Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 18-июлу № 360-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кувейт мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы Кош салык салуудан качуу, киреше жана капитал салыктары боюнча салык салуудан качууну болтурбоо жөнүндө макулдашуунун долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министрине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан принципиалдуу эмес мүнөздөгү түзөтүүлөрдү киргизүү укугу менен көрсөтүлгөн макулдашууга кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кувейт Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы кош салык салуудан качуу,
киреше жана капитал салыктары боюнча салык салуудан качууну болтурбоо жөнүндө
макулдашуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кувейт Мамлекетинин Өкмөтү, кош салык салуудан качуу, киреше жана капитал салыктары боюнча салык салуудан качууну болтурбоо жөнүндө макулдашууну түзүүнү каалап;
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашышты:
1-берене. Макулдашуу колдонула турган жактар
Бул Макулдашуу Макулдашуучу мамлекеттердин биринин резиденти же экөөнүн тең резиденти болуп саналган жактарга карата колдонулат.
2-берене. Макулдашуу жайылтыла турган салыктар
1.Бул Макулдашуу Макулдашуучу мамлекеттердин, же анын саясий же болбосо администрациялык-аймактык бөлүмдөрүнүн же бийликтин жергиликтүү органдарынын атынан, аларды алуунун ыкмаларына карабастан, алынуучу киреше жана капитал салыктарына карата колдонулат.
2. Киреше жана капитал салыктары деп кирешелердин жалпы суммасынан, капиталдын жалпы суммасынан, же кирешенин же капиталдын айрым элементтеринен алынуучу бардык салыктар, анын ичинде кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү ээликтен ажыратуудан түшкөн киреше салыктары, ишканалар төлөп берүүчү сый жана эмгек акыларынын жалпы суммасынан алынуучу салыктар, ошондой эле капиталдын өсүшүнүн кирешелеринен алынуучу салыктар эсептелет.
3. Ушул Макулдашуу жайылтыла турган колдонуудагы салыктар атап айтканда төмөнкүлөр болуп саналат:
a) Кыргыз Республикасында:
1) юридикалык жактардын пайда жана кирешелер салыгы; жана
2) жеке адамдардын киреше салыгы;
3) мүлк салыгы (мындан ары - «Кыргыз тараптын салыктары» деп аталат).
b) Кувейт Мамлекетинде:
1) корпорациялардын кирешелер салыгы;
2) илимди өнүктүрүүнүн Кувейт фондуна (ИӨКФ) төлөнүүчү Кувейт акционердик компанияларынын таза пайдасынын бир бөлүгү;
3) «Зекет»;
4) жумуштуулук жөнүндө улуттук мыйзамды колдоо үчүн төлөнүүгө тийиш болгон салык (мындан ары - «Кувейт тараптын салыктары» деп аталат).
4. Бул Макулдашуу ошондой эле толуктоо ирээтинде же колдонуудагы салыктардын ордуна бул Макулдашууга кол коюлган күндөн кийин алына турган ар кандай окшош же мааниси боюнча ушул сыяктуу салыктарга да колдонулат. Макулдашуучу Мамлекеттердин компетенттүү органдары алардын тиешелүү салыктык мыйзамдарына киргизилген ар кандай олуттуу өзгөртүүлөр тууралуу бири-бирине кабарлоого тийиш.
3-берене. Жалпы аныктамалар
1. Ушул Макулдашуунун максаты үчүн, эгер контексте башкача келип чыкпаса:
a) «Кыргызстан» деген термин Кыргыз Республикасын түшүндүрөт Географиялык мааниде алганда «Кыргызстан» деген терминди колдонуу Кыргыз Республикасы эл аралык укуктарга ылайык эгемендүү укугун жана юрисдикциясын ишке ашырган жана анда Кыргыз Республикасынын салыктык мыйзамдары колдонулган аймакты билдирет;
b) «Кувейт» деген термин Кувейт Мамлекетинин аймактык суулары кирген бардык аймагын кошо, Кувейт Мамлекетинин эгемендүү укугун жана юрисдикцияны ишке ашырган аймакка тете, эл аралык укуктарга ылайык ушундай деп аныкталган же келечекте аныктала турган башка ар кандай аймак Кувейт Республикасынын аймагын түшүндүрөт;
c) «жак» деген термин жеке адамды, компанияны жана ар кандай башка жактардын бирикмесин түшүндүрөт;
d) «компания» деген термин салык алуу максаты үчүн корпоративдик бирикме катары каралган ар кандай корпоративдик бирикмени же ар кандай уюмду түшүндүрөт,
e) «Макулдашуучу мамлекет» жана «экинчи Макулдашуучу мамлекет» деген терминдер контекстке жараша Кыргыз Республикасын же Кувейт Мамлекетин түшүндүрөт;
f) «Макулдашуучу мамлекеттин ишканасы» жана «экинчи Макулдашуучу мамлекеттин ишканасы» деген терминдер тиешелүүлүгүнө жараша Макулдашуучу мамлекеттин резиденти башкарган ишкананы жана экинчи Макулдашуучу мамлекеттин резиденти башкарган ишкананы түшүндүрөт;
g) «эл аралык ташуу» деген термин - качан деңиз же аба кемелери, же жер бетиндеги транспорт экинчи Макулдашуучу мамлекеттеги пункттардын ортосунда гана пайдаланылгандан башка учурдагы, Макулдашуучу мамлекеттин ишканасы пайдалануучу деңиз жана аба кемелери менен ар кандай ташууларды түшүндүрөт;
h) «компетенттүү орган» деген термин төмөнкүнү түшүндүрөт:
(1) Кыргызстанда - Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги же анын ыйгарым укуктуу өкүлүн;
(2) Кувейт Мамлекетинде - Финансы министрлигин же анын ыйгарым укуктуу өкүлүн;
i) «улуттук жак» термини, Макулдашуучу мамлекетке карата төмөнкүнү түшүндүрөт:
(ii) Макулдашуучу мамлекеттин жарандыгы бар ар кандай жеке жак;
(iii) Макулдашуучу мамлекеттин колдонуудагы мыйзамдарынын негизинде тийиштүү статус алган ар кандай юридикалык жак, шериктештик же ассоциация.
(j) «салык» деген термин контекстке жараша Кувейт Мамлекетинин же Кыргызстандын салыгын түшүндүрөт.
2. Макулдашуучу мамлекет тарабынан ар кандай учурда ушул Макулдашууну колдонгондо андагы аныкталбаган ар кандай термин, эгерде контексттен башкача болуп чыкпаса, мындай учурдагы ошол Мамлекеттин мыйзамдары боюнча мааниге ээ болот. Ушул Макулдашуу жайылтылган салыктарга карата, ушул мамлекеттин тийиштүү салыктык мыйзамдарында аныкталган маанисинде, ошол Мамлекеттин башка мыйзамдарында аныкталган мааниден басымдуулук кылуучу мааниде болот.
4-берене. Резидент
1. Ушул Макулдашуунун максаты үчүн «Макулдашуучу мамлекеттин резиденти» деген термин төмөнкүлөрдү түшүндүрөт:
a) Кыргыз Республикасында: ушул Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык туруктуу жашаган жери, туруктуу барган жери, катталган жери башкаруу орду же ушундай мүнөздөгү башка критерийлер боюнча ошол Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык ага салык салынууга тийиш болгон ар кандай жакты, ошондой эле ушул Мамлекетти же анын кандайдыр-бир администрациялык - аймактык бөлүмүн же жергиликтүү бийлик органын түшүндүрөт. Бирок бул термин ушул Мамлекетте салык салынууга тийиш болгон ар кандай жакты камтыбайт, бул Мамлекеттеги булактардан алынган кирешеге же андагы капиталга карата гана таркатылат;
b) Кувейт Мамлекетинде: Кувейтте туруктуу жашаган жана Кувейт жарандыгы бар ар кандай жеке жак, ошондой эле Кувейтте уюштурулган компаниялар.
2. 1-пункттун максаттары үчүн Макулдашуучу мамлекетин резиденти төмөнкүлөр болуп саналат:
a Макулдашуучу мамлекеттин Өкмөтү, анын ар кандай саясий жана администрациялык бөлүмдөрү же жергиликтүү бийлик органдары;
b) корпорация, Борбордук же Улуттук банк, фонд, башкаруу органы, мекеме, агенттик сыяктуу же башка ушуга окшогон юридикалык жактар айкын мыйзамдарга ылайык Макулдашуучу мамлекетте түзүлгөн ар кандай өкмөттүк уюмдар;
с) бардык капиталы Мамлекет анын b) пунктчасында көрсөтүлгөн саясий бөлүмдөрү же жергиликтүү бийликтер, же өкмөттүк уюмдары, башка мамлекеттер менен бирдикте берилген Мамлекетте негизделген ар кандай юридикалык жак.
3.1-пункттун жоболоруна ылайык, эгерде жеке жак Макулдашуучу мамлекеттердин экөөнүн тең резиденти болуп саналса, анын статусу төмөнкүдөй түрдө аныкталат:
a) ал туруктуу турак жайга ээ болгон Мамлекеттин резиденти болуп саналат; эгер анын эки мамлекетте тең туруктуу турак жайы болсо, ал айрыкча тыгыз жеке жана экономикалык байланыштарга (жашоо тиричилик кызыкчылыгынын борбору) ээ болгон Мамлекеттин гана резиденти болуп саналат;
b) эгер анын жашоо тиричилик кызыкчылыгынын борбору бар Мамлекетти аныктоого мүмкүн болбосо, же эгер бул Мамлекеттердин биринде дагы туруктуу турак жайы болбосо, анда ал дайыма жашаган Мамлекеттин гана резиденти болуп саналат.
c) эгер ал дайыма эки Мамлекетте тең жашаса, же алардын биринде да жашабаса, анда ал кайсы Мамлекеттин жараны болуп саналса ошол Мамлекеттин резиденти болуп саналат;
d) эгерде а) жана с) пунктчаларынын жоболоруна ылайык анын статусу аныкталбаса, бул маселе Макулдашуучу мамлекеттердин компетенттүү органдары тарабынан өз ара макулдашуу боюнча чечилет.
4. Эгер 1-пункттун жоболоруна ылайык жеке жак болуп саналбаган жак Макулдашуучу мамлекеттердин экөөнүн тең резиденти болуп саналса, анын натыйжалуу башкаруу органы жайгашкан Мамлекеттин резиденти болуп саналат.
5-берене. Туруктуу мекеме
1. Ушул Макулдашуунун максаттары үчүн «туруктуу мекеме» деген термин иш-аракеттин туруктуу ордун түшүндүрөт, ал аркылуу ишкананын ишкердик иш-аракеттери толук же жарым-жартылай ишке ашырылат.
2. «Туруктуу мекеме» термини негизинен төмөнкүлөрдү камтыйт:
a) башкаруу орду;
b) бөлүм;
c) кеңсе;
d) фабрика;
e) өнөркана;
f) шахта, нефть же газ бургуларын, карьерди же жаратылыш ресурстарын казуучу башка жерлер;
g) айыл чарба, жайыт же токойчулук иши жүзөгө ашырылуучу ферманы, жайыттарды же токой чарбасын;
3. «Туруктуу мекеме» термини да төмөнкүлөрдү камтыйт:
а) курулуш аянттарын, куруу, монтаждоо же куроо объектилери же алар менен байланышкан көзөмөл ишин, бирок эгер ушундай аянт же объект же ушундай иш 9 айдан ашык уланса;
b) ишкананын кызматкерлери же ишкана ушундай максаттар үчүн жалдаган башка персоналдары аркылуу көрсөтүлүүчү консультациялык кызматтар, анан ичинде консультациялык кызматтарды көрсөтүү, бирок эгер мындай мүнөздөгү иш ушундай же аны менен байланышкан долбоор үчүн экинчи Макулдашуучу мамлекеттин аймагында 6 айдан ашыкча мезгил ичинде улантылганда гана.
4. Макулдашуучу мамлекеттин ишканасынын экинчи Мамлекетте, эгерде бул Мамлекетте он эки айдын аралыгында 9 айдан көбүрөөк ишкана менен түзүлгөн контракттын алкагында, контракт үчүн же ал контрактка ылайык олуттуу техникалык, механикалык же илимий жабдуулар колдонулса же орнотулса туруктуу мекемеси бар деп эсептелет.
5. Ушул берененин мурдагы жоболоруна карабастан «туруктуу мекеме» термин төмөнкүлөрдү камтыбайт:
a) ишканага тиешелүү болгон товарларды жана буюмдарды сактоо жана көргөзүү максаты үчүн гана курулмаларды жана жабдууларды колдонууну;
b) сактоо жана көрсөтүү же берүү максаттары үчүн гана ишканага тийиштүү болгон товарлардын жана буюмдардын запасын кармоону;
c) башка ишкана тарабынан кайра иштетүү максаттары үчүн гана ишканага тийиштүү болгон товарлардын жана буюмдардын запасын кармоону;
d) товарларды же буюмдарды сатып алуу, же ишкана үчүн маалыматтарды топтоо максаттары үчүн гана иштин туруктуу ордун кармоону;
e) ишкана үчүн даярдоочу же көмөкчү мүнөздөгү ар кандай башка ишти жүргүзүү максаттарында гана туруктуу иш ордун кармоону;
f) мындай комбинациялардын натыйжасында пайда болгон иштин туруктуу орундагы жалпы иш-аракеттер даярдоочу жана көмөкчү мүнөздө боло турган шартта а) е) пунктчаларында саналган иш түрлөрүнүн ар кандай комбинацияларын ишке ашыруу үчүн кана туруктуу иш ордун кармоону.
6. 1-жана 2-пункттардын жоболоруна карабастан, эгерде жак 7-пункттун жобосу колдонулган көз карандысыз статустагы агенттен башка жак болсо өз ишин ишкананын атынан ишке ашырат, ошондой эле ишкананын атынан контракт түзүү боюнча ыйгарым укугу бар жана адатта Макулдашуучу мамлекетте аны ишке ашырса, бул ишкана ушул Мамлекеттеги туруктуу мекемеси бар катары каралат, эгер бул жактын иши 6-пунктта эскертилгендер менен чектелсе, эгер иштин туруктуу жери аркылуу ишке ашырылса да, бул туруктуу иш ордун ушул пункттун жоболоруна ылайык туруктуу мекемеге айлантпайт.
7. Ишкана, брокер, башкы комиссиондук агент, же көз карандысыз статусу бар башка агент аркылуу, мындай жактар өзүнүн көнүмүш иш-аракеттеринин алкагында аракеттенген шартта, бул Мамлекетте ишкердик ишин жүзөгө ашыргандыгы үчүн гана Макулдашуучу Мамлекетте туруктуу мекемеси бар деп саналбайт.
8. Макулдашуучу мамлекеттин резиденти болуп саналган компания, контролдой турган же экинчи Макулдашуучу мамлекеттин резиденти болуп саналган компания тарабынан контролдоно турган фактысы, бул экинчи Мамлекетте ишкердик ишин ишке ашыруусу (же туруктуу мекеме аркылуу, же башкача түрдө) өзүнөн-өзү бул компаниялардын бирин экинчисинин туруктуу мекемесине айланта албайт.
6-берене. Кыймылсыз мүлктөн түшкөн киреше
1. Макулдашуучу мамлекеттин резиденти экинчи Макулдашуучу мамлекетте жайгашкан кыймылсыз мүлктөн (айыл, малчылыктан жана токой чарбасынан түшкөн кирешелери менен кошо) алуучу кирешеге экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. «Кыймылсыз мүлк» термини каралып жаткан мүлк жайгашкан Макулдашуучу мамлекеттин мыйзамдары боюнча түшүнүктөгү мааниге ээ. Бул термин кандай учурда болсун кыймылсыз мүлккө карата көмөкчү мүлктү, мал жана айыл чарбасында жана (мал жана балык өстүрүүнү кошо) токой чарбасында пайдаланылуучу жабдууларды, жер менчигине карата жалпы укуктун жоболорунда колдонулуучу укуктарды түшүндүрөт. Кыймылсыз мүлктүн узуфрукту жана минералдык ресурстарды, булактарды жана башка жаратылыш кендерин иштеп чыгуу же иштеп чыгууга укук үчүн компенсация катары өзгөрмөлүү же белгиленген төлөмдөргө укуктар «кыймылсыз мүлк» катары каралат. Деңиз жана аба кемелери, ошондой эле жер бетиндеги транспорт кыймылсыз мүлк катары каралбайт.
3. 1-пункттун жоболору кыймылсыз мүлктү түз пайдалануудан, ижарага берүүдөн же аны кандайдыр-бир башка түрдө пайдалануудан алынган кирешеге карата колдонулат.
4. 1 жана 3-пункттардын жоболору ишкананын кыймылсыз мүлктөрүнөн алынган кирешеге, ошондой эле көз карандысыз жеке кызматтарды көрсөтүү үчүн пайдаланылуучу кыймылсыз мүлктөн түшкөн кирешелерге карата колдонулат.
7-берене. Ишкердик иштен түшкөн пайда
1. Макулдашуучу мамлекеттин ишканасынын пайдасына, эгерде мындай ишкана экинчи Макулдашуучу мамлекетте анда жайгашкан туруктуу мекеме аркылуу ишкердик ишин ишке ашырбаса, бул Мамлекетте гана салык салынат. Эгерде ишкана жогоруда айтылгандай өз ишин ишке ашырса, ишкананын пайдасына экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн, бирок мында туруктуу мекемеге тийиштүү болгон бөлүгүнө гана салык салынат.
2. 3-пункттун жоболорун эске алуу менен, эгер Макулдашуучу мамлекеттин ишканасы экинчи Макулдашуучу мамлекетте жайгашкан туруктуу мекеме аркылуу ишкердик ишин ишке ашырса, анда ар бир Макулдашуучу мамлекетте бул туруктуу мекемеге, эгер ал өз алдынча жана өзүнчө мекеме болгондо, ушундай же ушуга окшогон шартта, ушундай же ушуга окшогон иштер менен алектенген жана туруктуу мекемеси болуп саналган ишканадан толук көз карандысыз аракеттенгенде алууга мүмкүн болгон пайдасы таандык кылынат.
3. Туруктуу мекеменин кирешесин аныктоодо башкаруу жана жалпы администрациялык чыгымдарды менен кошо, бул чыгымдар туруктуу мекеме жайгашкан Мамлекетке, же кайда гана болбосун келтирилгендигине карабастан туруктуу мекеменин максаттары үчүн келтирилген чыгымдарды, Макулдашуучу мамлекеттин туруктуу мекемеси өз алдынча болсо эсептен чыгарууга тийиш болгон, башка чыгымдар катары кемитип салууга мүмкүн болбогон чыгым катары эсептен чыгарууга жол берилет.
4. Эгерде Макулдашуучу мамлекет тарабынан туруктуу мекемеге тийиштүү кирешени ишкананын кирешесинин жалпы суммасын анын ар түрдүү бөлүмдөрү боюнча пропорциялуу бөлүштүрүүнүн негизинде аныктоо кадимки практика болуп саналса, ушул берененин 2-пунктунда эч нерсе Макулдашуучу мамлекетке адатта кабыл алынгандай мындай бөлүштүрүү аркылуу салык салынуучу кирешени аныктоого тыюу салбайт; бөлүштүрүүнүн тандалып алынган ыкмасы ушул беренеге камтылган принциптерге ылайык келген натыйжаларды бериши керек.
5. Макулдашуучу мамлекеттердин биринин компетенттүү органына жеткиликтүү болгон маалымат же ушул берененин 3-жана 4 - пункттарына ылайык компетенттүү органга жеткиликтүү болгон маалымат туруктуу мекемеге таандык пайданын көлөмүн аныктоого мүмкүндүк бербейт, пайданын көлөмү Мамлекеттин салык мыйзамдарына ылайык аныкталышы мүмкүн.
6. Бул туруктуу мекеме тарабынан ишкана үчүн жасалган товарларды жана буюмдарды жөн эле сатып алуу себеби боюнча туруктуу мекемеге эч кандай пайда чегерилбейт.
7. Мурдагы пункттардын максаттары үчүн туруктуу мекемеге тийиштүү пайда, эгерде белгиленген тартипти өзгөртүү үчүн маанилүү жана жетишердик негиздери болбосо жыл сайын бир гана ыкма менен аныкталат.
8. Эгер пайда кирешенин элементтерин же ушул Макулдашуунун башка беренелеринде өзүнчө каралган кирешени камтыса, анда бул беренелердин жоболору ушул берененин жоболорунда козголбойт.
8-берене. Эл аралык ташуулар
1. Эл аралык ташууларда деңиз же аба кемелерин, же жер бетиндеги транспортторду пайдалануудан алынган пайдага ишкана натыйжалуу башкарылган жердеги Макулдашуучу мамлекетте гана салык салынат.
2. Ушул берененин максаттары үчүн эл аралык ташууларда деңиз же аба кемелерин же жер бетиндеги транспортторду пайдалануудан алынган пайда төмөнкүлөр болуп саналат:
a) деңиз, аба кемелерин же жер бетиндеги транспортту чартердик негизде ижарага берүүдөн түшкөн пайда;
b) товарларды же буюмдарды ташуу үчүн колдонулуучу контейнерлерди, анан ичинде трейлерлерди же тиешелүү жабдууларды колдонуудан, пайдалануудан же ижарага берүүдөн түшкөн пайда;
эгер мындай ижарага берүү же колдонуу, пайдалануу же ижарага берүү эл аралык ташууларда деңиз, аба кемелерин же жер бетиндеги транспортторду пайдаланууга кошумча болсо;
3. 1-пункттун жобосу ошондой эле биргелешкен ишкердик иштин же эл аралык эксплуатациялык агенттиктеги пулга катышуудан алынган пайдаларга дагы колдонулат.
9-берене. Ассоциацияланган ишканалар
1. Эгер:
a) Макулдашуучу мамлекеттин ишканасы экинчи Макулдашуучу мамлекеттин ишканасын башкарууга, контролдоого же капиталына түз же кыйыр катышса; же
b) бир жана ошол эле жактар Макулдашуучу мамлекеттин ишканасын, ошондой эле экинчи Макулдашуучу мамлекеттин ишканасын башкарууга, контролдоого же капиталына түз же кыйыр катышса жана ар кандай учурда эки ишкананын ортосунда алардын ишкердик жана финансылык өз ара мамилелеринде эки көз карандысыз ишкананын ортосундагы боло турган шарттардан айырмаланган шарттар түзүлөт же белгиленет, анда алардын биринин эсебине чегериле турган, бирок бул шарттардын бар экендигинен ага чегерилбеген ар кандай пайда, бул ишкананын пайдасына киргизилет жана тийиштүү түрдө салык салынат.
2. Эгер Макулдашуучу мамлекет бул Мамлекеттин ишканасынын пайдасына киргизсе жана ага жараша пайда салыгын салса, ал боюнча бул Мамлекеттин салыгы салынса жана ушундайча киргизилген пайда биринчи эскертилген Мамлекеттин ишканасына чегериле турган пайда деп саналса, эгер эки ишкананын ортосундагы мамиле эки көз карандысыз ишкананын ортосундагы мамиледей болсо, анда бул экинчи Мамлекет бул пайдадан алынуучу салыктын суммасына карата тийиштүү оңдоп-түзөтүүлөрдү жүргүзөт. Мындай оңдоп-түзөтүүлөрдү аныктоодо ушул Макулдашуунун башка жоболору каралууга тийиш, ал эми Макулдашуучу мамлекеттердин компетенттүү органдары бири-бири менен зарыл болгон учурда консультацияларды өткөрө алышат.
10-берене. Дивиденддер
1.Биринчи Макулдашуучу мамлекеттин резиденти болуп саналган компания мындай дивиденддердин иш жүзүндө ээси болуп саналган экинчи Макулдашуучу мамлекеттин резидентине төлөп берүүчү дивиденддерге экинчи Мамлекетин салыгы салынышы мүмкүн.
2.Ушул беренеде колдонуу үчүн «дивиденддер» деген термин акциялардан, «жуиссанс» акцияларынан же «жуиссанс» укуктарынан, кен казуу өнөр жайынын акцияларынан, уюштуруучулардын акцияларынан же пайдага катышуучу, карыз талаптары болуп саналбаган башка пайдалардан алынуучу кирешени, ошондой эле пайданы бөлүштүрүүчү, компания анын резиденти болуп саналган ошол Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык акциялардан алынуучу пайдага салык салууга карата теңештирилген башка корпоративдик укуктардын акцияларынан алынуучу кирешени түшүндүрөт.
3. Эгер дивиденддердин иш жүзүндөгү ээси Макулдашуучу мамлекеттин резиденти болуп туруп, экинчи Макулдашуучу мамлекетте ишкердик ишти ишке ашырса, мында дивиденддерди төлөөчү компания резидент болуп саналса, анда жайгашкан туруктуу мекеме аркылуу (же ушул экинчи Мамлекетте көз карандысыз жеке кызматтарды анда туруктуу жайгашкан база аркылуу көрсөтсө), жана холдинг, ага карата дивиденддер төлөнсө, аныгында туруктуу мекеме менен же туруктуу база байланышкан болсо 1-пункттун жобосу колдонулбайт. Мындай учурда 7-берененин же 14 - берененин жоболору шартка жараша колдонулат.
4. Биринчи Макулдашуучу мамлекеттин резиденти болуп саналган компания экинчи Макулдашуучу мамлекеттен пайда же киреше алган учурда, бул экинчи Мамлекет эгер мындай дивиденддер бул экинчи Мамлекеттин резидентине төлөнсө же эгерде ал дивиденддер төлөнүп жаткан холдинг иш жүзүндө бул экинчи Мамлекетте жайгашкан туруктуу мекемеге же туруктуу базага тийиштүү экендигин кошпогондо, дивиденддерден ар кандай салык алынбайт жана компаниянын бөлүштүрүлбөгөн пайдасынан ал тургай эгер төлөнүүчү дивиденддер же бөлүштүрүлбөгөн пайда ошол экинчи Мамлекетте келип чыгуучу толук же жарым-жартылай пайдадан же кирешеден турса да бөлүштүрүлбөгөн пайдага салык салынбайт.
11-берене. Проценттер
1. Биринчи Макулдашуучу мамлекетте пайда болгон жана экинчи Макулдашуучу мамлекеттин резидентине төлөнүүчү проценттерге, мындай проценттердин иш жүзүндөгү ээси болуп саналган ошол экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. «Проценттер» термини ушул беренеде колдонгон учурда күрөө менен камсыздалган же камсыздалбаган, карызкорлордун пайдаларына катышууга укук берүүчү же бербөөчү ар кандай түрдөгү карыз талаптарынан түшкөн кирешени жана өкмөттүк бул баалуу кагаздардан түшкөн кирешени жана облигациялардан же карыз милдеттенмелеринен түшкөн кирешени, анын ичинде бул баалуу кагаздар, облигациялар жана: карыз милдеттенмелери боюнча сый акыларды жана утуштарды, ошондой эле пайда келип чыккан Макулдашуучу мамлекеттин салык мыйзамдарына ылайык акча каражаттарын карызга берүүдөн. улам салык салуу объектиси болуп саналган кирешени түшүндүрөт. Өз убагында төлөбөгөндүк үчүн айыптар ушул берененин максаттары үчүн процент катары каралбайт.
3. 1 жана 2-пункттардын жоболору, эгер проценттер дин иш жүзүндөгү ээси биринчи Макулдашуучу мамлекетин резиденти болуп туруп экинчи Макулдашуучу мамлекетте анда жайгашкан туруктуу мекеме аркылуу проценттер пайда болуучу ишкердик ишин жүзөгө ашырса, же ошол экинчи Мамлекетте жайгашкан туруктуу базага көз карандысыз жеке кызматтарды көрсөтсө жана проценттер төлөнгөн карыздык талап чындыгында эле ушундай туруктуу мекемеге же туруктуу базага байланышса мындай жоболор колдонулбайт. Мындай учурда кырдаалга жараша 7 - берененин жоболору колдонулат.
4. Төлөөчү ушул Мамлекеттин резиденти болуп саналса Макулдашуучу мамлекетте проценттер пайда болот деп эсептелет. Бирок эгерде проценттерди төлөөчү жак Макулдашуучу мамлекетин резиденти экендигине же резиденти эместигине карабастан Макулдашуучу мамлекетте (же Макулдашуучу мамлекеттен тышкарыда) туруктуу мекемеси же туруктуу базасы болсо, аларга байланыштуу карыздар пайда болуп, алар боюнча проценттер төлөнсө жана бул проценттерди төлөө боюнча чыгымдарды ушундай туруктуу мекеме же туруктуу база көтөрсө, анда мындай проценттер туруктуу мекеме же туруктуу база жайгашкан Мамлекетте пайда болот деп эсептелет.
5. Эгерде төлөөчүнү менен иш жүзүндөгү проценттердин ээсинин ортосундагы, же экөөнүн жана кандайдыр бир башка жактын ортосундагы өзгөчө мамилелерден улам карыздык талаптын негизинде төлөнүүчү проценттердин суммасы мындай мамилелер жок учурда төлөөчү менен иш жүзүндөгү проценттердин ээсинин ортосунда макулдашылган проценттердин суммасынан ашып кетсе, бул берененин жобосу соңку эскертилген суммага гана колдонулат. Мындай учурда төлөмдүн ашыкча бөлүгүнө ар бир Макулдашуучу мамлекеттин мыйзамдарына ылайык ушул Макулдашуунун башка жоболорун тийиштүү түрдө эске алуу менен салык салынууга тийиш.
12-берене. Роялти
1. Макулдашуучу бир мамлекетте келип чыккан жана Макулдашуучу экинчи мамлекеттин резидентине төлөнүүчү роялтиге ошол экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. Бирок мындай роялтиге ошондой эле бул Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык алар келип чыккан Макулдашуучу мамлекетте да салык салынышы мүмкүн, бирок эгерде роялтинин иш жүзүндөгү ээси экинчи Макулдашуучу мамлекеттин резиденти болуп саналса, мындай түрдө алынуучу салык роялтинин жалпы суммасынын 10%нен ашпоого тийиш.
3. Бул берененин колдонууда «роялти» термини ар кандай адабият, искусство чыгармаларына же илимий эмгектерге, кино фильмдерди, кандайдыр бир патенттерге, соода маркаларына, дизайн же моделге, планга, жашыруун формулага же процесске автордук укуктарды пайдалануу укугун колдонуу же берүү же өнөр жайлык, ишкердик же илимий жабдууларды пайдалануу укугун колдонуу же берүү же өнөр жайлык ишкердик же илимий тажрыйбага тиешелүү маалымат үчүн сыйлык катарында алынуучу ар кандай түрдөгү төлөмдөрдү билдирет.
4. Макулдашуучу мамлекеттин резиденти болуп туруп, роялтинин иш жүзүндөгү ээси башка мамлекетте ишкердик иш жүргүзсө, роялти ошол жерде туруктуу жайгашкан мекеме аркылуу келип чыкса же болбосо ошол экинчи Мамлекетте туруктуу жайгашкан база менен көз карандысыз жеке кызматтарды көрсөтсө, аларга карата мындай туруктуу мекеме же туруктуу база менен чындыгында байланышкан роялти төлөнсө 1 жана 2-пунктун жоболору колдонулбайт. Мындай учурда кырдаалга жараша 7 же 14-берененин жоболору колдонулат.
5. Роялти Макулдашуучу мамлекетте аны төлөөчү ошол Мамлекеттин өзү, анын администрациялык-аймактык бөлүмү, жергиликтүү бийлик органдары же ошол Мамлекеттин резиденти болуп саналса ошол Мамлекетте келип чыкты деп эсептелет. Бирок ал Макулдашуучу мамлекеттин резиденти болуп саналабы же жокпу, Макулдашуучу Мамлекетте туруктуу мекемеси же туруктуу базасы бар экендигине карабастан роялти төлөөчү жак аны төлөө милдеттенмеси жана буларды төлөөгө байланыштуу чыгымдар болгондо мындай роялти туруктуу мекеме же туруктуу база жайгашкан Мамлекетте келип чыгат, деп эсептелинет.
6. Эгерде төлөөчүнүн жана иш жүзүндө роялтинин ээсинин же алардын экөөнүн тең жана кандайдыр бир башка жактын ортосундагы өзгөчө мамилелерден улам колдонууга, укукка же маалыматка таандык роялтинин суммасы мындай мамилелер жок учурда төлөөчү менен роялтинин иш жүзүндөгү ээсинин ортосунда макулдашылган суммадан ашса, бул берененин жоболору соңку эскертилген суммага гана колдонулат. Мындай учурда төлөмдүн ашыкча бөлүгүнө ушул Макулдашуунун башка жоболорун тийиштүү түрдө эске алуу менен ар бир Макулдашуучу мамлекеттин мыйзамдарына ылайык салык салынууга тийиш.
13-берене. Мүлктүн наркынын өсүшүнөн түшүүчү кирешелер
1. 6-беренеде эске алынган жана экинчи Макулдашуучу мамлекетте турганкыймылсыз мүлктү ээликтен ажыратууда Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти алуучу пайдаларга ошол экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. Макулдашуучу мамлекеттин ишканасынын экинчи Макулдашуучу мамлекетте жайгашкан туруктуу мекемесинин ишкердик мүлкүнүн бөлүгүн түзүүчү кыймылдуу мүлктү же көз карандысыз жеке кызматтарды көрсөтүү максатында экинчи Макулдашуучу мамлекеттеги Макулдашуучу мамлекеттин резидентинин туруктуу базасына таандык кыймылдуу мүлктү ээликтен ажыратуудан түшүүчү кирешелерге, анын ичинде мындай туруктуу мекемени ажыратуудан (өзүнчө же бардык ишкана менен бирге), же болбосо мындай туруктуу базаны ээликтен ажыратуудан түшкөн кирешелерге кошо алганда экинчи Мамлекетте салык алынышы мүмкүн.
3. Эл аралык ташууларда деңиз жана аба кемелерин же жер бетиндеги транспортторду колдонуучу Макулдашуучу мамлекетин ишканасы тарабынан алынган, эл аралык ташууларда деңиз жана аба кемелерин же жер бетиндеги транспортторду же кыймылдуу мүлктү ээликтен ажыратуудан алынган кирешелерге ошол гана Макулдашуучу мамлекетте салык салынат.
4. 1, 2, 3 жана 4-пункттарда эскертилбеген кандайдыр бир мүлктү ээликтен ажыратуудан түшүүчү кирешелерге ээликтен ажыратуучу жак резиденти болгон Макулдашуучу мамлекетте гана салык салынат.
14-берене. Көз карандысыз жеке кызмат көрсөтүүлөр
1. Кесиптик кызматтарды же башка кез карандысыз мүнөздөгү ушундай иштерди көрсөтүүдөн Макулдашуучу мамлекеттин резиденти алган кирешеге салык ошол гана мамлекетте салынат, буга мындай кирешеден экинчи Макулдашуучу мамлекетте салык салына турган төмөнкүдөй учурлар кирбейт:
a) анын ишин жүргүзүү максаты үчүн экинчи Макулдашуучу Мамлекетте ага дайыма жеткиликтүү туруктуу базасы болгон учурда, экинчи Макулдашуучу мамлекетте ошол туруктуу базага таандык кирешенин бөлүгүнө гана салык салынат; же
b) Макулдашуучу мамлекеттин резидентинин экинчи Макулдашуучу мамлекетте болушу ар кандай он эки айлык мезгилдеги жалпысынан 183 күндү түзгөн же андан ашкан мезгилге улантылса, анда мындай учурда башка экинчи Макулдашуучу мамлекеттеги ишинен алынган кирешенин бөлүгүнө гана экинчи Мамлекетте салык салынат.
2. «Кесиптик кызмат көрсөтүүлөр» термини, атап айтканда кез карандысыз илимий, адабий, артисттик, билим берүү же педагогикалык ишти, ошондой эле врачтардын, юристтердин, инженерлердин, архитекторлордун, стоматологдордун, бухгалтерлердин көз карандысыз иштерин камтыйт.
15-берене. Көз карандысыз жеке кызмат көрсөтүүлөр
1. 16, 18 жана 19-беренелердин жоболорун эске алуу менен жалдоо боюнча иштерге байланыштуу Макулдашуучу мамлекеттин - резиденти алган эмгек акы, маяна жана башка ушул сыяктуу сыйлык акыларга, эгерде жалдоо боюнча мындай иш экинчи макулдашуучу Мамлекетте ишке ашырылбаса ошол Мамлекетте гана салык салынат. Эгерде жалдоо боюнча иш ушундай түрдө ишке ашырылса, ага байланыштуу алынган сыйлык акыга экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. 1-пунктун жобосуна карабастан экинчи Макулдашуучу мамлекетте ишке ашырылуучу жалдоо
биринчи Макулдашуучу мамлекеттин резиденти алган сыйлык акыга биринчи эскертилген Мамлекетте гана салык салынат, эгерде:
a) алуучу ар кандай 12-айлык мезгилде, каралып жаткан салык жылы башынан же аягынан, жалпысынан 183 күндөн ашпаган мезгилдин аралыгында экинчи Мамлекетте болсо, жана
b) сыйлык акы жалдоочу же экинчи мамлекеттин резиденти болуп саналбаган жалдоочунун атынан төлөнсө, жана
c) сыйлык акыларды жалдоочунун экинчи Мамлекеттеги туруктуу мекемеси же туруктуу базасы төлөбөсө.
3. Ушул берененин мурдагы жоболоруна карабастан Макулдашуучу мамлекеттин ишканасы тарабынан эл аралык ташууларда эксплуатацияланган деңиз жана аба кемесинин, же жер бетиндеги транспорттун бортунда жүргүзүлүүчү жалдоо боюнча иштерге байланыштуу алынган сыйлык акылардан салык мындай деңиз жана аба кемесин, же жер бетиндеги транспортту эксплуатациялаган ишкана жайгашкан ошол Мамлекетте кармалышы мүмкүн.
16-берене. Директорлордун сыйлык акысы
1. Экинчи Макулдашуучу мамлекеттин резиденти болуп саналган, директорлор кеңешинин же компаниянын окшош органынын мүчөсү катары Макулдашуучу мамлекеттин резиденти алуучу директордук жана ошол сыяктуу төлөмдөргө ошол биринчи эскертилген Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
17-берене. Артисттер жана спортсмендер
1. 7, 14 жана 15-беренелердин жоболоруна карабастан театр, кино артисти, радио же теле көрсөтүү сыяктуу искусство кызматкерлери же музыкант катарында же спортсмен катарында экинчи Макулдашуучу мамлекетте ишке ашырылуучу анын жеке ишине ошол экинчи мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. Эгер искусство кызматкери же спортсмен катары жеке иштен: түшүүчү киреше ошол искусство кызматкерине же спортсменге эмес, башка адамга эсептелсе бул кирешеден 7, 14 жана 15 - беренелердин жоболоруна карабастан искусство кызматкери же спортсмен иш жүргүзгөн Макулдашуучу мамлекетте салык алынат.
3. 1 жана 2-пункттардын жоболоруна карабастан ушул беренеге тийиштүү болгон киреше Макулдашуучу мамлекетте артисттин же спортсмендин иши, эгер мындай иштер Макулдашуучу мамлекеттер бекиткен маданий жана спорттук алмашуулардын программасынын алкагында ишке ашырылса Макулдашуучу мамлекетте салыктан бошотулат.
18-берене. Пенсиялар жана аннуитет
1. 19-статьянын 2-пунктунун жоболорун эске алуу менен жалдоо боюнча жүргүзүлгөн мурдагы иш үчүн Макулдашуучу мамлекеттин резидентине төлөөчү пенсиялар жана башка ушундай түрдөгү сыйлык акылар жана аннуитет үчүн ошол гана Мамлекетте салык салынууга тийиш.
2. «Аннуитет» термини өмүрүнүн бүткүл аралыгындагы белгиленген убакка же болбосо милдеттенмеге ылайык аныкталган же так белгиленген убакка мезгили менен төлөнүүгө тийиш болгон акчалай же нарктык көрүнүшүндө адекваттуу же толук түрдөгү сыйлык акынын ордуна төлөнүүгө тийиш болгон белгиленген сумманы билдирет.
19-берене. Мамлекеттик кызмат
1. а) Макулдашуучу мамлекет же анын саясий же администрациялык бөлүмдөрү же жергиликтүү бийлик органдары тарабынан ушул Мамлекетке же анын саясий же администрациялык бөлүмдөрүнө же жергиликтүү бийлик органдарына көрсөтүлгөн кызматтарга карата жеке адамдын маянасына, эмгек акысына жана башка ушу сыяктуу сыйлык акысына ошол Мамлекетте гана салык салынат.
b) Бирок мындай маянага, эмгек акыга жана башка ушу сыяктуу сыйлык акыга, эгерде кызмат ошол экинчи Мамлекетте көрсөтүлсө жана жеке адам ошол Мамлекеттин резиденти болуп саналса экинчи макулдашуучу Мамлекетте гана салык салынат, ал:
(1) ушул Мамлекеттин жараны болуп саналса
(2) кызмат көрсөтүү максатында гана ошол Мамлекеттин резиденти болбосо.
2. а) 1-пункттун жоболоруна карабастан Макулдашуучу мамлекет же анын саясий же администрациялык бөлүмдөрү же жергиликтүү бийлик органы алар түзгөн фонддор аркылуу ошол Мамлекет же анын бөлүмдөрү же бийлик органы үчүн көрсөтүлүүчү кызматка жеке адамга төлөнүүчү пенсияга жана башка ушундай сый акыларга ушул гана Мамлекетте салык салынат.
b) Бирок мындай пенсиядан эгерде жеке адам ошол Мамлекеттин резиденти же жараны болуп саналса экинчи Макулдашуучу мамлекетте гана салык салынат.
3. 15, 16 жана 18 - берененин жоболору Макулдашуучу мамлекет же анын саясий же администрациялык бөлүмдөрү же жергиликтүү бийлик органы ишкердик ишти аткарууга байланыштуу жүргүзгөн кызматтарга карата эмгек акыларга, маянага жана башка ушундай сыйлык акыларга жана пенсияларга колдонулат.
20-берене. Студенттер жана стажёрлор
1. Макулдашуучу мамлекеттин резиденти же экинчи Макулдашуучу Мамлекетке келээр алдында анын түздөн-түз резиденти болуп саналган жана биринчи ирет эскертилген Мамлекетте, окуу же билим алуу максатында гана жүргөн студент, практикант же стажер алган төлөмдөр жана жашоо, окуу жана билим алуу максаттары үчүн багытталган төлөмдөрдөн ошол Мамлекетте, эгер мындай төлөмдөр ушул Мамлекеттин чегинен тышкары турган булактардан төлөнгөн шартта гана салык алынбайт.
2. 1-пункттун жоболорун эске алуу менен Макулдашуучу мамлекеттин резиденти же экинчи Макулдашуучу мамлекетке келээр алдында анын түздөн-түз резиденти болуп саналган жана биринчи ирет эскертилген Мамлекетке убактылуу кызматтарды көрсөтүү аркылуу окуу же билим алуу максатында гана жүргөн студент же стажер алуучу төлөмдөргө ушул Мамлекетте, мындай кызматтар аны окушу жана билим алышы менен байланышкан шартта гана жана мындай кызматтар үчүн төлөмдөр жашоо максатында ал үчүн жеткиликтүү ресурстарга зарыл толуктоо болуп саналса салык салынбайт.
21-берене. Башка кирешелер
1. Бул макулдашуунун мурдагы беренелеринде эскерилбеген, келип чыгуу булагына карабастан Макулдашуучу мамлекеттин резидентинин кирешелеринин түрлөрүнө ошол Мамлекетте гана салык салынууга тийиш.
2. 1-пунктун жоболору 6-берененин 2-пунктунда аныкталган кыймылсыз мүлктөн түшүүчү пайдалардан тышкары пайдаларга карата эгерде мындай кирешелерди алуучу бир Макулдашуучу мамлекеттин резиденти болуп саналса, анда жайгашкан туруктуу мекемеси аркылуу экинчи Макулдашуучу мамлекетте ишкердик иш жүргүзсө же ошол экинчи Мамлекетке анда турган туруктуу базасы аркылуу көз карандысыз: жеке кызматтарды көрсөтсө, алынган кирешеге байланыштуу укукка же мүлккө ээ болсо, чындыгында эле мындай туруктуу мекеме же база менен байланышта болсо аларга карата колдонулбайт. Мындай учурда кырдаалга жараша 7 же 14-беренелердин жоболору колдонулат.
22-берене. Капитал
1. Макулдашуучу мамлекеттин резидентине таандык жана экинчи Макулдашуучу мамлекетте жайгашкан, 6-беренеге ылайык кыймылсыз мүлк катары көрсөтүлгөн капиталга ошол экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. Экинчи макулдашуучу Мамлекетте ишканасы болгон Макулдашуучу мамлекеттин туруктуу мекемесинин ишкердик мүлкүнүн бөлүгү болуп саналган кыймылдуу мүлк түрүндөгү же көз карандысыз жекече кызматтарды көрсөтүү максатында экинчи Макулдашуучу мамлекетте биринчи Макулдашуучу мамлекеттин резидентинин карамагында болгон туруктуу базага таандык кыймылдуу мүлк түрүндөгү капиталга ошол экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
3. Эл аралык ташууларда Макулдашуучу мамлекеттин резиденти эксплуатациялоочу деңиз же аба кемелери, же жер бетиндеги транспорт түрүндөгү, ошондой эле мындай деңиз же аба кемелерин, же жер бетиндеги транспорттун колдонууга тиешелүү кыймылдуу мүлк түрүндөгү капиталга ишкана натыйжалуу башкарылып жаткан экинчи Макулдашуучу мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
4. Макулдашуучу мамлекеттин резидентинин капиталынын башка бардык элементтерине ошол Мамлекетте гана салык салынат.
23-берене. Кош салык салууну четтетүү ыкмалары
1. Макулдашуучу мамлекеттердин биринде колдонулган мыйзамдар ушул Макулдашууга каршы келген жоболордон башка Макулдашуучу мамлекетке карата салык салууну жөнгө салууну улантат.
2. Кош салык салууну четтетүү ушул берененин пункттарына ылайык ишке ашырылат деп макулдашылды:
а) Кыргызстанда кош салык салуу төмөнкүдөй түрдө четтетилет:
Эгерде Кыргызстандын резиденти ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык Кувейтте салык салынышы мүмкүн болгон киреше ала турган болсо Кыргызстан төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:
(1) бул резиденттин киреше салыгынана Кувейтке төлөнгөн киреше салыгына барабар сумманы эсептен чыгарып салууга;
(2) бул резиденттин капитал салыгынан Кувейтке төлөнгөн капитал салыгына барабар сумманы эсептен чыгарып салууга.
Жогоруда келтирилген жоболорго ылайык эсептен чыгарылган салыктын суммасы Кыргызстандагы колдонуудагы ставкалар боюнча мындай кирешеге эсептелген салыктан ашпоого тийиш.
Эгерде Кыргызстандын резиденти ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык Кувейтте гана салык салына турган киреше алса же капиталга ээ болсо Кыргызстан бул кирешени же капиталды салык салуу базасына киргизе алат, бирок Кыргызстанда салык салынууга дуушар болуучу мындай кирешеге же капиталга салыктын ставкасын белгилөө максатында гана жүргүзүлөт.
2. Кувейттин мисалында:
Эгерде Кувейттин резиденти ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык Кувейтте жана Кыргызстанда да салык салынышы мүмкүн болгон киреше алса же капиталга ээ болсо, Кувейт Кыргызстанда төлөнгөн киреше салыгына тең сумманы бул резиденттин кирешеге салыгынан алып салууга жана Кыргызстанда төлөнгөн капитал салыгына барабар сумманы ушул резиденттин капиталга салыгынан алып салууга мүмкүндүк берет.
Бирок мындай алып салуулар, Кыргызстанда салык салына турган кирешеге жана капиталга киргизилген, кирешеге жана капиталга салыктын сунуш кылынган алып салууларына чейин эсептелген бөлүгүнөн ашпоого тийиш.
24-берене. Кысымга албоо
1. Макулдашуучу мамлекеттин улуттук жактары экинчи Макулдашуучу мамлекетте башка же кыйла түйшүктүү салык салууга же ага байланыштуу милдеттерге, ошондой эле кырдаалда экинчи Мамлекеттин улуттук жактары дуушар болгон же дуушарланышы мүмкүн болгон аларга байланыштуу милдеттерге Караганда башкача же кыйла түйшүктүү салык салынууга дуушар болбойт.
2. Бир Макулдашуучу мамлекеттин экинчи Макулдашуучу мамлекеттеги ишканасы болгон туруктуу мекемесине салык салуу, ушундай иштерди ушул эле жагдайларда ишке ашырган үчүнчү мамлекеттердин ишканаларына салынган салыктардан начар жагдайда болууга тийиш эмес. Мындай жобо бир Макулдашуучу мамлекетти экинчи Макулдашуучу мамлекеттин резидентине алардын жарандык статусунун же үй-бүлөлүк жагдайынын негизинде салык салуу боюнча өздөрүнүн резидентине берилүүчү кандайдыр бир жекече жеңилдиктерди, эсептен чыгарып салууларды жана арзандатууларды берүүгө милдеттендирүү катары түшүндүрүлбөөгө тийиш.
3. 9-берененин 1-пунктунун, 11-берененин 5-пунктунун же 12-берененин 6-пунктунун жоболору колдонулган учурду кошпогондо бир Макулдашуучу мамлекеттин экинчи Макулдашуучу мамлекеттин резидентине төлөнүүчү проценттер, роялтилер жана башка төлөмдөр мындай ишкананын салык салынуучу пайдасын аныктоо максатында баштапкы эскертилген Мамлекеттин резидентине төлөнгөндөй шартта. эсептен чыгарылууга тийиш. Ушундай эле бир Макулдашуучу мамлекеттин ишканасынын экинчи Макулдашуучу мамлекеттин резидентине болгон ар кандай карызы ошол ишкананын салык салынуучу капиталын аныктоо максатында баштапкы: эскертилген Мамлекеттин резидентине болгон карыздын шарттарында эсептен чыгарылууга тийиш.
4. Капиталы бир же бир нече резиденттерге толук же жарым жартылай таандык болгон же түз же кыйыр түрдө экинчи Макулдашуучу мамлекеттин бир же бир нече резиденти тарабынан контролдонгон Макулдашуучу мамлекеттин ишканасы баштапкы эскертилген Мамлекетте салык салууга жана алардагы милдеттерге Караганда ошол баштапкы эскертилген Мамлекеттин ушул сыяктуу, капиталы толук же жарым-жартылай үчүнчү мамлекеттердин бир же бир нече резиденттерине таандык болгон же контролдонгон ишканасы дуушар болгон же дуушар болушу мүмкүн болгон, башка же кыйла түйшүктүү салык салынууга дуушар болушпайт.
5. Бул беренеде эч нерсе биринчи Макулдашуучу мамлекетке экинчи Макулдашуучу мамлекеттин резидентине таркатууга, катышуучусу алгач эскертилген Мамлекет болушу мүмкүн болгон, капиталга толук же жарым-жартылай салык салууга же жылдырууга кирген, бажы союзунун, экономикалык союздун, эркин экономикалык зонанын же ар кандай региондук же, субрегиондук макулдашуунун алкагында ар кандай режимден, жеңилдиктерден жана артыкчылыктардан пайданы укуктук милдеттенме таккан катары чечмеленбеши керек.
6. Бул беренедеги «салык салуу» термини ушул Макулдашуунун предмети болгон салыктарды түшүндүрөт.
25-берене. Өз ара макулдашуу жол жоболору
1. Эгерде жак бир же эки Макулдашуучу мамлекеттердин аракеттери аны ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык эмес салык салууга алып келди же алып келет деп эсептесе, ал бул Мамлекеттердин улуттук мыйзамдарында каралган коргоо каражаттарына карабастан өздөрүнүн ишин кароо үчүн ал резиденти болуп саналган Макулдашуучу мамлекеттин компетенттүү органдарына же эгерде мындай учур ал улуттук жагы болуп саналган ошол Мамлекеттин 24-беренесинин 1-пунктуна туура келсе кароого берет. Арыз Макулдашуунун жоболоруна ылайык келбеген салык салууга алып келүүчү аракеттер жөнүндө биринчи маалымдоо каралган учурдан тартып үч жылдын аралыгында берилүүгө тийиш.
2. Компетенттүү орган арызды негиздүү деп тапса ал өзү канааттандыралык чечимге келе албаса Макулдашууга дал келбеген салык салуудан качуу максатында маселени экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин компетенттүү органы менен өз ара Макулдашуу боюнча чечүүгө умтулат. Ар кандай жетишилген макулдашуу ошол Макулдашуучу мамлекеттердин ички мыйзамдарындагы кандайдыр бир убактылуу чектөөлөргө карабастан аткарылат.
3. Макулдашуучу мамлекеттердин компетенттүү органдары Макулдашууну чечмелөөдө же колдонууда келип чытуучу ар кандай кыйынчылыктарды же шектенүүлөрдү өз ара макулдашуу боюнча чечүүгө умтулат. Алар Макулдашууда каралбаган учурларда кош салык салууну четтетүү максатында бири-бири менен консультация жүргүзүшөт.
4. Макулдашуучу мамлекеттердин компетенттүү органдары мурдагы пункттарды Макулдашууга жетишүү жана түшүнүү максатында, алардын өздөрүнөн же алардын өкүлдөрүнөн түзүлгөн биргелешкен комиссиялар аркылуу бири-бири менен түз байланыштарга чыга алышат.
26-берене. Маалымат алмашуу
1. Макулдашуучу мамлекеттердин компетенттүү органдары ушул Макулдашуунун жоболорун же Макулдашуучу мамлекеттердин ушул Макулдашуу менен камтылган салыкка тийиштүү улуттук мыйзамдарын, бул мыйзамдар боюнча салык салуу ушул Макулдашууга карама-каршы келбегенине жараша, аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды алмашышат. Макулдашуучу Мамлекеттин компетенттүү органы алуучу ар кандай маалымат, ошондой эле макулдашуучу Мамлекеттин улуттук мыйзамынын алкагында алынган маалымат сыяктуу эле жарыялоого жатпай турган маалымат болуп саналат жана ушул Макулдашуу колдонула турган салыктарды эсептөө же жыйноо, өндүрүү же соттук издөө, ошондой эле сот тартибинде кароо менен алектенген жактарга же органдарга (сот жана администрациялык органдарды кошо) гана кабарланат. Мындай жактар же башкаруу органдары маалыматтарды ушул максаттар үчүн гана пайдаланышат. Алар соттук териштирүүнүн жүрүшүндө же соттук чечимдерде маалыматты ачыкка чыгарышы мүмкүн.
2. Кандай гана учур болбосун 1-пунктун жоболору ар кандай Макулдашуучу мамлекеттердин компетенттүү органдарына милдеттендирүүчү катары төмөнкүдөй чечмеленүүгө тийиш эмес:
a) тигил же бул Макулдашуучу мамлекеттин мыйзамдарына жана администрациялык практикасына каршы келүүчү администрациялык чараларды көрүү;
b) мыйзамдар боюнча тигил же бул Макулдашуучу мамлекеттин демейдеги администрациялык практикасынын жүрүшүндө алууга болбой турган маалыматтарды берүү;
c) кандайдыр бир соода, экономикалык, өнөр жайлык, коммерциялык же кесиптик сырды, же болбосо соода процессин, же болбосо ачыкка чыгаруу коомдук тартипке каршы келген маалыматты ачып берүүчү маалымат берүү.
27-берене. Дипломатиялык миссиялардын жана консулдук мекемелердин мүчөлөрү
Бул Макулдашуунун эч кандай жобосу дипломатиялык миссиялардын жана консулдук мекемелердин мүчөлөрүнүн эл аралык укуктун жалпы нормалары тарабынан же атайын макулдашуулардын негизинде берилген салыктык артыкчылыктарын козгобойт.
28-берене. Күчүнө кирүүсү
1. Бул Макулдашуу Макулдашуучу Мамлекеттер ушул Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн алардын мыйзамдары талап кылуучу зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун бүткөндүгү жөнүндө акыркы кабарлоо катты алган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Бул Макулдашуу төмөнкүлөргө:
a) бул Макулдашуу күчүнө кирген жылдан кийинки календардык жылдын биринчи январынан тартып же андан кийин төлөнгөн же эсепке алынган суммадан - булактан кармалып калуучу салыктарга карата;
b) Бул Макулдашуу күчүнө кирген жылдан кийинки календардык жылдын биринчи январында же андан кийин башталуучу салык салынуучу мезгилдер үчүн - башка ар кандай салыктарга карата колдонулат.
29-берене. Колдонулушун токтотуу
Бул Макулдашуу беш жылдык мөөнөткө түзүлөт жана ушундай эле мезгилге Макулдашуучу мамлекеттердин бири бул Макулдашуунун күчүн токтотуу тууралуу өзүнүн ниети жөнүндө алгачкы же кийинки мөөнөт бүткөнгө чейин кеминде алты айдан кечиктирбестен жазуу жүзүндө кабарлабаса Макулдашуу күчүндө калат. Мындай учурда Макулдашуу төмөнкүлөргө карата өзүнүн колдонулушун токтотот:
a) мындай кабарлоо берилген жылдан кийинки календардык жылдын бирини январынан тартып же андан кийин алынган кирешеден-булактан алынуучу салыктарга карата;
b) кирешелерге карата башка салыктарга - мындай кабарлоо берилген жылдан кийинки календардык жылдын биринчи январынан тартып же андан кийин башталуучу -ар кандай салык салынуучу жыл үчүн башка киреше салыктарына карата.
Муну тастыктоо үчүн Макулдашуучу Мамлекеттердин экөөнүн тең буга тийиштүү түрдөгү ыйгарым укуктуу өкүлдөрү төмөндө кол коюучулар ушул Макулдашууга кол коюшту.
«__»___________-жылы 2 түп нускада араб, кыргыз, орус жана англис тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ар кандай көз карашта келип чыкса орус тилиндеги текст колдонулат.