Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-майындагы № 151-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 18-июлу № 359-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Армения Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кош салык салуудан качуу жана киреше салыгын төлөөдөн четтөөнү болтурбоо жөнүндө макулдашуунун долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министрине аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү оңдоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Армения Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы
Кош салык салуудан качуу жана киреше салыгын төлөөдөн четтөөнү болтурбоо жөнүндө
макулдашуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Армения Республикасынын Өкмөтү Кош салык салуудан качуу жана киреше салыгын төлөөдөн четтөөнү болтурбоо жөнүндө Макулдашуу түзүүнү каалоо жана өзүнүн экономикалык, илимий, техникалык жана маданий кызматташууну өнүктүрүүгө жана чыңдоого болгон умтулуусун ырастоо менен,
төмөндөгүлөр тууралуу макулдашты:
1-берене. Макулдашуу колдонула турган жактар
Ушул Макулдашуу бир же эки Макулдашкан мамлекеттин резиденттери болуп эсептелген жактарга карата колдонулат.
2-берене. Макулдашуу жайылтыла турган салыктар
1. Ушул Макулдашуу салыктарды алуунун ыкмасына карабастан, Макулдашкан мамлекеттердин колдонуудагы мыйзамдарына ылайык Макулдашкан мамлекеттин же анын аймактык-администрациялык бөлүмүнүн же жергиликтүү бийлик органдарынын атынан колдонулат.
2. Кирешелердин жалпы суммасынан же алардын айрым элементтеринен алынуучу бардык салыктар, анын ичинде кыймылдуу же кыймылсыз мүлктү ээликтен ажыратуудан түшкөн кирешелерден алынуучу салыктар, ишканалар тарабынан төлөнүүчү эмгек акынын жалпы суммасынан алынуучу салыктар, ошондой эле капиталдын өсүшүнөн түшкөн кирешелерден алынуучу салыктар кирешеден алынуучу салыктар деп эсептелет.
3. Ушул Макулдашуу жайылтыла турган салыктар, атап айтканда төмөндөгүлөр болуп эсептелет:
a) Кыргызстанда:
(1) юридикалык жактардын пайдасынан жана кирешелеринен алынуучу салык;
(i) жеке жактардан алынуучу киреше салыгы
(мындан ары - «кыргыз салыктары» деп аталат);
b) Армения Республикасында:
(i) пайдадан алынуучу салык;
(ii) киреше салыгы;
(мындан ары - «армян салыктары» деп аталат)
4. Ушул Макулдашууга кол коюлган күндөн кийин орун алган салыктарга толуктоо катары же алардын ордуна алына турган ар кандай окшош же маңызы боюнча ушул сыяктуу салыктарга карата да ушул Макулдашуу колдонулат. тиешелүү салык мыйзамдарына киргизилген ар кандай олуттуу өзгөрүүлөр жөнүндө бири-бирине кабарлап турушат.
3-берене. Жалпы аныктамалар
1. Ушул Макулдашуунун максаттары үчүн:
а) «Макулдашкан мамлекет» жана «экинчи Макулдашкан мамлекет» деген термин контекстке жараша Арменияны же Кыргызстанды билдирет.
(b) «Кыргызстан» деген термин Кыргыз Республикасын билдирет. Географиялык мааниде пайдаланганда «Кыргызстан» деген термин Кыргыз Республикасы Эл аралык укукка ылайык эгемендүү укуктарды жана юрисдикцияны жүзөгө ашырып жаткан, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары колдонулган аймакты билдирет;
c) «Армения» деген термин Армения Республикасын түшүндүрөт жана географиялык мааниде пайдаланганда Армения Республикасынын ички сууларын, аларга карата Армения Республикасы эгемендик укугун жана ички мыйзамдарына жана эл аралык укуктун ченемдерине ылайык өз юрисдикциясын колдонууну ишке ашырууну, кошо алганда Армения Республикасынын аймагын түшүндүрөт;
d) «Макулдашкан мамлекеттин ишканасы» жана «экинчи Макулдашкан Мамлекеттин ишканасы» деген термин тиешелүү түрдө Макулдашкан мамлекеттин резиденти тарабынан башкарылуучу ишкананы жана экинчи Макулдашкан мамлекеттин резиденти тарабынан башкарылуучу ишкананы билдирет;
(е) «жак» деген термин жеке жакты, компанияны же жактардын ар кандай башка бирикмесин камтып турат;
f) «компания» деген термин салык салуу максатында корпоративдик түзүлүш катары каралган ар кандай корпоративдик түзүлүштү же ар кандай башка бирикмени билдирет;
g) «эл аралык ташуу» деген термин деңиз же аба кемеси, автомобиль же темир жол транспорт каражаты экинчи Макулдашкан мамлекетте жайгашкан пункттардын ортосунда гана пайдаланылгандан башка учурларда, Макулдашкан мамлекеттин ишканалары тарабынан пайдаланылуучу деңиз же аба кемеси, темир жол же автомобиль транспорту аркылуу ар кандай ташууну билдирет;
h) «компетенттүү орган» деген термин:
(i) Кыргыз Республикасында - Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигин же анын ыйгарым укуктуу өкүлүн;
(ii) Армения Республикасында - Армения Республикасынын Финансы министрин жана Армения Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик кирешелер боюнча комитетинин төрагасын же алардын ыйгарым укуктуу өкүлүн;
i) «улуттук жак» деген термин: Макулдашкан мамлекеттин жарандыгына ээ болгон ар кандай жеке жакты;
(ii) Макулдашкан мамлекеттин колдонуудагы мыйзамдарына ылайык өзүнүн статусун алган ар кандай юридикалык жакты, шериктикти же ассоциацияны билдирет.
2. Эгерде контексттен башкача келип чыкпаса, Макулдашкан мамлекет тарабынан ар кандай учурда ушул Макулдашууну колдонууда, анда аныкталбаган ар кандай термин ушул Макулдашуу жайылтыла турган салыктарга карата ушул Мамлекеттин мыйзамдары боюнча ошол учурда ал ээ болгон мааниге, ушул Мамлекеттин тиешелүү салык мыйзамдарында аныкталган ар кандай мааниге ээ болуп, ушул мамлекеттин башка мыйзамдарында аныкталган мааниге карата үстөмдүк кылат.
4-берене. Резидент
1. Ушул Макулдашуунун максаттары үчүн «Макулдашкан мамлекеттин резиденти» деген термин ушул Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык анда жашаган жеринин, туруктуу турган жеринин, башкарган, катталган жеринин же ушул мүнөздөгү ар кандай башка критерийдин негизинде ал жерде салык салынууга тийиш болгон ар кандай жакты билдирет, ошондой эле Мамлекеттин өзүн, анын ар кандай аймактык-администрациялык бөлүмүн же жергиликтүү бийлик органын камтып турат. Бул термин бирок, ал ушул Мамлекеттеги булактардан алынган кирешелер жагында гана ушул Мамлекетте салык салынууга тийиш болгон ар кандай жакты камтыбайт.
2. Ушул берененин 1-пунктунун жоболоруна ылайык жеке жак эки Макулдашкан Мамлекеттин тең резиденти болгон учурда, анын статусу төмөндөгүдөй аныкталат:
a) ал туруктуу жашаган турак жайы бар мамлекеттин резиденти болуп эсептелет; эгерде анын эки Мамлекетте тең туруктуу турак жайы болсо, ал өзүнүн алда канча тыгыз жеке жана экономикалык байланыштары (турмуштук таламдарынын борбору) бар Мамлекеттин резиденти болуп эсептелет;
b) эгерде анын турмуштук таламдарынын борбору бар болгон Мамлекетти аныктоо мүмкүн болбосо же анын мына ушул Мамлекеттердин биринде да туруктуу турак жайы болбосо, ал өзү адатта жашаган мамлекеттин гана резиденти деп эсептелет;
c) эгерде ал адатта эки Мамлекетте жашаса же ал алардын биринде да жашабаса, ал өзү жараны болуп эсептелген Мамлекеттин гана резиденти деп эсептелет.
d) эгерде ал эки Мамлекеттин жараны болуп эсептелсе же бир дагы Мамлекеттин жараны болуп эсептелбесе, анда Макулдашкан мамлекеттердин компетенттүү органдары ушул маселени өз ара макулдашуу боюнча чечишет.
3. Эгерде ушул берененин 1-пунктунун жоболоруна ылайык жеке жак болуп эсептелбеген жак эки Макулдашкан мамлекеттин резиденти болсо, анда Макулдашкан мамлекеттин компетенттүү органдары бул маселени өз ара макулдашуу боюнча чечет жана ушундай жакка карата Макулдашууну колдонуунун тартибин аныкташат.
5-берене. Туруктуу мекеме
1. Ушул Макулдашуунун максаттары үчүн «туруктуу мекеме» деген термин ишкананын ишкердик иши толугу менен же жарым-жартылай жүзөгө ашырылып жаткан иштин туруктуу ордун билдирет.
2. «туруктуу мекеме» деген термин негизинен төмөнкүлөрдү камтыйт:
a) башкаруунун ордун;
b) филиалды (бөлүмдү);
c) офисти (кеңсени);
d) фабриканы;
e) чеберкананы;
f) шахтаны, мунай же газ скважинасын, карьерди же жаратылыш ресурстарын казып алуучу башка ар кандай жерди, жана
g) жайыттарды, айыл чарба же токой жер аянттарын камтып турат.
3. «Туруктуу мекеме» деген термин ошондой эле:
a) курулуш аянтчасын, курулуш, монтаждоо же жыйноочу объектини же алар менен байланышта болгон көзөмөлдөө ишин камтып турат, бирок мындай аянтча же объект же ушундай иш 6 айдан ашык улантылууга тийиш; жана
b) кызмат көрсөтүүлөрдү, анын ичинде ишкана тарабынан ушундай максаттар үчүн жалданган кызматчылар же башка персонал аркылуу ишкана аркылуу көрсөтүлгөн консультациялык кызматтарды камтып турат, бирок эгерде ушундай мүнөздөгү иш Макулдашкан мамлекеттин аймагында жалпы 6 айдан ашык мезгилдин ичинде же мезгилдерде улантылууга (ушундай же ага байланыштуу долбоор) тийиш.
4. Ушул берененин мурдагы жоболоруна карабастан, «туруктуу мекеме» деген термин төмөнкүлөрдү камтыбайт:
a) курулуштарды ишканага таандык болгон товарларды же буюмдарды сактоо, көрсөтүү максатында гана пайдаланууну;
b) ишканага таандык болгон товарлардын же буюмдардын запастарын сактоо же көрсөтүү максатында гана күтүүнү;
c) ишканага таандык болгон товарлардын же буюмдардын запастарын башка ишканаларга кайра иштетүү максаттарында гана күтүүнү;
d) иштин туруктуу ордун товарларды же буюмдарды сатып алуу же ишкана үчүн маалымат жыйноо максатында гана күтүүнү;
e) иштин туруктуу ордун ишкана үчүн башка даярдоочу же көмөкчү мүнөздөгү ар кандай ишти жүзөгө ашыруу максатында гана күтүүнү.
5. Ушул берененин 1 жана 2-пункттарынын жоболоруна карабастан, эгерде өзүнө карата 6-пункт колдонула, турган көз карандысыз статусу бар агентке Караганда башка жак өзүнүн ишин экинчи Макулдашкан мамлекеттин ишканасынын атынан Макулдашкан мамлекетте жүргүзсө, эгерде ушул жактын иши ушул берененин 4-пунктунда эскертилген туруктуу мекеме менен чектелсе, эгерде ал иштин туруктуу орду аркылуу жүзөгө ашырылса, ушул пункттун жоболоруна ылайык иштин ушул туруктуу ордун туруктуу мекемеге айландырбаса, анда бул ишкана ушул жак ишкана үчүн жүзөгө ашырган ар кандай ишке карата алганда биринчи эскертилген Мамлекетте туруктуу мекемеси бар катары каралат.
6. Ушул берененин мурдагы жоболоруна карабастан, кайра камсыздандыруудан башка учурларда, эгерде ал ушул Мамлекеттин аймагында камсыздандыруу сый акыларын чогултса же ушул берененин 7-пункту колдонула турган көз карандысыз статусу бар агент болуп эсептелген жак аркылуу камсыздандыруу тобокелдерин жүзөгө ашырса, Макулдашкан мамлекеттин камсыздандыруу ишканасынын экинчи Макулдашкан мамлекетте туруктуу мекемеси бар деп эсептелет.
7. Ишкана ишкердик ишин ушул Мамлекетте брокер, комиссионер же ар кандай башка көз карандысыз статуска ээ болгон агент аркылуу жүзөгө ашырса, ушул жактар өзүнүн адаттагы ишинин алкагында аракеттенген шартта ишкана Макулдашкан мамлекетте туруктуу мекемеси бар катары эсептелбейт.
8. Макулдашкан мамлекеттин резиденти болуп саналган компания экинчи Макулдашкан Мамлекеттин резиденти болуп эсептелген компания тарабынан контролго алынса же контролдонсо же ушул экинчи Мамлекетте ишкердик ишин жүзөгө ашырса, экинчи Макулдашкан Мамлекеттин резиденти болуп эсептелген компания тарабынан (же болбосо туруктуу мекеме, же болбосо кандайдыр бир башка түрдө) ишкердик ишин жүзөгө ашырса, ушундай факт өзүнөн өзү ушул компаниялардын бирин туруктуу мекемеге айландырбайт.
6-берене. Кыймылсыз мүлктөн алынган киреше
1. Макулдашкан мамлекеттин резиденти тарабынан экинчи Макулдашкан Мамлекетте жайгашкан кыймылсыз мүлктөн (айыл жана токой чарбасынан алынган кирешени кошкондо) алынган кирешеге мына ушул экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. «Кыймылсыз мүлк» деген термин каралып жаткан мүлк жайгашкан жердеги Макулдашкан мамлекеттин мыйзамдары боюнча мааниге ээ болот. Бул термин ар кандай учурда кыймылсыз мүлккө карата алганда көмөкчү мүнөздө болгон мүлктү айыл жана токой чарбасында пайдаланылуучу малды жана жабдууларды, жер менчигине карата жалпы укуктун жоболору колдонула турган укукту, кыймылсыз мүлктүн узурфруктусу жана минералдык ресурстарды, табигый булактарды жана башка кендерди иштеп чыгуу же иштеп чыгуу укугу үчүн компенсация катары өзгөрүлмө же так белгиленген төлөмдөргө карата төлөнүүчү укукту камтып турат. Деңиз жана аба кемелери, ошондой эле темир жол жана автомобиль транспорт каражаттары кыймылсыз мүлк катары каралбайт.
3. 1-пункттун жоболору кыймылсыз мүлктү кандайдыр бир башка түрдө тикелей пайдалануудан, ижарага берүүдөн же пайдалануудан алынуучу кирешелерге карата да колдонулат.
4. 1 жана 3-пункттардын жоболору ишкананын кыймылсыз мүлкүнөн алынган кирешелерге карата да жана көз карандысыз жеке кызматтарды көрсөтүү үчүн пайдаланылуучу кыймылсыз мүлктөн алынуучу кирешелерге карата колдонулат.
7-берене. Ишкердик ишинен түшкөн пайда
1. Макулдашкан Мамлекеттин ишканасынын пайдасына, эгерде ушундай ишкана экинчи Макулдашкан мамлекетте жайгашкан туруктуу мекеме аркылуу ишкердик кылуу ишин жүзөгө ашырбаганда гана салык салынат. Эгерде ишкана жогоруда айтылгандай ишкердик кылуу ишин жүзөгө ашырса, ишкананын пайдасына экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн, бирок бул анын ушундай мекемеге таандык болгон бөлүгүнө гана тиешелүү болот.
2. Ушул берененин 3-пунктунун жоболорун эске алганда, эгерде Макулдашкан мамлекеттин ишканасы экинчи Макулдашкан мамлекетте жайгашкан туруктуу мекеме аркылуу ишкердик ишин жүзөгө ашырса, анда ар бир Макулдашкан мамлекетте ал өзүнчө ишкана болгондо ушундай же ушул сыяктуу шарттарда ушул сыяктуу иш жүргүзсө жана өзү туруктуу мекемеси болуп эсептелген ишканага толук кез карандылыкта аракеттенгенде алышы мүмкүн болгон пайда ушул туруктуу мекемеге таандык кылынат.
3. Туруктуу мекеменин пайдасын аныктоодо туруктуу мекеменин максаттары үчүн тартылган чыгымдарды эсептен чыгарып салууга жол берилет, анын ичинде бул чыгымдардын туруктуу мекеме жайгашкан жердеги мамлекетте тартылгандыгына же кайсы жерде болсо да тартылгандыгына карабастан башкаруу жана жалпы администрациялык чыгымдарды камтып турат. Бирок мындай эсептен чыгарып салууга туруктуу мекеме тарабынан ишкананын башкы офисине же анын башка ар кандай офистерине роялти, патенттерди же башка укуктарды пайдалануу үчүн сый акыларды же башка ушул сыяктуу төлөмдөр же кызмат көрсөтүү үчүн комиссиялык төлөмдөр же башкаруу үчүн төлөмдөрдүн суммасына карата (фактылай чыгымдардын ордун толтуруудан башка) жол берилбейт, туруктуу мекемеге заем катарында берилген сумманын проценттерин төлөө катарындагы банк мекемелери кирбейт
4. Эгерде Макулдашкан мамлекет тарабынан туруктуу мекемеге таандык болгон пайданы ишкананын ар кандай бөлүмдөрү боюнча пайдасынын жалпы суммасын пропорционалдуу бөлүштүрүүнүн негизинде аныкташы адаттагы практика болуп эсептелсе, ушул берененин 2-пунктундагы жоболор Макулдашкан мамлекетке салык салынуучу пайданы адатта кабыл алынгандай ушундай бөлүштүрүү аркылуу аныктоого тыюу салбайт. Бөлүштүрүүнүн тандалып алынган практикасы ушул беренеде камтылган принциптерге ылайык келген натыйжаларды берүүгө тийиш.
5. Эгерде Макулдашкан мамлекеттин биринин компетенттүү органы ээ болгон маалымат же алар ушул берененин 3 жана 4-пункттарына ылайык жеңил алууга мүмкүн болгон маалымат, туруктуу мекеменин пайдасын аныктоо үчүн жетиштүү болуп саналбайт, пайда ушул Мамлекеттин салык мыйзамдарына ылайык эсептелиши мүмкүн.
5. Эч кандай пайда ушул туруктуу мекеме тарабынан ишкана үчүн сатылып алынган товарлардын же буюмдардын себеби боюнча туруктуу мекемеге эсептелбейт.
6. Эгерде белгиленген тартипти өзгөртүү үчүн олуттуу жана жетиштүү негиздер жок болсо, мурдагы пункттардын максаттары үчүн туруктуу мекемеге таандык кылынган пайда жыл сайын бир эле ыкма менен аныкталат.
7. Эгерде пайдага ушул Макулдашуунун башка беренелеринде өзүнчө карала турган кирешенин элементтери киргизилсе, анда ушул беренелердин жоболоруна ушул берененин жоболору тиешелүү болбойт.
8. Эгерде пайда ушул Макулдашуунун башка беренелеринде өзүнчө каралган кирешенин элементтерин же кирешени камтып турса, алар ушул берененин жоболоруна тиешелүү болбойт.
8-берене. Эл аралык ташуулар
1. Макулдашкан мамлекеттин ишканасы тарабынан эл аралык ташууларда деңиз же аба кемелерин, темир жол же автомобиль транспорт каражаттарын пайдалануудан алынган пайдага ушул Мамлекетте гана салык салынат.
2. Ушул берененин 1-пунктунун жоболору, ошондой эле пулга катышуудан, биргелешкен ишканага же болбосо деңиз же аба кемелерин, автомобиль же темир жол транспорт каражаттарын пайдалануу боюнча эл, аралык уюмга катышуудан алынган пайдага карата да колдонулат.
9-берене. Ассоциацияланган ишканалар
1. Эгерде:
а) Макулдашкан мамлекеттин ишканасы экинчи Макулдашкан мамлекеттин ишканасын башкарууга, контролдоого же анын капиталына тикелей же кыйыр түрдө катышса, же
b) бир эле жактар Макулдашкан мамлекеттин ишканасын, ошондой эле экинчи Макулдашкан мамлекеттин ишканасын башкарууга, контролдоого же анын капиталына тикелей же кыйыр түрдө катышса,
жана ар бир учурда эки ишкананын ортосундагы коммерциялык жана финансылык өз ара мамилелерде көз карандысыз эки ишкананын ортосунда боло турган шарттан айырмаланган шарттар түзүлсө же белгиленсе, алардын бирине эсептелиши мүмкүн болгон, бирок ушул шарттардын болушунан улам ага чегерилбеген ар кандай пайда ушул ишкананын пайдасына киргизилиши жана тиешелүү түрдө салык салынышы мүмкүн.
2. Эгерде Макулдашкан мамлекет ушул Мамлекеттин ишканасынын пайдасын салык салууга киргизсе жана тиешелүү түрдө экинчи Макулдашкан мамлекеттин мына ушул Мамлекетте салык салынган пайдасына салык салса жана ушундай жол менен киргизилген пайда биринчи аталган Мамлекеттин ишканасына эсептелиши мүмкүн болгон пайда болуп эсептелсе, эгерде эки ишкананын ортосунда түзүлгөн шарттар эки көз карандысыз ишкананын ортосунда орун алган шарттар сыяктуу болсо, анда экинчи Мамлекет ушул пайдадан алынуучу салыктын суммасына карата тиешелүү корректировкаларды жасайт. Ушундай корректировкалоону аныктоо ушул Макулдашуунун башка жоболору каралууга тийиш, ал эми Макулдашкан Мамлекеттердин компетенттүү органдары зарыл учурда бири-бири менен консультация өткөрүп турушат.
10-берене. Дивиденддер
1. Макулдашкан мамлекеттин резиденти болуп эсептелген компания тарабынан экинчи Макулдашкан мамлекеттин резидентине төлөнүүчү дивиденддерге ушул экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. Бирок мындай дивиденддерге ушул Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык дивиденддерди төлөгөн компания резиденти болуп эсептелген Макулдашкан мамлекетте да салык салынышы мүмкүн, бирок дивиденддердин иш жүзүндөгү ээси экинчи Макулдашкан мамлекеттин резиденти болуп эсептелсе, анда мындай жол менен алынуучу салык дивиденддердин жалпы суммасынан 10 пайыздан ашпоого тийиш.
Макулдашкан мамлекеттин компетенттүү органдары өз ара макулдашуу боюнча ушул чектөөлөрдү колдонуунун ыкмасын белгилеп алышат.
Бул пункт компанияга дивиденддер төлөнө турган пайдага салык салынышына тиешелүү болбойт.
3. «Дивиденддер» деген термин ушул беренеде пайдаланганда ар кандай акциялардан же башка укуктардан алынуучу ар кандай кирешени билдирет, алар пайдага катышууга укук берүүчү карыздык милдеттенмелер, ошондой эле башка корпоративдик укуктардан алынуучу киреше болуп эсептелбейт, пайданы бөлүштүрүүчү компания резиденти болуп эсептелген Мамлекеттин салык мыйзамдарына ылайык ага акциялардан алынган кирешелер сыяктуу эле салык салынат.
4. Эгерде дивиденддердин иш жүзүндөгү ээси Макулдашкан мамлекеттин резиденти болуу менен дивиденддерди төлөгөн компания резидент болуп эсептелген экинчи Макулдашкан мамлекетте жайгашкан туруктуу мекеме аркылуу мына ушул экинчи Макулдашкан мамлекетте жайгашкан туруктуу базадан көз карандысыз жеке кызматтарды көрсөтө же көрсөтүп келсе жана дивиденддер төлөнүп жаткан холдинг чындыгында туруктуу мекеме менен байланыштуу болсо, 1 жана 2-пункттардын жоболору колдонулбайт. Мындай учурда жагдайларга жараша 7-берененин же 14-берененин - жоболору колдонулат.
5. Эгерде Макулдашкан мамлекеттин резиденти болуп эсептелген компания экинчи Макулдашкан мамлекеттен пайда же киреше алса, эгерде мындай дивиденддер ушул экинчи Макулдашкан мамлекеттин резидентине төлөнгөндөн же эгерде дивиденддер төлөнүп жаткан холдинг мына ушул экинчи Мамлекетте жайгашкан туруктуу мекемеге же туруктуу базага чынында эле таандык кылынгандан башка учурларда мына ушул экинчи Мамлекет дивиденддерден ар кандай салыкты жана компаниянын бөлүштүрүлбөгөн пайдасынан ар кандай салыкты, атүгүл эгерде төлөнгөн дивиденддер же бөлүштүрүлбөгөн пайда мына ушул экинчи Мамлекетте келип чыккан пайдадан же кирешеден толугу менен же жарым жартылай түзүлсө да ар кандай салыкты ала албайт.
11-берене. Пайыздар
1. Бир Макулдашкан мамлекетте пайда болгон жана экинчи Макулдашкан мамлекеттин резидентине төлөнүүчү пайыздарга мына ушул экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. Бирок мындай пайыздарга ушул Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык алар пайда болгон Макулдашкан мамлекетте салык салынышы мүмкүн, бирок алуучу пайыздардын иш жүзүндөгү ээси болуу менен, экинчи Макулдашкан мамлекеттин резиденти болуп эсептелсе, анда ушундай жол менен алынган салык пайыздардын жалпы суммасынын 10 пайызынан ашпайт.
Макулдашкан мамлекеттердин компетенттүү органдары оз ара макулдашуу боюнча ушул чектөөнү колдонуунун ыкмасын белгилешет.
3. 2-пункттун жоболоруна карабастан, эгерде ушул пайыздар экинчи Макулдашкан мамлекеттин Өкмөтүнө же Улуттук банкына төлөнсө, алар пайда болгон Макулдашкан мамлекетте салык салуудан бошотулат.
4. «Пайыздар» деген термин ушул беренеде пайдаланганда күрөө менен камсыз кылынган же камсыз кылынбаган карызкорлордун пайдасына катышууга жана атап айтканда, Өкмөттүк баалуу кагаздардан түшкөн кирешелерге жана облигациялардан же карыздык милдеттенмелерден түшкөн кирешелерге, ушул баалуу кагаздар, облигациялар же карыздык милдеттенмелер боюнча сый акыларга жана утуштарга укук берген же укук бербеген ар кандай түрдөгү карыздык милдеттенмелерден түшкөн кирешелерди билдирет. Өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн айып акылар ушул берененин максаты үчүн пайыздар катары каралбайт
5. Эгерде пайыздардын иш жүзүндөгү ээси бир Макулдашкан мамлекеттин резиденти болуу менен экинчи Макулдашкан Мамлекетте жайгашкан туруктуу мекеме аркылуу пайыздар келип чыккан мамлекетте ишкердик ишин жүзөгө ашырса, же болбосо мына ушул экинчи Мамлекетте жайгашкан туруктуу базадан пайыздар төлөнүп жаткан карыздык талаптарды жана көз карандысыз жеке кызматтарды көрсөтсө, алар чынында эле ушундай туруктуу мекеме же туруктуу база менен байланыштуу болсо, 1, 2 жана 3-пункттардын жоболору колдонулбайт. Мындай учурларда жагдайларга жараша 7-берененин же 14-берененин жоболору колдонулат.
6. Эгерде ушул Мамлекеттин өзү, анын аймактык администрациялык бөлүмү, жергиликтүү бийлик органы же ушул Мамлекеттин резиденти салык төлөөчү болуп эсептелсе, пайыздар Макулдашкан мамлекетте келип чыгат деп эсептелет. Бирок, эгерде пайыздарды төлөгөн жак өзүнүн Макулдашкан мамлекеттин резиденти болгондугуна же болбогондугуна карабастан Макулдашкан мамлекетте туруктуу мекемеге же туруктуу базага ээ болсо, ага байланыштуу пайыздар төлөнө турган карыздар келип чыкса жана ушул пайыздарды төлөө боюнча чыгымдарды ушундай туруктуу мекеме же туруктуу база тартса, анда мындай пайыздар туруктуу мекеме же туруктуу база жайгашкан Мамлекетте пайда болот деп эсептелет.
7. Эгерде пайыздарды төлөөчүнүн жана анын иш жүзүндөгү ээсинин ортосундагы же алардын экөөнүн жана кандайдыр бир жактын ортосундагы өзгөчө өз ара мамилелердин себеби боюнча карыздык милдеттенмеге таандык болгон пайыздардын суммасы пайыздарды төлөөчү менен анын иш жүзүндөгү ээсинин ортосундагы макулдашкан суммадан ашып кетсе, мындай мамилелер жок болгон учурда ушул берененин жоболору акыркы эскертилген суммага карата гана колдонулат. Мындай учурда төлөмдүн ашык бөлүгүнө мурдагыдай эле ар бир Макулдашкан мамлекеттин мыйзамдарына ылайык ушул Макулдашуунун башка жоболорун тиешелүү түрдө эсепке алуу менен салык салынат.
12-берене. Роялти
1. Бир Макулдашкан Мамлекетте келип чыккан жана экинчи Макулдашкан Мамлекетке төлөнүүчү роялтиге мына ушул экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. Бирок мындай роялтиге ушул Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык келип чыга турган Макулдашкан мамлекет да салык салынышы мүмкүн, бирок эгерде аны алуучу роялтинин иш жүзүндөгү ээси болуу менен экинчи Макулдашкан мамлекеттин резиденти болуп эсептелсе, анда мындай жол менен алынуучу салык роялтинин жалпы суммасынын 10 пайызынан жогору болбоого тийиш. Макулдашкан мамлекеттердин компетенттүү органдары өз ара макулдашуу боюнча ушундай чектөөлөрдү колдонуунун ыкмасын белгилешет.
3. «Роялти» деген термин ушул беренеде пайдаланылганда адабияттын, искусствонун ар кандай чыгармаларына же илимий эмгектерге, анын ичинде программалык камсыз кылууга, кинофильмдерге, ар кандай патенттерге, соода маркаларына, дизайнга же моделге, планга, жашыруун формулага же процесске болгон автордук укуктарды пайдалануу укугун берүү үчүн же өнөр жайлык, коммерциялык же илимий жабдууну же өнөр жайлык, коммерциялык же илимий тажрыйбага тиешелүү маалымат үчүн сый акы түрүндө алынуучу ар кандай түрдөгү төлөмдөрдү билдирет.
4. Эгерде роялтинин иш жүзүндөгү ээси Макулдашкан мамлекеттин резиденти болуу менен ал жерде жайгашкан туруктуу мекеме аркылуу роялти келип чыккан экинчи Макулдашкан мамлекетте ишкердик ишин жүзөгө ашырса же болбосо мына ушул экинчи Мамлекетте жайгашкан туруктуу базадан көз карандысыз жеке кызматтарды көрсөтсө жана роялти төлөнө турган укук же мүлк чындыгында эле мына ушундай туруктуу мекеме же туруктуу база менен байланыштуу болсо, 1 жана 2-пункттардын жоболору колдонулбайт. Мындай учурда жагдайларга жараша 7 же 14-беренелердин жоболору колдонулат.
5. Эгерде роялтини төлөөчү ушул Мамлекеттин өзү, анын аймактык администрациялык бөлүмү, бийликтин жергиликтүү органы же ушул Мамлекеттин резиденти болуп эсептелсе, роялти Макулдашкан мамлекетте келип чыгат деп эсептелет. Бирок, эгерде роялтини төлөгөн жак Макулдашкан мамлекеттин резиденти болгондугуна же болбогондугуна карабастан, Макулдашкан мамлекетте туруктуу мекемеге же туруктуу базага ээ болсо, аларга байланыштуу роялти төлөө милдети келип чыкса, ушул роялтини төлөө боюнча чыгашаларды ушундай туруктуу мекеме же туруктуу тартса, анда мындай роялти туруктуу база жайгашкан Мамлекетте келип чыгат деп эсептелет.
6. Эгерде роялти төлөөчү менен анын иш жүзүндөгү ээсинин же алардын экөөнүн же кандайдыр бир башка жактын ортосундагы өзгөчө өз ара мамилелерге байланыштуу негизинде роялти төлөнүп жаткан укукту же маалыматты пайдаланууга таандык болгон роялтинин суммасы роялтини төлөөчү менен анын иш жүзүндөгү ээсинин ортосунда макулдашыла турган суммадан ашып кетсе, анда ушул статьянын жоболору акыркы эскертилген суммага карата гана колдонулат. Мындай учурда төлөмдүн ашык бөлүгүнө ар бир Макулдашкан мамлекеттин мыйзамдарына ылайык ушул Макулдашуунун башка жоболорун тиешелүү түрдө эске алуу менен салык салынууга тийиш.
13-берене. Мүлктү ээликтен ажыратуудан алынган кирешелер
1. Макулдашкан мамлекеттин резиденти тарабынан экинчи Макулдашкан мамлекетте жайгашкан 6-беренеде эскертилген кыймылсыз мүлктү ээликтен ажыратуудан алынган кирешеге мына ушул экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. Макулдашкан мамлекеттин ишканасы экинчи Макулдашкан мамлекетте ээ болгон туруктуу мекеменин ишкердик мүлкүнүн бир бөлүгүн түзгөн туруктуу мүлктү же экинчи Макулдашкан мамлекетте Макулдашкан мамлекеттин резидентинин карамагында болгон туруктуу базага тиешелүү болгон кыймылдуу мүлктү ээликтен ажыратуудан алынган кирешелерге көз карандысыз жеке кызматтарды көрсөтүү максатында, анын ичинде мына ушундай туруктуу мекемени ээликтен ажыратуудан (өзүнчө же бүткүл ишкана менен чогуу) алынган кирешелерге же болбосо ушундай туруктуу базага мына ушул экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
3. Эл аралык ташууларда пайдаланылуучу деңиз же аба кемелерин, темир жол же автомобиль транспорт каражаттарын, же ушундай аба же деңиз кемелерин, темир жол же автомобиль транспорт каражаттарын пайдаланууга байланыштуу кыймылдуу мүлктү ээликтен ажыратуудан алынган кирешелерге мына ушул Макулдашкан мамлекетте гана салык салынат.
4. Макулдашкан мамлекеттин резиденти тарабынан активдери тикелей же кыйыр түрдө, толугу менен же негизинен экинчи Макулдашкан мамлекетте жайгашкан кыймылсыз мүлктөн турган акцияларды же компаниянын башка корпоративдүү укуктарын ээликтен ажыратуудан алынган кирешелерге мына ушул экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
5. Ушул берененин 1, 2, 3 жана 4-пункттарда эскертилбеген кандайдыр бир мүлктү ээликтен ажыратуудан алынган кирешелерге мүлктү ээликтен ажыраткан жак резиденти болуп эсептелген Макулдашкан мамлекетте гана салык салынат.
14-берене. Көз карандысыз жеке кызмат көрсөтүүлөр
1. Макулдашкан мамлекеттин резидентинин кесиптик кызматтарды көрсөтүүдөн же көз карандысыз башка ушул сыяктуу мүнөздөгү иштен алынган кирешесине, мындай кирешеге экинчи Макулдашкан мамлекетте салык салынгандан башка учурларда мына ушул Мамлекетте гана салык салынат:
а) эгерде анын экинчи Макулдашкан мамлекетте өзүнүн ишин жүргүзүү максатында өзүнө ар дайым мүмкүн болгон туруктуу базасы болсо; мындай учурда мына ушул туруктуу базага таандык кылынган кирешенин бир бөлүгүнө гана ушул экинчи Макулдашкан мамлекетте салык салынышы мүмкүн; же
b) эгерде анын экинчи Макулдашкан мамлекетте болушу чогуу алганда ар кандай он эки айлык мезгилде 183 күндү түзгөн же андан ашкан мезгилдин же мезгилдердин ичинде улантылса;
мындай учурда мына ушул экинчи Макулдашкан мамлекеттеги иштен алынган кирешенин ошол бөлүгүнө гана мына ушул Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. «Кесиптик кызматтар» деген термин атап айтканда, көз карандысыз илимий, адабий, артисттик, билим берүүчү же педагогикалык ишти, ошондой эле дарыгерлердин, юристтердин, инженерлердин, архитекторлордун, тиш доктурлардын, аудиторлордун жана бухгалтерлердин көз карандысыз ишин камтып турат.
15-берене. Көз каранды жеке кызмат көрсөтүүлөр
1. Эгерде жалданып иштөө экинчи Макулдашкан мамлекетте аткарылбаса, ушул Макулдашуунун 16, 18 жана 19-беренелеринин жоболорун эске алганда, Макулдашкан мамлекеттин резиденти тарабынан жалданып иштөөгө байланыштуу алган эмгек акысына жана башка ушул сыяктуу сый акысына мына ушул Мамлекетте гана салык салынышы мүмкүн. Эгерде ушундай жумуш ушундай жол менен аткарылса, анда ушуга байланыштуу алынган сый акыга мына ушул экинчи Мамлекетте салык салынат.
2. Ушул берененин 1-пунктунун жоболоруна карабастан Макулдашкан мамлекеттин резидентинин экинчи Макулдашкан мамлекетте жүзөгө ашырылган жалданып иштөөгө байланыштуу алынган сый акысына төмөндөгү учурларда гана биринчи эскертилген Мамлекетте салык салынышы мүмкүн, эгерде:
a) сый акы алуучу каралып жаткан финансылык жылдын ичинде башталган же аяктаган ар кандай 12 айлык мезгилдин ичинде жыйынтыктап алганда 183 күндөн ашпаган мезгилдин же мезгилдердин ичинде Мамлекетте болууга тийиш;
b) сый акы экинчи Мамлекеттин резиденти болуп эсептелбеген жалдоочу тарабынан же жалдоочунун атынан төлөнөт, жана
c) сый акы жалдоочу экинчи Мамлекетте ээ болгон туруктуу мекеме же туруктуу база тарабынан төлөнбөйт.
3. Ушул берененин мурдагы жоболоруна карабастан, Макулдашкан Мамлекеттин ишканасы тарабынан эл аралык ташууларда пайдаланылуучу деңиз же аба кемесинин ичинде, темир жол же автомобиль транспорт каражатында жүзөгө ашырылган жалданма жумушка байланыштуу алынган сый акыга мына ушул экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
16-берене. Директорлордун сый акылары
Макулдашкан мамлекеттин резиденти директорлор кеңешинин же экинчи Макулдашкан Мамлекеттин резиденти болуп эсептелген компаниянын ага окшош органынын мүчөсү катары алган директорлордун сый акысына жана ага окшош төлөмдөргө мына ушул экинчи Мамлекетте салык алынышы мүмкүн.
17-берене. Искусство кызматкерлери жана спортчулар
1. Ушул Макулдашуунун 14 жана 15-беренелеринин жоболоруна карабастан, бир Макулдашкан мамлекеттин резиденти тарабынан театрдын, кинонун, радионун же телекөрсөтүүнүн артисти сыяктуу искусство кызматкери же музыкант же спортчу катары анын экинчи Макулдашкан мамлекетте жүзөгө ашырган жеке ишинен алынуучу кирешеге мына ушул экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. Эгерде искусство кызматкери же спортчу тарабынан мына ушул сапатта жүзөгө ашырылуучу жеке иштен алынган киреше искусство кызматкеринин же спортчунун өзүнө эмес, башка жакка эсептелсе, ушул Макулдашуунун 14 жана 15-беренелердин жоболоруна карабастан, бул кирешеге искусство кызматкеринин же спортчунун иши жүзөгө ашырылып жаткан Макулдашкан Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
3. Эгерде анын мына ушул экинчи Мамлекетте болушу толугу менен же негизинен эки Макулдашкан мамлекеттин же алардын аймактык-администрациялык бөлүмдөрүнүн же жергиликтүү бийлик органдарынын мамлекеттик фонддорунан же Макулдашкан мамлекеттердин Өкмөттөрүнүн ортосундагы маданий чөйрөдөгү кызматташтык жөнүндө Макулдашуунун алкагында финансыланса, 1 жана 2-пункттардын жоболору Макулдашкан мамлекеттин резиденти тарабынан экинчи Макулдашкан мамлекетте жүзөгө ашырылган иштен алынган кирешеге карата жайылтылбайт. Мындай учурда искусство кызматкери же спортчу резиденти болуп эсептелген Макулдашкан мамлекетте гана кирешеге салык салынат.
