Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 13-июлу № 345-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-декабрындагы № 755 "2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоону өнүктүрүү стратегиясы жөнүндө" токтому менен бекитилген 2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоону өнүктүрүү стратегиясынын тиркемесинин IV бөлүмүнөн 2-милдеттерин ишке ашыруу максатында:
1. Төмөнкү курамда ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлсүн:
Дербишева Г.Т. | - | Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун төрагасы; |
Сүйүналиева Б.Ш. | - | Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жана улгайган жарандарга социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү боюнча башкармалыгынын начальниги; |
Мамбеталиева М.У. | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин социалдык коргоо бөлүмүнүн башчысы; |
Ажыбаев А.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук башкы башкармалыгынын кварталдык милиция бөлүмүнүн инспектору; |
Шахнабиев М.Ш. | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардамдарды уюштуруу башкармалыгынын башкы адиси; |
Үсөналиев М.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки, мектепте жана мектептен сырткары билим берүү башкармалыгынын начальниги; |
Мамбетмусаева С. | - | Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин региондордо маданиятты өнүктүрүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси; |
Иманбеков Т.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин тышкы байланыштар жана инвестициялар бөлүмүнүн начальниги; |
Жолдошев Н.Ш. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кылмыш-жаза-аткаруу инспекциясынын начальнигинин орун басары; |
Миңбаев А.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Калкты каттоо департаментинин даректик-сурап алуу бөлүмүнүн начальниги; |
Губина Л.В. | - | Бишкек шаарынын мэриясынын социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын начальнигинин орун басары (макулдашуу боюнча); |
Чоңбагышева Ж.Н. | - | Бишкек шаарынын Октябрь районунун социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги; |
Окоева Г.К. | - | Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жана улгайган жарандарга социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү боюнча башкармалыгынын башкы адиси; |
Бустанова Д.А. | - | Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башкы адиси; |
Жунушев Б.С. | - | Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Нижне-Серафимовка кары-картаңдар жана майыптар үчүн мектеп-интернатынын директору; |
Рыскулова Б.Р. | - | "Сезим" кризистик борборунун аткаруучу директору (макулдашуу боюнча); |
Стамалиева А.Д. | - | Бишкек шаарынын Биринчи май районунун "Коломто" кайрымдуулук фондунун директору (макулдашуу боюнча); |
Назаров А.К. | - | "Ынтымак" жаштар кыймылынын төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Турсалиева А.К. | - | "Талас Коппер Голд" жоопкерчилиги чектелген коомунун социалдык изилдөөчүсү (макулдашуу боюнча); |
Асаналиева Д.Н. | - | "Компаньон" микрофинансылык уюмун өнүктүрүү боюнча адис (макулдашуу боюнча); |
Иманалиев М.К. | - | Чүй облусунун Сокулук районундагы Кызыл-Туу айылынын "Ыйык-Рух" коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Кубатаев А.К. | - | "Фонтан жизни" коомдук кайрымдуулук фондунун аткаруучу директору (макулдашуу боюнча). |
2. Ведомстволор аралык топ 2012-жылдын 1-сентябрына чейин: үй-жайсыздарды социалдык тейлөөнүн минималдуу социалдык стандарттарын караган убактылуу болуу борборлору, башпаанектер жөнүндө типтүү жоболордун долбоорлорун; үй-жайсыздарды социалдык коштоону караштыруу менен комплекстүү социалдык тейлөөнүн типтүү моделинин долбоорун; Убактылуу болуу борборлорунда жана башпаанектерде социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн наркынын методикасынын, ошондой эле аларды каржылоо механизминин долбоорун иштеп чыксын.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топтун төрагасына белгиленген тартипте зарыл учурда Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун адистерин ишке тартууга уруксат берилсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |