Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 11-июну № 387
Жалпы билим берүүчү мектептердин негизги техникалык көрсөткүчтөрүн бекитүү жөнүндө
Жалпы билим берүүчү мектептердин негизги техникалык көрсөткүчтөрүн тартипке келтирүү жана аларды долбоорлоодо жана курууда бюджеттик каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
жалпы билим берүүчү мектептердин сыйымдуулугу, бир окуучуга эсептегендеги мектеп комплекси участкасынын жалпы аянты жана окуу жайларынын аянты боюнча негизги баштапкы техникалык көрсөткүчтөр 1 -тиркемеге ылайык;
Кыргыз Республикасынын аймагында коммуникацияларсыз жана жабдууларсыз мектептердин 1 м 2 курулушунун максимум наркы (СМР) 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик:
ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген жалпы билим берүүчү мектептердин негизги баштапкы техникалык көрсеткүчтөрүнө ылайык жалпы билим берүүчү мектептердин типтүү долбоорлорун иштеп чыксын жана бекитсин;
курулуштун наркын төмөндөтүү, типтүү долбоорлордун негизги техникалык-экономикалык көрсеткүчтөрүнүн натыйжалуулугун камсыз кылуу, имараттардын энергетикалык натыйжалуулугун жогорулатуу менен негизги конструкциялык чечимдерди өркүндетүү боюнча ырааттуу иштерди дайыма жүргүзсүн;
- Агенттик тарабынан бекитилген типтүү долбоорлорду жалпы билим берүүчү мектептерди долбоорлоодо жана курууда колдонууну камсыз кылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын реалдуу сектор жана инфраструктура бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Контроль за исполнением настоящего постановления ей отдел реального сектора и инфраструктуры Аппарата Правит Кыргызской Республики.
Премьер-министр
| Ө.Бабанов |
1-тиркеме
Жалпы билим берүүчү мектептердин сыйымдуулугу, бир окуучуга эсептегендеги мектеп комплекси участкасынын жалпы аянты жана окуу жайларынын аянты боюнча негизги баштапкы техникалык
көрсөткүчтөр
Аталышы | Кирпич варианты | |||||||||
Кубаттуулугу | 100 | 225 | 275 | 375 | 450 | 550 | 750 | 825 | 1000 | 1200 |
1 окуучуга 50 м2 эсебинде участоктун аянты | 0,5 га | 1,12 га | 1,23 га | 1,36га | 1,49 га | 1,64 га | 1,8 га | 1,98 га | 2,18 га | 2,4 га |
1 окуучуга 8 м2 эсебинде жалпы аянты | 800 м2 | 1800 м2 | 2488 м2 | 3288 м2 | 3888 м2 | 4688 м2 | 6288 м2 | 6888 м2 | 8288 м2 | 9888 м2 |
Курулуштун нормативдик мөөнөтү (ай менен) | 6 | 7 | 9 | 10 | 12-14 | |||||
Аталышы |
| Женилдетилген конструкциялардан | ||||||||
Кубаттуулугу | 100 | 225 | 275 | 375 | 450 | 550 | 750 | 825 | 1000 | 1200 |
1 окуучуга 50 м2 эсебинде участоктун аянты | 0,5 га | 1,12 га | 1,23 га | 1,36га | 1,49га | 1,64 га | 1,8 га | 1,98 га | 2,18 га | 2,4 га |
1 окуучуга 8 м2 эсебинде жалпы аянты | 800 м" | 1800 м | 2488 м2 | 3288 м2 | 3888 м" | 4688 м2 | 6288 м2 | 6888 м2 | 8288 м2 | 9888 м2 |
Курулуштун нормативдик мөенөтү (ай менен) | 3,5-4 | 4,5-5 | 5-5,5 | 6,5-7 | ||||||
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын аймагында коммуникацияларсыз жана жабдууларсыз мектептердин 1 и курулушунун максимум наркы (СМР) (АКШнын 1 долл. - 46,5 сом курсунда)
№ | Объекттин аталышы | Кубаттуулугу (окуучулук орун) | Аянты м2 (1 окуучуга 8 м2 эсебинде) | Коммуникацияларсыз жана жабдууларсыз сметалык наркы, миц сом | Мектеп имаратынын 1 м наркы, АКШ $ менен |
1 | Спорт залы жок жалпы билим берүүчү мектеп | 100 | 800,00 | 16665,50 | 448,00 |
2 | Спорт залы бар жалпы билим берүүчү мектеп | 225 | 1 800,00 | 37 200,00 | 444,44 |
3 | Спорт залы бар жалпы билим берүүчү мектеп | 275 | 2 488,00 | 46 500,00 | 401,93 |
4 | Спорт залы бар жалпы билим берүүчү мектеп | 375 | 3 288,00 | 55 800,00 | 364,96 |
5 | Спорт залы бар жалпы билим берүүчү мектеп | 450 | 3 888,00 | 65 100,00 | 360,08 |
6 | Спорт залы бар жалпы билим берүүчү мектеп | 550 | 4 688,00 | 78 771,00 | 361,35 |
7 | Спорт залы бар жалпы билим берүүчү мектеп | 750 | 6 288,00 | 100 872,24 | 345,00 |
8 | Спорт залы бар жалпы билим берүүчү мектеп | 825 | 6 888,00 | 105 696 360,00 | 330,00 |
9 | Спорт залы бар жалпы билим берүүчү мектеп | 1000 | 8 288,00 | 121 398 480,00 | 315,00 |
10 | Спорт залы бар жалпы билим берүүчү мектеп | 1200 | 9 888,00 | 142 535 520,00 | 310,00 |