18-берене. Пенсиялар жана аннуитет
1. 19-берененин 2-пунктунун жоболорун эске алганда, Макулдашкан мамлекеттин резидентине мурда жалданып иштегендиги үчүн алган пенсияларга жана башка сый акыларга мына ушул Мамлекетте гана салык салынат.
2. «Аннуитет» деген термин өмүр бою же болбосо аныкталган же айкын белгиленген мезгилдин ичинде акчалай же нарктык негизде ушул сыяктуу же толук сый акынын ордуна төлөмдөрдү жүргүзүү милдеттенмесине ылайык мезгил-мезгили менен же убакыттын аныкталган же айкын белгиленген убакыттын ичинде төлөнүүгө тийиш болгон сумманы билдирет.
19-берене. Мамлекеттик кызмат
1. а) Макулдашкан мамлекет же анын аймактык-администрациялык бөлүмү же жергиликтүү бийлик органы тарабынан жеке жакка мына ушул Мамлекетке же анын аймактык-администрациялык бөлүмүнө же жергиликтүү бийлик органына көрсөткөн кызматына карата төлөнүүчү пенсиялардан жана ушул сыяктуу төлөмдөрдөн башка сый акыга мына ушул Мамлекетте гана салык
Ь ) эгерде кызмат мына ушул Мамлекетте көрсөтүлсө жана жеке жак мына ушул Мамлекеттин резиденти болуп эсептелсе, ал:
(i) ушул Мамлекеттин жараны болуп эсептелсе, же
(ii) кызматты жүзөгө ашыруу максатында гана ушул Мамлекеттин резиденти болбой калса, анда ушундай сый акыларга экинчи Макулдашкан Мамлекетте салык салынат.
2. а) Макулдашкан мамлекет же анын администрациялык аймактык бөлүмү же жергиликтүү бийлик органы же алар тарабынан түзүлгөн фонддордон ушул Мамлекет, анын администрациялык аймактык бөлүмү же жергиликтүү бийлик органы үчүн жүзөгө ашырылган кызматы үчүн жеке жакка төлөнүүчү ар кандай пенсияга мына ушул Мамлекетте гана салык салынат;
b) Эгерде жеке жак ушул Мамлекеттин резиденти жана жараны болуп эсептелсе, мындай пенсияга экинчи Макулдашкан мамлекетте гана салык салынат.
3. 5, 16, 17 жана 18-беренелеринин жоболору Макулдашкан мамлекетте же анын администрациялык аймактык бөлүмүнүн же жергиликтүү бийлик органынын ишкердик кылуу ишин аткарууга байланыштуу жүзөгө ашырылган кызматына карата сый акысына жана пенсияларына карата колдонулат.
20-берене. Студенттер
Бир Макулдашкан мамлекетке келгенге чейин түздөн-түз экинчи Макулдашкан мамлекеттин резиденти болгон же болуп эсептелген жана биринчи эскертилген Мамлекетте жалаң гана окуу же билим алуу максатында жана жашоо, окуу жана билим алуу максаттары үчүн гана арналган, студент же үйрөнчүк тарабынан алынуучу төлөмдөргө мына ушул Мамлекеттин чегинен тышкары жайгашкан булактардан келип чыккан шартта ушул Мамлекетте салык салынат.
21-берене. Башка кирешелер
1. Макулдашкан мамлекеттин резидентинин кирешелеринин түрлөрүнө, алардын келип чыгуу булактарына карабастан, алар ушул Макулдашуунун мурдагы беренелерде каралбаса мына ушул Мамлекетте гана салык салынат.
2. Эгерде ушундай кирешелерди алуучу бир Макулдашкан мамлекеттин резиденти болуу менен анда жайгашкан туруктуу мекеме аркылуу коммерциялык ишти жүзөгө ашырса же мына ушул экинчи Мамлекетте жайгашкан туруктуу база аркылуу көз карандысыз жеке кызматтарды көрсөтсө жана ага байланыштуу киреше алынган укук же мүлк чынында эле ушундай туруктуу мекеме же туруктуу база менен байланышта болсо, 1-пункттун жоболору 6-берененин 2-пунктунда аныкталган кыймылсыз мүлктөн алынуучу кирешелерден башка кирешелерге карата колдонулбайт. Мындай учурда кырдаалдарга жараша 7 же 14-берененин жоболору колдонулат.
3. 1 жана 2-пункттардын жоболоруна карабастан, Макулдашкан Мамлекеттин резидентинин ушул Макулдашуунун мурдагы беренелеринде каралбаган жана экинчи Макулдашкан мамлекетте келип чыга турган кирешелеринин түрлөрүнө да мына ушул экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
22-берене. Кош салык салууну четтетүү
1. Эгерде бир Макулдашкан мамлекеттин резидентине ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык экинчи Макулдашкан мамлекетте салык салынышы мүмкүн болгон кирешени алса, биринчи эскертилген Мамлекет ушул резиденттин кирешесинен алынуучу салыктан мына ушул экинчи Мамлекетте кирешеден алынган салыкка барабар болгон сумманы чыгарып салууга мүмкүндүк берет.
Бул чыгарып салуулар ар кандай учурда кырдаалга жараша мына ушул экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн болгон эсептен чыгарып салуу берилгенге чейин эсептелип чыккан жана кирешеге таандык кылынган киреше салыгынын бир бөлүгүнөн ашпоого тийиш.
2. Эгерде Макулдашуунун ар кандай жобосуна ылайык Макулдашкан мамлекеттин резиденти тарабынан алынган киреше мына ушул Мамлекетте салык салуудан бошотулса, ушул Мамлекет бул резиденттин кирешесинин калган бөлүгүнө салыктын суммасын эсептөөдө салык салуудан бошотулган кирешени эске алышы мүмкүн.
23-берене. Басмырлоого жол бербөө
1. Макулдашкан мамлекеттин улуттук жактары экинчи Макулдашкан мамлекетте башка же андан оор салык салууга же салык салуу милдеттенмесине жана ага байланыштуу милдеттенмеге байланыштуу жагдайларга тартылбайт. Ушул экинчи мамлекеттин улуттук жактары ошондой эле шарттарда тартыла турган же тартылууга тийиш болгон милдеттенмелерге тартылбайт. 1-берененин жоболоруна карабастан ушул жобо бир же эки Макулдашкан мамлекеттин резиденти болуп эсептелбеген адамдарга карата да колдонулат.
2. Макулдашкан мамлекеттин резиденти болуп эсептелген жарандыгы жок жактар бирдей эле жагдайларда, атап айтканда резиденцияга карата алганда Макулдашкан мамлекеттердин биринде дагы ушул Мамлекеттин улуттук жактары тартылган же тартылышы мүмкүн болгон салык салууга, же ага байланыштуу милдеттенмелерге Караганда, салык салууга, же болбосо ага байланыштуу башка же алда-канча оор милдеттенмелерге тартылбайт.
3. Макулдашкан мамлекеттин ишканасы экинчи Макулдашкан мамлекетте ээ болгон туруктуу мекемеге салык салуу ушул экинчи Мамлекеттин ушундай эле ишти жүзөгө ашырып жаткан ушул экинчи Мамлекеттин ишканасына салык салууга Караганда алда-канча жагымсыз болушу мүмкүн эмес. Ушул Жобо Макулдашкан мамлекетти экинчи Макулдашкан мамлекеттин резидентине алардын жарандык статусун же үй-бүлөлүк абалынын негизинде өзү жеке резиденттерине берип жаткан салык салуу боюнча кандайдыр бир жеке жеңилдиктерди, чыгарып салууларды жана арзандатууларды берүүгө милдеттендирүүчү жобо катары чечмеленбөөгө тийиш.
4. 9-берененин 1-пунктунун, 11-берененин 7-пунктунун же 12-берененин 6-пунктунун жоболору колдонулгандан башка учурларда, бир Макулдашкан Мамлекеттин ишканасы тарабынан экинчи Макулдашкан мамлекеттин резидентине төлөнгөн роялтинин проценттери жана башка төлөмдөрү ушундай ишкананын салык салынуучу пайдасын аныктоо максаттары үчүн керек, эгерде алар биринчи эскертилген Мамлекеттин резидентине төлөнүп турса ошондой эле шарттарда эсептен чыгарылууга тийиш. Бир Макулдашкан мамлекеттин ишканасынын экинчи Макулдашкан мамлекеттин резидентине мына ушул ишкананын салык салынуучу капиталын аныктоо максаттарындагы ар кандай карызы биринчи эскертилген Мамлекеттин резидентине болгон карыз сыяктуу эле шарттарга ылайык эсептен чыгарылууга тийиш.
5. Капиталы толугу менен же жарым-жартылай бир же бир нече резидентке таандык болгон же тикелей же кыйыр түрдө экинчи Макулдашкан Мамлекеттин бир нече резиденти тарабынан контролдонгон Макулдашкан мамлекеттин ишканасы биринчи эскертилген Мамлекетте ушул биринчи эскертилген Мамлекеттеги башка ушул сыяктуу ишканалар тартылган же тартылышы мүмкүн болгон салык салуудан же ага байланыштуу милдеттенмелерден башка же ага байланыштуу милдеттенме боюнча алда канча оор салык салууга тартылышы мүмкүн эмес.
24-берене. Өз ара макулдашуунун жол-жобосу
1. Эгерде жак бир же эки Макулдашкан Мамлекеттин аракеттери ага ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык келбеген салык салууга алып келди же алып келет деп эсептелсе, бул жак ушул Мамлекеттердин улуттук мыйзамдарында каралган коргоо каражаттарына карабастан, эгерде мындай учур өзү улуттук жагы болуп эсептелген Мамлекеттин 23-беренесинин 1-пунктунун аракеттерине туура келсе, өзүнүн ишин өзү резиденти болуп эсептелген Макулдашкан мамлекеттин компетенттүү органдарына кароо үчүн бере алат. Арыз Макулдашуунун жоболоруна ылайык келбеген салык салууга алып келген аракеттер жөнүндө биринчи кабарлоо берилген учурдан тартып үч жылдык мөөнөттүн ичинде берилүүгө тийиш.
2. Эгерде компетенттүү орган арызды негиздүү деп эсептесе жана ал өз-алдынча канааттандырарлык чечимге келе албаса, ал Макулдашууга ылайык келбеген салык салуудан качуу максатында экинчи Макулдашкан мамлекеттин компетенттүү органы менен өз ара Макулдашуу боюнча маселени чечүүгө аракеттенет. Ар кандай жетишилген Макулдашуу макулдашкан Мамлекеттердин ички мыйзамдарында каралган кандайдыр бир убактылуу чектөөлөргө карабастан аткарылууга тийиш.
3. Макулдашкан мамлекеттин компетенттүү органдары ушул Макулдашууну чечмелөөдө же колдонууда келип чыккан ар кандай кыйынчылыктарды же шектенүүлөрдү өз ара макулдашуу боюнча чечүүгө аракеттенет.
4. Макулдашкан мамлекеттердин компетенттүү органдары бири-бири менен тикелей байланыштарга чыгышы, анын ичинде мурдагы пункттарды түшүнүүдө макулдашууга жетүү максаттарында алардын мүчөлөрү компетенттүү органдардын өздөрү же алардын өкүлдөрү болушу мүмкүн болгон биргелешкен комиссияларды түзүшү мүмкүн.
25-берене. Маалымат алмашуу
1. Макулдашуучу мамлекеттердин компетенттүү органдары ушул Макулдашуунун жоболорун же Макулдашуучу мамлекеттердин салыктарга тиешелүү ички мыйзамдарын, бул мыйзам боюнча салык алуу Макулдашууга карама-каршы келбеген даражада, аткаруу үчүн маалыматтарды алмашат. Маалымат алмашуу 1-берене менен чектелбейт.
2. 1-пунктка ылайык Макулдашуучу мамлекет тарабынан алынган бардык маалымат ушул Мамлекеттин ички мыйзамдарынын алкагында алынган ошол эле түрдөгү маалымат катары конфиденциалдуу деп саналат жана ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн салыктарга тийиштүү баалоо же мажбурлап өндүрүү, кылмыш иликтөө же даттанууларды кароо менен байланышкан жактарга жана органдарга гана (сотторду жана административдик органдарды кошо) кабарланат.
Мындай жактар же органдар бул маалыматтарды ушул максаттар үчүн гана колдонушат. Алар бул маалыматты соттун ачык отурумунда же соттун чечимдерди кабыл алуу да ачышы мүмкүн.
3. 1 жана 2-пункттун жоболору кандай учур болсо да Мамлекетке милдеттенмелерди жүктөө катары чечмеленбеши керек:
a) бул же тигил Мамлекеттин мыйзамдарына жана административдик тажрыйбасына каршы келген административдик иш-чараларды кабыл алууга;
b) бул же тигил Мамлекеттин мыйзамдары боюнча же кадимки административдик тажрыйбада алууга мүмкүн болбогон маалыматты берүүгө;
c) кандайдыр бир соода, экономикалык, ишкердик, өнөр жайлык, коммерциялык же профессионалдык сырларды ача турган же аларды ачыкка чыгаруу мамлекеттик саясатка (коомдук тартипке) каршы келген соода процессин же маалыматты берүүгө.
4. Эгерде маалымат ушул беренеге ылайык Макулдашуучу мамлекет тарабынан талап кылынган болсо, эгер бул башка Мамлекет өзүнүн салыктык максаттары үчүн мындай маалыматка муктаж болбосо дагы экинчи Макулдашуучу мамлекет анын тескөөсүндөгү каражаттарды талап кылынган маалыматты алуу үчүн маалыматтарды чогултуу боюнча колдонот. Өткөн сүйлөмдө камтылган милдеттенме 3-пункттун чектөөлөрүнө баш ийет, бирок кандай гана учур болбосун мындай чектөө Макулдашуучу мамлекетке мындай маалыматка өз кызыкчылыгы жок болгондуктан гана маалымат берүүдөн баш тартууга уруксат берүү катары каралбайт.
5. 3-пункттун жобосу эч бир учурда Макулдашуучу мамлекетке маалымат банктын, башка финансылык мекеменин, номиналдык менчик ээсинин же агенттикте аракеттенген адамдын колунда болгондуктан же ишенген жактын абалында же мындай маалымат кайсы-бир адамдын кызыкчылыгын козгогондуктан гана маалымат берүүдөн баш тартууга уруксат берүү катары каралбашы керек.
26-берене. Салыктарды өндүрүп алууга жардам көрсөтүү
1. Макулдашкан мамлекеттер кирешелердин талаптарын өндүрүүдө бири бирине жардам берип турушат. Бул жардам 1 жана 2-беренелер менен чектелбейт. Макулдашкан мамлекеттердин компетенттүү органдары оз ара макулдашуу аркылуу ушул берененин түрлөрүн чечип алышат.
2. Ушул беренеде колдонулуп жаткан «киреше талабы» деген термин Макулдашкан мамлекеттин же анын администрациялык-аймактык бөлүмүнүн, жергиликтүү бийлик органдарынын атынан салынган ар кандай түрдөгү жана аталыштагы карыздарга карата алынган карыздын суммасын, ошондой эле пайыздарды, администрациялык айыптарды жана ушундай суммага тиешеси бар мүлктү алып коюу же камак салуу боюнча чыгымдарды билдирет, анда мындай салык салуу ушул Макулдашууга же Макулдашкан мамлекет катышкан ар кандай башка документке карама-каршы келбегендей болуш керек.
3. Эгерде Макулдашкан мамлекеттин киреше талабы ошол Мамлекеттин мыйзамдары боюнча мажбурлап өндүрүлүшү мүмкүн болсо жана ошол мезгилде ошол Мамлекеттин мыйзамы боюнча аны өндүрүп алууну болтурбай кое албаган жак карыз болсо, кирешени ушундай талабы Макулдашкан мамлекеттин компетенттүү органынын өтүнүчү боюнча экинчи Макулдашкан мамлекеттин компетенттүү органы аркылуу өндүрүп алуу максатында кабыл алынышы мүмкүн. Кирешенин ушул талабы экинчи Мамлекетте мажбурлап өндүрүп алууга жана анын өзүнүн салыктарын алууга карата колдонула турган анын мыйзамдарынын жоболоруна ылайык алынат, мында киреше талабын өндүрүп алуу ошол экинчи Мамлекеттин жеке талабындай болуп калат.
4. Макулдашкан мамлекеттин киреше талабына ушул Мамлекет ага карата өзүнүн мыйзамдары аркылуу аны кепилдик алдында алуу максатында мүлккө камак салуу мүмкүнчүлүгүн билдирген талап болсо, мындай учурда Макулдашкан мамлекеттин компетенттүү органынын өтүнүчү боюнча бул киреше талабы экинчи Макулдашкан мамлекеттин компетенттүү органы тарабынан камак салуу чараларды көрүү максатында кабыл алынат. Анда экинчи Мамлекет өзүнүн мыйзамдарынын жоболоруна ылайык ошол киреше талабына камак салуу боюнча чараларды көрөт, мында киреше талабы ошол экинчи Мамлекеттин жеке өзүнүн талабындай болуп калат, атүгүл ушундай чараларды колдонуу учурунда ушул киреше салыгы биринчи эскертилген Мамлекетте мажбурлап алынып коюлбаса же аны алып коюну болтурбай коюуга укугу бар жактын карызы болсо да ушундай болот.
5. 3 жана 4-пункттардын жоболоруна карабастан, 3 жана 4-пункттардын максатында Макулдашкан мамлекетте кабыл алынган киреше талабы мына ушул Мамлекетте убакыттын ар кандай лимиттерине тартылышы же өзүнүн мүнөзүнүн себеби боюнча ошол Мамлекеттин мыйзамдары боюнча киреше талабына карата колдонула турган кандайдыр-бир артыкчылыктарга ээ болушу мүмкүн эмес. 3 жана 4-пункттардын максаттары үчүн Макулдашкан мамлекетте кабыл алынган кирешенин талаптарын толуктоо катары, ошол Мамлекетте экинчи Макулдашкан мамлекеттин мыйзамдары боюнча ошол киреше талабына карата колдонула турган кандайдыр бир артыкчылыкка ээ болбойт.
6. Макулдашкан Мамлекеттин киреше талабынын болушу, мыйзамдуулугу же анын суммасы тууралуу угуулар экинчи Макулдашкан мамлекеттин соттору же администрациялык органдарынын алдында коюлбайт.
7. Эгерде Макулдашкан мамлекет тарабынан экинчи Макулдашкан мамлекет тарабынан киреше талабын биринчи эскертилген Мамлекеттен өндүргөнгө жана которгонго чейин ар кандай учурда 3 жана 4-пункттар боюнча сунуш-талап жасалса жана бул киреше талабы:
a) биринчи эскертилген Мамлекет киреше талабын 3-пункт боюнча талап кылганда, ал ошол Мамлекеттин мыйзамдары боюнча мажбурлап өндүрүлсө жана ошол кезде ошол Мамлекеттин мыйзамдары боюнча аны алып коюга мүмкүнчүлүк бербеген жак тарабынан карызга алынса;
b) биринчи эскертилген Мамлекет киреше талабын 4-пункт боюнча талап кылганда, ага карата бул Мамлекет өзүнүн мыйзамдары боюнча аны кепилдик менен алып коюу максатында мүлккө камак салууга карата чараларды көрсө, биринчи эскертилген Мамлекеттин компетенттүү органы ушул факты тууралуу экинчи Макулдашкан мамлекеттин компетенттүү органына токтоосуз кабарлайт жана экинчи Мамлекеттин чечими боюнча биринчи эскертилген Мамлекет өзүнүн сунуш-талабын токтото турат же кайра алат.
8. Эч качан ушул берененин жоболору Макулдашкан мамлекеттерге төмөндөгүдөй милдеттерди:
a) тигил же бул Макулдашкан мамлекеттин мыйзамдарына жана администрациялык практикасына карама-каршы келген администрациялык чараларды кабыл алууга;
b) Мамлекеттик саясатка карама-каршы келген чараларды көрүүгө;
c) Эгерде экинчи Макулдашкан мамлекет анын мыйзамдары же администрациялык тажрыйбасы боюнча тигил.же бул учурда мүмкүн болгон мүлктү өндүрүп алуунун же камак салуунун чараларын пайдаланбаса, ага жардам берүүгө;
d) ошол Мамлекеттин администрациялык жүгү экинчи Макулдашкан мамлекет тарабынан алына турган пайдага өтө эле ылайык келбеген учурларда жардам берүүгө мажбурлай тургандай чечмелениши мүмкүн эмес.
27-берене. Дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин кызматкерлери
Ушул Макулдашуунун бир дагы жобосу эл аралык укуктун жалпы нормалары же атайын макулдашуулардын негизинде белгиленген дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин кызматкерлеринин салыктык артыкчылыктарына тиешелүү болбойт.
28-берене. Өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү
Ушул Макулдашуу өз ара макулдугу боюнча Макулдашкан мамлекеттердин өзүнчө протоколдор менен таризделген өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана ушул Макулдашуунун 29-беренесине ылайык күчүнө кирет.
29-берене. Күчүнө кириши
1. Макулдашуучу Мамлекеттер дипломатиялык каналдар аркылуу мамлекет-тараптардын мыйзамдарында ушул Макулдашууну күчүнө киргизүүнү талап кылган мамлекеттик ички жол-жоболордун аяктагандыгы жөнүндө бири бирине кабарлайт.
2. Ушул Макулдашуу ушул берененин 1-пунктунда эскертилген акыркы кабарлоо алынган күндөн тартып күчүнө кирет жана анын жоболору төмөндөгүлөргө карата колдонулат:
a) ушул Макулдашуу күчүнө кирген жылдан кийинки календарлык жылдын биринчи январында же биринчи январынан кийин төлөнгөн же эсепке алынган суммалар боюнча төлөм булагынан кармалуучу салыктарга карата;
b) ушул Макулдашуу күчүнө кирген жылдан кийинки календарлык жылдын биринчи январынан же биринчи январынан кийин баштала турган салыктык жылдагы башка салыктарга карата колдонулат.
30-берене. Колдонулушун токтотуу
Ушул Макулдашуу Макулдашкан мамлекеттердин бири анын колдонулушун токтотконго чейин күчүндө болот.
Макулдашкан мамлекеттердин ар бир ушул Макулдашуу кирген күндөн тартып 5 жылдык мезгилден кийинки календарлык жыл аяктаганга чейин алты айдан кечиктирбестен Макулдашууну денонсациялоо жөнүндө дипломатиялык каналдар аркылуу кабарлоо жиберүү менен Макулдашуунун колдонулушун токтото алат.
Мындай учурда Макулдашуу өзүнүн колдонулушун төмөндөгүлөргө карата токтотот:
a) кабарлоо берилген жылдан кийинки календарлык жылдын биринчи январынан же биринчи январынан кийин төлөнгөн же эсепке алынган суммалар боюнча киреше булагынан кармалуучу салыктарга карата;
b) кабарлоо берилген жылдан кийинки календарлык жылдын биринчи январынан же биринчи январынан кийинки башка салыктарга карата өзүнүн колдонулушун токтотот.
Ушуларды ырастоо менен, ушуга кол коюуга тиешелүү түрдө ыйгарым укугу барлар төмөндө ушул Макулдашууга кол коюшту.
«___»_____________шаарында эки түп нускада ар бири кыргыз, армян жана орус тилдеринде жазылды, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ болот. Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө же колдонууда кандайдыр бир пикир келишпестиктер келип чыккан учурда, орус тилиндеги текст колдонулат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн | Армян Республикасынын Өкмөтү үчүн |