Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 19-июлу № 362-б
Окуучулардын мектепте билим алуулары үчүн жагымдуу шарттарды камсыздоо максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги билим берүү объекттеринин курулушун, анын ичинде өрттөн жана табигый кырсыктардан жабыркаган, ошондой эле 2012-жылы "Капиталдык салымдар" беренеси боюнча республикалык бюджеттен каржылануучу жана 2013-2014-жылдарда каржыланууга каралган объекттердин жана курулуштардын тизмесине (мындан ары - Тизме) киргизилген авариялык абалдагы билим берүү объекттерин өз убагында каржылоону камсыз кылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-июнундагы № 387 "Жалпы билим берүүчү мектептердин негизги техникалык көрсөткүчтөрүн бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык типтүү долбоорлорду колдонуу менен жаңыдан башталган объекттерге бир эле учурда долбоорлоого жана курууга уруксат берсин;
- Тизмеге ылайык үстүбүздөгү жылы ишке киргизүү каралган жалпы билим берүүчү мектептердин курулушун аяктасын жана аларды 2012-жылдын 1-ноябрына чейин пайдаланууга берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаменти "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесине ылайык үстүбүздөгү жылы жалпы билим берүүчү мектептерди куруу үчүн подряддык уюмду аныктасын.
4. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жалпы билим берүүчү мектептерди курууга жардам жана көмөк көрсөтүшсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын реалдуу сектор жана инфраструктура бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |