Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2011-жылдын 21-сентябрындагы № 430-б буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 12-сентябры № 511-б
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотун сот бийлигинин жогорку органынын статусуна ылайык имарат менен камсыз кылуу максатында, ошондой эле республикалык бюджетке берилүүчү каражаттар боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын карызы жөнүндө маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министриндеги кеңешменин жыйынтыгын эске алуу менен (2008-жылдын 5-декабрындагы кеңешменин № 17-3 протоколу):
1. Бишкек шаары, Токтоналиев көчөсү, н/ж дарек боюнча жайгашкан, наркы 64364300 (алтымыш төрт миллион үч жүз алтымыш төрт миң үч жүз) сом курулушу бүткөрүлө элек, Бишкек шаарынын менчигинде турган мейманкана комплекси бул объектке бекитилип берилген жалпы аянты 1,653 га жер участогу менен, ошондой эле көрсөтүлгөн объектте турган жана курулушту аяктоо үчүн арналган товардык материалдык баалуулуктар мамлекеттик менчикке кабыл алынсын.
2. Бишкек шаарынын мэриясы бул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн курулушу бүтө элек мейманкана комплексинин объектисин республикалык бюджетке берилүүчү каражаттар боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын карызын жабуу эсебинде мамлекеттик менчикке өткөрүп берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына караштуу Мамлекеттик имараттарды пайдалануу жана кармоо боюнча департамент бул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн мейманкана комплекси объектисин мамлекеттик менчикке кабыл алсын, аны мамлекеттик органдарды, алардын ведомстволук жана аймактык органдарын жайгаштыруу үчүн пайдаланылуучу мамлекеттик имараттардын жана жайлардын реестрине (маалыматтар базасына) киргизсин жана аны белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун оперативдүү башкаруусуна өткөрүп берсин.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
- бул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн мейманкана комплекси объектисинин курулушун аяктоо боюнча долбоордук-сметалык документтерди даярдоо жана ремонттук-курулуш иштерин жүргүзүүнү баштоо үчүн 2009-жылга республикалык бюджеттен каражат бөлсүн;
- бул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн мейманкана комплекси объектисин Кыргыз Республикасынын Жогорку соту берген долбоордук-сметалык документтер боюнча республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен каржылануучу курулуштардын жана объекттердин тизмесине киргизсин.
5. Кыргыз Республикасынын Жогорку соту (макулдашуу боюнча) 2010-жылга курулуштардын жана объекттердин тизмесине киргизүү үчүн бул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн, курулушу бүтө элек объекттин курулушун аяктоо жана эксплуатациялоого берүү үчүн долбоордук-сметалык документтерди Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берсин.
6. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын Сот департаменти жана Ош шаарынын мэриясы менен бирдикте 2009-жылдын 20-октябрына чейинки мөөнөттө Ош шаардык сотун сот адилеттигин жүзөгө ашыруу боюнча талаптарга ылайык имаратта жайгаштыруу жөнүндө же болбосо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-августундагы № 492 "Жергиликтүү соттордун кызматтык жайлары үчүн нормативдерди бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген жергиликтүү соттордун кызматтык жайлары үчүн нормативдерге ылайык сот имаратын долбоорлоону жана курууну жүзөгө ашыруу үчүн жер участогу бөлүнгөндүгү жөнүндө сунушун киргизсин.
7. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо жана кадрдык кызмат бөлүмүнө жана мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |