктар үчүн кредитордук карызды жана подрядчыга иш жүзүндө аткарылган жумуштар үчүн бересени мамлекеттин менчигине өткөрүп берүү;
- курулушу бүтө элек мейманкана комплексинин объектин сатуудан түшкөн акча каражатты Бишкек шаары, Орозбеков көчөсү, 72 дарегинде жайгашкан жер участоктун (Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын эски имараты) наркын кармап калгандан кийинкисин Бишкек шаарынын мэриясынын республикалык бюджетке чет өлкөлүк кредиттер боюнча карызын жоюу үчүн которуу.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул буйруктун 1-пункту аткарылгандан кийин:
- Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына:
курулушту бүтүрүү үчүн товардык-материалдык баалуулуктардын наркы боюнча;
Бишкек шаары, Токтоналиев көчөсү, номери жок даректе жайгашкан, курулушу бүтө элек мейманканалык комплекс объектинин баасынын Бишкек шаары, Орозбеков көчөсү, 72 дарегинде жайгашкан жер участоктун (Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын эски имараты) наркын кармап калгандан кийинки суммасы боюнча, карызын жоюу үчүн акча каражат бөлүү менен "Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоорун даярдасын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-ноябрындагы № 511 буйругу күчүн жоготту деп эсептелсин.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнө жана финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министр | А.Атамбаев |