Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 17-июлу № 351-б
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-январындагы № 15-б буйругунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 6-бөлүгүн аткаруу үчүн:
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербин даярдоо менен иштеген юридикалык жактардын тизмеси тиркемеге ылайык бекитилсин.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
Тиркеме
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-январындагы № 15-б буйругунун редакциясына ылайык)
1. "Жаңы Кыял" жоопкерчилиги чектелген коому Бишкек шаары, Орозбеков көчөсү, 121 дареги боюнча жайгашкан.
2. "Кыял" улуттук элдик көркөм өнөрчүлөр бирикмеси Бишкек шаары, Чүй проспектиси, 202 дареги боюнча жайгашкан.
3. "Элан" жоопкерчилиги чектелген коому Бишкек шаары, Жаш Гвардия бульвары, 13/9 дареги боюнча жайгашкан.
4. "Элдик чеберлер союзу" коомдук бирикмеси Бишкек шаары, Кулиев көчөсү, 1 дареги боюнча жайгашкан.
5. Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзунун алдындагы "Көркөм сүрөт фонду" жоопкерчилиги чектелген коому Бишкек шаары, Карасаев көчөсү, 1 дарегинде жайгашкан.